Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 1-июлу № 53
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-ноябрындагы № 572 "Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрүү пункттарында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттенүү тартибин бекитүү жана опурталдарды башкаруу боюнча чараларды ишке ашыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Аткаруу бийлигинин органдарынын түзүмү өзгөргөндүгүнө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-ноябрындагы № 572 "Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрүү пункттарында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттенүү тартибин бекитүү жана опурталдарды башкаруу боюнча чараларды ишке ашыруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пункту күчүн жоготту деп табылсын;
- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги 2021-жылдын 1-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна маалыматтарды, анын ичинде тышкы экономикалык иштердин катышуучулары бажы органдарына берүүчү алдын ала маалыматтарды жыйноо жана талдоо тартибин ичине камтыган опурталдарды башкаруу боюнча чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу тартибин белгилөөчү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун киргизишсин.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | У.А. Марипов |