Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-декабры № 677
"2019-жылдын 1-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ("Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо" долбоору) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ("Үч-Коргон ГЭСин модернизациялао" долбоору) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2019-жылдын 1-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ("Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо" долбоору) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ("Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо" долбоору) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2019-жылдын 1-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууга ("Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо" долбоору) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууга ("Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо" долбоору) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
Караңыз:
КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 6-февралындагы N 3532-VI "2019-жылдын 1-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ("Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо" долбоору) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ("Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо" долбоору) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому;
КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 20-февралындагы N 3559-VI "2019-жылдын 1-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ("Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо" долбоору) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ("Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо" долбоору) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу" токтому;
КР 2020-жылдын 13-мартындагы N 25 "2019-жылдын 1-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ("Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо" долбоору) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ("Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо" долбоору) ратификациялоо жөнүндө" Мыйзамы
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 1-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ("Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо" долбоору) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ("Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо" долбоору) ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2019-жылдын 1-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуу ("Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо" долбоору) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуу ("Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо" долбоору) ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Азия өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 12-декабрындагы № 677 токтому менен жактырылган |
2019-жылдын 1-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууга ("Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо" долбоору) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууга ("Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо" долбоору) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
2019-жылдын 1-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы (Кредиттик жана Гранттык) макулдашуулар ("Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо" долбоору) жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 11, 12, жана 14-пункттарына ылайык жогоруда аталган макулдашуулар милдеттүү ратификацияланууга тийиш. Ушуга байланыштуу Кредиттик жана Гранттык макулдашуулардын долбоорлору кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери (Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет - 2019-жылдын 8-октябрындагы чечим, Бюджет жана финансы боюнча комитет - 2019-жылдын 21-октябрындагы чечим, Эл аралык иштер боюнча комитет - 2019-жылдын 22-октябрындагы чечим) менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-октябрындагы № 408-б буйругу менен жактырылган.
Жакынкы 35-40 жылдары электр энергиясын 216 МВтга чейинки көлөмдө туруктуу өндүрүүнү камсыздоо үчүн Үч-Коргон ГЭСин толук реабилитациялоо жолу менен өлкөнүн энергетикалык коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу максатында макулдашууларга 2019-жылдын 1-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган.
Жогоруда аталган макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында Азия өнүктүрүү банкы Кыргыз Республикасына 100 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү кредиттик жана гранттык каражаттарды, анын ичинен 40 млн. АКШ доллары - грант түрүндө жана 60 млн. АКШ доллары - жеңилдетилген кредит түрүндө, жеңилдетилген мезгил ичинде 1% пайыздык ставка жана жеңилдетилген мезгилден кийин 1,5% пайыздык ставка менен бөлүп берет. Кредит жеңилдетилген мезгил - 8 жылды кошуп алганда 32 жылдык мөөнөткө берилет. Кредит жарым жылда бир жолу, ар жылдын 15-апрелинде жана 15-октябрында тең төлөм менен төлөнөт.
Бул каражаттар белгиленген тартипте кайрадан "Электр станциялар" ачык акционердик коомуна кредитке бериле тургандыгына байланыштуу макулдашууларды ишке ашыруу мамлекеттик бюджетке кошумча оорчулук келтирбейт.
Мында акча каражаттары кубаттуулукту көбөйтүүнүн жана электр энергиясын кошумча иштеп чыгаруунун эсебинен кайтарылат деп болжолдонууда.
Макулдашуулардан келип чыгуучу иш-чаралар "Электр станциялар" ачык акционердик коому тарабынан ишке ашырылат.
Жогоруда белгиленген макулдашууларды ратификациялоо социалдык, финансы-экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс кесепеттерди алып келбейт.