Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-сентябры № 458
Кыргыз Республикасынын облустарындагы, шаарларындагы жана райондорундагы калктын саламаттыгын сактоо маселелери боюнча координациялык комиссиялар жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын жарандарынын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 “2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө» Жарлыгын аткаруу багытында, өзүнө тиешелүү арда калктын саламаттыгын сактоо жана саламаттык сактоо жана саламаттык сактоо системасын өнуктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, шаарлардын мэрияларынын биргелешкен аракеттерин координациялоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын облустарындагы, шаарларындагы жана райондорундагы калктын саламаттыгын сактоо маселелери боюнча координациялык комиссия жөнүндө типтүү жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча):
- Кыргыз Республикасынын облустарындагы, шаарларындагы жана райондорундагы калктын саламаттыгын сактоо маселелери боюнча координациялык комиссиянын ишин регламенттөөчү өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришеин;
- жарым жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын облустарындагы, райондорундагы жана шаарларындагы калктын сактоо маселелери боюнча координациялык комиссиянын жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 600 токтому менен бекитилген «Ден соолугу чың адам-өнүккөн өлкө» 2019-2030-жылдарга калктын ден соолугун сактоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын жүзөгө ашыруу маселелерин карашсын.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги алты айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын облустарындагы, шаарларындагы жана райондорундагы калктын саламаттыгын сактоо маселелери боюнча координациялык комиссиялардын иштешин караштырган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 21-июлундагы № 447 «Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарларында жана облустарда саламаттык сактоо системасын башкаруу тартиби жөнүндө» токтому;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы № 558 «Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу» токтому.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | М.Д. Абылгазиев |
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын облустарындагы, шаарларындагы жана райондорундагы калктын саламаттыгын сактоо маселелери боюнча координациялык комиссия жөнүндө типтүү жобо
Кыргыз Республикасынын облустарындагы, шаарларындагы жана райондорундагы калктын саламаттыгын сактоо маселелери боюнча координациялык комиссия (мындан ары - Комиссия) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана шаардын мэриясы тарабынан түзүлөт, ал тийиштүү аймактагы саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү жана калктын саламаттыгын сактоо маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, саламаттык сактоо уюмдарынын ишин координациялоочу орган катары түзүлөт.
I. Жалпы жоболор
1. Комиссия өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрацияга, шаардын мэриясына отчет берет.
2. Комиссия өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларына, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйруктарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын, шаардын мэриясынын чечимдерине, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырат.
3. Комиссиянын чечимдери тийиштүү аймактагы саламаттык сактоо уюмдары тарабынан сөзсүз аткарылууга тийиш.
II. Комиссиянын максаттары жана милдеттери
4. Комиссиянын негизги максаты Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, шаардын мэриясынын тийиштүү аймактагы саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү жана калктын саламаттыгын сактоо маселелери боюнча биргелешкен иш-аракеттерин координациялоо болуп саналат.
5. Комиссиянын негизги милдеттери:
- тийиштүү аймактагы саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү жана калктын саламаттыгын сактоо маселелерине тиешелүү улуттук, мамлекеттик, тармактык программалардын аткарылышы боюнча секторлор аралык жана региондор аралык аракеттенүүнү камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштарына ылайык саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүнүн жана калктын саламаттыгын сактоонун улуттук, мамлекеттик, тармактык программаларынын аткарылышы боюнча тийиштүү аймактагы мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана саламаттык сактоо уюмдарынын ишине мониторинг өткөрүү жана баалоо;
- калктын ден соолугунун абалына, тиешелүү аймактагы калктын жугуштуу жана жугуштуу эмес ооруларына карата эпидемиологиялык көзөмөлдүн мониторингин жүргүзүү.
III. Комиссиянын функциялары жана укуктары
6. Комиссия өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык:
- ар жарым жыл сайын тиешелүү аймактагы саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү жана калктын саламаттыгын сактоо боюнча улуттук, мамлекеттик, тармактык программалардын аткарылышына байланыштуу актуалдуу маселелерди карайт;
- жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, шаардын мэриясынын саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү жана калктын саламаттыгын сактоо боюнча улуттук, мамлекеттик, тармактык программалардын аткарылышы жөнүндө тиешелүү топтолгон маалыматтардын негизинде алардын жүзөгө ашырылышын талдоого алат жана баалайт, сунуш берет жана кийин аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын, шаардын мэриясынын коллегиясынын жыйынына киргизет;
- материалдык жана финансылык ресурстарды максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу маселелерин, ошондой эле саламаттык сактоо секторун каржылоого каражаттарды өз учурунда жана толугу менен которулушун карайт.
7. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзүнүн чечимдерин тиешелүү аймактагы саламаттык сактоо уюмдарынан аткарууну талап кылууга;
- калктын саламаттыгын сактоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү маселелери боюнча кызмат адамдарынан, кызыкдар башка адамдардын тиешелүү маалыматын угууга;
- тиешелүү аймактарда калктын саламаттыгын сактоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү боюнча улуттук, мамлекеттик, тармактык программаларды, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйруктарын жана коллегиясынын чечимдерин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтунүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын, шаардын мэриясынын калктын саламаттыгын сактоо маселелери боюнча чечимдерин аткаруунун актуалдуу маселелерин изилдөө боюнча комиссияларды түзүүгө;
- белгиленген тартипте комиссиянын ишине саламаттык сактоонун аймактык уюмдарынын адистерин жана көз карандысыз эксперттерди тартууга;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине, аткаруу бийлигинин борбордук органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, шаардын мэриясынын калктын саламаттыгын сактоо жана саламаттык сактоо системасын енүктүрүү маселелери боюнча улуттук, мамлекеттик, тармактык программаларын аткарбай койгондугу же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн ведомстволук уюмдардын, саламаттык сактоо уюмдарынын кызмат адамдарына карата тартипке чакыруу чараларын колдонуу жөнүндө сунушту киргизүүгө;
- калктын саламаттыгын сактоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү боюнча улуттук, мамлекеттик, тармактык программаларды аткарууга байланыштуу актуалдуу маселелер боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасьнын Өкмөтүнө караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңештин жыйынынын күн тартибине киргизүү боюнча сунушту Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине киргизүүгө.
IV. Комиссиянын ишин уюштуруу
8. Комиссиянын иши коомдук башталышта жүргүзүлөт.
9. Комиссиянын жеке курамы жана саны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысынын, шаардын мэринин чечимдери менен бекитилет.
10. Комиссиянын курамына төмөнкүлөрдүн өкүлдөрү кирет:
- медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык башкармалыгынын;
- саламаттык сактоо уюмдарынын;
- социалдык коргоо органдарынын;
- билим берүү органдарынын;
- коомдук уюмдардын;
- иши калктын саламаттыгын сактоо маселелерине тиешелүү мамлекеттик органдардын башка аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн.
Ошондой эле Комиссиянын курамына облустун деңгээлинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкулүнүн аппаратынын кызматкерлери, шаардын деңгээлинде - мэриянын жооптуу кызматкерлери жана жергиликтүү кеңештердин өкүлдөрү (макулдашуу боюнча), райондун деңгээлинде -жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жооптуу кызматкерлери кирет.
11. Комиссиянын төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлү, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы, мэр же алардын социалдык маселелери боюнча орун басарлары саналат.
12. Комиссиянын төрагасы:
- облустун деңгээлинде эки орун басары болот, алардын бири -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун аймактык башкармалыгынын директору, экинчиси - саламаттык сактоо боюнча координатор - аймактык саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси;
- райондун жана шаардын деңгээлинде бир орун басары болот — аймактык саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси;
13. Комиссиянын катчысы болуп жарандардын саламаттыгын сактоо маселелерин тейлөөчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, шаардын мэриясынын кызмат адамы саналат.
14. Комиссиянын жыйыны зарылчылыгына жараша, бирок кварталда бирден кем эмес жолу өткөрүлөт. Жыйынды Комиссиянын төрагасы алып барат.
15. Комиссиянын мүчөлөрүнүн сунушу боюнча ар жылдын 15-январына чейин Комиссиянын учурдагы жылга иш планы түзүлөт жана төрага тарабынан бекитилет.
16. Комиссиянын кезектеги жыйынына материалдарды чогултуу, чечимдердин долбоорлорун даярдоо Комиссиянын катчысы тарабынан жүзөгө ашырылат. Комиссиянын кезектеги жыйынынын күн тартибин жана чечимдеринин долбоорлорун катчы Комиссиянын мүчөлөрүнө жыйын өтүүчү күнгө чейин бир жума мурун жөнөтөт.
17. Мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери Комиссиянын кезектеги жыйынынын датасынан эки жума мурун Комиссиянын катчысына бекитилген күн тартибине ылайык тиешелүү маалыматты киргизишет.
18. Комиссиянын жыйыны Комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымы катышкан шартта ыйгарым укуктуу болуп саналат.
19. Комиссиянын чечими кворум болгон учурда ачык добуш берүү менен кабыл алынат. Комиссиянын чечими, эгерде ал үчүн Комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берген учурда кабыл алынат. Комиссиянын ар бир мүчөсү бир добушка ээ.
Добуштар тең чыгып калган учурда төраганын добушу чечүүчү болуп саналат.
20. Комиссиянын чечими протокол менен таризделет жана төрага тарабынан кол коюлат.
V.Комиссияны жоюу
21. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн,жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаардын мэрлеринин чечими менен Комиссия өзүнүн ишин токтотот.