Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-апрели № 219
"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 8, 230 а-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1. 9-4-статьянын 1-бөлүгүндөгү "2016-жылдын 1-январынан" деген цифралар жана сөздөр "2017-жылдын 1-апрелинен" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМКАТ
2015-жылдын 6-мартында "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына номерлерди которуштуруу боюнча кызмат киргизүү жөнүндө толуктоолор киргизилген, ага ылайык 2016-жылдын 1-январынан тарта мобилдик байланыштын бардык операторлору жана мобилдик байланыш кызматын жеткирип берүүчүлөр мобилдик байланыш операторун жана/же кызматты жеткирип берүүчүнү алмаштырганда, абонентке телефон номерин сактап калуу мүмкүнчүлүгү менен номерди которуштуруу кызматынан пайдаланууну камсыздоого милдеттүү болушат.
Ошону менен бирге, ченемдик жана техникалык базаны иштеп чыгуу жана даярдоо, бул кызматты ишке киргизүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн кеминде 2 жыл кошумча убакытты талап кылат. Ошондой эле, жогоруда көрсөтүлгөн ченемди ишке ашыруу үчүн мобилдик байланыш операторлору тарабынан көбүрөөк капиталдык салым кошуу зарыл. Ушуга байланыштуу жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын ченемдерин 2016-жылдын 1-январына карата ишке ашырууга мүмкүн эмес.
Анын үстүнө, 2015-жыл ичинде мобилдик байланыштын операторлорунун алдында глобалдык мамлекеттик маселелерди чечүү боюнча максаттар коюлган, алар:
- Оперативдүү-изилдөө иш-чараларын камсыздоо системасынын техникалык каражаттарын сатып алуу жана орнотуу бөлүгүндө лицензиялык талаптарды аткаруу, ага болжолдуу 309018755 сом талап кылынат;
- Радиожыштык тилкелерин арендага алуу келишиминин талаптарын аткаруу, ага ылайык аукциондун жеңүүчүлөрү 2016-жылы республикалык бюджетке 896409000 сом которуулары керек;
- Улуттук экономиканы бекемдөө боюнча 2015-жылдагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар планын аткаруу, тактап айтканда, Интернетке кеңири тилкелүү жеткиликтүүлүктү камсыздоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын телефондоштурулбаган калк жашаган пункттарын камтуу графигине ылайык, өзгөчө макамы бар стратегиялык магистралдык жолдорду жана аймактарды байланыш кызматтары менен камсыздоо. Бул милдеттерди аткаруу максатында компания 129452992,00 сом сарптоону пландаштырууда.
Ошону менен, номерлерди которуштуруу кызматын киргизүү милдети, мамлекеттин көбүрөөк приоритеттүү маселелерин аткарууга негативдүү таасир этип, аны аткарбай коюу мамлекеттин беделине маанилүү зыян келтириши мүмкүн.
Ушуга байланыштуу, номерлерди которуштуруу кызматын киргизүүнү 2017-жылдын 1-апрелине жылдыруу максатка ылайыктуу болот.
Андан башка, ушул убакыттын ичинде кызматты толук көлөмдө ишке ашырууга мүмкүнчүлүк бере турган ченемдик жана техникалык база даярдалат.
Ушуга байланыштуу, "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Мыйзамдагы "2016-жылдын 1-январынан" сөздөрдү "2017-жылдын 1-апрелинен" сөздөрүнө которуп, Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү сунуш кылабыз.
Жогоруда аталган мыйзам долбоору бүгүнкү күндө кызыкдар ведомстволор менен макулдашылган. Материалдар коомчулукта талкуу жүргүзүү үчүн gov.kg сайтына жайгаштырылган. Коомдук талкуулоонун жыйынтыгы боюнча сунуштар жана эскертүүлөр түшкөн жок.
Ошондой эле жогоруда аталган мыйзам долбооруна регулятивдик таасир этүүнү талдоо иштелип чыккан жана КР Экономика министрлигинен бул документке бүтүм алынган.
Бул мыйзам долбоорун кабыл алуусу номерлердин сакталуучулук кызматын натыйжалуу ишке киргизүүгө мүмкүндүк берет жана тер социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.
Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзам долбоору колдонуудагы мыйзамдарга ылайык келет жана башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылбайт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбайт.
Ченемдик жана техникалык база кошумча убакыт жана чоң капиталдык салымдарды талап кылгандыктан, ЧУК 2017-жылдын 1-апрелине чейин иштелип чыгат.
Жогоруда айтылганды эске алып, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактырууну суранат.
Кыргыз Өкмөтүнүн транспорт жана коммуникациялар министри |
| З.Айдаров |
"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
Иштеп турган токтом | Сунуш кылынган өзгөртүүлөр |
1-абзац, 9-4-берене | 1-абзац, 9-4-берене |
- 2016-жылдын 1-январынан тарта мобилдик байланыштын бардык операторлору жана мобилдик байланыш кызматын жеткирип берүүчүлөр мобилдик байланыш операторун жана/же кызматты жеткирип берүүчүнү алмаштырганда, абонентке телефон номерин сактап калуу мүмкүнчүлүгү менен номерди которуштуруу кызматынан пайдаланууну камсыздоого милдеттүү болушат. | - 2017-жылдын 1-апрелинен тарта мобилдик байланыштын бардык операторлору жана мобилдик байланыш кызматын жеткирип берүүчүлөр мобилдик байланыш операторун жана/же кызматты жеткирип берүүчүнү алмаштырганда, абонентке телефон номерин сактап калуу мүмкүнчүлүгү менен номерди которуштуруу кызматынан пайдаланууну камсыздоого милдеттүү болушат. |

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги
|
| Бекитемин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин директорунун орун басары |
|
| Н.Сманов |
|
| 2015-ж. "__" декабры |
"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна жөндөө таасирин талдоо
Иштеп чыгууга негиздер:
КРӨ МБА 12-ноябрь 2015-ж. № 408 буйругу жана
Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Диль В.И.
30.07.15-ж. № 18-32462 тапшырмасы
ЖТТ жүргүзүү мөөнөтү:
"12" 11.2015-ж. - "16" 11.2015-ж. чейин.
Жумушчу топ:
- Сманов Н.М. - жумушчу топтун жетекчиси, КРӨ МБА директордун орун басары ___________________________;
- Ли B.М. - жумушчу топтун жетекчисинин орун басары,
КРӨ МБА АКжТЖБ АКБ башчысы ________________________________;
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
- Антонова В.Ю. - КРӨ МБА аналитикалык камсыздоо жана техникалык жөнгө салуу башкармалыгынын техникалык жөнгө салуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси ______________________;
- Умарбаев А.А. - КРӨ МБА укуктук камсыздоо башкармалыгынын сот маселелери жана ички документтерди талдоо бөлүмүнүн адиси _________________________;
- Жаанбаев М. - КР ТжКМ УСИ башкы адиси __________________________;
- Абакирова А.М. - ОЮЛ Байланыш операторлор ассоциациясы __________________________;
- Соколова А. - "Скай Мобайл" ЖЧК юридикалык кызматынын жетекчисинин м.а. ___________________________________;
- Кутманалиева Дж. - "Альфа Телеком" ЖАК юридикалык бөлүмүнүн башкы адиси ______________________.
Жооптуу адамдын байланыш маалыматтары:
Антонова В.Ю. 560-109
E-mail: valyantonova@mail/ru
Көлөмү - _____барак.
1. Киришүү
Ушул талдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30-сентябрь 2014-ж. № 559 токтому менен бекитилген Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасына ылайык даярдалды.
"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-4-беренесине ылайык, бардык мобилдик байланыш операторлору жана мобилдик байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн тапшыруучулар, 2016-жылдын 1-январынан кечиктирбестен абоненттерге, операторду жана/же кызмат көрсөтүүнү тапшыруучуну алмаштырган учурда телефон номерин сактап калууга мүмкүн болгон номердин сакталуучулугу кызмат көрсөтүүсүн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү. Бирок, аталган кызмат көрсөтүүнү төмөндө көрсөтүлгөн маселелерге байланыштуу, Мыйзамда белгиленген мөөнөттө ишке киргизүү мүмкүн эмес.
2. Маселени туюндуруу
Колдонуудагы "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мөөнөттө номердин сакталуучулугу кызмат көрсөтүүсүн ишке киргизүү мүмкүн эмес.
Маселени баяндоо
Ченемдик жана техникалык базанын жоктугун, ошондой эле ири акча каражатын салуу талап кылынгандыгын эске алганда Мыйзамда белгиленген мөөнөттө номердин сакталуучулугу кызмат көрсөтүүсүн ишке киргизүү мүмкүн эмес.
Мындан сырткары, 2015-жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү глобалдуу мамлекеттик маселелерди аткаруу максатында, мобилдик байланыш операторлоруна ири капитал салуу талап кылынган төмөнкүдөй милдеттерди койгон:
1) 2015-жылга карата улуттук экономиканы чыңдоо, негизинен Интернетке кеңири тилкедеги жеткини камсыз кылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын телефон орнотулбаган калктуу конуштарын баскыч боюнча камтууга алуу графигине ылайык, өзгөчө статустагы стратегиялык магистралдык жолдорду жана аймактарды байланыш кызмат көрсөтүүлөрү менен камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар планын аткаруу. Аталган маселелерди аткаруу максатында компаниялар 129452992,00 сом салууну пландаштырууда.
2) Мындан сырткары, бул маселелер электрондук урналардан on-line режимде маалымат жиберүү боюнча жана шайлоочулардын биометрикалык маалыматтарын текшерүү үчүн байланыш каналдарында үзгүлтүксүз байланышты камсыз кылуу максатында 2017-жылы боло турган президенттик шайлоого чейин бүткөрүлүшү керек.
3. Ыкчам-издөө иш-чараларын камсыз кылуучу системалардын техникалык каражаттарын сатып алуу жана орнотуу боюнча лицензиялык талаптарды аткаруу, буга болжол менен 309018755 сом керектелет.
Радио жыштык тилкелерин ижарага алуу келишиминин талаптарын аткарууга ылайык, 2016-жылы аукциондун жеңүүчүлөрү республикалык бюджетке 896409000 сом которууга тийиш.
Ушуга байланыштуу, номердин сакталуучулугу кызмат көрсөтүүсүн ишке киргизүү милдеттенмеси, мындан да артыкчылыктуу мамлекеттик маселелердин аткарылышына кедергисин тийгизет, буларды аткарбоо мамлекеттин аброюна олуттуу зыянын тийгизиши мүмкүн.
Жогоруда аталгандардын негизинде, колдонуудагы "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган номерлердин сакталуучулугу кызмат көрсөтүүсүн 2016-жылдын 1-январына чейин ишке киргизүү жогоруда аталган себептерге байланыштуу мүмкүн эмес, ошондой эле номерлердин сакталуучулугу кызмат көрсөтүүсүн ишке киргизүүгө чейин төмөнкүдөй иш-чаралар аткарылууга тийиш:
- кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана берүү тартибин регламенттөөчү ченемдик-укуктук актыларды, ошону менен бирге операторлор менен Борборлоштурулган маалымат базасынын администраторунун ортосундагы өз ара эсептешүүлөр методикасын иштеп чыгуу керек;
- ченемдик-укуктук актыларды бекитүүнүн алкагында Борборлоштурулган маалымат базасынын администраторун тандоо боюнча сынак өткөрүү;
- техникалык тапшырма даярдоо жана номерлердин сакталуучулугу кызмат көрсөтүүсүн ишке ашыруу үчүн программалык камсыздоону даярдоого вендер тандоо;
- номерлердин сакталуучулугу кызмат көрсөтүүсүн берүү үчүн мобилдик байланыш операторунун тармагын даярдыкка келтирүү;
- тестирлөөдөн өткөрүү.
4. Маселенин масштабы
Номерлердин сакталуучулугу кызмат көрсөтүүсүн ишке киргизүү мөөнөтүн жылдырууну Кыргыз Республикасынын Байланыш операторлор ассоциациясы демилгелеп Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министрине кайрылган, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри В.И.Дилдин 30.07.15-ж. № 18-32462 тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигине аталган маселени Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык карап чыгуу сунушталган. MNP кызмат көрсөтүүсүн ишке киргизүү мобилдик операторлордун компанияларынан ири суммадагы капитал салууну жана жалпы жонунан кызмат көрсөтүүгө жыл сайын сарпталуучу чыгымдарды талап кылат, ошондуктан маселенин масштабы ишкерлик субъектилерине гана тийиштүү.
5. Эл аралык тажрыйба
Кызмат көрсөтүүнү ишке киргизүүдөгү окшош маселелер башка өлкөлөрдө да болгон. Мисалы Россия Федерациясында 2012-жылдын 25-декабрындагы № 253-ФЗ "О внесении изменений в Федеральный закон "О связи" и статьи 333.33 и 333.34 части второй Налогового кодекса Российской Федерации" Федералдык мыйзамына ылайык, байланыш операторлору көчмө радио телефон байланыш тармактарында номерлердин сакталуучулугу кызмат көрсөтүүсүн (MNP) 2013-жылдын 1-декабрынан тартып көрсөтүп баштоого милдеттендирилген. Бир катар маселелерге туш болгон соң, операторлор 2012-жылдын 25-декабрындагы № 253-ФЗ Федералдык мыйзамына MNP кызмат көрсөтүүлөрдү 2014-ж. 1-июнунан тартып көрсөтүп баштоого милдеттендирүү бөлүгү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени кароо өтүнүчү менен РФ Өкмөтүнө кайрылган.
Ишке киргизүү мөөнөтү, өлкөлөр боюнча | ||
Өлкө | ай | жыл |
Египет | 21 | 1,8 |
Пакистан | 26 | 2,2 |
Германия | 30 | 2,5 |
Түштүк Африка | 33 | 2,8 |
Голландия | 38 | 3,2 |
Франция | 40 | 3,3 |
Дания | 50 | 4,2 |
Австралия | 51 | 4,3 |
Орт. мааниси | 36,1 | 3,0 |
6. Максаттар жана милдеттер
Максат. Номерлердин сакталуучулугу кызмат көрсөтүүсү сапаттуу ишке кирүүсүн камсыз кылуу.
Милдет: Номерлердин сакталуучулугу кызмат көрсөтүүсүн ишке киргизүүгө даярдоо этабындагы иш-чараларды аткаруу.
Коюлган максаттардын индикаторлору:
Аталган укуктук чөйрөгө тийиштиги бар кызыкдар тараптар-түзүмдөр:
Мобилдик электр байланыш операторлору, абоненттер (жеке жана юридикалык жактар).
Максаттык көрсөткүчкө жетишүү, максатка жетүүнүн сандык жана сапаттык индикаторлору:
Сапаттык индикаторлор:
- кызмат көрсөтүүлөргө даттануулардын жоктугу;
- укуктук чөйрөнүн алкагында аталган кызматты көрсөтүү боюнча даттанууларды жана кайрылууларды карап чыгуу.
Сандык индикаторлор:
- кызмат көрсөтүүнү колдонгон абоненттердин саны;
- мобилдик электр байланыш операторлорунун абоненттик базасынын көрсөткүчтөрүнүн динамикасы;
- мобилдик электр байланыш операторлорунун экономикалык көрсөткүчтөрүнүн динамикасы.
7. 1-вариант. "Ошол бойдон калтыруу"
"Ошол бойдон калтыруу" варианты каралбайт, себеби жогоруда аталган себептер боюнча Номерлердин сакталуучулугу кызмат көрсөтүүсүн 2016-жылдын 1-январынан тартып ишке киргизүүгө болбойт жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-4-беренесинин талаптары аткарылбайт.
Себеби, номерлердин сакталуучулугу кызмат көрсөтүүсүн ишке киргизүү милдеттенмеси мындан да артыкчылыктуу мамлекеттик маселелердин аткарылышына кедергисин тийгизет, буларды аткарбоо мамлекеттин аброюна олуттуу зыянын тийгизиши мүмкүн.
8. 2-вариант. "Кызмат көрсөтүүнү ишке киргизүү мөөнөтүн 2017-жылдын 1-апрелине жылдыруу"
"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-4-беренесине Номерлердин сакталуучулугу кызмат көрсөтүүсүн 2017-жылдын 1-апрелинен тартып ишке киргизүү мөөнөтү боюнча бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү.
Сунушталган "Кызмат көрсөтүүнү ишке киргизүү мөөнөтүн 2017-жылдын 1-апрелине жылдыруу" вариантын ишке ашырууда күтүлгөн натыйжа
Бул убакыттын ичинде техникалык жана ченемдик база даярдалып бүтөт, натыйжада кызмат көрсөтүүнү ишке ашыруу толук мүмкүн болот.
Оң натыйжа:
Кызмат көрсөтүүнү ишке киргизүүгө тыкыр жана толук кандуу даярдык көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт, мунун натыйжасында керектөөчүлөрдүн кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талабы өсөт жана керектөөчүлөрдүн ишеними артат.
Терс натыйжа:
Табылган жок.
Укуктук талдоо
Аталган долбоор "Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, экологиялык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. Ички карама-каршылыктар, ошондой эле эл аралык жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына карама-каршылыктар жок.
Экономикалык талдоо
Республикалык бюджетке эч кандай оорчулук келтирбейт, себеби "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-4-беренесине ылайык долбоор мобилдик электр байланыш операторлорунун өздүк каражаттарынын эсебинен каржыланат. Операторлордун жыл сайын кызмат көрсөтүүгө сарптаган чыгашасынын көрсөткүчүн эсепке албаганда, аталган кызмат көрсөтүүнү ишке киргизүүгө сарптаган чыгымдары болжол менен 2,5 млн. АКШ $ түзөт.
Ошондой эле, ар бир натыйжанын сандык ченөө ыкмасын тандап алып аларга ченөө жүргүзүп, ар бир натыйжанын жыйынтыгын акчалай баалап жана алардын болжолдуу чыгашасын баалаганда, алардын сапаттуу, сандык жана суммардык чыгымдары номерлердин сакталуучулугу кызмат көрсөтүүсүн ишке киргизүү боюнча иш-чараларды аткаруу процессинде аныкталат.
Ишке ашыруудагы тобокелдер
Табылган жок.
Коомдук талкуу
"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сайтында 25.11.2015-ж. 25.12.2015-ж. чейин жайгаштырылган (скрин-шот тиркелди).
Кызыкдар тараптардын пикири
Номерлердин сакталуучулугу кызмат көрсөтүүсүн ишке киргизүү мөөнөтүн жылдырууну Кыргыз Республикасынын Байланыш операторлор ассоциациясы демилгелеп Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри В.И.Дилге кайрылган, ошондуктан электр байланыш операторлору бул боюнча оң пикирде.
Техникалык-ченемдик база жоктугуна жана ири суммадагы капитал салуу талап кылынгандыгына байланыштуу, номерлердин сакталуучулугу кызмат көрсөтүүсүн Мыйзамда аныкталган мөөнөттө ишке киргизүү мүмкүн эмес.
Бул долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтында жайгаштырылган.
9. 3-вариант. "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамындагы 9-4-беренени алып салуу
"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Номерлердин сакталуучулугу кызмат көрсөтүүсүн ишке киргизүү жөнүндө 9-4-беренени алып салуу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү.
Сунушталган 3-вариантты ишке ашырууда күтүлгөн натыйжа
"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамындагы 9-4-беренени алып салуу.
Жогоруда аталган бардык маселелер жокко чыгат, бирок кызмат көрсөтүү ишке киргизилбейт жана абоненттер операторду жана/же мобилдик байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн тапшыруучусун алмаштырган учурда телефон номерин сактап калуу мүмкүнчүлүгү жок болот, б.а. "мобилдик кулчулук" жоюлбай калат.
Оң натыйжа
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү, ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу, электр байланыш тармактарын жакшыртуу боюнча техникалык маселелерди чечүү, ошондой эле Номерлердин сакталуучулугу кызмат көрсөтүүсүн ишке киргизүүгө байланышкан башка маселелерди чечүү талап кылынбайт. Операторлор кызмат көрсөтүүнү ишке киргизүүдө чыгаша тартышпайт.
Терс натыйжа
Абоненттер операторду жана/же мобилдик байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн тапшыруучусун алмаштырган учурда телефон номерин сактап калуу мүмкүнчүлүгү жок болот, б.а. "мобилдик кулчулук" жоюлбай калат.
Укуктук талдоо
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында карама-каршылыктарды болтурбоо үчүн "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-4-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Башка карама-каршылыктар табылган жок.
Экономикалык талдоо
Республикалык бюджетке жана электр байланыш операторлорунун бюджетине эч кандай оорчулук келтирбейт.
Ишке ашыруудагы тобокелдер
Номерлердин сакталуучулугу кызмат көрсөтүүсү ишке киргизилбейт жана абоненттер операторду жана/же мобилдик байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн тапшыруучусун алмаштырган учурда телефон номерин сактап калуу мүмкүнчүлүгү жок болот, б.а. "мобилдик кулчулук" жоюлбай калат.
Коомдук талкуу
"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сайтында 25.11.2015-ж. 25.12.2015-ж. чейин жайгаштырылган (скрин-шот тиркелди)
Абоненттерден сунуштар келген жок.
Кызыкдар тараптардын пикири
Электр байланыш операторлору оң пикирде, себеби кызмат көрсөтүүнү ишке киргизүүдөн баш тартууда аны ишке киргизүү жана анын ишин жөндөө үчүн акча каражаттарын салуунун зарылдыгы жок болгондуктан компаниянын бюджеттик каражаттарын сактап калуу мүмкүнчүлүгү бар. Номерлердин сакталуучулугу кызмат көрсөтүүсүн ишке киргизүүгө абоненттер оң пикирде, себеби өз номерин сактап башка оператордун тармагына өтүү мүмкүнчүлүгү пайда болот.
10. Корутунду жана рекомендациялар
Карап чыккан варианттардын ичинен "Кызмат көрсөтүүнү ишке киргизүү мөөнөтүн 2017-жылдын 1-апрелине жылдыруу" 2-вариантты кабыл алууну сунуштайбыз. "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-4-беренесине Номерлердин сакталуучулугу кызмат көрсөтүүсүн 2017-жылдын 1-апрелинен тартып ишке киргизүү мөөнөтү боюнча бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилсин.
"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган мөөнөттө номерлердин сакталуучулугу кызмат көрсөтүүсүн ишке киргизүү милдеттенмелери мындан да артыкчылыктуу мамлекеттик маселелердин аткарылышына кедергисин тийгизип, буларды аткарбоо мамлекеттин аброюна олуттуу зыянын тийгизиши мүмкүн, ошондуктан кызмат көрсөтүүнү ишке киргизүү мөөнөтүн 2017-жылдын 1-апрелине жылдыруу зарыл.
Мындан сырткары, бул убакыттын ичинде техникалык жана ченемдик база даярдалып бүтөт, натыйжада кызмат көрсөтүүнү ишке ашыруу толук мүмкүн болот.
11. Тиркеме
1. 2015-ж. 12-ноябрь № 408 буйрук.
2. Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Диль В.И.
30.07.15-ж. № 18-32462 тапшырмасы
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ