Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-майы № 309
"Бишкек шаарында 2016-жылдын 16-ноябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кызыл-Кыя шаарындагы суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Бишкек шаарында 2016-жылдын 16-ноябрында кол коюлган, "Кызыл-Кыя шаарындагы суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча берилүүчү Европа бирлигинин инвестициялык грантына тийиштүү Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Бишкек шаарында 2016-жылдын 16-ноябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кызыл-Кыя шаарындагы суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Бишкек шаарында 2016-жылдын 16-ноябрында кол коюлган, "Кызыл-Кыя шаарындагы суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча берилүүчү Европа бирлигинин инвестициялык грантына тийиштүү Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Бишкек шаарында 2016-жылдын 16-ноябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кызыл-Кыя шаарындагы суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашууга жана Бишкек шаарында 2016-жылдын 16-ноябрында кол коюлган, "Кызыл-Кыя шаарындагы суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча берилүүчү Европа бирлигинин инвестициялык грантына тийиштүү Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттые макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору жана Кызыл-Кыя шаарынын мэри (макулдашуу боюнча) аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр |
| С.Ш.Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаарында 2016-жылдын 16-ноябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кызыл-Кыя шаарындагы суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Бишкек шаарында 2016-жылдын 16-ноябрында кол коюлган, "Кызыл-Кыя шаарындагы суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча берилүүчү Европа бирлигинин инвестициялык грантына тийиштүү Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
Бишкек шаарында 2016-жылдын 16-ноябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кызыл-Кыя шаарындагы суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашуу жана Бишкек шаарында 2016-жылдын 16-ноябрында кол коюлган, "Кызыл-Кыя шаарындагы суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча берилүүчү Европа бирлигинин инвестициялык грантына тийиштүү Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-майындагы № 309 токтому менен жактырылган |
Бишкек шаарында 2016-жылдын 16-ноябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кызыл-Кыя шаарындагы суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашууга жана Бишкек шаарында 2016-жылдын 16-ноябрында кол коюлган, "Кызыл-Кыя шаарындагы суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча берилүүчү Европа бирлигинин инвестициялык грантына тийиштүү Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Бишкек шаарында 2016-жылдын 16-ноябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кызыл-Кыя шаарындагы суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашуу жана Бишкек шаарында 2016-жылдын 16-ноябрында кол коюлган, "Кызыл-Кыя шаарындагы суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча берилүүчү Европа бирлигинин инвестициялык грантына тийиштүү Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине жалпысынан шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жогоруда аталган макулдашуулардын долбоорлоруна кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитет, Бюджет жана финансы боюнча комитет менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 484-б буйругу
менен жактырылган.
Бул макулдашууларга Бишкек шаарында 2016-жылдын 16-ноябрында Кыргыз Республикасынын Финансы министри кол койгон.
"Кызыл-Кыя шаарындагы суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоо" долбоорун ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттар Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Европа инвестициялык банкы жана Европа бирлигинин Борбордук Азия үчүн Инвестициялык фондунун (IFCA) каражаттарынан Европа бирлиги тарабынан берилүүдө.
Долбоордун наркы 7,0 млн. еврону түзөт, анын ичинде:
1. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын каржылоосу - 1,5 млн. евро (кредит).
2. Европа инвестициялык банкынын каржылоосу - 1,0 млн. евро (кредит).
3. Европа бирлигинин Борбордук Азия үчүн Инвестициялык фондунун (IFCA) каражаттарынан Европа бирлигинин каржылоосу - 3,5 млн. евро (грант).
4. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын каржылоосу - 1,0 млн. евро (грант).
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын кредит берүү боюнча финансылык шарттары 15 жылга эсептелген, анын ичинде 3 жыл - жеңилдетилген мезгил, пайыздык ставка Euribor + 1,0% (өзгөрүлмө ставканы эсепке алуу менен).
Европа инвестициялык банкынын кредит берүү боюнча финансылык шарттары 25 жылга эсептелген, анын ичинде 8 жыл - жеңилдетилген мезгил:
- доллар менен белгиленген ставка боюнча - Еврибор + 2,95%;
- доллар менен өзгөрүлмө ставка боюнча - Еврибор + ЕИБ маржасы (Европа инвестициялык банкынын бүгүнкү күндөгү маржасы 0,7% түзөт);
- евро менен белгиленген ставка боюнча - Еврибор + 1,49%;
- евро менен өзгөрүлмө ставка боюнча - Еврибор + ЕИБ маржасы (ЕИБдин бүгүнкү күндөгү маржасы 0,5% түзөт).
Долбоордун максаты Кызыл-Кыя шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоого жана кеңейтүүгө төмөнкүлөр аркылуу жардам көрсөтүү болуп саналат:
а) капиталдык инвестицияларды каржылоо;
б) бул инвестицияларды даярдоо жана ишке ашыруу үчүн консультациялык кызматтарды көрсөтүү;
в) Корпоративдик өнүктүрүү программасын даярдоо жана ишке ашыруу үчүн консультациялык кызматтарды көрсөтүү, социалдык колдоо жана кызыкдар тараптарды катыштыруу.
Жогоруда аталган макулдашууларда айыл жерлерин суу менен жабдуу жана канализация системаларын андан ары өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу милдеттерди чечүү каралган, алар республиканын суу секторун өнүктүрүүгө оң таасир берет.
Макулдашууларды ратификациялоо социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык, финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн кош каржылоо каралган эмес, тиешелүү түрдө республикалык бюджеттен бул долбоорду ишке ашырууга финансы каражатын бөлүү талап кылынбайт.