Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 16-августу № 137
«Долбоордук офис» мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 21-июлундагы № 305 «Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоосунун мындан аркы чаралары жөнүндө» Жарлыгынын 4-пунктун ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. «Долбоордук офис» мамлекеттик мекемеси түзүлсүн.
2. «Долбоордук офис» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. «Долбоордук офис» мамлекеттик мекемеси:
1) белгиленген тартипте юстиция органдарында «Долбоордук офис» мамлекеттик мекемесин мамлекеттик каттоодон өткөрүн;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруу-техникалык жана башка чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд «Долбоордук офис» мамлекеттик мекемесине ишин жүргүзүү үчүн тиешелүү кызматтык жай бөлүп берүү маселесин караштырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | У. Марипов |