Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-февралы № 62
"Бишкек шаарында 2016-жылдын 2-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Атайын операциялар) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3-коридорлору) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Бишкек шаарында 2016-жылдын 2-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Атайын операциялар) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3-коридорлору) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Бишкек шаарында 2016-жылдын 2-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Атайын операциялар) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3-коридорлору) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр |
| С.Ш.Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаарында 2016-жылдын 2-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Атайын операциялар) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3-коридорлору) ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Бишкек шаарында 2016-жылдын 2-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу (Атайын операциялар) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3-коридорлору) ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Азия өнүктүрүү банкына билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 62 токтому менен жактырылган |
Бишкек шаарында 2016-жылдын 2-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Атайын операциялар) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3-коридорлору) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу (Атайын операциялар) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3-коридорлору) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
Макулдашуунун максаты транзиттик ташуулар үчүн шарттарды жакшыртуу болуп эсептелет.
Сунушталган Мыйзам долбоору инфраструктураны өнүктүрүү үчүн инвестицияларды тартуу, өлкөнүн аймактарынын ортосундагы үзгүлтүксүз транспорттук байланышты, ошондой эле калктын кызмат көрсөтүү жана жумуш рыногунан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максаттарына шайкеш келет.
Макулдашуунун милдети болуп автожолдун курулушун бүтүрүү эсептелет.
Бул региондук коридорлор өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштыруучу ички жана эл аралык жолдор үчүн негизги автомагистралды түздү. Ошондой болсо да, өлкөбүздө жогоруда айтылган эки коридорду бириктирүүчү чыгыштан батышты карай жүрө турган жол жок. Сунушталган долбоор Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Талас облустарын Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустары менен байланыштырууга мүмкүндүк берет.
Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында аталган бириктирүүчү жолдун Эпкин айылынан Башкуганды айылына чейинки узундугу 70 километрди түзгөн (89-159 км) жолду реабилитациялоо жүзөгө ашырылат.
Макулдашуунун долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитеттери: Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети; Бюджет жана финансы боюнча комитети; Эл аралык иштер боюнча комитети менен макулдашылып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 490-б буйругу менен жактырылган жана Кыргыз Республикасынын Финансы министри Бишкек шаарында 2016-жылдын 2-декабрында кол койгон.
Макулдашууда 95,11 млн. АКШ доллары суммасындагы каржылоо каралган, анын ичинен кредиттик каражаттар 41,9 млн. АКУ (58,39 млн. АКШ доллар) жана гранттык каражаттар 36,72 млн. АКШ долларынын өлчөмүндө. Кредиттик каражаттардын мөөнөтү 1,5% жылдык пайыздык ставка менен 32 жылга берилет. Жеңилдетилген мезгилдин мөөнөтү 8 жылды түзөт, 1,0% жылдык пайыздык ставка менен. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кошумча каржылоосу 19,24 млн. АКШ долларын түзөт. Курулуш иштерине, товарларга жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө байланышкан салыктарды жана алымдарды жабуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү республикалык бюджеттен 19,24 млн. АКШ доллары суммасындагы кошумча каржылоону камсыздайт.
Финансылык шарттарга негизденип чыгарылган эсептөөлөргө ылайык грант-элементтин учурдагы мааниси 48,5% жогору, бул көрсөткүч 35% түзгөн жаңы тышкы карыз алуулар үчүн жеңилдиктин минималдуу уруксат берилген деңгээлине шайкеш келет. Кредитти пайдалануу мезгилинде төлөмдөр Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине оорчулук келтирбейт.
Макулдашууну ратификациялоо финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерди алып келбейт жана мамлекеттик бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт.