Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 77 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-мартындагы № 96 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү (мындан ары - Өкүлчүлүк) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын (мындан ары - Кызмат) Россия Федерациясынын аймагында жайгашкан бөлүнүшү болуп саналат.
2. Өкүлчүлүк өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кызмат жөнүндө жобону, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Өкүлчүлүк 2015-жылдын 15-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн укуктук статусу жөнүндө макулдашуунун негизинде иштейт.
Өкүлчүлүк саясий, дипломатиялык жана консулдук функцияларды ишке ашырбайт.
4. Өкүлчүлүктүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик, расмий тилдерде толук аталышы жазылган мөөрү, алыш-бериш жана күндөлүк, анын ичинде валюталык эсептери бар.
2. Өкүлчүлүктүн негизги максаттары жана милдеттери
5. Өкүлчүлүктүн максаты Россия Федерациясында миграция маселелери боюнча Кызматтын кызыкчылыктарын коргоо болуп саналат.
6. Өкүлчүлүктүн милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясында миграция маселелери боюнча мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо;
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясында иштөөсүнө көмөк көрсөтүү.
3. Өкүлчүлүктүн негизги функциялары жана укуктары
7. Өкүлчүлүк жүктөлгөн милдеттерине ылайык:
- Россия Федерациясындагы миграциялык кырдаалды, миграциялык саясат жаатындагы мыйзамдарды, эмгек рыногунун конъюнктурасын изилдейт жана талдоо жүргүзөт, миграциялык көйгөйлөрдү чечүү боюнча Россия Федерациясынын тажрыйбасын мүмкүн болсо аны Кыргыз Республикасында пайдалануу максатында изилдейт;
- Россия Федерациясындагы жүргүзүлүп жаткан миграциялык саясатка тиешелүү тигил же бул маселелер боюнча Кызматка, ал эми зарыл болгон учурда - Кыргыз Республикасынын башка кызыкдар мамлекеттик органдарына маалымат берет;
- Россия Федерациясынын кызыкдар органдарына Кыргыз Республикасынын миграциялык саясат жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тууралуу маалымат берет;
- Россия Федерациясында кыргыз эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулганы аныкталган учурда аларды коргоо боюнча чараларды көрөт жана жоюуга көмөк көрсөтөт;
- Россия Федерациясынын компетенттүү органдары менен бирге Россия Федерациясынын аймагында эмгектенген жана ишкердик иш жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын эсебин жүргүзөт, Россия Федерациясынын мыйзамдарына жана тийиштүү эл аралык келишимдерге ылайык алардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында алардын укуктук статусун легалдаштырууга көмөк көрсөтөт;
- Россия Федерациясынын аймагына келген жана жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарын, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды миграция жана Кыргыз Республикасына көчүү маселелери боюнча кабыл алат;
- Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы дипломатиялык өкүлчүлүгү жана консулдук мекемеси менен бирге мыйзамсыз миграцияны алдын алууга жана бөгөт коюуга байланышкан маселелерди чечүүгө катышат;
- Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштуруу боюнча келишимдерди түзүү үчүн Россия Федерациясынын аймагындагы жумуш берүүчүлөр менен байланыштарды издөөгө, тандоого жана жөнгө салууга Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактарына көмөк көрсөтөт;
- Россия Федерациясындагы мекендештердин коомдук бирикмелеринин иштерине көмөк көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасы үчүн мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген миграция жаатындагы эл аралык келишимдерди ишке ашыруу боюнча чараларды көрөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка функцияларды ишке ашырат.
8. Өкүлчүлүк өз компетенциясынын алкагында төмөнкүлөргө катышууга укуктуу:
- Россия Федерациясынын жумуш берүүчүлөрү тарабынан кыргыз эмгек мигранттарын жумушка жалдоо шарттарынын бузулушуна байланыштуу келип чыккан эмгектик талаш-тартыштарды жөнгө салууга;
- кыргыз эмгек мигранттары менен Россия Федерациясынын жумуш берүүчүлөрүнүн ортосундагы эмгектик жана башка талаш-тартыштарды сотко чейинки этапта жөнгө салууга;
- Россия Федерациясынын мыйзамдарынын алкагыңда кыргыз эмгек мигранттарынын кызыкчылыктарын соттук жана укук коргоо органдарында коргоого;
- Россия Федерациясынын мамлекеттик жана коомдук уюмдарынын өкүлдөрү менен миграция жана Россия Федерациясынын эмгек рыногуна жеткиликтүүлүктү" либералдаштыруу жаатындагы маселелер боюнча сүйлөшүүлөргө жана консультацияларга;
- Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын миграциялык кызматташтык маселелери боюнча эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгууга;
- Кыргыз Республикасынын миграциялык саясатынын маселелерин чагылдырууда Россия Федерациясынын жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз компетенциясынын чегинде өз ара аракеттенүүгө.
9. Өкүлчүлүк белгиленген тартипте өз функцияларын ишке ашырууда өзүнүн иши жөнүндө Кызмат жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги менен макулдашат жана аларга маалымат берет.
4. Өкүлчүлүктүн ишин уюштуруу жана камсыз кылуу
10. Өкүлчүлүктүн ишине Кызматтын жетекчиси жалпы жетекчилик кылат.
Өкүлчүлүктүн чыгымдар сметасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кызмат тарабынан бекитилет.
11. Өкүлчүлүктү каржылоо учурдагы жылга республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.
12. Өкүлчүлүктүн мүлкү Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналат. Өкүлчүлүк аталган мүлктү ага жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн гана пайдаланат.
Өкүлчүлүктүн финансы-чарбалык ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кызмат жана мамлекеттик финансылык контролдоонун башка ыйгарым укуктуу органдары контролдойт.
13. Өкүлчүлүктүн жетекчиси Кызматтын жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан 3 жылдык мөөнөткө, мөөнөтүн бир жылга узартуу укугу менен кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Өкүлчүлүктүн жетекчиси өз ишинде Кызматтын жетекчисине жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисине же анын милдеттерин аткаруучу адамга отчет берет.
14. Өкүлчүлүктүн жетекчиси жок учурда анын милдеттерин Өкүлчүлүктүн жетекчисинин орун басары аткарат.
15. Өкүлчүлүктүн жетекчиси:
- Өкүлчүлүктүн ишин, ага жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткарууну уюштурат, мыйзамдуулукту жана тартипти сактоону камсыз кылат, Өкүлчүлүктүн ишин контролдойт;
- Өкүлчүлүктүн ишинин абалы жана натыйжалары үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- өз компетенциясынын чегинде кызматкерлердин аткаруусу үчүн милдеттүү болгон Өкүлчүлүктүн актыларын чыгарат;
- Өкүлчүлүктүн финансылык-чарбалык ишин жана материалдык-техникалык камсыздоону уюштурат;
- өз компетенциясынын чегинде Өкүлчүлүктүн атынан юридикалык жана жеке жактар менен жарандык-укуктук жана эмгектик келишимдерди белгиленген тартипте түзөт;
- Кызмат менен макулдашуу боюнча Өкүлчүлүктүн кызматкерлерин командировкага жиберет;
- Кызматка Өкүлчүлүктүн иши жөнүндө кварталдык, жарым жылдык жана жылдык отчетторду, анын ичинде бухгалтериялык отчетторду берет.
16. Өкүлчүлүктүн жетекчисинин орун басары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте Кызматтын жетекчиси тарабынан кызматка дайындалышат.
17. Өкүлчүлүктө иштеген мезгилде кызматкерлерге штаттык ырааттамага ылайык акчалай акы төлөнөт, турак-жай жалдоо боюнча чыгымдар төлөнүп берилет.
18. Өкүлчүлүктүн кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү келген мамлекетинин мыйзамдарын, ошондой эле каада-салттарын, үрп-адаттарын сыйлоого, Россия Федерациясынын ички иштерине кийлигишүү катары чечмелениши мүмкүн болгон бардык иш-аракеттерден карманууга милдеттүү.