Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 29-июлу № 93
Мамлекеттик кызматчылардын категорияларына кирбеген кызматкерлердин чектүү штаттык санын жана эмгек акы төлөө шарттарын жөнгө салган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомунун редакциясына ылайык)
Статистика органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1) аталган токтомдун 6-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Ушул токтомдон келип чыгуучу чыгашаларды каржылоо тиешелүү жылдарга республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин каражаттарынын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | У.А. Марипов |
|
| Тиркеме |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин ведомстволук уюмдарынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын ӨЛЧӨМДӨРҮ
1. Интеллектуалдык маалыматтар борбору | ||
1 | Директор | 16600 |
2 | Директордун орун басары | 14800 |
3 | Бөлүм башчы | 13600 |
4 | Сектор башчы | 10200 |
5 | Юрисконсульт | 9500 |
6 | Башкы инженер-программист | 14500 |
7 | Инженер-программист | 14000 |
8 | Системалык администратор | 14000 |
9 | Башкы адис | 10000 |
10 | Жетектөөчү адис | 9000 |
11 | Адис | 8200 |
12 | Китепканачы | 6500 |
13 | Мастер | 7200 |
14 | Басуучу | 6800 |
15 | Чарба башчысы | 6800 |
16 | Брошюралоочу | 6500 |
17 | Кескич машинанын машинисти | 6500 |
18 | Архивариус | 6500 |
2. Статистикалык изилдөөлөр жана квалификацияны жогорулатуу институту | ||
19 | Директор | 16600 |
20 | Бөлүм башчы | 13600 |
21 | Эксперт | 14000 |
22 | Башкы адис | 10500 |
23 | Жетектөөчү адис | 9000 |
24 | Адис | 8500 |