Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 28-июлу № 91
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 579 "Кыргыз Республикасында дары каражаттарына бааларды жөнгө салуунун убактылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Дары каражаттарына бааларды жөнгө салуу механизмин апробациялоо боюнча пилоттук долбоорду андан ары ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү, коронавирустук инфекция (COVID-19) пандемиясынын шарттарында дары каражаттары менен калкты камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 579 "Кыргыз Республикасында дары каражаттарына бааларды жөнгө салуунун убактылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги ушул токтом күчүнө киргенден кийин, 2022-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын аймагында Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы жана Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоонун мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча орду толтурулуучу дары каражаттарынын маалымдамасына киргизилген дары каражаттарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан бекитилген коронавирустук инфекцияны (COVID-19) дарылоо үчүн зарыл болгон дары каражаттарынын тизмегине киргизилген, катталган дары каражаттарына бааларды жөнгө салуу механизмин апробациялоо боюнча пилоттук долбоорду жүргүзсүн.";
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Дары каражаттарына бааларды каттоо үчүн дары каражаттарын мамлекеттик каттоо жөнүндө каттоо күбөлүгүнүн кармоочулары 2021-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын жүгүртүлүшүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын ведомстволук бөлүмүнө Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы жана Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоонун мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча орду толтурулуучу дары каражаттарынын маалымдамасына киргизилген дары каражаттарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан бекитилген коронавирустук инфекцияны (COVID-19) дарылоо үчүн зарыл болгон дары каражаттарынын тизмегине киргизилген, катталган дары каражаттарына бааларды каттоо тууралуу арызды ушул токтомдун 2-пунктунда бекитилген Кыргыз Республикасында дары каражаттарына бааларды жөнгө салуунун убактылуу эрежелеринде аныкталган тартипте берүүсү керек деп белгиленсин.";
- 4-пунктунда:
биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен биргеликте:";
төртүнчү абзацындагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-пунктундагы "Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө" деген сөздөр "Президентинин Администрациясынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-пунктундагы "2021-жылдын 31-декабрына" деген сөздөр "2022-жылдын 31-декабрына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | У.А. Марипов |
|
|
|
Кыргыз Республикасында дары каражаттарына бааларды жөнгө салуунун УБАКТЫЛУУ ЭРЕЖЕЛЕРИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасында дары каражаттарына бааларды жөнгө салуунун убактылуу эрежелери (мындан ары - Убактылуу эрежелер) төмөнкүлөргө карата бааларды жөнгө салуу тартибин белгилейт:
- Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы жана Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоонун мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча орду толтурулуучу дары каражаттарынын маалымдамасына киргизилген дары каражаттарына;
- Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан бекитилген коронавирустук инфекцияны (COVID-19) дарылоо үчүн зарыл болгон дары каражаттарынын тизмегине киргизилген, катталган дары каражаттарына.
Ушул Убактылуу эрежелердин колдонулушу ата мекендик өндүрүүчүлөр өндүргөн дары каражаттарына жайылтылбайт.
2. Ушул Убактылуу эрежелерде төмөнкүдөй негизги терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
1) дары каражаттарына баалардын электрондук каталогу (мындан ары - баалар каталогу) - дары каражаттарына катталган баалардын, чектелген дүң жана чекене баалардын бирдиктүү маалымат булагы болгон маалыматтардын электрондук базасы;
2) катталган баа - ушул Убактылуу эрежелерге ылайык аныкталуучу баалар каталогуна киргизилген улуттук валютадагы баа;
3) арыз ээси - дары каражаттарына катталган бааны белгилөөгө арызды, документтерди жана материалдарды берүүгө ыйгарым укуктуу юридикалык жак, же анын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп саналган, дары каражатын мамлекеттик каттоо жөнүндө каттоо күбөлүгүнүн (мындан ары - каттоо күбөлүгү) кармоочусу;
4) медианалык баа - өсүү боюнча берилген референттик бааларды ранжирлөө жолу менен эсептелген баалар, алардын орточо баасы медианалык баа болуп таанылат;
5) мониторинг - ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишке ашырылуучу, дары каражаттарына бааларды жыйноо, белгилөө, талдоо жүргүзүү процесси;
6) дары каражаттарына чектелген дүң баа - дары каражаттарына катталган баага акчалай туюнтулушта дүң кошмо бааны кошуу жолу менен аныкталган дары каражаттарына максималдуу жол берилген дүң баа;
7) дары каражаттарына чектелген чекене баа - дары каражаттарына чектелген дүң баага акчалай туюнтулушта чекене кошмо бааны кошуу жолу менен аныкталган дары каражаттарына максималдуу жол берилген чекене баа;
8) референттик өлкөлөр - бааларды каттоо жол-жобосун жүргүзүүдө дары каражаттарына бааларды салыштыруу үчүн кабыл алынган, ушул Убактылуу эрежелердин 4-тиркемесинде көрсөтүлгөн өлкөлөрдүн тизмеги;
9) дары каражаттарынын соодадагы аталышы - дары каражаттары катталган аталыш;
10) ыйгарым укуктуу орган - дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын жүгүртүлүшүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын ведомстволук бөлүмү;
11) Кыргыз Республикасына дары каражаттарын ташып келүү баасы (мындан ары - жеткирүү баасы) - бааларды каттоо үчүн арыз ээси берген эсеп-фактураларда/товардык коштомо кагаздарда (инвойстордо) көрсөтүлгөн дары каражаттарынын баасы. Жеткирүү келишиминин шарттарына жараша жеткирүү баасы товарды ташууга, камсыздандырууга чыгымдарды камтыйт же камтыбайт.
3. Бааларды жөнгө салуу каттоо күбөлүгүндө көрсөтүлгөн дары каражаттарынын аталыштары боюнча жүргүзүлөт.
Каттоо күбөлүгүнүн кармоочусу ыйгарым укуктуу органга Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы жана Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоонун мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча орду толтурулуучу дары каражаттарынын маалымдамасына жана/же Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан бекитилген коронавирустук инфекцияны (COVID-19) дарылоо үчүн зарыл болгон дары каражаттарынын тизмегине киргизилген датадан тартып 30 календардык күндүн ичинде дары каражатына бааларды каттоо жөнүндө арызды бериши керек.
4. Дары каражаттарына бааларды жөнгө салуу дары каражаттарына экономикалык жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт жана өзүнө төмөнкү этаптарды камтыйт:
- дары каражаттарына бааларды каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу;
- дары каражаттарына бааларды каттоо;
- дары каражаттарына чектелген дүң жана чекене бааларды белгилөө жана бекитүү;
- бекитилген бааларды баалар каталогуна киргизүү;
- дары каражаттарына катталган бааларга өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- фармацевтикалык иштин субъекттери тарабынан дары каражаттарына чектелген дүң жана чекене баалардын сакталышына мониторинг жүргүзүү жана контролдоо.
5. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген дары каражаттарына чектелген дүң жана чекене баалар Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат жана фармацевтикалык иштин бардык субъекттери үчүн милдеттүү болуп саналат.
6. Дары каражаттарын баалар каталогуна киргизген датадан тартып белгиленген чектелген дүң жана чекене баалардан жогору баада сатууга тыюу салынат:
- дүң фармацевтикалык уюмдар үчүн - 30 (отуз) календардык күндөн кийин;
- чекене фармацевтикалык уюмдар үчүн - 45 (кырк беш) календардык күндөн кийин.
7. Ээлеп турган кызмат ордуна, абалына же милдетин аткарууга байланыштуу дары каражаттарына бааларды каттоонун жол-жобосуна тиешелүү купуя маалыматка жана/же коммерциялык сырга ээ болгон адамдар Кыргыз Республикасынын купуя маалыматты жана/же коммерциялык сырды сактоо боюнча мыйзамдарынын талаптарын сактоого милдеттүү.
2-глава. Бааларды каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу
8. Кыргыз Республикасынын аймагында дары каражаттарына бааларды каттоо үчүн арыз ээси ыйгарым укуктуу органга ушул Убактылуу эрежелердин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча жазуу жүзүндө арыз берет.
Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
- арыз ээсинин өкүлүнүн, дары каражаттарына бааларды каттоо боюнча каттоо күбөлүгүнүн кармоочусунун ыйгарым укуктарын ырастаган ишеним каттын көчүрмөсү;
- ушул Убактылуу эрежелердин 3-тиркемесине ылайык форма боюнча жеткирүүнүн орточо алынган баасын эсепке алуу менен дары каражаттарына акыркы 12 айдагы жеткирүүлөрдүн баалары жөнүндө маалымат. Жеткирүүлөрдүн орточо алынган баасын эсептөө ушул Убактылуу эрежелердин 2-тиркемесине ылайык тартипке жараша жүргүзүлөт;
- кеминде 15 эсеп-фактуранын (инвойстор) же товардык коштомо кагаздын көчүрмөсү же болбосо бардык эсеп-фактуранын (инвойстун) же товардык коштомо кагаздын көчүрмөсү, эгерде конкреттүү бир дары каражаты боюнча 12 айдын ичиндеги жеткирүүлөрдүн саны 15 эсеп-фактурадан (инвойстон) ашпаса.
Мында бааны каттоо үчүн чет өлкөлүк валютаны Кыргыз Республикасынын валютасына кайра эсептөө арыз берүүчүлөр тарабынан эсептешүү күнүнө карата колдонулган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча жүргүзүлөт;
- ушул Убактылуу эрежелердин 4-тиркемесине ылайык форма боюнча маалымат булагын көрсөтүү менен референттик өлкөлөрдөгү дары каражаттарына катталган баалар жөнүндө маалымат (референттик өлкөлөрдөгү дары каражаттарынын катталган бааларынын расмий сайттарына шилтеме).
Эгерде дары каражаты референттик өлкөлөрдө башка соода аталышы менен сатылса, арыз ээси референттик өлкөлөрдө дары каражатынын катталган баалары жөнүндө формада тиешелүү соода аталышын жана дары каражатына өндүрүүчүнүн катталган бааларын көрсөтөт.
Референттик өлкөлөрдө көрсөтүлгөн бааларды улуттук валютага алмаштырууда эсептешүү күнүнө карата колдонулган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чет өлкөлүк валютага расмий курстары колдонулат.
Арыз ээси тарабынан дары каражатынын баасын каттоого арыз өз убагында берилбеген учурда ыйгарым укуктуу орган дары каражатынын баасын өз алдынча эсептеп чыгат жана каттайт.
9. Референттик өлкөлөрдө дары каражаттарына катталган баа жөнүндө маалымат жок болгон учурда арыз ээси бул фактыны ырастаган маалыматты берүүгө милдеттүү (дары каражатын өндүрүүчүнүн расмий каты жана/же референттик өлкөлөрдөгү дары каражаттарына катталган баалардын расмий сайттарына шилтеме).
Эгерде арыз (өтүнмө) берилген дары каражаты дозасынын/көлөмүнүн/концентрациясынын өлчөмү боюнча референттик өлкөлөрдө катталган дары каражатынын баасынан айырмаланса, анда эсептөө үчүн референттик өлкөдөгү дозасынын/көлөмүнүн/концентрациясынын өлчөмү боюнча өтүнмө берилгенче кыйла туура келген дары каражаты тандалып алынат жана тандалып алынган дары каражатынын бир дозасынын же белгилүү бир көлөмүнүн/концентрациясынын баасы чыгарылат жана бир таңгактагы өтүнмө берилген дары каражаттарынын дозаларынын/көлөмүнүн/концентрациясынын өлчөмүнө кайра эсептелет.
10. Ыйгарым укуктуу орган өтүнмөнү электрондук түрдө өзүнүн сайты аркылуу онлайн режиминде же кагаз жүзүндө кабыл алат. Арыз электрондук түрдө берилгенде арыз ээси ушул Убактылуу эрежелердин 8-пунктунда аталган сканерленген документтерди арызга тиркейт.
Арыз ээси арыздын жана документтердин берилгендигин электрондук кол тамга менен ырастайт.
11. Ыйгарым укуктуу орган арызды жана документтерди алар кабыл алынган күнү каттайт.
Ыйгарым укуктуу орган кароого келип түшкөн арыздар жөнүндө маалыматты өзүнүн расмий сайтына жайгаштырат жана жума сайын жаңыртат.
3-глава. Дары каражатына бааларды каттоо
12. Дары каражатына бааларды каттоо үчүн ыйгарым укуктуу орган референттик өлкөлөрдө катталган баа жөнүндө берилген маалыматтардын тууралыгын жана жеткирилген орточо алынган баанын эсептөөсүн текшерет. Текшерүү арыз ээлеринен алынган маалыматтарды ырастоо жолу менен ишке ашырылат. Алынган маалыматтарды ырастоо үчүн ыйгарым укуктуу орган арыз берүүчүлөрдөн товарларды жеткирүү үчүн иш жүзүндөгү төлөөлөр жөнүндө документтердин көчүрмөлөрүн сурап алууга укуктуу.
Жеткирүү баасынын олуттуу жогорулатылгандыгы аныкталган учурда ыйгарым укуктуу орган суроо-талап келип түшкөн күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде жогорулатуунун себептеринин жазуу жүзүндөгү негиздемесин арыз ээсинен талап кылууга укуктуу.
Текшерүүнүн натыйжалары боюнча ыйгарым укуктуу орган алынган маалыматтарды жана маалымат булактарын көрсөтүү менен бааларды каттоо үчүн арыз ээси тарабынан берилген "12 айда дары каражаттарына жеткирүүлөрдүн баалары жөнүндө маалыматтар (коштомо кагаздарга, инвойсторго ылайык)" жана "Референттик өлкөлөрдөгү дары каражаттарына катталган баалар жөнүндө маалыматтар" формаларынын тиешелүү графаларын толтурат.
Алынган эсептөөлөрдүн ортосунда айырмачылыктар болгон учурда, ыйгарым укуктуу орган текшерүүнүн натыйжасында алынган эсептөөлөрдү жетекчиликке алат, ал жөнүндө арыз ээлерине эсептөөлөрдү текшерүү аяктаган датадан тартып 5 жумуш күндүн ичинде жазуу жүзүндө билдирет. Билдирүүгө "12 айда дары каражатына жеткирүүлөрдүн баалары жөнүндө маалыматтар" жана "Референттик өлкөлөрдө дары каражатына катталган баалар жөнүндө маалыматтар" формаларынын көчүрмөлөрү тиркелет.
13. Бааларды талдоо дары каражатынын дозасы, өлчөнүшү, дарылык формасы, керектөө таңгагы боюнча туура келген дары каражаттарынын ортосунда жүргүзүлөт.
14. Берилген эсептөөлөрдү текшерүү жол-жобосу аяктагандан кийин жеткирүүнүн орточо баасы алынган медианалык баа менен салыштырылат. Алынган маанилердин эң кичинесине товарларды чыгаруу, Кыргыз Республикасынын бажы иши жана салык мыйзамдары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган салыктар менен байланышкан бажы алымдарын (жыйымдарын) төлөөгө чыгымдар кошулат. Алынган сумма баалар каталогунда катталат жана катталган баа катары таанылат, андан кийин чектелген дүң жана чекене бааларды аныктоо үчүн колдонулат.
15. Референттик өлкөлөрдө дары каражаттарына катталган баалар жөнүндө маалымат жок болгон учурда жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан бул факты ырасталган учурда бааларды каттоо үчүн арыз ээси берген форманын тиешелүү графасына жазуу киргизүү менен дары каражатын жеткирүүнүн орточо алынган баасынын суммасы жана товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы алымдарын (жыйымдарын) төлөөгө чыгымдар, Кыргыз Республикасынын бажы иши жана салык мыйзамдары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган салыктар катталат.
Дары каражаты Кыргыз Республикасына мурда жеткирилбеген учурда, медианалык баанын суммасы жана товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы алымдарын (жыйымдарды), Кыргыз Республикасынын бажы иши жана салык мыйзамдары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган салыктарды төлөөгө чыгымдар катталат.
16. Бааларды каттоо жол-жобосун жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу орган талданган материалдар менен таанышууга мүмкүнчүлүгү бар арыз ээлеринен маалымат суроого укуктуу. Арыз ээси суралган маалыматты он жумуш күндүн ичинде берүүгө милдеттүү.
Дары каражаттарына бааларды каттоо, анын ичинде кошумча тактоочу маалыматтарды суроо ыйгарым укуктуу органга арыз келип түшкөн датадан тартып 40 (кырк) жумуш күнгө чейинки мөөнөттө жүргүзүлөт.
Эгерде бааларды каттоо мөөнөтүнүн ичинде улуттук валютанын чет өлкөлүк валютага карата курсу 5 (беш) пайыздан ашык өзгөрсө, өзгөрүү 10 (он) календардык күн бою сакталып турган шартта арыз ээси өзүнүн арызын кайтарып алууга жана улуттук валютанын курсунун өзгөрүүсүн эске алуу менен кайра тапшырууга укуктуу. Арызды кайтарып алуу үчүн арыз ээси ыйгарым укуктуу органга кайта алуунун себебин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө арыз берет.
17. Ушул пунктта аталган бааны каттоо ушул Убактылуу эрежелердин 12-пунктунда каралган жол-жоболорду ишке ашырбастан, орточо алынган баага ылайык жүргүзүлөт, атап айтканда:
- эгерде дары каражаты ушул терапевттик топтогу активдүү фармацевтика ингредиент боюнча катталган жалгыз гана дары каражаты болсо;
- 50 (элүү) сомго чейинки алып келинген баадагы дары каражаттары.
18. Дары каражаттарынын баасын каттоо датасы болуп баалар каталогуна катталган баа киргизилген дата саналат.
19. Дары каражатына катталган баа катталган датадан тартып бир жыл ичинде жарактуу болот.
4-глава. Дары каражаттарына чектелген дүң жана чекене бааларды аныктоо
20. Ыйгарым укуктуу орган дары каражаттарына бааларды жөнгө салуу максатында ушул Убактылуу эрежелердин 5-тиркемесине ылайык дүң жана чекене кошулган баалардын регрессивдүү шкаласын колдонуу жолу менен чектелген дүң жана чекене бааны белгилейт.
21. Чектелген дүң баалар дары каражатына катталган баага акчалай туюнтулушта тиешелүү дүң кошулган бааны кошуу жолу менен белгиленет.
Дары каражатын дүң сатууда дары каражаттарына баалар белгиленген чектүү дүң баалардан жогору болбошу керек.
22. Чектелген чекене баа дары каражаттарына чектелген дүң баага акчалай туюнтулушта тиешелүү кошулган чекене бааны кошуу жолу менен белгиленет.
Дары каражаттарына чекене баа белгиленген чектүү чекене баадан жогору болбошу керек.
5-глава. Бекитилген бааны баалар каталогуна киргизүү
23. Дары каражаттарына чектелген дүң жана чекене бааларды белгилеген катталган баа бааларды каттоо жөнүндө ыйгарым укуктуу орган чечим кабыл алган күнү баалар каталогуна киргизилет.
24. Баалар каталогу катталган баа, дары каражаттарына чектелген дүң жана чекене баалар жөнүндө маалыматтын расмий булагы болуп саналат.
25. Баалар каталогу ыйгарым укуктуу орган тарабынан электрондук форматта жүргүзүлөт, ыйгарым укуктуу органдын сайтына ачык жеткидей жайгаштырылат жана онлайн режиминде туруктуу негизде жаңыланып турат.
26. Баалар ыйгарым укуктуу орган тарабынан улуттук валютада баалар каталогуна киргизилет.
27. Баалар каталогу төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
1) дары каражатынын эл аралык патенттелбеген аталышын;
2) дары каражатынын соодадагы аталышын;
3) дарылык формасын, дары каражатынын дозасын жана эгерде колдонулса керектөө таңгагындагы санын;
4) өндүрүүчүнүн аталышын;
5) дары каражатын мамлекеттик каттоо жөнүндө каттоо күбөлүгүнүн кармоочусунун аталышын;
6) чыгарылган өлкөсү тууралуу көрсөтмөнү;
7) катталган бааны;
8) дары каражатына чектелген дүң жана чекене бааларды;
9) баалар каталогуна киргизилген датаны.
Дары каражаттарын дүң саткан фармацевтикалык уюмдар дары каражаттарына бааларды алар катталган датадан тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде, ал эми дары каражаттарын чекене саткан уюмдар - 45 (кырк беш) календардык күндүн ичинде баалар каталогуна киргизилген бааларга шайкеш келтирүүгө милдеттүү.
6-глава. Катталган бааны өзгөртүү тартиби
28. Дары каражатына катталган бааны өзгөртүүгө баа катталган датадан тартып 90 (токсон) календардык күндөн эрте жол берилбейт.
Катталган бааны өзгөртүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын жана башка референттик өлкөлөрдүн рыноктору үчүн дары каражаттарына жеткирүү бааларынын өзгөргөндүгү жөнүндө арыз ээси расмий кайрылган учурда;
- баа түзүү саясатынын алкагында кызматташкан компетенттүү органдардын тармагына кирген референттик өлкөлөрдө дары каражатынын наркында жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун фармацевтикасында ордун толтурууда төмөндөө болгон учурда гана талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу органдын демилгеси менен.
29. Улуттук валютанын курсу чет өлкөлүк валютанын курсуна карата баа катталган датадан тартып 5 (беш) пайыздан ашык өзгөргөндө, курс 1 (бир) ай аралыгында сакталган шартта, арыз ээсинин улуттук валюта курсунун өзгөрүү фактысы жөнүндө билдирүүсү боюнча өзүнүн демилгеси менен 10 (он) жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан катталган баа кайрадан каралат.
30. Дары каражатына бааны кайра кароо ушул Убактылуу эрежелердин 3-главасына ылайык ишке ашырылат.
31. Катталган баанын жарактуулук мөөнөтү аяктагандан кийин жана өзгөрүүлөр тууралуу негиздүү билдирүүлөр жок болгон учурда дары каражатына катталган баанын жарактуулук мөөнөтү ыйгарым укуктуу орган тарабынан кийинки жылга автоматтык түрдө узартылат.
7-глава. Чектелген дүң жана чекене баалардын сакталышына мониторинг жана мамлекеттик контролдоо жүргүзүү
32. Мониторинг жүргүзүү статистикалык маалыматтарды үзгүлтүксүз чогултуу жолу менен дары каражаттарына дүң жана чекене бааларды жөнгө салуунун натыйжалуулугуна баалоо жүргүзүү максатында ыйгарым укуктуу орган жана монополияга каршы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төмөнкүлөр аркылуу ишке ашырылат:
- дары каражаттарына дүң, чекене бааларды суроо;
- дары каражаттарын түздөн-түз сатуу пункттарында фото жана видео тартуулар (фиксациялоо);
- ачык булактардан (интернет, жалпыга маалымдоо каражаттары, расмий сайттар, прайстар) маалыматтарды топтоо.
Мониторингдин жыйынтыгында ушул Убактылуу эрежелердин талаптарынын бузулуулары аныкталса ыйгарым укуктуу орган аныкталгандан кийин 2 күндүн ичинде болгон материалдарды монополияга каршы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга контролдоочу функцияларынын алкагында тиешелүү чараларды көрүү үчүн өткөрүп берет.
33. Мамлекеттик контролдоо монополияга каршы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын аймактык бөлүмдөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын текшерүүлөрдү жүргүзүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ушул Убактылуу эрежелердин талаптарынын сакталышын текшерүү жолу аркылуу ишке ашырылат.
34. Дары каражаттарын дүң же чекене саткан фармацевтикалык уюмдар белгиленген чектелген дүң жана чекене бааларды сактоого милдеттүү.
35. Ушул Убактылуу эрежелердин талаптары сакталбаган учурда, дары каражаттарын дүң жана чекене саткан фармацевтикалык уюмдар Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
|
| Кыргыз Республикасында дары каражаттарына бааларды жөнгө салуунун убактылуу эрежелерине 1-тиркеме |
Форма
Бааны каттоо/дары каражаттарына катталган баага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө АРЫЗ
________________________________________________________________ (ыйгарым укуктуу органдын аталышы)
________________________________________________________________ (аты-жөнү)
Арыз ээсинин аты-жөнү (уюмдун аталышы) | |
Юридикалык дареги: |
|
Иш жүзүндөгү дареги: |
|
Телефону: |
|
Факсы: |
|
Электрондук почтасы: |
|
Дары каражатынын өндүрүүчүсү | |
Дары каражатынын аталышы: |
|
Өндүрүүчүнүн юридикалык дареги: |
|
Өндүрүүчүнүн иш жүзүндөгү дареги: |
|
Телефону: |
|
Факсы: |
|
Электрондук почтасы: |
|
Дары каражаты жөнүндө маалымат | |
Дары каражатынын соодадагы аталышы: |
|
Эл аралык патенттелбеген аталышы (болсо): |
|
Түрү (керектүүсүн белгилеп, толтуруу керек): | □ Патенттик коргоонун таасириндеги оригиналдуу дары каражаты, патенттин жарактуулук мөөнөтү 20__-жылдын "___"___________ чейин |
□ Оригиналдуу дары каражаты, патенттин жарактуулук мөөнөтү бүттү | |
□ Патенттик коргоонун таасириндеги оригиналдуу биологиялык дары каражаты, патенттин жарактуулук мөөнөтү 20__-жылдын "___" _____________ чейин | |
□ Оригиналдуу биологиялык дары каражаты, патенттин жарактуулук мөөнөтү бүттү | |
□ Генерикалык дары каражаты | |
□ Биоаналог/биосимиляр | |
Дарылык формасы: |
|
Дозасы/концентрациясы (айкалышкан дары каражаттары үчүн ар бир активдүү ингредиентти көрсөтүңүз): |
|
Биринчилик таңгактагы (ички) саны: |
|
Экинчилик таңгактагы (керектөөчүлүк) саны: |
|
Кыргыз Республикасында каттоо күбөлүгүнүн номери: |
|
Эсептөө жүргүзүү датасына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу | Америка Кошмо Штаттарынын 1 доллары _____________; 1 россия рубли _____________; 1 евро ____________; 1 казакстан теңгеси ____________ |
Дары каражатынын бир таңгагынын баасы (керектүүсүн белгилеп, толтуруу керек): | □ Дары каражаттарына жеткирүүнүн орточо баасы: ________________________ |
□ Дары каражатына медианалык баа (референттик өлкөлөрдө катталган баалар боюнча) __________________________ | |
Кыргыз Республикасында катталган баа: ___________________ | |
Дары каражаттарына баалар жөнүндө берилген маалымат ишенимдүү булактардан алынгандыгын жана берилген учурга карата бурмаланбагандыгын ырастайм.
Мен өз компетенциямдын чегинде дары каражаттарына бааны каттоо жана/же катталган бааны өзгөртүү үчүн зарыл болгон бардык материалдарды берүүгө милдеттенем.
Эсептөөлөрдү жүргүзүү датасы: 20__-ж. "___" _____________
Арызды берүү датасы: 20__-ж. "___" _____________
____________________________________________________________________________________________
(Арыз ээсинин, жооптуу адамынын аты-жөнү, кызматы жана колу)
Мөөрдүн орду (болсо)
|
| Кыргыз Республикасында дары каражаттарына бааларды жөнгө салуунун убактылуу эрежелерине 2-тиркеме |
Дары каражатын жеткирүүнүн орточо алынган баасын эсептөө ТАРТИБИ
1. Дары каражаттарын жеткирүүнүн орточо алынган баасын эсептөөдө ушул Убактылуу эрежелердин 12-пунктуна ылайык аныкталган мезгил ичинде дары каражаттарына карата алып келүүнүн көлөмү жөнүндө маалыматтар бир каттоо күбөлүгүнүн алкагында ар бир өндүрүүчү (арыз ээси) боюнча эске алынат.
2. Дары каражатын Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүнүн орточо алынган баасы (конкреттүү соодадагы аталышы, эл аралык патенттелбеген аталышы, дозасы (концентрациясы, таасир берүү бирдигиндеги активдүүлүгү), дарылык формасы, экинчилик таңгактагы саны (таңгактагы дозалардын саны, көлөмү) боюнча төмөнкү формула менен аныкталат:
,
мында,
бир даананын баасы (сом менен) - жеткирүүнүн иш жүзүндөгү баасы, ал арыз ээсинин товарды ташып келүүгө жана камсыздандырууга (өзү алып келүүдө жеткирүүнүн иш жүзүндөгү баасы 1.03 коэффициентке көбөйтүлөт), дары каражатынын экинчилик таңгагынын бир даанасына (соодадагы аталышы, эл аралык патенттелбеген аталышы, дозасы (концентрациясы, таасир берүү бирдигиндеги активдүүлүгү), дарылык формасы, экинчилик таңгактагы саны (таңгактагы дозалардын саны, көлөмү) сарптоолорду камтыйт;
таңгактардын саны (даана) - арыз ээсинин дары каражатынын таңгактарынын саны (соодадагы аталышы, эл аралык патенттелбеген аталышы, дозасы (концентрациясы, таасир берүү бирдигиндеги активдүүлүгү), дарылык формасы, экинчилик таңгактагы саны (таңгактагы дозалардын саны, көлөмү) боюнча;
∑ - акыркы 12 ай үчүн таңгактардын жалпы саны.
3. Бааны каттоо максатында чет өлкөлүк валютаны Кыргыз Республикасынын валютасына кайра эсептөө арыз ээлери тарабынан эсептөө жүргүзүү күнүнө карата колдонулган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча жүргүзүлөт.
|
| Кыргыз Республикасында дары каражаттарына бааларды жөнгө салуунун убактылуу эрежелерине 3-тиркеме |
Форма
Дары каражатын 12 айдын ичинде жеткирүү баалары жөнүндө МААЛЫМАТТАР (коштомо кагазга, инвойсторго ылайык)
Дары каражатынын соодадагы аталышы | ТЭИ ТН | Датасы | Жеткирүүлөрдөгү таңгактардын саны | 1 таңгактын баасы | Эсептөө жүргүзүү күнүнө карата чет элдик валютанын курсу | 1 таңгактын баасы (сом менен) | Жалпы сумма (сом менен) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жыйынтыгы |
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||
Дата: 20__-ж. "___" ____________________
___________________________________________________________________________
(Арыз ээсинин аты-жөнү, кызматы жана жооптуу адамдын колу) Мөөрдүн орду
|
| Кыргыз Республикасында дары каражаттарына бааларды жөнгө салуунун убактылуу эрежелерине 4-тиркеме |
Форма
Референттик өлкөлөрдө дары каражатына катталган баалар жөнүндө МААЛЫМАТ
Каттоо күбөлүгүнө ылайык дары каражатынын аталышы ______________________________________________________ | ||||||||
№ | Өлкөнүн аталышы | Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына кайра эсептөө жолу менен алынган дары каражатына катталган баа | ||||||
Дары каражатынын соодадагы аталышы* | Референттик өлкөдө керектөө таңгагынын саны | Керектөө таңгагына катталган баа | Минималдуу бирдикке эсептелген катталган баа | КРде катталган, керектөө таңгагындагы дары каражаттарынын санына кайрадан эсептегенде катталган баа (зарыл болгондо) | Валюта | Референттик өлкөлөрдүн дары каражатына катталган баалардын расмий сайтына шилтеме | ||
1 | Россия Федерациясы |
|
|
|
|
|
|
|
2 | Казакстан Республикасы |
|
|
|
|
|
|
|
3 | Беларусь Республикасы |
|
|
|
|
|
|
|
4 | Венгрия |
|
|
|
|
|
|
|
5 | Молдова Республикасы |
|
|
|
|
|
|
|
6 | Түркия Республикасы |
|
|
|
|
|
|
|
7 | Украина |
|
|
|
|
|
|
|
8 | Хорватия Республикасы |
|
|
|
|
|
|
|
9 | Литва Республикасы |
|
|
|
|
|
|
|
10 | Латвия Республикасы |
|
|
|
|
|
|
|
11 | Даярдоочунун өлкөсү** |
|
|
|
|
|
|
|
12 | Альтернативдүү өлкөлөр |
|
|
|
|
|
|
|
(*) Эгерде референттик өлкөдө дары каражаты башка аталыш менен катталса, анда бул өлкөдө катталган дары каражатынын аталышы көрсөтүлөт | ||||||||
(**) Референттик өлкөлөрдө каттоосу жок болгон учурда | ||||||||
Референттик өлкөлөрдө катталган баалар жөнүндө берилген маалыматтардын тууралыгына кепилдик берем.
_______________________________ | _________________________________________ | _____________________ |
(аты-жөнү) | (кызматы) | (колу) |
Дата: 20__-ж. "___" __________________ Мөөрдүн орду (болсо)
|
| Кыргыз Республикасында дары каражаттарына бааларды жөнгө салуунун убактылуу эрежелерине 5-тиркеме |
Чектелген дүң жана чекене кошулган баалардын регрессивдүү шкаласы
1. Чектелген дүң кошулган баалар | ||
№ | Бирдик үчүн катталган баанын өлчөмү | Кошулган баанын регрессивдүү шкаласы, % менен |
1 | 50 (элүү) сомго чейин | 21 |
2 | 51 (элүү бир) сомдон 150 (жүз элүү) сомго чейин | 19 |
3 | 151 (жүз элүү бир) сомдон 250 (эки жүз элүү) сомго чейин | 17 |
4 | 251 (эки жүз элүү бир) сомдон 350 (үч жүз элүү) сомго чейин | 15 |
5 | 351 (үч жүз элүү бир) сомдон 500 (беш жүз) сомго чейин | 13 |
6 | 501 (беш жүз бир) сомдон 800 (сегиз жүз) сомго чейин | 12 |
7 | 801 (сегиз жүз бир) сомдон 1000 (бир миң) сомго чейин | 11 |
8 | 1001 (бир миң бир) сомдон 1500 (бир миң беш жүз) сомго чейин | 10 |
9 | 1501 (бир миң беш жүз бир) сомдон жогору | 9 |
2. Чектелген чекене кошулган баа | ||
| Бирдик үчүн чектелген дүң баанын өлчөмү | Кошулган баанын регрессивдүү шкаласы, % |
1 | 50 (элүү) сомго чейин | 30 |
2 | 51 (элүү бир) сомдон 150 (жүз элүү) сомго чейин | 27 |
3 | 151 (жүз элүү бир) сомдон 250 (эки жүз элүү) сомго чейин | 25 |
4 | 251 (эки жүз элүү бир) сомдон 350 (үч жүз элүү) сомго чейин | 23 |
5 | 351 (үч жүз элүү бир) сомдон 500 (беш жүз) сомго чейин | 21 |
6 | 501 (беш жүз бир) сомдон 800 (сегиз жүз) сомго чейин | 20 |
7 | 801 (сегиз жүз бир) сомдон 1000 (бир миң) сомго чейин | 19 |
8 | 1001 (бир миң бир) сомдон 1500 (бир миң беш жүз) сомго чейин | 18 |
9 | 1501 (бир миң беш жүз бир) сомдон жогору | 17 |