Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 11-августу № 120
"Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарындагы бак-дарактарды коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Т.Мамашова, И.Т.Гайпкулов, А.Н.Шыкмаматов, К.К.Иманалиев, А.М.Маматов, Н.В.Никитенко, С.К.Нышанов, Г-К.Самат, Б.И.Сулейманов, Э.Т.Токтошев, С.Шер-Нияз тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарындагы бак-дарактарды коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Төрага | У.А. Марипов |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-августундагы № 120 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарындагы бак-дарактарды коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Т.Мамашова, И.Т.Гайпкулов, А.Н.Шыкмаматов, К.К.Иманалиев, А.М.Маматов, Н.В.Никитенко, С.К.Нышанов, Г-К.Самат, Б.И.Сулейманов, Э.Т.Токтошев, С.Шер-Нияз тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарындагы бак-дарактарды коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзам долбоору) карап чыгып төмөнкүдөй корутундуга келди.
Мурда бул Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-июнундагы № 293 токтому менен жактырылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий корутундусу берилгендигин белгилөө зарыл.
Мында кайра киргизилген Мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогоруда аталган корутундусунда айтылган сын пикирлер жана сунуштар толук көлөмдө эске алынбагандыгын белгилейбиз, ушуга байланыштуу төмөнкүлөргө көңүл бурууну сунуштайбыз.
1. "Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык өсүмдүктөр тобу - түрдүк курамы жана түзүмү бири бири менен, айбанаттар жана курчаган чөйрө менен татаал өз ара алаканы шарттаган бир кылка аймакта өскөн өсүмдүктөрдүн жайылышынын жыйындысы.
Ушуга байланыштуу жана калктуу конуштарга мүнөздүү болбогон жапайы өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүнүн табигый экосистемалары тууралуу сөз болуп жатканын эске алып Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин биринчи абзацындагы "өсүмдүктөр тобунун бардык түрлөрүн камтуу менен" деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз.
2. Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин алтынчы абзацы менен "муниципалдык токойлор" деген түшүнүктү киргизүү сунушталган.
Бирок, белгилей кетчү нерсе, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жайыттарды жана токойлорду кошпогондо, жер менчиктин жеке жана муниципалдык формаларында болушу мүмкүн. Демек, токойлор муниципалдык менчикте болушу мүмкүн эмес.
Жогорудагынын негизинде Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин алтынчы абзацын алып салууну сунуштайбыз.
3. Мыйзам долбоору аткаруу бийлигинин системасына кирүүчү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, суу ресурстары боюнча адистештирилген мамлекеттик органдын укуктарын камтый турганын белгилөө зарыл (2-берененин сегизинчи, тогузунчу абзацтары, 7 жана 12-беренелер).
Ошону менен бирге "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 1-беренесине ылайык Өкмөт коллегиялык орган, Кыргыз Республикасында аткаруу бийлигинин органдарынын бирдиктүү системасын башкарат жана анын ишин жетектейт.
Аталган конституциялык Мыйзамдын 10 жана 11-беренелерине ылайык Өкмөт өзүнүн ыйгарым укуктарына негизденүү менен министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда алар жөнүндө жоболорду бекитүү жолу менен аларды ишке ашыруу боюнча милдеттерди бөлүштүрөт.
Ошентип, Өкмөткө баш ийген аткаруу бийлигинин органдарынын ишине, ыйгарым укуктарына жана функцияларына тиешелүү кандайдыр бир ченемдерди мыйзам деңгээлинде бекитүү, көрсөтүлгөн конституциялык Мыйзамдын жогоруда аталган беренелерине каршы келип, мамлекеттик бийликти бөлүштүрүү принцибин бузууга алып келет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна келип түшкөн "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" мыйзам долбоорунда ушундай ченемдер камтылгандыгын маалымат иретинде билдиребиз.
Жогорудагылардын негизинде Мыйзам долбоорунан аталган ыйгарым укуктуу органдардын ыйгарым укуктарын жана компетенцияларын регламенттөөчү жоболорду алып салууну жана аларды ченемдик көрсөтмөлөргө трансформациялоону сунуштайбыз.
4. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 49-беренесине ылайык эгерде мыйзамда, жер участогуна укугун ырастаган документтерде же келишимде башкача каралбаса, жер участогунун менчик ээси жана жерди пайдалануучу айыл чарба жана башка өсүмдүктөрдүн жана отургузулган бак-дарактардын аянттарын жана көчөттөрдү, жер участогун пайдалануунун натыйжасында алынган айыл чарба жана башка өндүрүлгөн өсүмдүктөрдү жана аны сатып өткөрүүдөн түшкөн кирешелерди менчиктөөгө укуктуу.
Мындан тышкары кыймылсыз мүлккө укуктарды (анын ичинде жер участокторуна) мамлекеттик каттоо маселелери жана аны менен болгон бүтүмдөр "Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын укуктук жөнгө салуу предмети болуп саналарын белгилейбиз.
Баяндалгандарга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 5-беренесин алып салууну сунуштайбыз.
5. Мыйзам долбоорунун 7-беренесинин үчүнчү абзацына ылайык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен методологиянын негизинде бак-дарактарды ыктыярдуу тартипте инвентаризациялоону жер участокторунун менчик ээлерине өткөрүп берүү сунушталууда.
Ошону менен бирге эгер белгиленген методологиялар ченемдик укуктук актынын мүнөздөрүнө ээ болсо, анда алар ченем жаратуучу субъекттер тарабынан бекитилиши керек экендигин белгилейбиз.
Алсак, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык укук ченеми - адамдардын аныкталбаган чөйрөсүнө жана көп ирет колдонууга эсептелген жалпыга милдеттүү жүрүм-турум эрежелери.
Ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу укугуна ченем жаратуучу органдар (кызмат адамдары) ээ, алардын тизмеси аталган Мыйзамдын 5-беренесинде аныкталгандыгын белгилөө зарыл.
Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 7-беренесинин үчүнчү абзацын кайра кароо жана толуктап иштеп чыгуу керек.
Ошол эле учурда бак-дарактарды ыктыярдуу тартипте инвентаризациялоо укук колдонуу практикасында абдан оор болушу мүмкүн экендигине көңүлүңөрдү бурабыз.
6. Мыйзам долбоорунун 8-беренесинин экинчи абзацына ылайык жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймак үчүн жашылдандыруунун ченеми калктуу конуштун бир тургунуна жыйырма бир чарчы метрден кем эмести түзөт. Калктуу конуштун жетиштүү аймагы жок болгон учурда бак-дарактар жанаша жайгашкан аймактарда отургузулушу мүмкүн.
Ошол эле учурда, Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымкатында Бишкек шаары боюнча бул көрсөткүч 1 адамга 3,5 чарчы метрге барабар деп көрсөтүлгөн.
Ар бир калктуу конуштун өзүнүн чек аралары бар жана калктуу конуштардын бардык жер тилкелери ар кандай менчик ээлеринин ортосунда бөлүштүрүлгөндүгүн эске алуу менен жашылдандыруу кайсы жерлердин эсебинен жана Мыйзам долбоорунун бул беренеси кантип ишке ашырылат? деген суроо туулат.
Баяндалгандарга байланыштуу, Мыйзам долбоорунун бул беренесин кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
7. Мыйзам долбоорунун 12-беренесине ылайык калктуу конуштарды сугат суу менен тиешелүү көлөмдө камсыз кылуу жоопкерчилигин Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдарына ылайык суу ресурстары боюнча адистештирилген мамлекеттик орган тартат.
Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодекси, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси менен белгиленген.
Буга байланыштуу жогоруда белгиленген аракеттерди бузуу үчүн кайсы ченемдик укуктук актыда жоопкерчилик белгиленгендигин талдап чыгууну жана көрсөтүүнү сунуштайбыз.
8. Мыйзам долбоорунун 16-беренесинде бак-дарактарды коргоо маселеси боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга катышуу боюнча жеке жана юридикалык жактардын укугу каралган.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына тикелей тиешеси болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлору ченем жаратуучу органдын расмий сайтына жайгаштыруу жолу менен коомдук талкууга алынууга тийиш экендигин белгилейбиз.
Жогоруда баяндалгандарды эске алып, жарандардын жана юридикалык жактардын коомдук талкуулоо процессиндеги ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна өз сунуштарын киргизүү мүмкүндүгү бар экенин белгилейбиз.
9. Мыйзам долбоорунун 17-беренесинде бак-дарактар жайгашкан жер участокторунун менчик ээлери же менчик формасына карабастан бак-дарактар жайгашкан жерге ээлик кылуу же пайдалануу укугун жүзөгө ашырган жактар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен жашылдандыруу стандарттарына жана бак- дарактарды багуу эрежелерине ылайык өз каражаттарынын эсебинен бак-дарактарды сактоону, багууну, күтүүнү жана калыбына келтирүүнү камсыз кылууга, ошондой эле аларды сактабоо үчүн жоопкерчилик тартууга милдеттендирүү сунушталууда.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 6-беренесине ылайык жер мыйзамдары бузулгандан башка учурларда, жер участогунун менчик ээлеринин жана жерди пайдалануучулардын ишине мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кийлигишүүсүнө жол берилбей тургандыгын белгилейбиз.
Ошондуктан Мыйзам долбоорунун көрсөтүлгөн беренесин алып салуу керек.
10. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 55-б буйругу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык эксперттик топ түзүлгөн.
Бул ведомстволор аралык эксперттик топко укук тармактары боюнча Кыргыз Республикасынын кабыл алынган концепцияларынын, стратегияларынын, программаларынын жана мыйзамдарынын Кыргыз Республикасынын Конституциясына, социалдык адилеттүүлүк жана өнөктөштүк, зарылдык, максатка ылайыктуулук жана натыйжалуулук, предметти жөнгө салуунун жетиштүүлүгү, укуктагы ички карама-каршылыктарды жана коллизияларды, өксүктөрдү жоюу принциптерине шайкеш келүүсүнө инвентаризация жүргүзүү тапшырылган.
Баяндалгандардын негизинде, жогоруда белгиленген эскертүүлөрдү жана сунуштарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аталган ведомстволор аралык эксперттик топтун иши аяктаганга чейин бул Мыйзам долбоорун кабыл алууну эрте деп эсептейт.