Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-майы № 263
"Бишкек шаарында 2017-жылдын 28-февралында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Камбарата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга берүү" долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Бишкек шаарында 2017-жылдын 28-февралында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Камбарата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга берүү" долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Бишкек шаарында 2017-жылдын 28-февралында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Камбарата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга берүү" долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр |
| С.Ш.Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаарында 2017-жылдын 28-февралында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Камбарата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга берүү" долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Бишкек шаарында 2017-жылдын 28-февралында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Камбарата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга берүү" долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Евразия өнүктүрүү банкына кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-майындагы № 263 токтому менен жактырылган |
Бишкек шаарында 2017-жылдын 28-февралында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Камбарата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга берүү" долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Бишкек шаарында 2017-жылдын 28-февралында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Камбарата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга берүү" долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашуу жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бул Макулдашуунун долбоору ага кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери (Бюджет жана финансы боюнча комитети, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети, Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети) менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 53-б буйругу менен жактырылган.
Жогоруда аталган Макулдашууга 120 МВт кубаттуулук менен Камбарата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга берүү аркылуу генерациялоочу күбаттуулуктарды көбөйтүү үчүн инвестициялык кредит берүү максатында кол коюлду.
Жогоруда аталган Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында Евразия өнүктүрүү банкы төмөнкү шарттарда финансы каражаттарын бөлүп берет: кредиттин суммасы - 110 млн. АКШ доллары, төлөө мезгили - 20 жыл, жеңилдетилген мезгил - 5 жыл, пайыздык ставка - 1%.
Кредиттик каражаттар белгиленген тартипте "Электр станциялар" ачык акционердик коомуна белгиленген тартипте рекредиттеле тургандыгына байланыштуу, аталган Макулдашууну ишке ашыруу мамлекеттик бюджетке кошумча күч келтирбейт. Мында акча каражаттарын кайтарууну Камбарата ГЭС-2де кубаттуулукту көбөйтүүнүн жана электр энергиясын кошумча иштеп чыгуунун эсебинен ишке ашыруу болжолдонууда.
Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында Камбарата ГЭС-2нин кубаттуулугун 240 МВт чейин көбөйтүү күтүлүүдө, бул кыш мезгилинде Токтогул суу сактагычындагы сууну коё берүүнү 1,4 млрд. куб. м3 азайтууга жана иштелип чыгуучу энергиянын көлөмүн 1,019 млрд. кВтс чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет, алардын ичинен жаз-жай мезгилинде - 0,864 млрд. кВтс чейин, күз-кыш мезгилинде - 0,155 млрд. кВтс чейин.
Бул Макулдашуу кошумча экспертизаларды жүргүзүүнү талап кылбайт, ошондой эле республикалык бюджеттен каржылоону талап кылбайт.
Макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык, финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.