Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 390 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы № 111 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 246, 2022-жылдын 29-июлундагы № 409, 2023-жылдын 18-апрелиндеги № 214, 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 598 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - Кыргызпатент) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Кыргызпатент Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын укук улантуучусу болуп саналат.
3. Кыргызпатент интеллектуалдык менчикти коргоо жана инновацияларды өнүктүрүү жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыздоону жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп саналат.
4. Кыргызпатент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Кыргызпатент өз ишин ушул Жободо белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде өз алдынча уюштурат жана ишке ашырат.
6. Кыргызпатент юридикалык жак болуп саналат, анын өз алдынча балансы жана ага бекитилип берилген мүлкү, Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык казыналык өздүк эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү жана башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары бар.
Уюштуруу-укуктук формасы - ыкчам башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме.
7. Кыргызпатент жана анын аймактык бөлүмү, ведомстволук уюмдары Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчигинин жана инновацияларынын бирдиктүү системасын түзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-апрелиндеги № 214 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Кыргызпатентти жана анын аймактык бөлүмүн, ведомстволук уюмдарын күтүүгө чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын жана 1994-жылдын 9-сентябрындагы Евразия патенттик конвенциясына жана 2019-жылдын 9-сентябрындагы 1994-жылдын 9-сентябрындагы Евразия патенттик конвенциясынын Өнөр жай үлгүлөрүн коргоо жөнүндө протоколуна ылайык евразия патенттерин күчүндө кармап туруу үчүн атайын казыналык эсептеринде топтолгон каражаттардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-апрелиндеги № 214 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Кыргызпатенттин толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги";
- расмий тилде: "Государственное агентство интеллектуальной собственности и инноваций при Кабинете Министров Кыргызской Республики".
10. Кыргызпатенттин кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргызпатент";
- расмий тилде: "Кыргызпатент".
11. Кыргызпатенттин жайгашкан орду: 720021, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Москва көчөсү 62.
2. Кыргызпатенттин максаты
12. Кыргызпатенттин ишинин максаты интеллектуалдык менчикти коргоону камсыздоо, улуттук инновациялык системаны өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасында илимий-технологиялык жана чыгармачылык өнүгүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат.
3. Кыргызпатенттин милдеттери
13. Кыргызпатенттин милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) интеллектуалдык менчик объекттерине укуктук жактан коргоо көрсөтүү жана аларды коммерциялаштырууга көмөк көрсөтүү;
2) улуттук инновациялык системаны өнүктүрүү;
3) адабият, искусство жана илим жаатындагы чыгармачылыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле келечектүү илимий-техникалык иштеп чыгууларды илгерилетүүгө көмөктөшүү;
4) патенттик-техникалык маалыматтын улуттук системасын өнүктүрүү;
5) интеллектуалдык менчик укуктарын укукка каршы аракеттерден коргоону укуктук камсыздоо.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 409 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргызпатенттин функциялары
14. Кыргызпатент төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
1) тармактык саясат функцияларын:
- интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатындагы улуттук стратегияларды жана программаларды иштеп чыгат жана алардын аткарылышын камсыздайт;
- улуттук мыйзамдарды колдонуу практикасын талдайт жана жалпылайт жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатындагы ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизет;
- Кыргызпатенттин компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте иштеп чыгат, белгиленген тартипте эл аралык келишимдерди түзөт жана бул келишимдер боюнча кыргыз тараптын милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылат;
- Кыргызпатенттин карамагында турган мамлекеттик маалымат ресурстарынын, маалымат системаларынын жана тармактардын коопсуздугун жана коргоону камсыз кылат;
- интеллектуалдык менчик объекттеринин жана патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн мамлекеттик реестрлерин жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасында улуттук инновациялык системасын өнүктүрүү боюнча сунуштарды жана инновациялык ишке дем берүүнүн механизмдерин түзөт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде инновациялык долбоорлорго колдоо көрсөтөт, мониторинг жүргүзүүнү жана андан ары илгерилетүүнү уюштурат;
2) жөнгө салуу функцияларын:
- интеллектуалдык менчик объекттерин каттоого өтүнмөлөргө экспертиза жүргүзөт жана интеллектуалдык менчик жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргоо документтерин берет;
- автордук укук жана чектеш укуктардын объекттерин каттайт;
- авторлордун жана чектеш укуктардын ээлеринин эсебин жүргүзөт;
- автордук укуктун жана чектеш укуктардын объекттерин пайдалануу укугуна лицензиялык келишимдерди түзөт;
- интеллектуалдык менчик жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды башкаруу жөнүндө келишимдерди каттайт;
- авторлордун жана укук ээлеринин мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруу боюнча ишин жүргүзүү үчүн уюмдарга макулдук берет;
- Кыргыз Республикасынын патенттик ишенимдүү өкүлдөрүн аттестациялоону, каттоону жүргүзөт жана аларга күбөлүк берет;
3) координациялоо жана контролдоо функцияларын:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын интеллектуалдык менчик объекттерин коргоо жана инновацияларды өнүктүрүү маселелери боюнча ишинин макулдашылгандыгын камсыздайт;
- авторлордун, аткаруучулардын, фонограмма жаздыруучулардын жана автордук жана чектеш укуктардын башка ээлеринин мүлктүк укуктарын жамааттык негизде башкаруучу уюмдардын ишине контроль жүргүзөт;
- автордук укуктун объекттерин пайдалануучулар лицензиялык келишимдерди түзүүдөн жана автордук сый акыларды төлөөдөн баш тарткан учурда интеллектуалдык менчик жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрөт;
- коргоо документтерин алууга өтүнмөлөр боюнча экспертизанын натыйжаларына каршы пикирлерди жана даттанууларды, ошондой эле Кыргызпатенттин компетенциясына кирген маселелер боюнча жеке жана юридикалык жактардын башка арыздарын жана кайрылууларын карайт;
- кеңешме органын - Кыргызпатенттин алдындагы Авторлор кеңешин түзүү жолу менен авторлордун мүлктүк укуктарын жамааттык негизде башкарууну координациялайт;
- кеңешүүчү органды - Кыргызпатенттин алдындагы Чектеш укуктардын ээлеринин кеңешин түзүү жолу менен жамааттык негизде чектеш укуктардын ээлеринин мүлктүк укуктарын башкарууну координациялайт;
- ведомстволук уюмдардын каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугуна контроль жүргүзөт;
4) кызматтарды көрсөтүү функцияларын:
- интеллектуалдык менчик жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана авторлордун, аткаруучулардын, фонограмма жаздыруучулардын, автордук жана чектеш укуктардын башка ээлеринин мүлктүк укуктарын жамааттык башкаруу боюнча чет өлкөлүк уюмдар менен кызыкчылыктарды өз ара билдирүү жөнүндө макулдашууларга ылайык чыгармаларды пайдалангандыгы үчүн автордук укук жана чектеш укуктардын ээлерине сый акыларды чогултат, бөлүштүрөт жана аны төлөп берет;
- интеллектуалдык менчик жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык талап кылынбаган автордук сый акыны башкарууну камсыз кылат;
- кызыкдар болгон мамлекеттик органдарды, юридикалык жана жеке жактарды патенттик-техникалык маалымат чөйрөсүндөгү маалымдамалар жана аналитикалык материалдар менен камсыздоону уюштурат;
- жеке жана юридикалык жактарга келишимдик негизде мамлекеттик кызмат көрсөтүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мамлекеттик кызматтарды көрсөтөт;
- интеллектуалдык менчик объекттеринин мамлекеттик реестринен көчүрмө бөлүктөрдү берет;
- маалыматтык, ченемдик, илимий, методикалык жана окуу материалдарын чыгарат жана сатат, ошондой эле башка полиграфиялык кызматтарды көрсөтөт;
- интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатындагы укуктук маданиятты жогорулатуу боюнча иш-чараларды жүргүзөт;
5) колдоо көрсөтүү функцияларын:
- тиешелүү эл аралык жана региондук уюмдарда Кыргыз Республикасын ыйгарым укуктуу көрсөтүү жолу менен интеллектуалдык менчик жана инновациялар системасын укуктук коргоо жана өнүктүрүү чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташууну жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасы катышкан, интеллектуалдык менчик жана инновациялар чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерден келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткарууга багытталган иш-чараларды уюштурат;
- авторлордун, аткаруучулардын, фонограмма жаздыруучулардын, автордук жана чектеш укуктардын башка ээлеринин мүлктүк укуктарын жамааттык башкаруу боюнча чет өлкөлүк уюмдар менен кызыкчылыктарды өз ара билдирүү жөнүндө макулдашууларды түзөт;
- чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары менен интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатындагы тажрыйба алмашууну ишке ашырат;
- интеллектуалдык менчик объектилерин коргоо жана инновацияларды өнүктүрүү маселелери боюнча окутууларды уюштурат;
- кызыкдар жактарга интеллектуалдык менчик жана инновациялар маселелери боюнча кеңештерди берет;
- ойлоп табуучуларга, автордук жана чектеш укуктардын ээлерине алардын укуктарын ишке ашырууга көмөк көрсөтөт;
- сатып алуу жана эл аралык уюмдар жана чет өлкөлүк патенттик ведомстволор менен алмашуу жолу менен мамлекеттик патенттик фондду ата мекендик жана чет өлкөлүк патенттик документтер жана адабияттар менен комплекттейт;
- интеллектуалдык менчик объекттерин коммерциялаштырууга, инновациялык иштин натыйжаларын ишке киргизүүгө көмөк көрсөтөт;
- инновациялык долбоорлорду маалыматтык чагылдырууну уюштурат;
6) укуктук жактан коргоо функцияларын:
- укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт;
- Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жазаларды колдонот;
- укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө жана токтомдорду чыгарууга, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган учурларда жазаларды колдонууга ыйгарым укуктар берилген кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт;
- укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктар берилген туруктуу иштөөчү комиссияларды түзөт;
- Комиссия жөнүндө жобону, анын сандык жана жеке курамын бекитет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 409 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргызпатенттин укуктары
15. Кыргызпатент функцияларын жүзөгө ашыруу максатында төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине интеллектуалдык менчик объекттерин укуктук коргоо жана инновациялар системасын өнүктүрүү маселелери боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизүүгө;
2) мыйзамдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатындагы эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө, өзүнүн компетенциясынын чегинде тиешелүү эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттердин патенттик ведомстволору менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана аталган келишимдерге кол коюуга;
3) белгиленген тартипте чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен долбоорлорду иштеп чыгууга жана эл аралык келишимдерге, макулдашууларга жана башка документтерге кол коюуга катышууга;
4) көргөзмөлөрдү, конкурстарды, жайкы мектептерди жана башка иш-чараларды, анын ичинде эл аралык мүнөздөгү иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө, ошондой эле интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатындагы өнүктүрүү борборлорун түзүүгө;
5) Кыргыз Республикасынын улуттук инновациялык системасынын бардык катышуучуларынын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү үчүн аянтча түзүүгө жана колдоого;
6) расмий бюллетендерди, журналдарды, маалыматтык материалдарды, методикалык колдонмолорду, ошондой эле интеллектуалдык менчик жана инновациялык иштер жаатындагы башка адабияттарды чыгарууга;
7) Кыргызпатенттин маалыматтык ресурстарын түзүүгө жана модернизациялоого;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине мамлекеттик сыйлыктарды берүү, мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
9) интеллектуалдык менчик объекттерин коргоого байланыштуу документтердин бирдиктүү формаларын белгилөөгө;
10) пайдалануучулардан жана/же башка төлөөчүлөрдөн автордук жана чектеш укуктарды пайдалануунун укуктуулугун ырастоочу документтерди, автордук жана чектеш укуктардын тиешелүү объекттерин пайдалангандыгы жөнүндө отчетторду, ошондой эле сый акыны чогултуу жана бөлүштүрүү үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды жана документтерди талап кылууга жана алууга, алардын тизмеги жана берүү мөөнөттөрү келишимде аныкталат;
11) пайдалануучулар жана/же башка төлөөчүлөр автордук укуктун жана чектеш укуктардын объекттерин пайдалануу укугуна лицензиялык келишимдерди түзүүдөн, автордук сый акыны төлөөдөн баш тарткан учурда Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык чара көрүүгө;
12) мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ишканалардан, уюмдардан жана мекемелерден интеллектуалдык менчик объекттерине укуктарды коргоого байланышкан зарыл болгон маалыматтарды, анын ичинде укук ээлери жана пайдалануучулар жөнүндө жеке маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте суроого жана алууга;
13) интеллектуалдык менчик объекттерин каттоо үчүн алымдардын жана жыйымдардын, ошондой эле интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатындагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн тарифтердин өлчөмүн белгилөө, өзгөртүү боюнча сунуштарды мыйзамдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизүүгө;
14) интеллектуалдык менчик объекттерин укуктук коргоого жана инновацияларды өнүктүрүүгө байланышкан маселелерди чечүү, ошондой эле башка жумуштарды аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү үчүн ата мекендик жана чет өлкөлүк адистерди жана/же юридикалык жактарды келишимдик негизде тартууга;
15) интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатындагы илимий-изилдөө жана башка иштерди уюштурууга жана жүргүзүүгө;
16) интеллектуалдык менчик объекттерин баалоого жана коммерциялаштырууга көмөк көрсөтүү боюнча иштерди уюштурууга;
17) интеллектуалдык менчик жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте интеллектуалдык менчик объекттерин коргоо жөндөмдүүлүгү маселелери боюнча талаш-тартыштарды кароо боюнча милдеттүү баштапкы органды - Апелляциялык кеңешти түзүүгө. Апелляциялык кеңеш жөнүндө жобо Кыргызпатент тарабынан бекитилет.
18) кеңеш берүүчү жана башка жумушчу органдарды түзүүгө;
19) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
6. Кыргызпатенттин ишин уюштуруу
16. Кыргызпатентти Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор жетектейт.
17. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 246 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
18. Кыргызпатентте директордун биринчи орун басарынын жана директордун орун басарынын кызмат орундары каралган, алар Кыргызпатенттин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат.
Директордун орун басарлары ээлеген кызматынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын демилгеси боюнча же директордун сунушу боюнча бошотулушу мүмкүн.
Директордун орун басарлары Кыргызпатенттин директоруна түздөн-түз баш иет жана аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде өз ишин жүргүзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 246 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Кыргызпатенттин жана анын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери, ведомстволук уюмдарынын кызматкерлерин кошпогондо, мамлекеттик жарандык кызматчылар болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-апрелиндеги № 214 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Кыргызпатенттин директору:
- Кыргызпатенттин, анын борбордук аппаратынын, аймактык бөлүмүнүн жана ведомстволук уюмдарынын ишине жалпы жетекчилик кылат жана Кыргызпатентке жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- эл аралык уюмдар, Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин мамлекеттик бийлик органдары, Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин ишканалары, мекемелери жана уюмдары менен болгон мамилелерде Кыргызпатенттин атынан чыгат, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргызпатенттин компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык келишимдерге кол коёт;
- директордун орун басарынын милдеттерин аныктайт, Кыргызпатенттин компетенциясына кирген ыкчам, уюштуруучулук, кадрдык, финансылык, өндүрүштүк-чарбалык жана башка маселелерди чечүү боюнча Кыргызпатенттин башка кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын белгилейт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Кыргызпатенттин ведомстволук уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо жана бошотуу жөнүндө сунуштарды киргизет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргызпатенттин ведомстволук уюмдарынын жетекчилеринин орун басарларын кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргызпатенттин борбордук аппаратынын жана анын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана жана кызмат ордунан бошотот;
- (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы N 598 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргызпатенттин, аймактык бөлүмүнүн жана ведомстволук уюмдарынын түзүмүн жана штаттык расписаниесин, аларды күтүүгө чыгымдар сметасын бекитет, Кыргызпатенттин бюджеттик жана атайын каражаттарын тескейт, ошондой эле алардын аткарылышына контроль жүргүзөт;
- Кыргызпатенттин коллегиясы, башка жумушчу жана кеңешме органдары жөнүндө жоболорду бекитет;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Кыргызпатенттин системасында аткаруу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды, жоболорду, нускамаларды, эрежелерди жана башка ведомстволук актыларды чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Кыргызпатенттин ички иштөө тартибин жана Кыргызпатенттин кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аныктайт;
- белгиленген тартипте Кыргызпатенттин системасындагы өзгөчө айырмаланган кызматкерлерди мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого жана ардак наамдарды ыйгарууга сунуштайт;
- Кыргызпатенттин кызматкерлерине карата Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында жана мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген сыйлоо жана тартип жоопкерчилик чараларын колдонот;
- бөлүнгөн материалдык ресурстарды, бюджеттик жана атайын каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылат;
- Кыргызпатенттин кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен жамааттык келишимге кол коёт;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына жана мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле жамааттык келишимге ылайык Кыргызпатенттин, аймактык бөлүмүнүн жана ведомстволук уюмдарынын кызматкерлеринин эмгегине дем берүү тууралуу чечим кабыл алат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргызпатенттин алдына коюлган милдеттерди аткаруу үчүн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-апрелиндеги № 214 токтомунун редакциясына ылайык)
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргызпатенттин ведомстволук уюмдарынын жетекчилеринин орун басарларын кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргызпатенттин борбордук аппаратынын жана анын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана жана кызмат ордунан бошотот;
- Кыргызпатентке караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду жөнүндө жобону бекитет;
- Кыргызпатенттин, аймактык бөлүмүнүн жана ведомстволук уюмдарынын түзүмүн жана штаттык расписаниесин, аларды күтүүгө чыгымдар сметасын бекитет, Кыргызпатенттин бюджеттик жана атайын каражаттарын тескейт, ошондой эле алардын аткарылышына контроль жүргүзөт;
- Кыргызпатенттин коллегиясы, башка жумушчу жана кеңешме органдары жөнүндө жоболорду бекитет;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Кыргызпатенттин системасында аткаруу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды, жоболорду, нускамаларды, эрежелерди жана башка ведомстволук актыларды чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Кыргызпатенттин ички иштөө тартибин жана Кыргызпатенттин кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аныктайт;
- белгиленген тартипте Кыргызпатенттин системасындагы өзгөчө айырмаланган кызматкерлерди мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого жана ардак наамдарды ыйгарууга сунуштайт;
- Кыргызпатенттин кызматкерлерине карата Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында жана мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген сыйлоо жана тартип жоопкерчилик чараларын колдонот;
- бөлүнгөн материалдык ресурстарды, бюджеттик жана атайын каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылат;
- Кыргызпатенттин кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен жамааттык келишимге кол коёт;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына жана мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле жамааттык келишимге ылайык Кыргызпатенттин, аймактык бөлүмүнүн жана ведомстволук уюмдарынын кызматкерлеринин эмгегине дем берүү тууралуу чечим кабыл алат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргызпатенттин алдына коюлган милдеттерди аткаруу үчүн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-апрелиндеги № 214, 2023-жылдын 15-ноябрындагы N 598 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
21. Кыргызпатентте 9 адамдан турган коллегия түзүлөт. Коллегиянын курамына кызмат орду боюнча Кыргызпатенттин директору, директордун биринчи орун басары, директордун орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлү кирет. Коллегиянын мүчөлөрүнүн жеке курамы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын профилдик түзүмдүк бөлүмү менен макулдашуу боюнча Кыргызпатенттин директору тарабынан бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 246 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Кыргызпатенттин ишине коомдук мониторинг жүргүзүү максатында Коомдук кенеш - консультациялык-байкоочу орган түзүлөт, ал коомдук башталыштарда иштейт.
23. Учурдагы жана башка маанилүү маселелерди чечүү үчүн Илимий-техникалык кеңеш түзүлөт, анын жеке курамын Кыргызпатенттин директору бекитет.
24. Кыргызпатентте мамлекеттик жарандык кызматчылардын этикасы боюнча комиссия жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка комиссиялар иштейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 409 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Кыргызпатент белгиленген тартипте финансылык каражаттардын эсебин жүргүзөт, статистикалык, бухгалтердик жана башка отчеттуулуктагы маалыматтарды даярдоону жана тийиштүү органдарга берүүнү камсыз кылат.
7. Корутунду жоболор
26. Кыргызпатентти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
27. Кыргызпатенттин иши токтотулган учурда, анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык колдонулат жана сакталат.