Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2008-жылдын 29-январы № 27
Кыргыз Республикасынын 2006-жыл үчүн республикалык бюджетин аткаруу аудитинин жыйынтыктары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасы жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын 2006-жыл үчүн республикалык бюджетин аткаруу аудитинин жыйынтыктары 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2006-жылга экономикалык саясаттын негизги багыттары жөнүндө биргелешкен билдирүүсүндө аныкталган макроэкономикалык турукташтыруу максаттарына жетишилбей калгандыгын көрсөткөндүгүн белгилейт.
Алсак, 4 макроэкономикалык көрсөткүчтүн экөөсү боюнча белгиленген максаттарга жетишилген эмес, ушинтип ИДПнын өсүшүнүн белгиленген божомолунан (8,0 проценттин ордуна 2,7 процент) ИДПнын өсүшү 5,3 процентке артта калуусу жана учурдагы операциялардын эсептеринин дефицитинин өсүшү 16,3 процентке (7,7 проценттин ордуна 24,0 процент) ашып кеткендиги белгиленген.
Коммерциялык банктардын этиет кредит саясаты жана ишкердик активдүүлүктүн төмөндөшү жөнүндө күбөлөндүрүүчү банктардын резервдеринин өсүшүнө карай тенденция уланууда. Алсак, 2006-жылы 2005-жылга салыштырганда банктардын резервдик фонддору 2051,8 млн. сомдон 2889,1 млн. сомго чейин көбөйгөн.
Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн импорту билдирилген 4,4 айдын деңгээлинде эл аралык резервдерди кармоо камсыз кылынган эмес, алардын иш жүзүндөгү деңгээли 2006-жылы 3,7 айды түзөт.
Ички кредитордук карыздарды жоюунун төмөнкү деңгээли белгиленүүдө, бул Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду (мындан ары - ЭӨМФ) тарабынан заемчулардын финансылык иш-аракеттерине пассивдүү мониторинг жүргүзүүгө байланыштуу. Заемчулардын карыздык милдеттенмелерди аткарбашы Кыргыз Республикасынын тышкы карызын төлөө жана өлкөнүн кредиттик рейтингинин төмөндөө проблемасындагы негизги себептеринин бири болуп калууда.
Алсак, 2006-жылдын 31-декабрына карата ЭӨМФнын маалыматы боюнча өнөр жай ишканаларынын мөөнөтү өткөн карызы 2962,3 млн.сомду түзөт. Бирок, Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын аудити тарабынан энергетика комплекси боюнча бул сумма 995,9 млн. сомго азайтылып көрсөтүлгөндүгү аныкталган жана мөөнөтү өткөн карыз 3958,2 млн. сомду түзөт.
2006-жылдын 31-декабрындагы абал боюнча ЭӨМФнын маалыматы менен алганда "Электр станциялары" ачык акционердик коому (мындан ары - ААК) 790,4 млн. сом, "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААКы 1769,0 млн. сом, "Кыргызстан аба жолдору" улуттук авиаташуучу" ААКы 295,8 млн. сом, Япония Өкмөтүнүн кредити боюнча "Манас" эл аралык аэропорту" ААКы - 31,9 млн. сом көлөмүндө карызды төлөгөн эмес.
Республикалык бюджет үчүн кошумча чыгымдар Дүйнөлүк банктын (МАР) берилген кредиттик каражаттарын өз убагында өздөштүрбөө да болууда. Алсак, кредиттик каражаттардын 14 долбоорун өз учурунда өздөштүрбөө же "долбоорду ишке ашыруунун төмөнкү прогресси" деп аталгандар 247,5 миң АКШ доллары суммасында айып төлөмдөрүн төлөөдөн улам бюджеттин чыгаша бөлүгүнөн кошумча бюджеттик каражаттар тартылган.
"Кыргыз Республикасынын казыначылыгынын негизги жоболору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бузуу менен Мамлекеттик инвестициялар программаларынын чектеринде чыгымдарды тейлөө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгы тарабынан эмес, республиканын коммерциялык банктары тарабынан жүргүзүлүүдө.
Натыйжада, 2006-жыл үчүн 4,0 миллиарддан ашуун сом казыначылыкты кыйгап өтүү менен колдонулган жана "Кыргызөнөржай банк" ААКы, "Кыргыз инвестициялык-кредиттик банк" жабык типтеги акционердик коому, "Демир-Кыргыз-Интернейшнл банк" жабык акционердик коому, "АКБ Кыргызстан" ААКы коммерциялык банктарынын активдеринде жыл аягында 67,9 млн. сом, 8,8 млн. АКШ доллары,жана 401,9 миң евро калган.
2006-жыл үчүн республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 21,4 млрд. сомду түзгөн, бул болжолдуу көрсөткүчтөн 97,1 процентин түзгөн.
Ушуга байланыштуу корголгон статьяларды 9,7 млн. сомго (атайын каражаттарды эске албаганда) кем каржылоого, анын ичинде эмгек акы боюнча - 4,1 млн. сомго, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр 1,8 млн. сомго, калкка жеңилдиктер - 2,3 млн.сомго, стипендиялар боюнча - 1,1 млн. сомго кем каржылоого жол берилген.
"Кыргыз Республикасынын 2006-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясынын атайын каражаттарды пайдалануу бөлүгүндө казыналык системасын кыйгап өтүү менен эреже бузууларга жол берилген. Алсак, республикалык бюджеттин кирешесине 86,1 млн. сом алынган эмес.
"Кыргыз Республикасынын 2006-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-статьясын, "Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-статьясын бузуу менен республикалык бюджеттин жүгүртүү кассалык накталай каражатынын 50,0 млн. сом көлөмүндө сакталышы камсыз кылынган эмес.
2007-жылдын 1-январына карата эсептелген дивиденддер боюнча 518,7 млн. сом карыз бар.
"Электр станциялары" ААКынын - 250,1 млн. сом, "Кыргызалтын" ААКынын - 125,9 млн. сом, "Кыргызнефтегаз" ААКынын - 40,5 млн. сом, "Кыргызгаз" ААКынын - 27,4 млн.сом, "Түндүк электр" ААКынын - 16,1 млн. сом, "Бишкек машина куруу заводу" ААКынын - 9,9 млн. сом, "Бишкекжылуулуктармагы" ААКынын - 8,1 млн. сом, "Чыгыш электр" ААКынын - 4,8 млн. сом, "Кара-Балта кен комбинаты" ААКынын - 4,5 млн. сом суммасындагы дивиденддер боюнча чоң карыздары бар.
Милдеттүү патенттөөнү Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети тарабынан сапатсыз башкарууга байланыштуу бюджеттин жоготуулары 22,0 миллиондон ашуун сом өлчөмдө аныкталган. Алсак, Бишкек шаарындагы 26 оюн-зоок жайлары боюнча милдеттүү патенттөө төлөмдөрүн мониторингдөөнүн жыйынтыгы боюнча катталбаган 243 оюн автоматы аныкталган, бул 660,0 миң сом суммасында патент түрүндөгү бюджеттин жоготууларына алып келген.
Бишкек шаарынын салык кызматынын органдарындагы эсепте салык салуу объекттеринин жоктугунан улам 3,5 млн. сомго салык салуу базаларынын кыскарып кеткен учурлары аныкталган.
2006-жылы салыктык карыз 1,1 млрд. сомду түзгөн же дээрлик 2 эсеге көбөйгөн. Салыктык карыздын 66 процентине жакынын республиканын энергетика комплексинин ишканалары ээлейт.
Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери 299,3 миң гектарды түзөт, алардын ижара акысы жылына 59,4 млн. сомду түзүшү керек эле. Бирок, болжолдук көрсөткүчтөр 13,2 млн. сомго азайтылган жана 46,2 млн. сомду түзгөн. 58,9 млн. сом суммасында ижара акысынын иш жүзүндөгү түшүшү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги эсептик маалыматтарды эсепке албастан болжолдоо жүргүзө тургандыгын ырастап турат.
2006-жылга мамлекеттик каражаттарды бөлүштүрүүдө башкы артыкчылык катары социалдык чөйрө аныкталган жана аны өнүктүрүүгө республикалык бюджеттин чыгымдарынын жалпы көлөмүнөн 49 процент каралган. 2006-жыл үчүн республикалык бюджетти аткаруунун натыйжалары боюнча социалдык чөйрөнүн чыгымдары 54,5 процентти түзгөн.
"2005-2006-жылдарга бюджеттик уюмдар үчүн жылуулук, электр энергиясын, жаратылыш газын, сууну керектөөнүн жана ыплас сууларды кабыл алуунун лимиттерин бекитүү жана коммуналдык кызматтарга акы төлөө үчүн бюджеттик уюмдарга бөлүнгөн каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-июнундагы N 255 токтому менен бекитилген жылуулук жана электр энергиясын керектөө лимити 2006-жылы сакталган эмес жана 18,7 млн. сомго ашыкча чыгымдоого жол берилген.
Жүргүзүлгөн аудит тарабынан республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда өз ара аракеттенүүсү жоктугу аныкталган, анын натыйжасында пландаштыруудагы кемчиликтер орун алып, жергиликтүү бюджеттин керектөөлөрүн аныктоо методологиясы өркүндөтүлбөгөн. Бул акыр-аягында эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча карыздардын топтолушуна алып келген.
Бишкек шаарынын бюджетинин кирешелеринин жоктугуна байланыштуу 2006-жылы бюджеттин балансташпагандыгына жол берилгендиктен, республикалык бюджетке берилүүчү каражаттар түрүндө 149,7 млн. сом которулган эмес.
Мамлекеттик материалдык резервден күйүүчү-майлоочу материалдарды брондон чыгарууда брондон чыгарылган жана чекене баанын ортосундагы айырманын эсебинен коммерциялык пайда көрүү практикаланууда.
Алсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан тийиштүү контроль жок болгондуктан өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу үчүн коюлган күйүүчү-майлоочу материалдардын мамлекеттик кол тийгис запастары негизсиз жана контролсуз коромжуга учураган.
"Буудай-Каракол" ААКы аштык буудайды кредитке берүүнү тариздегенде мыйзамсыздыкка жол берген.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик жазып берген наряддар боюнча 15,4 млн. сомдук 2374,5 тонна аштык буудай берилсе, "Буудай-Каракол" ААК Ысык-Көл облусунун дыйкан чарбаларынан 771,7 миң сомдук 118,7 тоннаны мыйзамсыз кармап калып, алардын укуктарын бузган.
Ресурстар өтө тартыш болгон учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгы тарабынан "Кыргыз Республикасынын 2006-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясынын "Манас" авиабазасынын коалициялык күчтөрдөн түшкөн кирешелерди толук көлөмдө бюджеттин кирешесине которуу бөлүгүн бузуу менен бюджеттин ресурстук бөлүгүн толуктоо үчүн колдогу резервдер ишке киргизилген эмес.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгы каражаттарды өз учурунда которбогондугунан чет өлкөлүк валютада чет өлкөлүк кредиттерди жана бюджеттик ссудаларды менчиктештирүүдө жана кайтарууда республикалык бюджетке 612,6 миң сом курстук айырма түрүндөгү киреше түшкөн эмес.
Бюджеттин ресурстарына Дүйнөлүк банктын (МАР) кредити боюнча проценттерден 10,5 млн. сом кошулган эмес. 2006-жыл үчүн 985,6 миң сом суммасындагы курстук терс айырма пайда болгон.
Бюджеттин тартыштыгы бекитилген 100,4 млн. сомдон азыраак 263,8 млн. сом өлчөмүндө түзүлгөн. Бюджеттин тартыштыгын жабуу мамлекеттик финансынын эл аралык статистикасына негизделген, "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктардын негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-статьясына карама-каршы келген кирешелердин жана чыгашалардын классификациясына ылайык жүргүзүлгөн.
2006-жылдын аягында каржылоону олуттуу көлөмдөрдө ачуу бюджеттин алдында дебитордук карыздын пайда болушунун жана бюджеттик мекемелеринин кассаларында накталай акча каражаттардын чоң суммасынын болушунун себебин түзгөн.
2006-жылдын аягында олуттуу көлөмдөрдө каржылоо товардык-материалдык баалуулуктардын нормадан ашык запастарынын жана бюджеттик мекемелердин эсептеринде калдыктардын пайда болушуна алып келген.
"Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, ушул фонддун каражаттарын максаттуу пайдалануу бөлүгүндө бузууга жол берилген. Алсак, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин чыгымдарына 405,2 млн. сом же бул Фонддун түшкөн каражаттарынан 56 процент каражат бөлүнгөн, ал эми 313,9 млн. сом багыты боюнча пайдаланылган эмес.
Бажы органдары тарабынан депозиттик эсепти бажы төлөмдөрүнүн олуттуу көлөмдөрүн, аларды бюджеттин киреше бөлүгүнө которуунун ордуна узак мөөнөт бою аларды жайгаштыруу менен пайдалануу улантылууда. Алсак, 2006-жылдын 1-январына карата депозиттик эсептерде бюджетке таандык 45,9 млн. сом калган; жылдын аягына карата бул сумма 37,9 млн. сомду түзгөн.
Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын бардык кирешелерин жана түшүүлөрүн бириктирүү бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын казыначылыгынын негизги жоболору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы аткарылбайт. Алсак, бириктирилбеген фонддон тышкары Россия Федерациясынын биринчи Президенти Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин каражаттары (120,0 млн. сом) жана мамлекеттик инвестициялар программасынын каражаттары (4 млрд. сомго жакын) сарпталууда.
Мурда алынган ссудалар боюнча "Кыргызгаз" акционердик коомунун 62,2 млн. сомдук карызы болсо да кайтарымдык негизде 8,0 млн. АКШ доллары бөлүнгөн. Келишимдик милдеттенмелерди бузуу менен "Кыргызгаз" АКы тарабынан ссуданы өз учурунда жоюу камсыздалбай жатат жана 2007-жылдын 25-июлуна карата карыздын көлөмү 65,4 млн. сомду түзгөн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-апрелиндеги N 158 "Экономикалык кырдаалды турукташтыруу жана экономикалык зыян тартышкан чарбакер субъекттерди колдоо боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен экономикалык зыянды аныктоо боюнча өкмөттүк комиссия түзүлгөн. Комиссияга жабыр тарткан субъекттердин тизмесин бир апталык мөөнөттө түзүү жана ар бир субъект боюнча тарткан зыяндын суммасын аныктоо тапшырылган. Бирок өкмөттүк комиссия ушул көзгө чейин ар бир субъекттин тарткан зыянынын суммаларын беките элек.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кабыл алынган чечиминин негизинде "Бурул-Возрождение" кредиттик союзуна республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен 10,0 млн. сом суммада процентсиз бюджеттик ссуда бөлүнгөн.
"Бурул-Возрождение" кредиттик союзунун отчету боюнча, алынган бюджеттик каражаттар 85 жакка жылдык 12 процент менен 3 айдан 5 жыл мөөнөттөргө чейин рекредиттелген жана каражаттардын жоюлушу 8,8 млн. сомду түзөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине ылайык берилген бюджеттик ссудаларды жана чет өлкөлүк кредиттерди рекредиттөө биринчи карыз алуучуга берилгендей эле шарттарда ишке ашырылат. Айрым учурларда рекредиттөөдөгү иш жүзүндөгү чыгымдардан ашпаган проценттик ставка (маржа) белгилөөгө мүмкүн.
"Бурул-Возрождение" кредиттик союзу рекредиттөөдө иш жүзүндөгү чыгымдардан ашкан проценттик ставка белгилеген.
Ошондой эле 13 жакка тарткан зыяндан ашык суммадагы 1,6 млн. сом кредиттер берилгени, 9 жакка - Бишкек шарынын райондук ички иштер органдарынын берген маалымкаттарында тартылган зыяндын суммасы жок болсо да 2,6 млн. сом кредиттер берилгени аныкталган.
Конкурстук негизде айыл өкмөттөрүнө берилген көтөрмөлөөчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду каржылоо боюнча тартип бузуулар бар. Алсак, конкурстук негизде тандоо боюнча көтөрмөлөөчү (үлүштүк) гранттар боюнча комиссиянын кароосуна долбоорлорду бербестен айрым айыл өкмөттөрүнүн объекттери каржыланган.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 31-мартындагы Жарлыгын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү спорт аянттарды куруу жана реабилитациялоо боюнча долбоорлорду кароо жана республиканын 50 мектебине 11,0 млн. сом бөлүп берүү жөнүндө чечим чыгарган, анын ичинен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн республиканын 20 мектеби боюнча жалпы суммасы 4,4 млн. сом эч бир документ тапшырылбастан бир күндүн ичинде (2007-жылдын 27-апрелинде) каржыланган.
Мында, аткарылган жумуштардын актысы, мурда бөлүнгөн акча каражаттардын, тартылган жана мобилизациялык каражаттардын пайдаланылышына мониторинг жок болсо да ЭӨМФ көтөрмөлөөчү (үлүштүк) гранттарды тартылган жана өздүк каражаттар толук иштетилгенден кийин этаптуу которбостон, акча каражаттардын мурдагы Этапта кандай пайдаланылганын эске албастан толугу менен которгон.
Бул эреже бузуулар кийин грант алуучулар тарабынан каражаттарды подрядчылардын эсептерине иш жүзүндө аткарылган жумуштарды эске албастан которуу бөлүгүндө эреже бузууларга жол берүүгө алып келген.
Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын "Кыргыз Республикасынын 2006-жыл үчүн республикалык бюджетин аткаруу аудитинин жыйынтыктары жөнүндө" рекомендацияларында көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу жана тийиштүү финансылык тартипти камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- 2006-жылдын республикалык бюджетин аткарууга аудит жүргүзүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасы тарабынан аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жеткиликсиз иши;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик кол тийгис запастардын сарпталышын контролдоо боюнча начар иши.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- бюджеттик уюмдар тарабынан атайын каражаттарды пайдаланууну казыначылык системасын кыйгап өтүүсүн болтурбоо боюнча чараларды көрсүн;
- мамлекеттик инвестициялар программасынын алкагында сарптоолорду казыначылык системасы аркылуу тейлөөнү камсыздасын жана зарыл чараларды көрсүн;
- Дүйнөлүк банктын (МАР) программалык кредиттеринин кредиттик каражаттарына контролду катуулатсын жана өз убагында пайдаланууну камсыздасын;
- менчиктештирүүдөн жана чет өлкөлүк кредиттерди жана бюджеттик ссудаларды кайра төлөөдөн чет өлкөлүк валютада түшкөн каражаттардын республикалык бюджетке өз убагында кириштелишин камсыздасын;
- бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландуу көрсөткүчтөрүн негиздүү эсептөөлөрсүз оңдоого жол бербесин жана бюджеттин киреше бөлүгүнүн бекитилген көрсөткүчтөрүнө тактоолорду киргизүүнүн белгиленген мөөнөттөрү - отчеттук квартал бүтөөрдөн бир ай мурда сакталышын камсыздасын;
- республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жана тийиштүү контролду орнотуу боюнча зарыл чараларды көрсүн жана карыздын түзүлүшүнө жол бербесин (анын ичинде эмгек акы боюнча, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна которуулар, коммуналдык кызматтарга жана башка статьялар боюнча);
- бюджеттик каражаттарды проценттик ставканы көбөйтүп рекредиттөөгө байланыштуу "Бурул-Возрождение" кредиттик союзуна карата иштерди изилдеп, тийиштүү чара көрсүн;
- казыначылык системасын кыйгап өтүп бюджеттик мекемелер пайдаланган 86,1 млн. сомду республикалык бюджеттин кирешесине кайтаруу боюнча толук чараларды көрсүн;
- 2006-жыл үчүн отчет боюнча 149,7 млн. сом суммасында республикалык бюджетке Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинен берилүүчү каражаттарды которууну белгиленген тартипте камсыз кылсын;
- Жол фондусунун каражатынын максаттуу багытталышын жана пайдаланылышын камсыз кылсын;
- энергетикалык комплекс боюнча карыздардын суммасын тактасын жана толук көлөмдө карыздарды жоюуну камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн;
- грант алуучулардын отчеттуулук системасын киргизүүнүн ченемдик жана нускамалык базасын өркүндөтүү боюнча чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын маалыматында көрсөтүлгөн ашыкча каржыланган каражаттардын республикалык бюджетке кайтарылышын камсыздасын.
3. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети төмөнкүлөргө карата чара көрсүн:
- салыктык текшерүүлөрдүн сапатын арттыруу жана милдеттүү патенттөө боюнча администрациялоону күчөтүү;
- салык салуу объектилерин эсепке алууну өркүндөтүү жана салык салынчу кошумча базаны аныктоо;
- белгиленген кемчиликтерди жоюу жана салыктык администрациялоону күчөтүү.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети депозиттик эсепте турган бажылык төлөмдөрдү республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө өз убагында которууну камсыздасын.
5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети 2005-жыл үчүн эсептелген дивиденддер боюнча 518,7 млн. сом суммадагы карызды жоюу боюнча чара көрсүн.
6. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери финансылык тартиптин сакталышы жана бюджеттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышы үчүн, ведомствого таандык мекемелерде пландан тышкары сарптоолорду каржылоо үчүн жооптуу кызмат адамдарына тийиштүү чараларды көрүшсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиги аныкталган төмөнкүдөй фактылар боюнча тийиштүү чараларды көрсүн:
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу үчүн арналган күйүүчү-майлоочу материалдардын запастарын чыгымдоо;
- мамлекеттик материалдык резервден товардык кредит түрүндө жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө айылдык товар өндүрүүчүлөргө берилген аштык буудайдын данын кайтарууну камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн;
- Ысык-Көл облусунун дыйкан чарбаларынан аштык буудайды "Буудай-Каракол" ААКынын мыйзамсыз кармоосу.
8. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама каршы келген жана республикалык бюджеттин каражаттарын олуттуу жоготууга алып келген чечимдерди кабыл алууга тиешеси бар кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын материалдары жиберилсин.
9. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| И.Чудинов |