Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-декабры № 823
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында жеке өнөктөргө мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда жер участогун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында жеке өнөктөргө убактылуу пайдалануу (ижара) укугунда жер участогун берүүнүн тартибин жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 29-статьясынын 6-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында жеке өнөктөргө мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда жер участогун берүүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-январындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча тендер өткөрүү эрежелерин жана тендердик документтерди даярдоонун тартибинде:
- 8-пункттун 2-пунктчасынын "д)" пунктчасы "жеке өнөк өзүнө алуучу тобокелдер" деген сөздөрдөн кийин ", жеке өнөктүн жер участогун пайдалануусунун баасы жана шарттары (зарыл болгон учурда)" деген сөздөр менен толукталсын.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирүү сунушталсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 11-декабрында № 119 жарыяланды
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Т.Сариев |