Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-майы № 254
"Бишкек шаарында 2016-жылдын 5-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ("Ошэлектр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору) жана Кыргыз Республикасынын, "Ошэлектр" ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Европа Бирлигинин Борбордук Азия үчүн инвестициялык механизми линиясы боюнча (ИФКА) "Ошэлектр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоорунун максаттары үчүн Европа комиссиясынын инвестициялык гранты боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Бишкек шаарында 2016-жылдын 5-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ("Ошэлектр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору) жана Кыргыз Республикасынын, "Ошэлектр" ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Европа Бирлигинин Борбордук Азия үчүн инвестициялык механизми линиясы боюнча (ИФКА) "Ошэлектр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоорунун максаттары үчүн Европа комиссиясынын инвестициялык гранты боюнча Гранттык макулдашуу ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Бишкек шаарында 2016-жылдын 5-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууга ("Ошэлектр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору) жана Кыргыз Республикасынын "Ошэлектр" ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Европа Бирлигинин Борбордук Азия үчүн инвестициялык механизми линиясы боюнча (ИФКА) "Ошэлектр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоорунун максаттары үчүн Европа комиссиясынын инвестициялык гранты боюнчаГранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр |
| С.Ш.Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаарында 2016-жылдын 5-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ("Ошэлектр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору) жана Кыргыз Республикасынын, "Ошэлектр" ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Европа Бирлигинин Борбордук Азия үчүн инвестициялык механизми линиясы боюнча (ИФКА) "Ошэлектр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоорунун максаттары үчүн Европа комиссиясынын инвестициялык гранты боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
Бишкек шаарында 2016-жылдын 5-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуу ("Ошэлектр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору) жана Кыргыз Республикасынын, "Ошэлектр" ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Европа Бирлигинин Борбордук Азия үчүн инвестициялык механизми линиясы боюнча (ИФКА) "Ошэлектр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоорунун максаттары үчүн Европа комиссиясынын инвестициялык гранты боюнча Гранттык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 254 токтому менен жактырылган |
Бишкек шаарында 2016-жылдын 5-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууга ("Ошэлектр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору) жана Кыргыз Республикасынын, "Ошэлектр" ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Европа Бирлигинин Борбордук Азия үчүн инвестициялык механизми линиясы боюнча (ИФКА) "Ошэлектр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоорунун максаттары үчүн Европа комиссиясынан инвестициялык грант боюнча Гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Бишкек шаарында 2016-жылдын 5-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуу ("Ошэлектр") ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору) жана Кыргыз Республикасынын, "Ошэлектр" ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Европа Бирлигинин Борбордук Азия үчүн инвестициялык механизми линиясы боюнча (ИФКА) "Ошэлектр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоорунун максаттары үчүн Европа комиссиясынын инвестициялык гранты боюнча Гранттык макулдашуу жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кредиттик жана Гранттык макулдашуулардын долбоорлору аларга кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Бюджет жана финансы боюнча комитети, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети, Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-октябрындагы № 415-б буйругу менен жактырылган.
Макулдашууларга бөлүштүрүү тармактарын модернизациялоо жана чыңдоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө. электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган системасынын (ЭКЭАС) заманбап эсепке алуу приборун сатып алууга жана орнотууга, ошондой эле Ош шаарын жана Ош облусун электр энергиясы менен камсыздоо системасынын линияларынын жана трансформаторлорунун кубаттуулугун күчөтүү боюнча башка иш-чараларга инвестицияларды тартуу максаттарында кол коюлган.
Жогоруда аталган макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Кыргыз Республикасына 3 жылдык жеңилдетилген мезгилди кошкондо 15 жылдык мөөнөткө, 6 ай 1%+EURIBOR пайыздык ставка менен 4 млн. евро өлчөмүндөгү кредиттик каражатты, ошондой эле 1 млн. евро өлчөмүндөгү гранттык каражатты (Европа Бирлигинин Борбордук Азия үчүн инвестициялык фондунун (ИФКА) каражаттарынан) бөлүп берет. Кредиттик каражаттар Кредиттик макулдашуунун шарттарына ылайык төлөнөт. Алдын ала эсептөөлөр боюнча комбинацияланган грант-элемент (кредиттин суммасы+гранттын суммасы) 41,9%ды түзөт. Мындан сырткары долбоордун алкагында Кыргыз Республикасына долбоорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүү түрүндө (сатып алууларга, корпоративдик өнүктүрүү программасын киргизүүгө) 0,850 млн. евро суммасында техникалык жардам көрсөтүлөт.
Бул каражаттар "Ошэлектр" ачык акционердик коомуна белгиленген тартипте рекредиттеле тургандыгына байланыштуу, аталган макулдашууларды ишке ашыруу мамлекеттик бюджетке кошумча күч келтирбейт. Бул макулдашууларды ишке ашыруу электр энергиясына болгон колдонуудагы тарифтердин өзгөрүшүнө алып келбейт жана акыркы керектөөчүлөргө таасирин тийгизбейт. Алынган каражаттарды кайтаруу ЭКЭАС системасын ишке киргизүү аркылуу электр энергиясынын жоготууларын кыскартуунун эсебинен "Ошэлектр" ачык акционердик коому тарабынан ишке ашырылат.
Бул макулдашууларды ишке ашыруу кандайдыр бир социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.