Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2019-жылдын 30-майы № 234
Жазык иштери боюнча буюмдук далилдерди эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү, берүү, ташуу, жөнөтүү, жок кылуу, кайра иштетүү, сатуу тартиби жөнүндө типтүү нускаманы жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча буюмдук далилдерди алуу, эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө типтүү нускаманы бекитүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 87-беренесин жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 512-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Жазык иштери боюнча буюмдук далилдерди эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү, берүү, ташуу, жөнөтүү, жок кылуу, кайра иштетүү, сатуу тартиби жөнүндө типтүү нускама 1-тиркемеге ылайык;
- укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча буюмдук далилдерди алуу, эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө типтүү нускама 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана административдик ведомстволору үч айлык мөөнөттө:
- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрүшсүн.
3. Бул токтомдон келип чыгуучу бардык чыгымдар укук коргоо (ыйгарым укуктуу мамлекеттик) органдарынын тиешелүү жылга каралган каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырыла тургандыгы аныкталсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 21-июнундагы № 52 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абылгазиев |
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-мартындагы № 102 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ