Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 823 токтому менен бекитилген |
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында жеке өнөктөргө мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда жер участогун берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында токой, суу фондунун жерлерин, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлерин, запастагы жерлерди, чек ара зонасынын жерлерин, Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин жана жайыттарды кошпогондо мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган жер участокторун (мындан ары - жер участогу) мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда жеке өнөктөргө берүүнүн тартибин жана шарттарын белгилейт.
2. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө (мындан ары - МЖӨ) макулдашууну ишке ашыруунун алкагында жер участогун убактылуу пайдалануу укугун акысыз берүүнү мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган жерлерди башкарган же тескеген ыйгарым укуктуу орган тооруктарды (конкурстарды) өткөрбөстөн жүргүзөт, эгерде МЖӨ долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесинде жеке өнөккө жер участогун берүү каралса.
Жеке өнөккө мөөнөттүү (убактылуу) колдонууга берилүүчү жер участогу Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин талаптарына ылайык анын арналышынын категориясына шайкеш келиши керек жана МЖӨ долбоорун ишке ашырууда сатып алынууга жана ажыратуунун бардык түрүнө тийиштүү эмес.
3. Жер участогу МЖӨ жөнүндө макулдашуунун колдонулуу мөөнөтүнө, бирок Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөн ашпаган мөөнөткө берилет. Жер участогун пайдалануу мөөнөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда узартылышы мүмкүн.
4. Эгерде МЖӨ долбоорун демилгелөө тууралуу мамлекеттик өнөктүн чечими аны даярдоо баскычында кабыл алынса, жер участогун бөлүп берүү боюнча жерге жайгаштыруу долбоорлору жана аны мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү үчүн жер мыйзамдарына ылайык талап кылынуучу жерге жайгаштыруу боюнча башка документтер мамлекеттик өнөктүн демилгеси (арызы) боюнча иштелип чыгат. Мамлекеттик өнөк жерге жайгаштыруу боюнча документтерди мамлекеттик органдар жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашат.
Мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу шарттарында берилүүчү жер участогу оорлотуусуз жана чектөөлөрсүз жеке өнөктү тандоо баскычында белгиленген тартипте түзүлөт.
5. МЖӨ долбоорун демилгелеген мамлекеттик өнөк жана/же жеке өнөк тарабынан жерге жайгаштыруу жана аны экспертизалоо боюнча документтерди иштеп чыгууга (даярдоого) кеткен, документтер менен ырасталган чыгымдардын ордун МЖӨ жөнүндө макулдашуунун шарттарына ылайык долбоорлор боюнча тендердин жеңүүчүсү толтурат.
Эгерде МЖӨ долбоору жеке өнөк тарабынан демилгеленсе, жерге жайгаштыруу документтерин иштеп чыгуу (даярдоо) жана аны экспертизалоо боюнча иштерге ал төлөгөн төлөм тендердин башка катышуучуларына салыштырмалуу жеке өнөктү аныктоо боюнча тендерде ал үчүн артыкчылык болуп эсептелбейт.
6. Жеке өнөк тарабынан жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануунун тартиби жана шарттары МЖӨ жөнүндө макулдашууда көрсөтүлөт.
7. МЖӨ жөнүндө макулдашуунун колдонулушу токтогондон кийин жеке өнөк МЖӨ долбоорун жүзөгө ашыруу үчүн ага берилген жер участогун бошотууга милдеттүү.