Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-октябрындагы № 678 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-сентябрындагы № 489 токтомуна) |
Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруучу уюмдарга коюлуучу минималдуу талаптар жана алардын ишин контролдоо жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 12-августундагы № 122, 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 599 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Ушул Жобо интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруучу уюмдарга (мындан ары - уюмдар) коюлуучу минималдуу талаптарды, ошондой эле алардын ишин контролдоо тартибин аныктайт жана белгилейт.
1. Макулдук алууга арызды берүү жана кароо
1. Ыйгарым укуктуу органдын мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруучу уюмду түзүүгө макулдук берүү (мындан ары - макулдук берүү) жөнүндө чечимин алуу үчүн уюм ыйгарым укуктуу органга жеке кайрылууда же почта аркылуу жөнөтүү менен арыз берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 12-августундагы № 122 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) уюмдун аталышы, анын каттоо маалыматтары, иш жүзүндөгү дареги;
2) "Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган, аларды уюм башкарууну ниеттенген жамааттык башкаруу укуктарынын категориясы;
3) ыйгарым укуктуу адамдын колу жана уюмдун мөөрү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 12-августундагы № 122 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
1) уюштуруу документтеринин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
2) ушул Жобонун 11-пунктунда аталган маалыматтар менен документтер;
3) берилген документтердин уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн тизмеси;
4) арыз уюмдун өкүлү тарабынан берилген учурда, тиешелүү түрдө таризделген ишеним кат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 12-августундагы № 122 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ушул Жобонун 3-пунктунда көрсөтүлгөн документтер ыйгарым укуктуу органга мамлекеттик же расмий тилде берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 12-августундагы № 122 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Ыйгарым укуктуу орган арызды алууда номер ыйгаруу жана кабыл алган датаны көрсөтүү менен арыздарды каттоо журналына каттайт, мында документтердин тизмесинин арыз ээсинде калуучу нускасында арыздын кабыл алынгандыгы жөнүндө белги коюлат.
Арыз ээси Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык ыйгарым укуктуу органга берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
Арыз ээси арыздарды карап чыгуу боюнча комиссиянын (мындан ары - Комиссия) жыйыны өткөрүлүүчү датага чейин каалаган убагында арызын кайра сурап алууга укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 12-августундагы № 122 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Ыйгарым укуктуу орган арызды каттаган күндөн тартып 30 (отуз) жумуш күндүн ичинде ушул Жобонун 3-пунктунда каралган документтерде камтылган маалыматтардын толуктугун жана аныктыгын текшерет.
Эгер ушул Жобонун 3-пунктунда каралган документтерди текшерүү процессинде документтер ушул Жобонун талаптарын бузуу менен берилгени аныкталса, ыйгарым укуктуу орган арыз ээсине суроо-талапты жөнөткөн учурдан тартып 10 жумуш күндүн ичинде аныкталган кемчиликтерди жоюу сунушу менен суроо-талапты жөнөтөт.
Арыз ээси аныкталган кемчиликтерди белгиленген мөөнөттө жойбосо, ал боюнча иш кагаздарын жүргүзүү токтотулат. Арыз ага тиркелген документтер менен арыз ээсине кол койдуруу аркылуу берүү же аталган документтердин берилгени жөнүндө кабарлоо менен заказдык почта боюнча жөнөтүү аркылуу кайтарылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 12-августундагы № 122 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Арыз Комиссиянын жыйынында уюмдун өкүлүнүн катышуусу менен каралат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 12-августундагы № 122 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Комиссия жөнүндө жобо, анын жеке жана сандык курамы ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет.
Комиссиянын курамына ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрү, ыйгарым укуктуу органга арызды караган учурга чейин алардын мүлктүк укуктарын жамааттык негизде башкаруу боюнча ыйгарым укуктарын өткөрүп берген авторлор жана чектеш укуктардын ээлери кирет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 12-августундагы № 122 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Комиссия эгер жыйынга анын мүчөлөрүнүн үчтөн экиден кем эмеси катышса, арызды кароого укуктуу. Комиссиянын чечими анын жыйынына катышкан Комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүк жөнөкөй добушу менен кабыл алынат. Добуштар бирдей болгон учурда учурда, Комиссиянын төрагасы чечүүчү добушка ээ болот.
Комиссиянын жыйыны комиссиянын мүчөлөрүнүн биргелешкен катышуусунда же видеоконференция режиминде электрондук коммуникация аркылуу өткөрүлүшү мүмкүн.
Комиссиянын мүчөлөрүнүн сырттан добуш берүү аркылуу чечим кабыл алышына жана өз ыйгарым укуктарын башка жактарга өткөрүп берүүсүнө жол берилбейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 12-августундагы № 122 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Комиссия жыйындын жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу органдын жетекчисине мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруучу уюмду түзүүгө макулдук берүү же аны берүүдөн баш тартуу жөнүндө Комиссиянын чечимин киргизет, ал ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 12-августундагы № 122 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Уюмдарга коюлуучу талаптар
11. Мүлктүк укуктарын жамааттык негизде башкаруу боюнча ишти жүзөгө ашыруу үчүн макулдук алууга арыз берген уюмдарга карата төмөнкүдөй талаптар коюлат:
1) уюмдун иш чөйрөсүнө тиешелүү чыгармачылык багыттагы авторлордун жана укук ээлеринин мүлктүк укуктарын жамааттык башкаруу боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүгө 400дөн (төрт жүз) кем эмес авторлордун жана укук ээлеринин ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген формадагы макулдугун алуу;
2) өз иши жөнүндө маалыматты жайгаштыруу (жарыялоо) үчүн Интернет маалыматтык-телекоммуникациялык тармагында расмий сайтынын болушу;
3) расмий сайтка күн-түн режиминде кирүүнү, расмий сайтка жайгаштырылуучу маалыматтын ачыктыгын, ошондой эле ушундай маалыматты бекер берүүнү камсыздоо;
4) андан ары иштөөнүн планын, Кыргыз Республикасынын аймагында сыйакыны чогултуу, бөлүштүрүү жана төлөө боюнча функцияларды жүзөгө ашыруу мүмкүндүгүн, анын ичинен автордук сыйакыны бөлүштүрүү боюнча программалык продуктар жөнүндө маалыматты берүү;
5) автордук сыйакыны бөлүштүрүү регламенти;
6) авторлордун жана укук ээлеринин маалыматтар базасынын жана чыгармалардын репертуарынын болушу;
7) уюмдун Байкоочу кеңешин - анын аткаруу органдарынын ишин контролдоочу уюмду башкаруунун коллегиялык органын түзүү;
8) уюмдун кыймылсыз мүлкүн мамлекеттик каттоо жөнүндө документ.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 12-августундагы № 122, 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 599 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
12. Ыйгарым укуктуу органдын макулдугун алган жана 3 (үч) жылдан бери авторлордун жана укук ээлеринин мүлктүк укуктарын жамааттык негизде башкаруу боюнча үзгүлтүксүз иш жүргүзгөн уюмдарга төмөнкүдөй кошумча талаптар коюлат:
1) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык автордун жана/же укук ээсинин макулдугусуз ачыкка чыгарылбоого тийиш маалыматтардан тышкары, авторлор жана/же укук ээлери, автордук жана (же) чектеш укуктар объекттери жана уюмга өткөрүп берилген укуктар жөнүндө маалыматтарды камтыган реестрлерди (мындан ары - реестрлер) түзүү;
2) реестрлерди уюмдун расмий сайтына жайгаштыруу, ошондой эле пайдалануучулар менен келишимдерди түзүү жана сыйакы төлөө максатында аларды өз убагында актуалдаштыруу;
3) башка уюмдарга, ошондой эле уюмдар алардын кызыкчылыктары үчүн пайдалануучулар менен келишимдерди түзүшкөн авторлорго жана укук ээлерине реестрлерде камтылган жана уюм башкарган укуктарга тиешелүү кандай болбосун так эместиктер жөнүндө уюмга кабарлоого мүмкүндүк берүүчү жол-жоболорду киргизүү;
4) уюмдун региондук өкүлчүлүктөрүн ачуу;
5) жыл сайын көз карандысыз аудитордук текшерүү жүргүзүү;
6) эл аралык уюмда мүчөлүгүн жана/же ушул сыяктуу чет өлкөлүк уюмдар менен макулдашууда катышкандыгын ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү;
7) автордук сыйакыны чогултуу, бөлүштүрүү жана төлөө процессин автоматташтыруу үчүн пайдаланылган чыгармалардын эсебин жүргүзүүнүн автоматташтырылган системасынын болушу;
8) ыйгарым укуктуу органдын ушул пункттун 7-пунктчасында көрсөтүлгөн автоматташтырылган системада камтылган маалыматтарга тоскоолдуксуз жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 12-августундагы № 122 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Уюмдун ишин контролдоо
13. Ыйгарым укуктуу орган уюмдун ишин контролдойт.
Ыйгарым укуктуу органдын талабы боюнча уюм 15 жумуш күндүн ичинде суралган маалыматты берүүгө милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 12-августундагы № 122 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Авторлордун жана укук ээлеринин мүлктүк укуктарын жамааттык негизде башкаруу боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө типтүү келишим ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
15. Ыйгарым укуктуу орган сыйакыны чогултуу, бөлүштүрүү жана төлөө боюнча зарыл болгон административдик чыгымдарды жабууга уюм тарабынан кармалуучу, календардык жыл үчүн автордук сыйакы чогултуунун 25%ына чейинки өлчөмдөгү сумманын максималдуу чектик босогосун белгилейт.
16. Ыйгарым укуктуу орган уюмдун ишин контролдоодо автордук жана чектеш укуктар чөйрөсүндөгү эксперттерди, ошондой эле уюмдун финансылык ишин текшерүү үчүн аудитти тартууга укуктуу.
17. Текшерүүдө төмөнкү критерийлер каралат:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында сыйакыны чогултуу, бөлүштүрүү жана төлөө боюнча функцияларды жүзөгө ашыруу, ошондой эле улуттук жана эл аралык рыноктордо ата мекендик жана эл аралык авторлордун жана укук ээлеринин кызыкчылыктарын коргоо мүмкүндүгү;
2) бардык кызыкдар жактарга авторлор жана укук ээлери, уюмга өткөрүп берилген укуктар, ошондой эле автордук укуктун жана чектеш укуктардын объекттери жөнүндө маалыматтарды берүү мүмкүндүгү.
18. Уюм макулдук алган датадан тартып биринчи 3 (үч) жылда ыйгарым укуктуу орган жарым жылда бир жолу текшерүү түрүндө уюмдун ишин контролдоп турат.
3 (үч) жылдан кийин ыйгарым укуктуу орган жылына бир жолу текшерип турат.
19. Текшерүүгө документтерди ыйгарым укуктуу органга жыл сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин берүү зарыл. Текшерүү үчүн төмөнкү документтерди берүү зарыл:
1) уюмдун уставына же башка уюштуруу документтерине киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө;
2) ушул сыяктуу чет өлкөлүк жана ата мекендик уюмдар менен арыз ээсинин кызыкчылыгын өз ара коргоо жөнүндө уюм тарабынан күбөлөндүрүлгөн маалыматтарды кошкондо, ушул сыяктуу укуктарды башкаруучу чет өлкөлүк уюмдар менен мындай уюм тарабынан түзүлгөн эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашуулар жөнүндө;
3) жалпы чогулуштардын чечимдери жөнүндө;
4) талап кылынбаган сыйакылар жана аудитордук текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды кошкондо, жылдык баланс, жылдык отчет жөнүндө, анын ичинен төмөнкүлөр:
- арыз берилген датадан мурдагы отчеттук мезгил үчүн укук ээлерине төлөнгөн сыйакынын суммасы жөнүндө уюм тарабынан күбөлөндүрүлгөн маалымдама;
- сыйакыны чогултуу, бөлүштүрүү жана төлөө боюнча арыз ээсинин иш жүзүндөгү чыгымдарын жабууга сыйакыдан кармалуучу сумма жөнүндө уюм тарабынан күбөлөндүрүлгөн маалымдама;
- бухгалтердик баланстын аныктыгын ырастоочу аудитордук корутундуну тиркөө менен, арыз бергенден мурдагы акыркы отчеттук датага карата уюм тарабынан күбөлөндүрүлгөн бухгалтердик баланстын көчүрмөсү;
- автордук сыйакыны чогултуу жөнүндө маалымат;
- улуттук жана чет өлкөлүк авторлорго жана укук ээлерине автордук сыйакыны бөлүштүрүү жөнүндө маалымат;
5) мындай уюмдун атынан чыгууга ыйгарым укуктуу адамдар жөнүндө;
6) авторлор же укук ээлери менен түзүлгөн келишимдер, мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруу боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө уюм тарабынан күбөлөндүрүлгөн маалыматтар, алардын жарактуулук мөөнөтү арыз ээси документтерди бергенден кийин бир жылдан эрте эмес бүтөт (автордун же укук ээсинин аты-жөнү, келишимдин реквизиттери, башкарууга өткөрүлүп берилген укуктардын категориясы, укуктарды пайдалануу аймагы);
7) пайдалануучулар менен түзүлгөн, автордук укуктун жана чектеш укуктардын объекттерин пайдалангандыгы үчүн сыйакы (мындан ары - сыйакы) төлөө жөнүндө лицензиялык келишимдер жана/же келишимдер жөнүндө уюм тарабынан күбөлөндүрүлгөн маалыматтар (пайдалануучунун аталышы, келишимдин реквизиттери, укуктардын категориясы, укуктарды пайдалануу аймагы);
8) өз функцияларын ишке ашыруу боюнча андан ары иштөөнүн планы;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укук ээсинин макулдугусуз ачыкка чыгарылбай турган маалыматтардан тышкары, укук ээлери, автордук жана (же) чектеш укуктар объекттери, уюмдун башкаруусуна өткөрүлүп берилген укуктар жөнүндө маалыматтарды камтыган реестрдин болушу;
10) уюмда чыгармалары жана/же чектеш укуктар объекттери уюмдун иш чөйрөсүнө тиешелүү болгон авторлордун же башка укук ээлеринин 250дөн (эки жүз элүү) кем эмес мүчөлүгү;
11) уюмдун расмий сайтына реестрлерди жайгаштыруу;
12) авторлордун жана укук ээлеринин мүлктүк укуктарын жамааттык башкаруу чөйрөсүндө соттук талаш-тартыштардын болушу жөнүндө маалымат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 12-августундагы № 122 токтомунун редакциясына ылайык)
19-1. Эгер ушул Жобонун 19-пункту менен каралган документтерди текшерүү процессинде документтер ушул Жобонун талаптарын бузуу менен берилгендиги аныкталса, ыйгарым укуктуу орган уюмга суроо-талапты алган учурдан тартып 10 жумуш күндүн ичинде аныкталган кемчиликтерди жоюу талабын жөнөтөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 12-августундагы № 122 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу орган тарабынан анын расмий сайтына жайгаштырылат.
4. Уюмдун ишин токтотуу үчүн негиздер
21. Уюмдун иши төмөнкүдөй учурларда токтотулат:
1) уюм тарабынан ушул Жобо менен белгиленген мөөнөттө бузуулар жоюлбаса;
2) ушул Жобо менен белгиленген мөөнөттө уюмдун иши жөнүндө отчетту ыйгарым укуктуу органга бербесе;
3) уюмдун уюштуруу документтери Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен коюлган талаптарга ылайык келбегендиги келип чыкса;
4) уюм ишти жүргүзүүдөн ыктыярдуу баш тартуу жөнүндө арыз берсе;
5) ыйгарым укуктуу органга атайылап жалган маалыматтарды камтыган уюмдун иши жөнүндө жылдык отчетту берсе;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка учурларда.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 12-августундагы № 122 токтомунун редакциясына ылайык)
22. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 12-августундагы № 122 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерине жана иш-аракеттерине даттануу
23. Ыйгарым укуктуу органдын чечими, аракети же аракетсиздиги административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык даттанылышы мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 12-августундагы № 122 токтомунун редакциясына ылайык)