Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6 ноябры № 592
"Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" (2013-жылдын 1-февралындагы № 10) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-беренеде:
1-бөлүктө "89313475,0", "5439552,8" жана "106243648,2" сандары тийиштүү түрдө "90059257,7", "3950218,8" жана "97008751,8" сандарына алмаштырылсын;
2-бөлүктө "16930173,2" сандары "6949494,1" сандарына алмаштырылсын;
3-бөлүктө "16930173,2" сандары "6949494,1" сандарына алмаштырылсын.
2. 5-беренеде:
1-бөлүктө:
1-пунктта "3666155,5" сандары "3746155,5" сандарына алмаштырылсын;
2-пунктта "5439552,8" сандары "3950218,8" сандарына алмаштырылсын;
2-бөлүктө "2400,0" сандары "2380,0" сандарына алмаштырылсын.
3. 7-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда "475000,0" сандары "435000,0" сандарына алмаштырылсын.
4. 7-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жалпы билим берүү мектептеринин 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануусун уюштурууга бөлүнгөн каражаттарды өз убагында жана максаттуу пайдаланууга жоопкерчиликти Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары тартат.".
5. 10-берененин биринчи абзацында "192642,7" сандары "189342,7" сандарына алмаштырылсын.
6. 12-берененин 1-бөлүгүндө "11177145,7" сандары "6666625,8" сандарына алмаштырылсын.
7. Жогоруда аталган Мыйзамдын 1, 1-1, 1-2, 1-3, 2, 2-1, 3, 4, 4-1, 4-2, 5-тиркемелери ушул Мыйзамдын 1, 1-1, 1-2, 1-3, 2, 2-1, 3, 4, 4-1, 4-2, 5-тиркемелерге ылайык редакцияда баяндалсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
"Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
Колдонуудагы редакция | Сунушталган редакция |
1-берене. 1. Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 89313475,0 миң сом (өнүктүрүү бюджетинин алкагындагы 5439552,8 миң сом гранттык каражаттарды кошкондо) жана чыгашалар боюнча 1-тиркемеге ылайык 106243648,2 миң сом суммасында бекитилсин. | 1-берене. 1. Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 90059257,7 миң сом (өнүктүрүү бюджетинин алкагындагы 3950218,8 миң сом гранттык каражаттарды кошкондо) жана чыгашалар боюнча 1-тиркемеге ылайык 97390441,5 миң сом суммасында бекитилсин. |
2. Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектик өлчөмү 16930173,2 миң сом суммасында белгиленсин. | 2. Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектик өлчөмү 6949494,1 миң сом суммасында белгиленсин. |
3. Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгын жабууга тышкы жана ички каржылоо булактарынан 16930173,2 миң сом суммасында каражат багытталсын. | 3. Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгын жабууга тышкы жана ички каржылоо булактарынан 6949494,1 миң сом суммасында каражат багытталсын. |
5-берене. 1. Кыргыз Республикасынын 2013-жылга өнүктүрүү бюджетинин чыгашалары жана 2014-2015-жылдарга болжолу 3-тиркемеге ылайык белгиленсин. 2013-жылы өнүктүрүү бюджеттин каржылоо үчүн каражаттар республикада төмөнкүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат: 1) ички булактардан - 3666155,5 миң сом; 2) тышкы булактардан: МИП - 14781278,0 миң сом, гранттык каражаттар - 5439552,8 миң сом. | 5-берене. 1. Кыргыз Республикасынын 2013-жылга өнүктүрүү бюджетинин чыгашалары жана 2014-2015-жылдарга болжолу 3-тиркемеге ылайык белгиленсин. 2013-жылы өнүктүрүү бюджеттин каржылоо үчүн каражаттар республикада төмөнкүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат: 1) ички булактардан - 3746155,5 миң сом; 2) тышкы булактардан: МИП - 14781278,0 миң сом, гранттык каражаттар - 3950218,8 миң сом. |
2. Капиталдык салымдарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2400,0 млн. сом суммасында бекитилсин жана алар артыкчылыктуу тартипте 2012-жылга бекитилген тизмедеги курулуш объектилерин бүткөрүүгө багытталсын. | 2. Капиталдык салымдарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2380,0 млн. сом суммасында бекитилсин жана алар артыкчылыктуу тартипте 2012-жылга бекитилген тизмедеги курулуш объектилерин бүткөрүүгө багытталсын. |
7-берене. 1. Белгиленсин: 1) Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринин 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануусун уюштурууга каражаттар (республикалык маанидеги шаарларды кошпогондо) 2013-жылга 475000,0 миң сом суммасында; | 7-берене. 1. Белгиленсин: 1) Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринин 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануусун уюштурууга каражаттар (республикалык маанидеги шаарларды кошпогондо) 2013-жылга 435000,0 миң сом суммасында; |
10-берене. Мурда областтардын бюджетинде турган мекемелерди 2013-жылга республикалык бюджеттен жалпы 192642,7 миң сом суммасында каржылоо 4-тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн. | 10-берене. Мурда областтардын бюджетинде турган мекемелерди 2013-жылга республикалык бюджеттен жалпы 189342,7 миң сом суммасында каржылоо 4-тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн. |
12-берене. 1. 2013-жылга республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттер үчүн категориялык гранттардык өлчөмдөрү 5-тиркемеге ылайык билим берүү чөйрөсү үчүн 11177145,7 миң сом чыгашалардын жалпы суммасында бекитилсин. | 12-берене. 1. 2013-жылга республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттер үчүн категориялык гранттардын өлчөмдөрү 5-тиркемеге ылайык билим берүү чөйрөсү үчүн 6666625,8 миң сом чыгашалардын жалпы суммасында бекитилсин. |
"Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбооруна карата НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМ КАТ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизет.
Макроэкономикалык өзгөртүүлөрдү киргизүү республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн учурдагы жагдайы менен шартталган. Алсак, номиналдык ИДПнын күтүлгөн көлөмү 351140,8 млн.сомду түзөт, 2013-жылдын 1-февралындагы № 10 КР Мыйзамына (354419,5 млн.сом) карата 3278,7 млн.сомго азаюу менен. ИДПнын номиналдык көлөмүнүн азайышы төмөнкү шарттардан келип чыгат:
- бекитилген болжол менен салыштырмалуу алтынга баалардын кескин төмөндөшү (дээрлик 15,0%га);
- керектөө бааларынын индексинин өсүш арымынын басаңдашы;
- кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө дүйнөлүк жана негизги соода өнөктөш өлкөлөрдүн ИДПсынын өсүшүнүн төмөндөө тарабына кайра каралышы үчүн басаңдатылган өсүш арымдары.
Мында ИДПнын өсүшүнүн анык арымы 7,8% көбөйөт (бекитилген бюджетте 7,0%).
Инфляциянын деңгээлинин 6,9% чейин (бекитилген бюджетте 8,0%) төмөндөшү күтүлүүдө.
2013-жылга бюджеттин киреше бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүнө оңдоолорду киргизүү боюнча сунушталып жаткан долбоордо МИП гранттарын эсепке алуу менен республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 90059,3 млн.сомду түзөт, бекитилген бюджетке карата 745,8 млн.сомго көбөйүү менен.
Республикалык бюджеттин салыктык кирешелеринин түшүүлөрү бекитилген көрсөткүчтөргө салыштырмалуу 107,6 млн.сомго азайтылган. Азаюунун негизги себеби болуп дүйнөлүк рынокто алтынга баалардын төмөндөшү саналат.
"Саламаттык сактоо жаатында секторалдык саясатты, социалдык коргоону колдоо" программасы боюнча ЕС грантынын эсебинен республикалык бюджеттин салыктык кирешелеринин түшүүсү 323 млн.сом суммасына көбөйтүлгөн, Россия гранты 987,2 млн.сом; SWAp гранты 116 млн.сом суммасына.
Дүйнөлүк банктын "Өнүктүрүү жаатында саясатты колдоо операциясы 1" программасы боюнча грантынын түшүүсү 96,8 млн.сом суммасында жана МИП гранттарынын 1489,3 млн.сомго азайтылган. Ошентип республикалык бюджеттин программалык гранттарынын жана эл аралык донорлордун түшүүлөрү бекитилген көрсөткүчтөргө салыштырмалуу 61,8 млн.сомго азайтуу сунушталат.
Республикалык бюджеттин салыктык эмес кирешелери боюнча түшүүлөрү 915,1 млн.сомго көбөйтүлгөн, негизинен 1046,8 млн.сом өлчөмүндө бюджеттик каражаттардын атайын каражаттарынын суммаларынын эсебинен.
Республикалык бюджеттин ресурстук бөлүгүндө Түркия кредитинин түшүүлөрү 1054,7 млн.сом суммасына көбөйтүлгөн. SWAp кредити жана Дүйнөлүк банктын кредити боюнча тийиштүү түрдө 107,6 млн.сом жана 118,2 млн.сом суммасына кредит боюнча болжол азайтылган. Ошондой эле бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредитор боюнча негизги сумманы тындыруу боюнча түшүүлөр 239 млн.сомго көбөйтүлгөн.
Мамлекеттик бюджеттин МИП гранттарын эсепке алуу менен жалпы кирешелери 102653 млн.сомду түзөт жана бекитилген бюджетке салыштырмалуу 1131,4 млн.сомго көбөйөт. Мамлекеттик бюджеттин салыктык кирешелери 75497,4 млн.сомду түзөт бекитилген бюджетке салыштырмалуу 107,6 млн.сомго азаюу менен. Мамлекеттик бюджеттин салыктык эмес кирешелери 18527,1 млн.сомду түзөт жана бекитилген суммаларга карата 1300,7 млн.сомго көбөйөт.
Республикалык бюджеттин чыгашалары 97008,8 млн.сомду түзөт (ИДПга карата 27,6%), бул бекитилген бюджеттен (106243,6 млн.сом) 9234,8 млн.сомго аз, анын ичинде бюджеттик каражаттар 79221,1 млн.сомду, 811,6 млн.сомго көбөйүү менен (78409,5 млн.сом) түзөт, МИП каражаттары 9035,1 млн.сомду түзөт, 11185,7 млн.сомго азаюу менен (20220,8 млн.сом) атайын каражаттар 8752,5 млн.сомду түзөт (жылдын башына калган калдыктарды кошкондо 958,6 млн.сом), бекитилген бюджетке карата 2005,4 млн.сомго көбөйүү менен (6747,1 млн.сом).
2001-жылдын Мамлекеттик финансы статистиканын эл аралык стандарттарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кыргыз Республикасынын 2012-жыл үчүн республикалык бюджетин аткаруунун аудитинин жыйынтыктары боюнча сунуштарына ылайык финансылык активдер катары эсепке алынган жана тийиштүү түрдө бюджеттин тартыштыгын жабуу булактарында чагылдырылган кайра кредиттелген каражаттар бөлүгүндө МИПти эсепке алууда өзгөртүүлөр жүргүзүлдү.
2013-жылы гранттык жана кредиттик каражаттарды кайра каржылоого 10562,6 млн.сомду багыттоо пландалууда. Анын ичинен кредиттик - 9635,5 млн.сом, гранттык каражаттар - 927,1 млн.сом.
2013-жылга мамлекеттик бюджеттин чыгашалары 109602,5 млн.сом деңгээлинде (ИДПга карата 31,2%) каралууда, же бекитилген бюджеттен 8849,3 млн.сомго (118451,8 млн.сом) аз.
2013-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгы 6949,5 млн.сомду түзөт, бул ИДПга карата 2,0%ды түзөт же бекитилген көрсөткүчтөн 9980,7 млн.сомго аз.
2013-жылы бюджеттин тартыштыгын жабууга 6949,5 млн.сом суммасында каржылоо булактары каралган.
Бюджеттин тартыштыгын каржылоонун ички булактары боюнча 11018,4 млн.сом өлчөмүндө терс сальдо каралган.
Ички булактардан түшүүлөр 10616,7 млн.сомду түзөт, анын ичинде:
- МБК сатуудан түшүүлөр - 7602,3 млн.сом;
- КРӨ эсеп-чотторунда калдыктар - 958,6 млн.сом;
- МИП кредиттерин жана гранттарын кайра каржылоо - 10562,6 млн.сом;
- бюджеттик ссудаларды кайтаруу - 1599,9 млн.сом.
Тындыруу - 8869,5 млн.сомду түзөт.
Кредиттер, ссудалар жана зайымдар - 1731,1 млн.сом.
Акциялар жана капиталга катышуунун башка формалары - 16,1 млн.сом.
Тышкы булактар боюнча 17967,9 млн.сом суммасында оң сальдо долбоорлонууда.
Тышкы булактардан түшүүлөр төмөнкүлөрдү түзөт:
- тышкы программалык зайымдардан түшүүлөр 5352,6 млн.сомду;
- МИПке тышкы зайымдардан түшүүлөр 14781,3 млн.сомду түзөт.
Тышкы карыздын негизги суммасын тындыруу 2166,0 млн.сом өлчөмүндө болжолдонууда
Финансы министри | О. Лаврова |
|
|
|