Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-октябрындагы № 678 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 12-августу № 122
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-сентябрындагы № 489 "Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруучу уюмдарга коюлуучу минималдуу талаптар жана алардын ишин контролдоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруучу уюмдардын ишин жөнгө салуучу ченемдерди өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-сентябрындагы № 489 "Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруучу уюмдарга коюлуучу минималдуу талаптар жана алардын ишин контролдоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруучу уюмдарга коюлуучу минималдуу талаптар жана алардын ишин контролдоо жөнүндө жободо:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ыйгарым укуктуу органдын мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруучу уюмду түзүүгө макулдук берүү (мындан ары - макулдук берүү) жөнүндө чечимин алуу үчүн уюм ыйгарым укуктуу органга жеке кайрылууда же почта аркылуу жөнөтүү менен арыз берет.";
- 2-пунктта:
1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) уюмдун аталышы, анын каттоо маалыматтары, иш жүзүндөгү дареги;";
2-пунктчадагы "арыз ээси башкарууну ниеттенген" деген сөздөр "уюм башкарууну ниеттенген" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:
"3) ыйгарым укуктуу адамдын колу жана уюмдун мөөрү.";
- 3-пунктта:
3-пунктчадагы "арыз ээси тарабынан" деген сөздөр "уюмдун мөөрү менен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4-пунктчадагы "арыз ээсинин" деген сөздөр "уюмдун" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Ушул Жобонун 3-пунктунда көрсөтүлгөн документтер ыйгарым укуктуу органга мамлекеттик же расмий тилде берилет";
- 5-пунктта:
биринчи абзацтагы "кабыл алууда" деген сөздөр "алууда" деген сөз менен алмаштырылсын;
үчүнчү абзацтагы "атайын түзүлгөн комиссиянын" деген сөздөр "арыздарды карап чыгуу боюнча комиссиянын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-пунктта:
биринчи абзацтагы "орган" деген сөздөн кийин "арызды каттаган күндөн тартып" деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи абзацтагы "берген же берилгени жөнүндө кабарлоо менен заказдык почта аркылуу" деген сөздөр алып салынсын;
- 7 жана 8-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Арыз Комиссиянын жыйынында уюмдун өкүлүнүн катышуусу менен каралат.
8. Комиссия жөнүндө жобо, анын жеке жана сандык курамы ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет.
Комиссиянын курамына ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрү, ыйгарым укуктуу органга арызды караган учурга чейин алардын мүлктүк укуктарын жамааттык негизде башкаруу боюнча ыйгарым укуктарын өткөрүп берген авторлор жана чектеш укуктардын ээлери кирет.";
- 9-пунктта: биринчи абзацтагы:
расмий тилдеги тексттин экинчи сүйлөмүндөгү "Решения Комиссии принимаются" деген сөздөр "Решение Комиссии принимается" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
үчүнчү сүйлөмүндөгү "тең экиге бөлүнгөн учурда" деген сөздөр "бирдей болгон учурда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Комиссиянын жыйыны комиссиянын мүчөлөрүнүн биргелешкен катышуусунда же видеоконференция режиминде электрондук коммуникация аркылуу өткөрүлүшү мүмкүн.";
- 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Комиссия жыйындын жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу органдын жетекчисине мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруучу уюмду түзүүгө макулдук берүү же аны берүүдөн баш тартуу жөнүндө Комиссиянын чечимин киргизет, ал ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет.";
- 11-пунктта:
биринчи абзацтагы "Авторлордун жана укук ээлеринин" деген сөздөр алып салынсын;
1-пунктчадагы "авторлордун жана укук ээлеринин 500дөн (беш жүз) кем эмес макулдугун жазуу жүзүндө алуу" деген сөздөр "500дөн (беш жүз) кем эмес авторлордун жана укук ээлеринин ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген формадагы макулдугун алуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
7-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) уюмдун Байкоочу кеңешин - анын аткаруу органдарынын ишин контролдоочу уюмду башкаруунун коллегиялык органын түзүү;";
- 12-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 7 жана 8-пунктчалар менен толукталсын:
"7) автордук сыйакыны чогултуу, бөлүштүрүү жана төлөө процессин автоматташтыруу үчүн пайдаланылган чыгармалардын эсебин жүргүзүүнүн автоматташтырылган системасынын болушу;
8) ыйгарым укуктуу органдын ушул пункттун 7-пунктчасында көрсөтүлгөн автоматташтырылган системада камтылган маалыматтарга тоскоолдуксуз жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү.";
- 13-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Ыйгарым укуктуу органдын талабы боюнча уюм 15 жумуш күндүн ичинде суралган маалыматты берүүгө милдеттүү.";
- 19-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19. Текшерүүгө документтерди ыйгарым укуктуу органга жыл сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин берүү зарыл. Текшерүү үчүн төмөнкү документтерди берүү зарыл:
1) уюмдун уставына же башка уюштуруу документтерине киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө;
2) ушул сыяктуу чет өлкөлүк жана ата мекендик уюмдар менен арыз ээсинин кызыкчылыгын өз ара коргоо жөнүндө уюм тарабынан күбөлөндүрүлгөн маалыматтарды кошкондо, ушул сыяктуу укуктарды башкаруучу чет өлкөлүк уюмдар менен мындай уюм тарабынан түзүлгөн эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашуулар жөнүндө;
3) жалпы чогулуштардын чечимдери жөнүндө;
4) талап кылынбаган сыйакылар жана аудитордук текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды кошкондо, жылдык баланс, жылдык отчет жөнүндө, анын ичинен төмөнкүлөр:
- арыз берилген датадан мурдагы отчеттук мезгил үчүн укук ээлерине төлөнгөн сыйакынын суммасы жөнүндө уюм тарабынан күбөлөндүрүлгөн маалымдама;
- сыйакыны чогултуу, бөлүштүрүү жана төлөө боюнча арыз ээсинин иш жүзүндөгү чыгымдарын жабууга сыйакыдан кармалуучу сумма жөнүндө уюм тарабынан күбөлөндүрүлгөн маалымдама;
- бухгалтердик баланстын аныктыгын ырастоочу аудитордук корутундуну тиркөө менен, арыз бергенден мурдагы акыркы отчеттук датага карата уюм тарабынан күбөлөндүрүлгөн бухгалтердик баланстын көчүрмөсү;
- автордук сыйакыны чогултуу жөнүндө маалымат;
- улуттук жана чет өлкөлүк авторлорго жана укук ээлерине автордук сыйакыны бөлүштүрүү жөнүндө маалымат;
5) мындай уюмдун атынан чыгууга ыйгарым укуктуу адамдар жөнүндө;
6) авторлор же укук ээлери менен түзүлгөн келишимдер, мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруу боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө уюм тарабынан күбөлөндүрүлгөн маалыматтар, алардын жарактуулук мөөнөтү арыз ээси документтерди бергенден кийин бир жылдан эрте эмес бүтөт (автордун же укук ээсинин аты-жөнү, келишимдин реквизиттери, башкарууга өткөрүлүп берилген укуктардын категориясы, укуктарды пайдалануу аймагы);
7) пайдалануучулар менен түзүлгөн, автордук укуктун жана чектеш укуктардын объекттерин пайдалангандыгы үчүн сыйакы (мындан ары - сыйакы) төлөө жөнүндө лицензиялык келишимдер жана/же келишимдер жөнүндө уюм тарабынан күбөлөндүрүлгөн маалыматтар (пайдалануучунун аталышы, келишимдин реквизиттери, укуктардын категориясы, укуктарды пайдалануу аймагы);
8) өз функцияларын ишке ашыруу боюнча андан ары иштөөнүн планы;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укук ээсинин макулдугусуз ачыкка чыгарылбай турган маалыматтардан тышкары, укук ээлери, автордук жана (же) чектеш укуктар объекттери, уюмдун башкаруусуна өткөрүлүп берилген укуктар жөнүндө маалыматтарды камтыган реестрдин болушу;
10) уюмда чыгармалары жана/же чектеш укуктар объекттери уюмдун иш чөйрөсүнө тиешелүү болгон авторлордун же башка укук ээлеринин 250дөн (эки жүз элүү) кем эмес мүчөлүгү;
11) уюмдун расмий сайтына реестрлерди жайгаштыруу;
12) авторлордун жана укук ээлеринин мүлктүк укуктарын жамааттык башкаруу чөйрөсүндө соттук талаш-тартыштардын болушу жөнүндө маалымат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 19-1-пункт менен толукталсын:
"19-1. Эгер ушул Жобонун 19-пункту менен каралган документтерди текшерүү процессинде документтер ушул Жобонун талаптарын бузуу менен берилгендиги аныкталса, ыйгарым укуктуу орган уюмга суроо-талапты алган учурдан тартып 10 жумуш күндүн ичинде аныкталган кемчиликтерди жоюу талабын жөнөтөт.";
- 21-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21. Уюмдун иши төмөнкүдөй учурларда токтотулат:
1) уюм тарабынан ушул Жобо менен белгиленген мөөнөттө бузуулар жоюлбаса;
2) ушул Жобо менен белгиленген мөөнөттө уюмдун иши жөнүндө отчетту ыйгарым укуктуу органга бербесе;
3) уюмдун уюштуруу документтери Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен коюлган талаптарга ылайык келбегендиги келип чыкса;
4) уюм ишти жүргүзүүдөн ыктыярдуу баш тартуу жөнүндө арыз берсе;
5) ыйгарым укуктуу органга атайылап жалган маалыматтарды камтыган уюмдун иши жөнүндө жылдык отчетту берсе;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка учурларда.";
- 22-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 23-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23. Ыйгарым укуктуу органдын чечими, аракети же аракетсиздиги административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык даттанылышы мүмкүн.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | У.А. Марипов |