Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 12-апрелиндеги № 178
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-ноябрындагы № 572 токтомуна ылайык) |
Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрүү пункттарында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттенүү
тартиби
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 26-февралындагы № 64 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрүү пункттарында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттенүү тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрүү пункттарында (мындан ары - өткөрүү пункттары) чек аралык, бажылык жана башка контролду жүргүзүүдөгү (мындан ары - мамлекеттик контролдоо) аракеттердин ырааттуулугун аныктайт.
2. Ушул Тартиптеги терминдер жана түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде, Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү актыларда жана Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык иштер чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген маанилеринде колдонулат.
3. Өткөрүү пункттарындагы мамлекеттик контролдоо мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, бажы иштери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - бажы органы), саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук жаатындагы көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, автомобилдик транспорт иштерин жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - мамлекеттик контролдоочу органдар) кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде, Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү актыларда жана Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык иштер чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарынын алкагында жүргүзүлөт.
4. Автотранспорт каражаттарына, айдоочуларга, жүргүнчүлөргө, товарларга жана жаныбарларга карата мамлекеттик контролду жүргүзүүдө колдонулуучу каражаттар жана контролдоо ыкмалары Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде, Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү актыларда жана Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык иштер чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте колдонулат.
5. Ушул Тартиптин негизинде жана өткөрүү пунктунун өзгөчөлүгүн эске алуу менен мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын жана товарларды өткөрүүнүн мамлекеттик контролдоочу органдар менен макулдашылган технологиялык схемаларын бекитет.
6. Алдын ала маалыматтарды колдонуу Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде, Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү актыларда жана Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык иштер чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылат.
7. Электрондук өз ара аракеттенүү контролдоочу мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларын колдонуу менен ишке ашырылат.
8. Маалыматтык системалар маалыматтарды автоматтык түрдө талдоо, каттоо жана иштеп чыгуу процесстерин жана компоненттерин, опурталдарды башкаруу системасын жана аткарылышы контролдоочу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын катышуусун талап кылбаган алдын ала чечимдерди кабыл алууну камтышы мүмкүн. Мамлекеттик контролдоочу органдардын электрондук өз ара аракеттенүүсүнүн бизнес-процесстеринин баяндамасы ушул Тартиптин 6-тиркемесинде келтирилди.
9. Алдын ала маалымат - бул маалыматтык системаны колдонуу менен электрондук өз ара аракеттенүү аркылуу жиберилген маалымат, ал мамлекеттик контролдоочу органдардын опурталдарды башкаруу системасында (мындан ары - ОБС) иштелип чыгат.
10. Маалыматтарды иштеп чыгуунун бардык жыйынтыктары алдын ала маалыматтарды карап чыгуунун жыйынтыктары сыяктуу эле алдын ала маалымат берген адамга кабарланууга тийиш.
2-глава. Алдын ала маалымдоодо Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) бажы чек арасында бажы органы менен мамлекеттик контролдоочу органдын ортосундагы электрондук өз ара аракеттенүүнүн ырааттуулугу
11. Электрондук өз ара аракеттенүүгө бажы органы менен мамлекеттик контролдоочу органдар катышат.
12. Бажы органы менен мамлекеттик контролдоочу органдын маалыматтык системаларын, анын ичинде мамлекеттик контролдоочу органдардын маалыматтык системаларын колдонуу менен электрондук өз ара аракеттенүү Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине, Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү, бажылык укук мамилелерин жөнгө салуучу актыларга жана ушул Тартипке ылайык ишке ашырылат.
13. Алдын ала маалымат катталгандан кийин бажы органы алдын ала маалыматта төмөнкү маалыматтар болгондо маалыматтык системаны колдонуу менен электрондук өз ара аракеттенүүнү демилгелейт:
1) ушул Тартиптин 1-тиркемеси боюнча документтердин түрүнүн тизмегине ылайык документтердин коду жөнүндө;
2) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери, Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү актылар жана Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык иштер чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында жана бажылык аймагында мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөөгө (контролдоого) тийиш болгон продукциялардын (объекттердин) бирдиктүү тизмегине киргизилген товарлар үчүн - Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык иштеринин бирдиктүү Товардык номенклатурасына (мындан ары - ЕАЭБ ТЭИ ТН) ылайык товарлардын коду жөнүндө;
3) Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы № 317 чечими менен бекитилген Ветеринардык контролдоого (көзөмөлдөөгө) тийиш болгон товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарлар үчүн - ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык товарлардын коду жөнүндө;
4) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери, Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү актылар жана Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык иштер чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында жана Евразия экономикалык бирлигинин бажылык аймагында карантиндик фитосанитардык контролдоого (көзөмөлдөөгө) тийиш болгон карантиндик продукциялардын (карантиндик товарлар, карантиндик материалдар) тизмегине киргизилген товарлар үчүн - ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык товарлардын коду жөнүндө;
5) Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык, карантиндик, фитосанитардык контролдоо (көзөмөлдөө) боюнча 7-беренесине ылайык тыюу салуулардын жана чектөөлөрдүн сакталышын ырастоо максатында алдын ала маалыматтар берилгени жөнүндө;
6) эл аралык ташуунун транспорт каражаттарын жана товарларды коштоп жүрүүчү адамдарды санитардык-эпидемиологиялык контролдоого (көзөмөлдөөгө) байланышкан бажы операцияларын жасоону тездетүү максатында алдын ала маалыматтар берилгени жөнүндө;
7) Кыргыз Республикасынын аймагына автотранспорт каражатынын кирүүсүнө жана жүрүүсүнө уруксаттын жана Кыргыз Республикасынын жалпы колдонуудагы автотранспорт жолу боюнча ири габариттүү жана оор салмактагы товарлар менен автотранспорт каражатынын өтүүсүнө атайын уруксаттын болушуна карата Кыргыз Республикасынын жана Евразия экономикалык бирлигинин аймагына кирүү тартиби бөлүгүндө тыюу салууларды жана чектөөлөрдү ырастоо жөнүндө.
14. Бажы органы маалыматтык системаларды колдонуу менен электрондук өз ара аракеттенүү аркылуу тиешелүү мамлекеттик контролдоочу органга ушул Тартиптин 2-5-тиркемелерине ылайык курамдагы алдын ала маалыматтан алынган маалыматтарды, ошондой эле төмөнкүдөй маалыматтарды берет:
1) алдын ала маалымат берген адам жөнүндө;
2) алдын ала маалыматтын каттоо номерин;
3) мурда берилген алдын ала маалыматтын каттоо номерин;
4) ЕАЭБдин бажы аймагына товарлардын келген жери;
5) бара турган бажы органынын коду;
6) контейнердин идентификациялык номери;
7) транспорт каражатынын (сүйрөткүчтүн), чиркегичтин (чиркегичтердин) каттоо номери.
15. Ушул Тартиптин 14-пунктунда каралган маалыматтар болгон учурда бажы органы тарабынан алдын ала маалымат катары тиешелүү мамлекеттик контролдоочу органдарга берилет.
16. Мамлекеттик контролдоочу орган маалыматтык системаларды колдонуу менен электрондук өз ара аракеттенүү аркылуу бажы органына ушул Тартиптин 2-5-тиркемелеринде каралган алдын ала маалыматтан алынган маалыматтарды карап чыгуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат жиберет.
17. Маалыматтык системаларды колдонуу менен электрондук өз ара аракеттенүүдө ЕАЭБдин бирдиктүү ченемдик-маалымдама маалыматтык системасынын ресурстарынын курамына кирген маалымдамалар жана классификаторлор, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык иштер чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык түзүлүүчү жана бажылык максаттар үчүн колдонулуучу маалымдамалар жана классификаторлор пайдаланылат.
3-глава. ЕАЭБдин бажы аймагына транспорт каражаттары менен адамдардын, товарлардын жана жаныбарлардын келүүсүндө мамлекеттик контролдоочу органдар тарабынан жасалуучу аракеттердин ырааттуулугу
18. ЕАЭБдин бажы аймагындагы өткөрүү пунктуна транспорт каражаты менен адамдар, товарлар жана жаныбарлар келгенде мамлекеттик контролдоочу органдардын аракетинин төмөнкүдөй ырааттуулугу белгиленет:
1) транспорт каражаттарын өткөрүү пунктуна киргизүүгө уруксат берүү жана мамлекеттик чек арадан (чек аралык контролдон) өтүү укугуна документтердин бар экенин текшерүү;
2) контролдоочу мамлекеттик орган тарабынан радиациялык контролдоо жүргүзүү;
3) төмөнкүлөрдү камтыган санитардык-карантиндик контролдоо:
- ЕАЭБдин бажы чек арасынан өтүүчү автотранспорт каражаттарын сыртынан кароо, автотранспорттун айдоочусуна жана жүргүнчүлөргө (эпидемиологиялык көрсөткүчтөр боюнча жана даттануулар болгондо) сурамжылоо, термометрия жүргүзүү;
- радиациялык контролдоо жүргүзүү, жогорулатылган радиациялык фон менен транспорт каражатынын жана контролдук товарлардын өтүү фактысын белгилөө;
- автотранспорт каражаттарында кемирүүчүлөрдүн же алардын автотранспорт каражатына кирген издеринин болушун текшерүү жана эпидемиологиялык көрсөткүчтөр (курт-кумурскалардын, кемирүүчүлөрдүн же алардын издеринин болушу) болсо, дезинфекциялоо, дезинсекциялоо жана (же) дератизациялоо;
- транспорт каражатында жугуштуу оорулар чыккан райондору бар өлкөлөрдөн эл аралык рейс менен келген же инкубациялык мезгилдин ичинде ошондой өлкөлөрдөн келген адамдын болушун текшерүү жана зарыл болгон учурда эпидемияга каршы иш-чараларды өткөрүү, анын ичинде мындай адамды изоляциялоо;
- жугуштуу оорулар чыккан райондору бар өлкөлөрдөн же эпидемия зоналарынан келген мурда колдонулган ич кийим, кийим, жууркан-төшөктөр же башка чарбалык тиричилик предметтери, идиш-аяктар, оюнчуктар камтылган, бүтүндүгү бузулган эл аралык почталык жөнөтүүлөр;
- транспорт каражаттарында санитардык контролдонууга тийиш болгон продукциялар (объекттер) бар болсо, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери, Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү актылар жана Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык иштер чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында жана бажылык аймагында мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөнүүгө (контролдонууга) тийиш болгон продукциялардын (объекттердин) бирдиктүү тизмегине ылайык продукциялардын санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык талаптарга шайкештиги боюнча анын коопсуздугун ырастаган документтерди текшерүү;
- автотранспорт каражаттарында санитардык контролдонууга тийиш болгон продукциялар (объекттер) болсо, ЕАЭБ техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештиги боюнча коопсуздугун ырастаган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык иштер чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөнүүгө тийиш болгон продукциялардын (объекттердин) документтерин текшерүү;
- транспорт каражаты менен тез бузулуучу продукцияларды ташууда, ташуу шарттарын - автотранспорттун санитардык паспортунун болушун контролдоо жана ташууну ишке ашырган адамга медициналык кароо жүргүзүү;
- санитардык-карантиндик контролдоонун жыйынтыктарын маалыматтык системага киргизүү;
4) төмөнкүлөрдү камтыган чек аралык контролдоо;
- айдоочулардын, продукцияларды (товарларды) коштоп жүрүүчү адамдардын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүү укугуна документтерин текшерүү;
- бажы органы менен бирдикте транспорт каражаттарына кароо/текшерип кароо жүргүзүү;
- чек аралык контролдун жыйынтыктарын маалыматтык системага киргизүү;
- айдоочуга, адамдарга жана транспорт каражатына андан ары жолун улоого укук берүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
5) төмөнкүлөрдү камтыган ветеринардык контролдоо (контролдоонун мындай түрү каралган өткөрүү пункттарында):
- автотранспорт каражаттарында ветеринардык контролдоого тийиш болгон продукциялар (объекттер) болсо, документтик контролдоо;
- автотранспорт каражатына текшерип кароо жүргүзүү;
- бажы жана башка кызыкдар болгон мамлекеттик контролдоочу органдар менен бирдикте товарларга жана жаныбарларга зарылдыгына жараша (органолептикалык көрсөткүчтөрүндө өзгөрүүлөр байкалса) кароо/текшерип кароо;
- транспорт каражатынын ветеринардык-санитардык абалын баалоо;
- ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу товарларды жана жаныбарларды ташууга уруксат берүү же тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
- ветеринардык контролдун жыйынтыктарын маалыматтык системага киргизүү;
6) төмөнкүлөрдү камтыган фитосанитардык контролдоо (контролдоонун мындай түрү каралган өткөрүү пункттарында):
- транспорт каражаттарында фитосанитардык контролдоого тийиш болгон продукциялар (объекттер) болсо, документтик контролдоо;
- транспорт каражатында камсыздоо каражаттарынын болушун, бүтүндүгүн жана жылчыксыздыгын текшерүү, карантиндик зыяндуу организмдердин, топурактардын жана отоо чөптөрдүн уруктарынын болбошун сыртынан кароо;
- автотранспорт каражатын текшерип кароо;
- бажы жана башка кызыкдар болгон мамлекеттик контролдоочу органдар менен бирдикте зарылдыгына жараша (автотранспорт каражатынын үстүндө морфологиялык белгилер боюнча карантиндик зыяндуу организмдер табылган учурда) фитосанитардык текшерип кароо;
- кузовдун жана кабинанын ичин, товарлардын таңгактарын сыртынан кароо;
- зарылдыгына жараша (автотранспорт каражатынын сырткы бетинде морфологиялык белгилер боюнча карантиндик зыяндуу организмдер табылса) алып салуу, жок кылуу, зыянсыздандыруу же тазалоо;
- фитосанитардык контролдун жыйынтыктарын маалыматтык системага киргизүү;
7) төмөнкүлөрдү камтыган транспорттук контролдоо:
- жүрүү документтерин текшерүү (уруксат, товардык-транспорттук коштомо кагаз, эл аралык жолдо ташуу китепчеси, айдоочулук күбөлүгү, жолдомо кагазы, транспорт каражатынын каттоосу жөнүндө күбөлүк же техникалык паспорт, эл аралык автомобилдик ташууларга уруксат берүү күбөлүгү, эл аралык автомобилдик ташууларды ишке ашыруу укугуна лицензия);
- тахографтын же айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимин эсепке алууну каттоо баракчаларынын болушун текшерүү;
- транспорт каражаттарын мамлекеттик каттоо номеринин айырмалоочу белгилеринин болушун текшерүү;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине, Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү актыларына жана Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык иштер чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык Евразия экономикалык бирлигинин тышкы чек арасында транспорттук (автомобилдик) контролду ишке ашыруу тартибинде белгиленген документтерди жана контролдонуучу параметрлерди текшерүү;
- транспорттук (автомобилдик) контролдун жыйынтыктарын маалыматтык системага киргизүү;
8) төмөнкүлөрдү камтыган бажылык контролдоо:
- документтерди, товарлар жана транспорт каражаттары жөнүндө маалыматтарды текшерүү, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде, Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү актыларда жана Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган тартипте, зарыл болгон бажы операцияларын жүргүзүүнү, бажылык контролду камсыз кылуучу бажылык контролдоонун жана (же) чаралардын формаларын колдонуу;
- мамлекеттик контролдоочу органдар менен бирдикте транспорт каражаттарын кароо/текшерип кароо;
- транспорт каражаттарынын салмак габаритине контролдоо жүргүзүү, мындай контролдун жыйынтыктары жөнүндө маалыматты транспорттук контролдоо органдарына берүү;
- бажылык контролдун жыйынтыктарын маалыматтык системага киргизүү;
- санитардык жабдуулар - радиациялык контролдоонун порталдык мониторлору менен жабдылган өткөрүү пункттарында радиациялык контролдоо жүргүзүү.
19. Мамлекеттик контролдоочу орган ушул Тартипке ылайык маалыматтык системада ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу транспорт каражаттарынын, товарлардын жана жаныбарлардын өтүүсүнө уруксат берүү же тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алат.
Маалыматтык система иштебей калган учурда, мамлекеттик контролдоочу орган документтерге тиешелүү штамптарды коюу (оттисктерди түшүрүү) же тиешелүү актыларды түзүү менен жазуу жүзүндө чечим чыгарат, кийин маалыматтык системага киргизет.
20. 18-пунктунун 3-пунктчасынын үчүнчү, төртүнчү, бешинчи, алтынчы абзацтарында, 5-пунктчасынын үчүнчү, төртүнчү, бешинчи, алтынчы абзацтарында, 6-пунктчасынын үчүнчү, төртүнчү, бешинчи, алтынчы абзацтарында жана 7-пунктчасынын үчүнчү абзацында каралган контролдук аракеттер опурталдарды башкаруу системасынын жазма буйруктары болгондо же эпидемияга каршы, карантиндик жана башка иш-чаралар режими киргизилген учурда мамлекеттик контролдоочу органдардын кызмат адамдары тарабынан ишке ашырылат.
21. Өткөрүү пункттарынан транспорт каражатынын чыгуусу мамлекеттик контролдоочу органдан ушул Тартиптин 19-пунктунда каралган тыюу салуулар жок болгон учурда, чек ара органынын уруксаты менен жүргүзүлөт.
4-глава. ЕАЭБдин бажы аймагынан транспорт каражаттары менен адамдардын, товарлардын жана жаныбарлардын чыгып кетүүсүндө мамлекеттик контролдоочу органдар тарабынан жасалуучу контролдук аракеттердин ырааттуулугу
22. ЕАЭБдин бажы аймагынан өткөрүү пункттары аркылуу адамдардын, товарлардын жаныбарлардын жана транспорт каражаттарынын, экспорт бажы жол-жобосуна ылайык чыгып жаткан товарларды, жаныбарларды жана транспорт каражаттарын кошпогондо чыгып кетүүсүндө ушул Тартиптин 18-пунктунда каралган контролдук аракеттерди жасоо менен мамлекеттик контролду ишке ашыруунун төмөнкүдөй ырааттуулугу белгиленет:
1) транспорт каражаттарынын өткөрүү пунктуна кирүүсүнө уруксат берүү жана мамлекеттик чек арадан өтүү укугуна документинин бар экенин текшерүү (чек аралык контролдоо);
2) санитардык-карантиндик контролдоо (объективдүү санитардык-эпидемиологиялык көрсөткүчтөр болсо жана контролдун ушундай түрү каралган өткөрүү пункттарында гана);
3) ветеринардык жана фитосанитардык контролдоо (транспорт каражаттарында ветеринардык жана фитосанитардык контролдоого тийиш болгон продукциялар (объекттер) болсо жана контролдун ушул түрү каралган өткөрүү пункттарында гана);
4) транспорттук контролдоо;
5) бажылык контролдоо.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 26-февралындагы № 64 токтомунун редакциясына ылайык)
22-1. Өткөрүү пункттарында экспорт бажы жол-жобосуна ылайык товарлар, жаныбарлар жана транспорт каражаттары ЕАЭБ бажы аймагынан чыгып жатканда ушул Тартиптин 18-пунктунун 1, 2, 4, 7 жана 8-пунктчалары менен каралган контролдук аракеттерди жасоо менен мамлекеттик контролду ишке ашыруунун төмөнкүдөй ырааттуулугу белгиленет.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 26-февралындагы № 64 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Өткөрүү пунктунан транспорт каражатынын чыгуусу ушул Тартиптин 19-пунктунда каралган мамлекеттик контролдоочу органдан тыюу салуулар жок болгон учурда чек ара органынын уруксаты менен жүргүзүлөт.
5-глава. ЕАЭБдин бажы аймагына автобустар жана жеңил автотранспорт каражаттары менен адамдардын, товарлардын жана жаныбарлардын келүүсүндө мамлекеттик контролдоочу органдар тарабынан жасалуучу контролдук аракеттердин ырааттуулугу
24. ЕАЭБдин бажы аймагына автобустар жана жеңил автотранспорт каражаттары менен адамдардын, товарлардын, жаныбарлардын келүүсүндө өткөрүү пункттарында мамлекеттик контролдоочу органдар тарабынан жүргүзүлүүчү контролдук аракеттердин төмөнкүдөй ырааттуулугу белгиленет:
1) автобустардын жана жеңил автотранспорт каражаттарынын өткөрүү пунктуна кирүүсүнө уруксат берүү (чек аралык контролдоо);
2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан радиациялык контролдоо жүргүзүү;
3) санитардык-карантиндик контролдоо;
- ЕАЭБдин бажы чек арасынан өтүүчү транспорт каражатын сыртынан кароо, автотранспорттун айдоочусуна жана жүргүнчүлөргө (эпидемиологиялык көрсөткүчтөр боюнча жана даттануулар болсо) сурамжылоо, термометрия өткөрүү;
- радиациялык контролдоо жүргүзүү, жогорулатылган радиациялык фон менен транспорт каражатынын жана контролдук товарлардын өткөрүү фактысын белгилөө;
- транспорт каражаттарында кемирүүчүлөрдүн же алардын транспорт каражатына кирген издеринин болушун текшерүү жана эпидемиологиялык көрсөткүчтөр (курт-кумурскалардын, кемирүүчүлөрдүн же алардын издеринин болушу) болсо, дезинфекциялоо, дезинсекциялоо жана (же) дератизациялоо;
- транспорт каражатында жугуштуу оорулар чыккан райондору бар өлкөлөрдөн келген же инкубациялык мезгилдин ичинде ошондой өлкөлөрдөн келген адамдын болушун текшерүү жана зарылдыгына жараша эпидемияга каршы иш-чараларды өткөрүү, анын ичинде мындай адамды изоляциялоо;
4) чек аралык контролдоо:
- автобустардын жана жеңил автотранспортунун айдоочусунда, ошондой эле алардагы жүргүнчүлөрдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүү укугуна документтерин текшерүү;
- адамдарга сурамжылоо жүргүзүү;
- мамлекеттик контролдоочу органдар менен бирдикте автобустарды жана жеңил автотранспорт каражаттарын кароо/текшерип кароо;
- чек аралык контролдоонун жыйынтыктарын маалыматтык системага киргизүү;
5) ветеринардык жана фитосанитардык контролдоо (транспорт каражаттарында ветеринардык жана фитосанитардык контролдоого тийиш болгон продукциялар (объекттер) болсо жана контролдоонун ушул түрү каралган өткөрүү пункттарында гана):
- ЕАЭБдин бажы аймагына адамдардын жана жүргүнчүлөрдүн ветеринардык жана фитосанитардык контролдоого тийиштүү буюмдарын жана жүктөрүн ташып кирүү укугуна документтерин текшерүү;
6) транспорттук контролдоо:
- аймагында автобус, жеңил автотранспорт каражаты каттоодон өткөн мамлекеттин айырмалоочу белгилерин текшерүү;
- жүргүнчүлөрдү ташууга лицензиясынын болушун текшерүү;
- жүргүнчүлөрдү ушул маршрут боюнча ташууга уруксатынын (күбөлүгүнүн) болушун текшерүү;
- маршрут боюнча басып өтүүчү аймактардын компетенттүү мамлекеттик органдары менен макулдашылган ушул маршрут боюнча жүрүү ырааттамасынын болушун текшерүү;
- маршрут боюнча басып өтүүчү аймактардын компетенттүү мамлекеттик органдары менен макулдашылган мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарын көрсөтүү менен маршрут схемасынын болушун текшерүү;
- жүргүнчүлөрдө автобустук жана жүк билеттеринин болушун текшерүү;
- чет өлкөлүк автотранспорт каражатында каттоонун эсепке алуу талонунун болушун текшерүү;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде, Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү актыларда жана Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык иштер чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган транспорттук контролдун башка чаралары;
7) бажылык контролдоо:
- документтерди жана товарлар, транспорт каражаттары жөнүндө маалыматтарды текшерүү, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде жана ЕАЭБдин укугун түзүүчү актыларда аныкталган тартипте зарыл болгон бажы операцияларын жүргүзүүнү, бажылык контролду камсыз кылуучу бажылык контролдун жана (же) чаралардын формаларын колдонуу;
- мамлекеттик контролдоочу органдар менен бирдикте автобустарга жана автотранспорт каражаттарына кароо өткөрүү;
- жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт каражаттарына (автобустарга) салмак габаритине контролдоо жүргүзүү, мындай контролдоонун жыйынтыктары жөнүндө маалыматты транспорттук контролдоо органдарына берүү;
- Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган бажылык контролдун башка чаралары;
- бажылык контролдоонун жыйынтыктарын маалыматтык системага киргизүү;
- санитардык жабдуулар - радиациялык контролдун порталдык мониторлору менен жабдылган өткөрүү пункттарында радиациялык контролдоо жүргүзүү.
25. Мамлекеттик контролдоочу орган маалыматтык системада ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарынын, товарлардын жана жаныбарлардын өтүүсүнө уруксат берүү же тыюу салуу жөнүндө чечимин кабыл алат.
Маалыматтык система иштебей калган учурда, мамлекеттик контролдоочу орган документтерге тиешелүү штамптарды коюу (оттисктерди түшүрүү) же тиешелүү актыларды түзүү менен жазуу жүзүндө чечим чыгарат, кийин аны маалыматтык системага киргизет.
26. Өткөрүү пунктунан автобустардын жана жеңил автотранспорт каражаттарынын чыгуусу ушул Тартиптин 25-пунктунда каралган мамлекеттик контролдоочу органдан тыюу салуулар жок болгон учурда, чек ара органынын уруксаты менен жүргүзүлөт.
6-глава. Бажы аймагынан автобустар жана жеңил автотранспорт каражаттары менен адамдардын, товарлардын жана жаныбарлардын чыгып кетүүсүндө мамлекеттик контролдоочу органдар тарабынан жасалуучу контролдук аракеттердин ырааттуулугу
27. ЕАЭБдин бажы аймагынан өткөрүү пункттары аркылуу автобустар жана жеңил автотранспорт каражаттары менен адамдардын, товарлардын жана жаныбарлардын чыгып кетүүсүндө ушул Тартиптин 19-пунктунда каралган контролдук аракеттерди жасоо менен мамлекеттик контролду ишке ашыруунун төмөнкүдөй ырааттуулугу белгиленет:
1) автобустардын жана жеңил автотранспорт каражаттарынын өткөрүү пунктуна кирүүсүнө уруксат берүү (чек аралык контролдоо);
2) адамдарды санитардык-карантиндик контролдоо (объективдүү санитардык-эпидемиологиялык көрсөткүчтөр болсо жана контролдун ушундай түрү каралган өткөрүү пункттарында гана);
3) ветеринардык жана фитосанитардык контролдоо (зарылдыгына жараша жана контролдоонун ушул түрү каралган өткөрүү пункттарында гана);
4) транспорттук контролдоо;
5) бажылык контролдоо.
28. Мамлекеттик контролдоочу орган маалыматтык системада ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу адамдардын, транспорт каражаттарынын, товарлардын жана жаныбарлардын өтүүсүнө уруксат берүү же тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алат.
Маалыматтык система иштебей калган учурда, мамлекеттик контролдоочу орган документтерге тиешелүү штамптарды коюу (оттисктерди түшүрүү) же тиешелүү актыларды түзүү менен жазуу жүзүндө чечим чыгарат, кийин аны маалыматтык системага киргизет.
29. Өткөрүү пунктунан автобустардын жана жеңил автотранспорт каражаттарынын чыгуусу ушул Тартиптин 28-пунктунда каралган мамлекеттик контролдоочу органдан тыюу салуулар жок болгон учурда, чек ара органынын уруксаты менен жүргүзүлөт.
|
| Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрүү пункттарында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттенүү тартибине 1-тиркеме |
Документтердин түрлөрүнүн ТИЗМЕГИ
Документтин коду* | Документтин аталышы* | Маалымат берилүүчү ыйгарым укуктуу органдын аталышы |
01191 | Шайкештигин баалоо жөнүндө документ (же шайкештик сертификаты же шайкештик жөнүндө декларация) | Санитардык-эпидемиологиялык бейпилдик жаатындагы ыйгарым укуктуу орган |
03201 | Ветеринардык сертификат | Ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу орган |
01202 | Экспорттоочу өлкөлөрдүн эпизоотикалык абалынан улам, контролдонуучу товарларды ташып кирүүгө Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу органынын кызмат адамы тарабынан берилген уруксат | Ветеринария жаагындагы ыйгарым укуктуу орган |
01204 | Экспорттоочу өлкөлөрдүн эпизоотикалык абалынан улам, контролдонуучу товарлардын транзитине Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу органынын кызмат адамы тарабынан берилген уруксат | Ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу орган |
01206 | Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк | Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу орган |
01207 | Фитосанитардык сертификат | Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу орган |
01209 | Карантиндик объекттерди (карантиндик зыяндуу организмдерди) илимий-изилдөө максатында ташып кирүүгө Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилген уруксат | Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу орган |
(*) Документтин аталышы жана коду Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 20-сентябрындагы № 378 чечими менен бекитилген документтердин жана маалыматтардын түрлөрүнүн классификаторуна ылайык көрсөтүлөт.
|
| Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрүү пункттарында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттенүү тартибине 2-тиркеме |
Бажы органы менен калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын электрондук өз ара аракеттенүүсүнүн алкагында берилүүчү маалыматтардын курамы
1. Бажы органы калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу органга Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып кирүү болжолдонуп жаткан товарлар жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтарды берет:
1) товарларды жөнөтүүчү жана алуучу жөнүндө маалымат;
2) транспорттук (ташуу) документи түзүлгөн дата жана номери;
3) Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык иштеринин бирдиктүү Товардык номенклатурасына ылайык товарлардын коддору, биринчи 6 белгиден кем эмес деңгээлде;
4) товарлардын аталышы;
5) продукцияларды мамлекеттик каптоо жөнүндө күбөлүктүн номери, берилген датасы жана бланкынын типографиялык номери (мамлекеттик каттоого тийиш болгон продукцияларга карата);
6) Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринде каралган, Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламентинин талаптарына ылайык бирдиктүү форма боюнча таризделген шайкештикти баалоо жөнүндө күбөлүктүн (шайкештик сертификатынын же шайкештик жөнүндө декларациянын, Химиялык заттын коопсуздук паспортунун) номери берилген дата жана бланкынын типографиялык номери;
7) товарлардын багыты жана колдонуу жааты жөнүндө маалымат;
8) товарлардын аталышы жана даярдоочунун дареги;
9) товарлар өндүрүлгөн өлкө, жөнөтүлгөн өлкө жана багытталган өлкө.
2. Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу орган маалыматты алгандан кийин 15 мүнөттүн ичинде бажы органынын маалыматтык системасына төмөнкүдөй чечимдердин бирин көрсөтүү менен алдын ала маалыматтан алынган маалыматтарды карап чыгуунун жыйынтыктары жөнүндө маалыматты берет;
- медициналык-санитардык мүнөздөгү себептер боюнча эл аралык ташуудагы транспорт каражаттарынын кирүүсүнө тыюу салынат;
- Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин мамлекеттик чек арасы аркылуу Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында жайгашкан өткөрүү пунктуна товарлардын келүүсүнө уруксат берилди, товарларга баалоо жүргүзүү (кароо, текшерип кароо) талап кылынат;
- Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин мамлекеттик чек арасы аркылуу Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында жайгашкан өткөрүү пунктуна товарлардын келүүсүнө уруксат берилди, калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатында көзөмөлдү (контролду) жүргүзүү үчүн документтерди берүү талап кылынат;
- Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына товарларды ташып келүүгө тыюу салынат.
|
| Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрүү пункттарында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттенүү тартибине 3-тиркеме |
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин бажы органы менен Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу органынын электрондук өз ара аракеттенүүсүнүн алкагындагы маалыматтардын жана аракеттердин курамы
1. Бажы органы ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу органга Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып кирүү болжолдонуп жаткан товарлар жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтарды берет:
1) транспорттук (ташуу) документ түзүлгөн дата жана номери;
2) Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык иштеримин бирдиктүү Товардык номенклатурасына ылайык товарлардын коду, биринчи 6 санынан кем эмес деңгээлде;
3) товарлардын аталышы;
4) товарларды ташып кирүүгө же транзитине уруксат берилген дата жана номери, мүчө мамлекеттин ветеринария жаатындагы уруксат берген ыйгарым укуктуу органынын аталышы;
5) ветеринардык сертификаттын номери жана берилген датасы, сертификатты берген экспорттоочу өлкөнүн компетенттүү органынын аталышы;
6) товарларды маркалоо жөнүндө маалымат;
7) ветеринардык контролдоодогу (көзөмөлдөөдөгү) товарларды жүгүртүүгө чыгарган ишкананын аталышы жана (же) номери;
8) маалыматтар:
- ветеринардык колдонуу үчүн дары-дармек каражатын каттоо күбөлүгүнөн (соодадагы аталышы, каттоо күбөлүгүнүн номери, мамлекеттик каттоо датасы, каттоо күбөлүгүнүн жарактуулук мөөнөтү, өндүрүүчүнүн аталышы жана дареги);
- жаныбарлар үчүн тоют кошулмаларын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөн (аталышы, эсепке алуу сериясы, тоют кошулмасынын каттоо номери, катталган дата, күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү, өндүрүүчүнүн аталышы жана дареги);
- гендик-инженердик-модификацияланган организмдерден алынган тоюттарды мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөн (аталышы, эсепке алуу сериясы, тоюттун каттоо номери, катталган дата, күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү, өндүрүүчүнүн аталышы жана дареги).
2. Ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу орган маалыматты алгандан кийин 15 мүнөттүн ичинде бажы органынын маалыматтык системасына төмөнкүдөй чечимдердин бирин көрсөтүү менен алдын ала маалыматтан алынган маалыматтарды карап чыгуунун жыйынтыктары жөнүндө маалыматты берет:
1) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин мамлекеттик чек арасы аркылуу Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында жайгашкан өткөрүү пунктуна ташып кирүү максатында товарлардын келүүсүнө уруксат берилди, товарлар ветеринардык контролдон (көзөмөлдөн) өтүүгө тийиш;
2) товарларды ташып кирүүгө тыюу салынган;
3) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин мамлекеттик чек арасы аркылуу Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында жайгашкан өткөрүү пунктуна транзит максатында товарлардын келүүсүнө уруксат берилди, товарлар ветеринардык контролдон (көзөмөлдөн) өтүүгө тийиш;
4) товарлардын транзитине тыюу салынган.
|
| Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрүү пункттарында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттенүү тартибине 4-тиркеме |
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин бажы органы менен Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу органынын электрондук өз ара аракеттенүүсүнүн алкагындагы маалыматтардын жана аракеттердин курамы
1. Бажы органы өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу органга Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып кирүү болжолдонуп жаткан товарлар жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтарды берет:
- товарды жөнөтүүчү жана алуучу жөнүндө маалымат;
- транспорттук (ташуу) документ түзүлгөн дата жана номери;
- Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык иштеринин бирдиктүү Товардык номенклатурасына ылайык товарлардын коддору, биринчи 4 белгиден кем эмес деңгээлде;
- товарлардын аталышы;
- товарлардын нетто (брутто) салмагы (килограмм менен);
- товарлар өндүрүлгөн өлкө жана жер;
- товарлар түшүрүлө турган жер жана дата;
- товарларды маркалоо жөнүндө маалымат;
- товарларды зыянсыздандыруу жөнүндө маалымат;
- экспорттоочу (реэкспорттоочу) өлкөнүн өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген экспорттук (реэкспорттук) фитосанитардык сертификаттын номери, берилген дата жана өлкө;
- карантиндик объекттерди ташып келүүгө уруксаттын номери жана берилген дата, мүчө мамлекеттин өсүмдүктөрдүн карантини боюнча уруксат берген ыйгарым укуктуу органынын аталышы.
2. Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу орган маалыматты алгандан кийин 15 мүнөттүн ичинде бажы органынын маалыматтык системасына төмөнкүдөй чечимдердин бирин көрсөтүү менен алдын ала маалыматтан алынган маалыматтарды карап чыгуунун жыйынтыктары жөнүндө маалыматты берет:
- мүчө мамлекеттин мамлекеттик чек арасы аркылуу Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында жайгашкан өткөрүү пунктуна товарлардын ташып кирүү максатында келүүгө уруксат берилди, товарлар карантиндик фитосанитардык контролдон (көзөмөлдөн) өтүүгө тийиш;
- товарларды ташып кирүүгө тыюу салынган;
- мүчө мамлекеттин мамлекеттик чек арасы аркылуу Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында жайгашкан өткөрүү пунктуна товарларды транзиттөө максатында келүүгө уруксат берилди, товарлар карантиндик фитосанитардык контролдон (көзөмөлдөн) өтүүгө тийиш;
- товарлардын транзитине тыюу салынган.
|
| Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрүү пункттарында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттенүү тартибине 5-тиркеме |
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин бажы органы менен транспорттук контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын электрондук өз ара аракеттенүүсүнүн алкагындагы маалыматтардын жана аракеттердин курамы
1. Бажы органы транспорттук контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органга Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып кирүү болжолдонуп жаткан товарлар жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтарды берет:
- товарды жөнөтүүчү жана алуучу жөнүндө маалымат;
- транспорттук (ташуу) документ түзүлгөн дата жана номери;
- товар менен эл аралык ташуудагы транспорт каражатынын жалпы массасы;
- товарлардын аталышы;
- товарлардын нетто (брутто) салмагы (килограмм менен);
- товарлар жүктөлгөн жер (өлкө, шаар) жана дата;
- товарлар түшүрүлө турган жер (өлкө, шаар) жана дата;
- айдоочунун аты-жөнү;
- уруксат (уруксаттар) жөнүндө маалымат, автомобилдик ташуу үчүн уруксат талап кылынган учурда (түрү, номери, берилген дата жана колдонуу мөөнөтү).
2. Транспорттук контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу орган маалыматты алгандан кийин 15 мүнөттүн ичинде бажы органынын маалыматтык системасына төмөнкүдөй чечимдердин бирин көрсөтүү менен алдын ала маалыматтан алынган маалыматтарды карап чыгуунун жыйынтыктары жөнүндө маалыматты берет:
- мүчө мамлекеттин мамлекеттик чек арасы аркылуу Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында жайгашкан өткөрүү пунктуна товарларды ташып келүү максатында келүүгө уруксат берилди, транспорт каражаттары транспорттук контролдон (көзөмөлдөн) өтүүгө тийиш;
- транспорт каражатынын кирүүсүнө тыюу салынган;
- мүчө мамлекеттин мамлекеттик чек арасы аркылуу Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында жайгашкан өткөрүү пунктуна товарларды/жүргүнчүлөрдү транзиттик ташуу максатында келүүгө уруксат берилди, транспорт каражаттары транспорттук контролдон (көзөмөлдөн) өтүүгө тийиш;
- транспорт каражатынын транзиттик өтүүсүнө тыюу салынган.
|
| Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрүү пункттарында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттенүү тартибине 6-тиркеме |
Маалыматтык системада электрондук өз ара аракеттенүүнүн бизнес-процесстеринин баяндалышы
№ | Бизнес-процесстин баяндалышы | Процесстин аткаруучусу | Аткаруу мөөнөтү |
1 | Алдын ала маалыматты алуу | Автоматтык режимде | Кечиктирбестен |
2 | Алдын ала маалыматтын Евразия экономикалык Комиссиясынын чечими менен бекитилген алдын ала маалыматтын түзүмүнө жана формасына карата талаптарга шайкештигин текшерүү (форматтык-логикалык контроль) | Автоматтык режимде | Кечиктирбестен |
3 | Баш тартуу себебин көрсөтүү менен алдын ала маалыматты маалыматтык системага каттоодон баш тартуу | Автоматтык режимде | Кечиктирбестен |
4 | Маалыматтык системага алдын ала маалыматты каттоо | Автоматтык режимде | Кечиктирбестен |
5 | Алдын ала маалымат жөнөтүүчүгө баш тартуу себебин көрсөтүү менен алдын ала маалыматты маалыматтык системага каттоодон баш тартуу же алдын ала маалыматты маалыматтык системага каттоо жөнүндө кабарлоо | Автоматтык режимде | Кечиктирбестен |
6 | Ташуунун уникалдуу идентификациялык номерин ыйгаруу (ТУИН) | Автоматтык режимде | Кечиктирбестен |
7 | Алдын ала маалыматта Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык иштер чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып кирүүгө тыюу салынган жана чектөөлөр киргизилген товарлар жөнүндө маалыматтын бар экенин текшерүү | Автоматтык режимде | Кечиктирбестен |
8 | Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык иштер чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып кирүүгө тыюу салынган жана чектөөлөр киргизилген товарларды өткөрүүдөн баш тартуу | Бажы органынын кызмат адамы | Кечиктирбестен, бирок алдын ала маалымат алынгандан кийин 60 мүнөттөн кеч эмес |
9 | Алдын ала маалыматта мамлекеттик контролдоочу органдын контролдоосуна тийиш болгон товарлардын бар экенин текшерүү | Автоматтык режимде | Кечиктирбестен |
10 | Алдын ала маалымат жөнөтүүчүгө ТУИН жөнүндө, товарлар, ТЭИ ТН коддору, товарлар, транспорттук каражаттар мамлекеттик чек арага келгенде жүргүзүлүүчү мамлекеттик контролдоонун түрлөрү жана мамлекеттик контролдоочу органдардын тизмеси жөнүндө кабарлоо | Автоматтык режимде | Кечиктирбестен |
11 | Ушул Тартиптин 2-5-тиркемелеринин форматында маалыматтарды түзүү | Автоматтык режимде | Кечиктирбестен |
12 | Ушул Тартиптин 2-5-тиркемелеринин форматында маалыматтарды ыйгарым укуктуу органга (органдарга) жөнөтүү | Автоматтык режимде | Кечиктирбестен |
13 | Ушул Тартиптин 2-5-тиркемелеринин форматындагы маалыматтарды алуу | Автоматтык режимде | Кечиктирбестен |
14 | Ушул Тартиптин 2-5-тиркемелеринин форматындагы маалыматтарды карап чыгуу | Мамлекеттик контролдоочу органдардын кызмат адамдары | Маалыматты алгандан кийин 15 мүнөттүн ичинде |
15 | Тыюу салуу себебин көрсөтүү менен Евразия экономикалык бирлигинин аймагына кирүүгө тыюу салуу, уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алуу | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдары | Маалыматты алгандан кийин 15 мүнөттүн ичинде |
16 | Мамлекеттик контролдоочу органдардын кызмат адамдары тарабынан андан ары контролду жүргүзүү үчүн Евразия экономикалык бирлигинин аймагына (өткөрүү пунктуна) кирүүгө шарттуу уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алуу | Автоматтык режимде | Маалыматты алгандан кийин 15 мүнөттүн ичинде |
17 | Бажы органынын маалыматтык системасына Евразия экономикалык бирлигинин аймагына кирүүгө уруксат берүү/тыюу салуу жөнүндө маалымат жөнөтүү | Автоматтык режимде | Кечиктирбестен |
18 | Жыйынтыктарды маалыматтык системага киргизүү | Автоматтык режимде | Кечиктирбестен |
19 | Алдын ала маалымат жөнөтүүчүгө мамлекеттик контролдоочу органдын маалыматты карап чыгуусунун жыйынтыктары жөнүндө кабарлоо | Автоматтык режимде | Кечиктирбестен |