Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2009-жылдын 29-апрели ПБ № 92
А.К.Жамалов жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30- жана 31-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн офицердик курамынын аскердик кызматты өтөшүнүн тартиби жөнүндө Жобонун 7-пунктуна ылайык:
1. Генерал-майор Жамалов Абдижалил Кыргызбаевич анык аскердик кызматта туруунун чектүү курагына жеткендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басарынын - башкы штабынын зардалынын кызматынан бошотулсун.
2. Генерал-майор Жамалов Абдижалил Кыргызбаевич анык аскердик кызматтан Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн запасына бошотулсун.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |