Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-марты № 157
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана мекемелерине автоунаа каражаттарын өткөрүп берүү жөнүндө
Бишкек шаарында 2013-жылдын 11-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө автомобиль техникасын берүү жөнүндө макулдашууда каралган гранттын эсебинен алынган автоунаа каражаттарын натыйжалуу пайдалануу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 257-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 25-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана мекемелерине ыкчам башкарууга 21 автоунаа каражаты тиркемеге ылайык өткөрүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автоунаа каражаттарын өткөрүп берүү боюнча зарыл чараларды көрүшсүн;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигин кошпогондо, мамлекеттик органдардын жана мекемелердин Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына караштуу "Автотранспорттук бирикме" мамлекеттик ишканасы менен автоунаа каражаттарын тейлөөгө келишим түзүүлөрүн камсыз кылышсын.
3. Мамлекеттик органдар жана мекемелер белгиленген тартипте:
- ушул токтомдун тиркемесине ылайык автоунаа каражаттарын ыкчам башкарууга өткөрүп алышсын;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык автоунаа каражаттарын кайра каттоону жүргүзүшсүн.
4. Ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик органдарга жана мекемелерге автоунаа каражаттары ыкчам башкарууга өткөрүп берилген күндөн тартып бажы алымдарын жана салыктардын шарттуу эсептелген суммасын төлөө боюнча милдеттенме токтотулары белгиленсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2014-жылдын 21-мартында № 20 жарыяланды
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 157 токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана мекемелерине ыкчам башкарууга өткөрүп берилүүчү автоунаа каражаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Мамлекеттик органдын аталышы | Автомашинанын чыккан жылы | Автомашинанын кузовунун номери | Автомашинанын кыймылдаткычынын номери |
"Датум" маркасындагы автомашина | ||||
1 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши | 2012 | LSKG5GC17CA215798 | R9129005676 |
"Кадиллак" маркасындагы автомашиналар | ||||
2 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши | 2013 | LSGGH59LODS045911 | 123550155 |
3 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши | 2013 | LSGGH59L5DS046780 | 123560378 |
4 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши | 2013 | LSGGH59L0DS046007 | 130240315 |
5 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши | 2013 | LSGGH59LXDS044569 | 130040067 |
6 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши | 2013 | LSGGH59L9DS044837 | 130040076 |
7 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши | 2013 | LSGGH59L3DS045952 | 130040171 |
8 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши | 2013 | LSGGH59L2DS045909 | 123560348 |
9 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши | 2013 | LSGGH59L0DS045908 | 123550153 |
10 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши | 2013 | LSGGH59L1DS045853 | 123550149 |
11 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши | 2013 | LSGGH59L3DS045451 | 130280004 |
12 | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы | 2013 | LSGGH59L1DS046162 | 130040176 |
13 | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия | 2013 | LSGGH59LODS046301 | 130240258 |
14 | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы | 2013 | LSGGH59L0DS046010 | 130040065 |
15 | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы | 2013 | LSGGH59L8DS045591 | 130040064 |
16 | Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилиги | 2013 | LSGGH59L0DS046671 | 123530512 |
17 | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги | 2013 | LSGGH59L0DS045391 | 130250842 |
18 | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги | 2013 | LSGGH59L0DS046668 | 130020136 |
19 | Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги | 2013 | LSGGH59L4DS052523 | 130370281 |
20 | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги | 2013 | LSGGH59L8DS047275 | 130220261 |
21 | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги | 2013 | LSGGH59L1DS047277 | 130030188 |