Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-сентябры № 455
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы № 108 "Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы № 108 "Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтомуна ушул токтомдун тиркемесине ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 17-сентябрында № 78 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы № 108 "Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтомуна ӨЗГӨРТҮҮЛӨР
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоонун критерийлеринде:
15-главасында:
- 57-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"57. Камсыздандыруу уюмдарынын, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун, кызыктыруучу жана кесипкөй лотереяларды уюштуруучулардын жана ломбард ишинин, ишкердик иштеринде тобокелдик даражасын баалоо критерийлери:
№ | Критерийлердин аталышы | Тобокелдик даражасы | Балл |
1 | 1) Өзгөчө кооптуу объекттерди камсыздандыруу | Камсыздандыруучунун штаты 20дан ашуун адамдан турса | 40 |
Камсыздандыруучунун штаты 20дан аз адамдан турса | 20 | ||
Өзгөчө кооптуу объекттерди камсыздандыруу келишими жок болсо | 10 | ||
2) Милдеттүү, ыктыярдуу камсыздандыруунун түрлөрү жана кайра камсыздандыруу | Милдеттүү камсыздандыруунун түрлөрү | 40 | |
Ыктыярдуу камсыздандыруунун түрлөрү | 20 | ||
Кайра камсыздандыруу | 40 | ||
3) Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо | Ички контролдоо эрежеси жок | 10 | |
Атайын кызмат адамын дайындоо (аныктоо) жөнүндө буйрук жок | 10 | ||
Кардарларды идентификациялоо жана верификациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткарбоо | 10 | ||
Милдеттүү контролдонуучу акча каражаттары же мүлк менен жасалган операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүнү бербей коюу же болбосо операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүнү калпыс же өз учурунда бербөө | 10 | ||
Кардарды, бенефициардык менчик ээсин идентификациялоодо же акча каражаттары же мүлк менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүдө террористтик жана экстремисттик иштерге, же жапырт кыргын салуучу куралды таркатууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын тизмесин маалымат берүүчү адамдын же акча каражаттары же мүлк менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүчү башка адамдын пайдаланбоосу | 20 | ||
Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча тиешелүү кадрларды даярдоонун жана кайра даярдоонун тартибин маалымат берүүчү адамдын сактабоосу | 10 | ||
4) Географиялык облустар менен байланышкан тобокелдиктер | Бишкек шаары; Чүй облусу | 30 | |
Ош шаары; Ош облусу; Жалал-Абад облусу; Ысык-Көл облусу | 25 | ||
Баткен облусу; Талас облусу; Нарын облусу | 20 | ||
2 | 1) Мамлекеттик эмес пенсиялык фонддогу аманатчылардын саны | 50 адамдан ашуун | 40 |
50 адамдан аз | 20 | ||
2) Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо | Ички контролдоо эрежеси жок | 10 | |
Атайын кызмат адамын дайындоо (аныктоо) жөнүндө буйрук жок | 10 | ||
Кардарларды идентификациялоо жана верификациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткарбоо | 10 | ||
Милдеттүү контролдонуучу акча каражаттары же мүлк менен жасалган операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүнү бербей коюу же болбосо операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүнү калпыс же өз учурунда бербөө | 10 | ||
Кардарды, бенефициардык менчик ээсин идентификациялоо же акча каражаттары же мүлк менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүдө террористтик жана экстремисттик иштерге, же жапырт кыргын салуучу куралды таркатууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын тизмесин маалымат берүүчү адамдын же акча каражаттары же мүлк менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүчү башка адамдын пайдаланбоосу | 20 | ||
Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча тиешелүү кадрларды даярдоонун жана кайра даярдоонун тартибин маалымат берүүчү адамдын сактабоосу | 10 | ||
3) Географиялык облустар менен байланышкан тобокелдиктер | Бишкек шаары; Чүй облусу | 30 | |
Ош шаары; Ош облусу; Жалал-Абад облусу; Ысык-Көл облусу | 25 | ||
Баткен облусу; Талас облусу; Нарын облусу | 20 | ||
3 | 1) Лотерея иши үчүн байге фондусунун көлөмү | 100 миң сомдон жогору | 40 |
50 миң сомдон аз | 20 | ||

4 | 1) Ломбарддагы зайымчылардын саны | 50дөн ашуун адам | 40 |
50дөн аз адам | 20 | ||

Баткен облусу; Талас облусу; Нарын облусу | 20 |
";
- төмөнкүдөй мазмундагы 57-1-пункт менен толукталсын:
"57-1. Тобокелдик факторлорунун даражасына туура келген баллды кошуу жолу менен текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча тобокелдик даражасы аныкталат. Баллдын санына жараша текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгү аныкталат.
Календарлык жылда экиден ашуун даттануу болсо, даттанууларда аталган бузуу фактылары ырасталган шартта, субъект тобокелдиктин кыйла жогорку даражасына жылдырылат.
Эгерде текшерүүлөрдүн жыйынтыгында аныкталган бузуулар четтетилбесе, субъект тобокелдиктин кыйла жогорку даражасына жылдырылат.";
- 59-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"59. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын ишкердигинин тобокелдик даражаларын баалоо критерийлери:
№ | Критерийлердин аталышы | Тобокелдик даражасы | Балл |
1 | Лицензиянын саны | 3 жана андан ашуун | 20 |
2 жана андан ашуун | 14 | ||
1 | 8 | ||
2 | Баалуу кагаздар рыногунда маалыматтарды ачып берүүнүн тартибин бузуу | Календарлык жылда отчетту 2 жана андан ашуун өз учурунда бербей коюу, же болбосо жалган жана толук эмес маалыматтарды камтыган отчетту берүү, баалуу кагаздар рыногунда маалыматтарды ачып берүү боюнча мыйзамдын талаптарын бузуу | 20 |
Календарлык жылда отчетту 1 жолу өз учурунда бербей коюу, же болбосо жалган жана толук эмес маалыматтарды камтыган отчетту берүү, баалуу кагаздар рыногунда маалыматтарды ачып берүү боюнча мыйзамдын талаптарын бузуу | 14 | ||
Отчетторду берүүнүн жана баалуу кагаздар рыногунда маалыматтарды ачып берүүнүн тартиби менен мөөнөтүнө карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы | 8 | ||
3 | Мурдагы текшерүүнүн жыйынтыктары | Олуттуу бузуулар табылган: - текшерүүлөрдүн материалдары укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген же болбосо бети ачылган бузуулар боюнча соттук териштирүүлөр жүрүп жатат; - баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талаптарын аткарбоо; - мурунку текшерүүнүн натыйжасы боюнча административдик таасир берүү чаралары колдонулган; - баалуу кагаздарга баалар менен манипуляциялоо; - мыйзамдарды бузуу менен кардарлардын каражаттарын жана активдерин пайдалануу; - капиталдын жетиштүүлүгү боюнча талаптарды сактабоо | 20 |
Олуттуу эмес бузуулар табылган: - текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча табылган бузууларды четтетүү же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербөө жөнүндө эскертүү же жазма буйрук жөнөтүлгөн; - бузуулар табылган, бирок ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген мөөнөттүн ичинде четтетилген | 14 | ||
Бузуулар табылган эмес | 8 | ||
4 | Календарлык жылда баалуу кагаздар рыногунда кызмат көрсөтүүгө кардарлар менен түзүлгөн келишимдердин саны | 50 жана андан ашуун | 20 |
20дан 50гө чейин | 14 | ||
20дан аз | 8 | ||
5 | Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактабагандыгына адамдардын негиздүү даттануулары | Календарлык жылда 2ден ашуун кайрылуу | 20 |
Календарлык жылда 1 кайрылуу | 14 | ||
Кайрылган эмес | 8 | ||
6 | Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо | Ички контролдоо эрежеси жок | 10 |
Атайын кызмат адамын дайындоо (аныктоо) жөнүндө буйрук жок | 10 | ||
Кардарларды идентификациялоо жана верификациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткарбоо | 10 | ||
Милдеттүү контролдонуучу акча каражаттары же мүлк менен жасалган операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүнү бербей коюу же болбосо операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүнү калпыс же өз учурунда бербөө | 10 | ||
Кардарды, бенефициардык менчик ээсин идентификациялоо же акча каражаттары же мүлк менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүдө террористтик жана экстремисттик иштерге, же жапырт кыргын салуучу куралды таркатууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын тизмесин маалымат берүүчү адамдын же акча каражаттары же мүлк менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүчү башка адамдын пайдаланбоосу | 20 | ||
Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча тиешелүү кадрларды даярдоонун жана кайра даярдоонун тартибин маалымат берүүчү адамдын сактабоосу | 10 | ||
7 | Географиялык облустар менен байланышкан тобокелдиктер | Бишкек шаары; Чүй облусу | 30 |
Ош шаары; Ош облусу; Жалал-Абад облусу; Ысык-Көл облусу | 25 | ||
Баткен облусу; Талас облусу; Нарын облусу | 20 |
";
- төмөнкүдөй мазмундагы 59-1-пункт менен толукталсын:
"59-1. Тобокелдик факторлорунун даражасына туура келген баллды кошуу жолу менен текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча тобокелдик даражасы аныкталат. Баллдын санына жараша текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгү аныкталат.
Календарлык жылда экиден ашуун даттануу болсо, даттанууларда аталган бузуу фактылары ырасталган шартта, субъект тобокелдиктин кыйла жогорку даражасына жылдырылат.
Эгерде текшерүүлөрдүн жыйынтыгында аныкталган бузуулар четтетилбесе, субъект тобокелдиктин кыйла жогорку даражасына жылдырылат.".