Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме |
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 87 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрт коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-августундагы № 131 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрт коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекция (мындан ары - ӨКМИ) өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү талаптарды сактоо маселелери боюнча мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
2. ӨКМИ өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларды, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. ӨКМИ юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби жана өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, белгиленген үлгүдөгү башка мөөрлөрү, штамптары жана бланктары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин Борбордук казыналык тутумунда алыш-бериш жана башка эсеби бар.
4. ӨКМИ өзүнүн ишин башка аткаруу бийлик органдары, аймактык мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар менен кызматташтыкта жүргүзөт.
5. ӨКМИнин толук аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрт коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекция";
2) расмий тилде: "Государственная инспекция по пожарной безопасности при Министерстве чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики".
6. ӨКМИнин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Манас проспекти, 101/1, Жумабек көчөсү, 203/1.
2. ӨКМИнин максаттары жана милдеттери
7. ӨКМИнин ишинин максаты өрт коопсуздугунун ченемдеринин жана талаптарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүзөгө ашыруу.
8. ӨКМИнин милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- коргоо объектилерине карата өрт коопсуздугунун техникалык регламенттеринин ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын сакталышын мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдер боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуу.
3. ӨКМИнин функциялары
9. ӨКМИ белгиленген иш чөйрөсүндө төмөнкү функцияларды аткарат:
1) көзөмөлдөө жана контролдоо функциялары:
белгиленген тартипте төмөнкүлөрдүн сакталышын көзөмөлдөйт:
- өрткө каршы курулуш конструкцияларын, жабдыктарын жана инвентарларын жасап чыгарууда, курууда, реконструкциялоодо, монтаждоодо, орнотуп-иштетүүдө, оңдоодо жана эксплуатациялоодо, ошондой эле өрттөн коргоо тутумдарынын техникалык түзүлүштөрүнүн өрт коопсуздугунун талаптарынын;
- менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан ишканалар, мекемелер жана уюмдар, ошондой эле кызмат адамдары жана жеке адамдар тарабынан өрт коопсуздугунун талаптарынын, ченемдеринин жана эрежелеринин;
белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү контролдойт:
- өрттөн коргоо тутумдарын жана каражаттарын, анын ичинде өрттү өчүрүүнүн биринчи каражаттарын оң абалда кармалышын;
- өрттү өчүрүүгө уюмдардын, ыктыярдуу өрткө каршы кызматтардын болушун жана даярдыгын;
- курулуш объектилеринин өрт коопсуздугу боюнча долбоордук документтерге шайкештигин;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн өрт коопсуздугунун талаптарына шайкештигин.
4. ӨКМИнин укуктары
10. ӨКМИ төмөнкүлөргө укуктуу:
- менчигинин түрүнө жана уюштуруу-укуктук формасына карабастан баардык уюмдарда Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө;
- ӨКМИ өкүлдөрүн өрт коопсуздугуна байланышкан маселелер боюнча комиссиялардын ишине катышуу үчүн дайындоого;
- мамлекеттик органдарга, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарга жана жеке жактарга текшерүү учурунда аныкталган өрт коопсуздугунун талаптарын бузууларды четтетүү жөнүндө милдеттүү буйруктарды (билдирүүлөрдү, көрсөтмөлөрдү) киргизүүгө;
- бузуунун мүнөзүн эске алуу менен негизделген мөөнөттө бузууларды четтетүүнү талап кылууга;
- мыйзамдарды бузуу жөнүндө материалдарды кароого, берилген ыйгарым укуктардын чегинде юридикалык жана жеке жактарга айып пул жана башка жаза түрлөрүн салууга;
- бузууга жол берген адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени кароо үчүн көзөмөл, сот жана укук коргоо органдарына материалдарды берүүгө;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде маселелерди кароо үчүн эксперттерден жана адистерден турган жумушчу топторун белгиленген тартипте түзүүгө;
- республиканын мамлекеттик башкаруу органдары, уюмдар, илимий-изилдөө жана долбоорлоо-конструктордук институттары менен макулдашуу боюнча алардын адистерин өндүрүштүн, объектилердин жана жумуштардын коопсуздугуна байланыштуу текшерүүлөр, көз карандысыз экспертизалар жана иштеп чыгуулар үчүн тартууга;
- башка мамлекеттик башкаруу органдарынын жетекчилеринен жана кызмат адамдарынан, юридикалык жана жеке жактардан өрт коопсуздугун камсыздоо боюнча көзөмөлдөө жана контролдоо функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон документтерди, түшүнүк каттарды, маалыматтарды суроого жана акысыз алууга;
- уруксаттын (күбөлүктүн) колдонуу шарттары аткарылбаган же болбосо коопсуздуктун талаптары одоно бузуу аныкталган учурда, эгер бул жазык жоопкерчилигине кириптер кылбаса, лицензиянын, уруксаттын, күбөлүктүн колдонулушун токтото туруу же аларды чакыртып алуу жөнүндө, ошондой эле күбөлүктөрдүн колдонулушун токтотуп туруу жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте мамлекеттик органдарга (лицензияларга) киргизүүгө;
- өрт коопсуздугунун талаптарын системалуу түрдө бузган кызмат адамдарын тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө министрликтердин, ведомстволордун жана уюмдардын жетекчилерине сунуш киргизүүгө;
- Министрлик менен макулдашуу боюнча өз компетенциясынын чегинде белгиленген тартипте эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырууга;
- белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине кийин жиберүү үчүн Министрликке төмөнкүлөр тууралуу сунуш киргизүүгө:
өрт коопсуздугу жаатында контролдоо жана көзөмөлдөө ишин өркүндөтүү жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйындарында министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, чарбакер субъекттердин жетекчилеринин өрт коопсуздугунун маселелери боюнча отчетторун угуу жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин, министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өрт коопсуздугу жаатындагы мыйзамга каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу жөнүндө.
5. ӨКМИнин ишин уюштуруу
11. ӨКМИни Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу боюнча башкы мамлекеттик инспектору болуп саналган директор жетектейт.
12. ӨКМИнин директору Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Директордун орун басары Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат, ал түздөн-түз директорго баш иет, ӨКМИнин ишин функциялык милдеттерине ылайык уюштурат. Директор жокто анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
13. ӨКМИнин директору:
- өз ишинде түздөн-түз Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрине баш иет;
- ӨКМИнин ишин жетектейт жана ӨКМИге жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн жана иштердин жыйынтыгына жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Министрликтин чечимдеринин аткарылышын белгиленген тартипте камсыз кылат;
- ишеним катсыз, ӨКМИнин атынан иш алып барат, республиканын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында, жалпы юрисдикциядагы соттордо анын кызыкчылыгын коргойт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коет;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде, ӨКМИнин бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды, тескемелерди чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышына текшерүү уюштурат;
- ӨКМИнин мүлкүн, финансы каражаттарын башкаруу боюнча чечимдерди белгиленген тартипте кабыл алат жана финансы-чарбалык иши үчүн толук жоопкерчилик тартат;
- ӨКМИнин түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитүү үчүн Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрине киргизет;
- ӨКМИнин түзүмдүк бөлүмдөрү жана кызматкерлердин кызматтык нускамалары жөнүндө жоболорду бекитет;
- белгиленген тартипте ведомстволук комиссияларды түзөт;
- ӨКМИнин түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн мыйзамдарга каршы келген чечимдерин жокко чыгарат;
- ӨКМИнин кызматкерлерин Министрликтин ведомстволук сыйлыктарына көрсөтөт;
- белгиленген тартипте өзгөчө айырмаланган кызматкерлерди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана башка сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри тарабынан бекитилген кызматтык номенклатурага ылайык ӨКМИнин кызматкерлерин белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
14. ӨКМИнин өздүк курамы аскер кызматкерлери, мамлекеттик кызматкерлер, кызматчылар, кенже жана техникалык тейлөөчү персонал менен толукталат.
15. Мамлекеттик инспекцияны жүргүзүү укугу берилген ӨКМИнин кызматкерлери аларга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.
Мамлекеттик инспекторлордун ӨКМИнин директору тарабынан белгиленген тартипте берилүүчү энчилүү мөөрлөрү болот.
16. ӨКМИнин кызматкерлери белгиленген тартипте бекитилген жазма буйруктардын бланктарын жана отчетуулук формаларын пайдаланышат.
ӨКМИнин кызматкерлеринде бирдей үлгүдөгү күбөлүктөрү, ошондой эле жеке номери бар мөөрлөрү болот.
17. ӨКМИнин кызматкерлерин укуктук жана социалдык жактан коргоо Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" жана "Аскер кызматкерлеринин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
6. Жоопкерчилик
18. ӨКМИнин кызматкерлери аларга жүктөлгөн кызматтык милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган, мыйзамга каршы аракеттерди жасаган (аракет кылбаган) учурда Кыргыз Республикасынын жазык, эмгек, административдик жана жарандык мыйзамдарына ылайык тартиптик, административдик, материалдык жана жазык жоопкерчилигине тартылат.
19. ӨКМИнин кызматкерлеринин иш-аракеттерине "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
7. Мүлк жана финансы
20. ӨКМИнин негизги иши боюнча бухгалтердик, статистикалык эсепке алуу жана отчеттуулук бухгалтердик, статистикалык эсеп чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
21. ӨКМИни каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт:
- республикалык бюджеттин;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын.
8. Кайра уюштуруу жана жоюу
22. ӨКМИни кайра уюштуруу жана жоюу, ал жоюлган же кайра уюштурулган учурда мүлктү бөлүштүрүү тартиби Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
23. Иши токтотулган учурда ӨКМИнин документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана колдонулат.