Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 16-декабрындагы ПЖ N 391 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 21-июлу ПЖ № 305
Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоосунун мындан аркы чаралары жөнүндө
(КР Президентинин 2022-жылдын 5-апрели ПЖ №104 жарлыгын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын санариптештирүү боюнча артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүү максатында, мыйзамдык жөнгө салууга чейин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Санариптештирүү маселелери боюнча байкоочу кеңеш (мындан ары - Байкоочу кеңеш) түзүлсүн.
2. Бекитилсин:
- Байкоочу кеңештин курамы 1-тиркемеге ылайык;
- Байкоочу кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин инвестицияларды тартуу маселеси боюнча коомдук башталыштагы кеңешчиси Хрипунов Павел Владимирович Байкоочу кеңештин катчысы болуп дайындалсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2021-жылдын 29-июлуна чейинки мөөнөттө Байкоочу кеңештин аткаруучу органы катары Долбоордук офисти уюштурсун:
төмөнкү негизги милдеттери менен:
- атайын мыйзамдардын талаптарын сактоо менен Кыргыз Республикасында санариптик трансформациялоо, коомдук мамилелерди жөнгө салууда инновациялык ыкмаларды колдонуу, башкарууда жана киберкоопсуздукту камсыз кылууда маалыматтык-коммуникациялык технологияларды кеңири колдонуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча сунуштарды киргизүү;
- санариптештирүү процесстерин бирдиктүү башкарууну реформалоо жана санариптик өнүктүрүү үчүн бөлүнүүчү эл аралык жардамды координациялоо боюнча сунуштарды киргизүү;
- санариптик өнүктүрүү боюнча программаларды жана улуттук долбоорлорду ишке ашырууда мамлекеттик органдардын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүн түзүү боюнча сунуштарды киргизүү;
төмөнкү негизги функциялары боюнча:
- ишти өркүндөтүү боюнча андан аркы сунуштарды даярдоо менен программалардын жана улуттук долбоорлордун максаттарына жетишүүгө жана аларды ишке ашыруунун жүрүшүнө талдоо жүргүзүү жана баалоо;
- Байкоочу кеңештин жыйналыштарын даярдоо, Байкоочу кеңештин сунуштамаларын жана сунуштарын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине чейин жеткирүү;
- Байкоочу кеңеш үчүн Кыргыз Республикасында санариптик трансформациялоо, коомдук мамилелерди жөнгө салууда инновациялык ыкмаларды колдонуу, башкарууда жана киберкоопсуздукту камсыз кылууда маалыматтык-коммуникациялык технологияларды кеңири колдонуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды даярдоо;
- мамлекеттик органдардын, ошондой эле мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттин үлүшү катышкан акционердик коомдордун МТ-бюджеттерин консолидациялоо, Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоосу жаатындагы долбоорлордун түзүмү жана артыкчылыгы боюнча сунуштарды даярдоо;
- жеткире иштеп чыгуу боюнча андан аркы сунуштарды Байкоочу кеңештин кароосуна киргизип, стратегиялык пландоонун колдонуудагы документтерин актуалдаштыруу жана ченемдик укуктук актыларды санариптештирүү, санариптик трансформациялоо, Кыргыз Республикасынын бирдиктүү санариптик платформасын түзүү бөлүгүндө өркүндөтүү боюнча талдоо жүргүзүүгө катышуу;
- төмөнкүлөр боюнча сунуштарды киргизүү:
тиешелүү сунуштамаларды иштеп чыгып, Кыргыз Республикасынын санариптик күн тартиби, натыйжаларга жетишүүнүн индикаторлорун иштеп чыгуу, Байкоочу кеңештин чечимдеринин аткарылышына мониторинг (анын ичинде онлайн-инструменттер менен) жүргүзүү, пайда болгон проблемаларды табууда жана оперативдүү чечүүдө тиешелүү чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга колдоо көрсөтүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруунун негизги максаттуу көрсөткүчтөрү;
Байкоочу кеңештин кароосуна андан ары киргизип, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишин жүргүзүүнүн өзгөчө (атайын) режими бар креативдүү экономиканын инновациялык парктарын - өзгөчө инновациялык экономикалык зоналарды, технопарктарын түзүү жана өнүктүрүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоосунун долбоорлорун, анын ичинде жөнгө салуучу кум сааттарынын тиби боюнча ишке ашыруу;
Байкоочу кеңештин ыйгарым укуктарына таандык маселелерди чечүү үчүн жумушчу органдардын курамы;
төмөнкү негизги укуктары менен:
- мамлекеттик жана мыйзам менен корголуучу башка сырды камтыган маалыматтарды кошпогондо, ага жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды мамлекеттик органдардан жана уюмдардан белгиленген тартипте суроо жана алуу;
- Долбоордук офистин иштөөсү үчүн анын милдеттерине жана функцияларына ылайык ар кандай формадагы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган ар кандай булактардан финансы ресурстарын тартуу;
- Долбоордук офистин компетенциясына кирген маселелер боюнча Байкоочу кеңешке сунуштарды киргизүү;
- Долбоордук офистин компетенциясына кирген маселелер боюнча талдоочулук, маалымдама жана башка материалдарды даярдоо;
- конференцияларды, семинарларды, көргөзмөлөрдү, презентацияларды өткөрүү, изилдөөлөрдү жүргүзүү, эл аралык маалыматтык алмашууга катышуу;
- Долбоордук офистин милдеттерине жана функцияларына ылайык кадрларды окутууну, тажрыйбаларды алмашууну, стажировкаларды, тематикасы боюнча адистердин квалификациясын жогорулатуу курстарын уюштуруу;
- санариптик долбоорлорду талкуулоо, илгерилетүү жана ишке ашыруу үчүн донорлор, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, жарандык, эксперттик жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушууларды демилгелөө жана өткөрүү.
5. Байкоочу кеңештин катчысы Байкоочу кеңештин кароосуна киргизсин:
- 2021-жылдын 16-августуна чейинки мөөнөттө "Дастан" ТУКтун жана "Кыргызтелеком" ААКтын базасында Кыргыз Республикасынын 2 республикалык маалыматтарды иштеп чыгуу борборун түзүү боюнча сунушту;
- 2021-жылдын 31-августуна чейинки мөөнөттө отчетту жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуунун негизинде иштеген "Digital CASA - Кыргыз Республикасы" долбоорун аткарууну кечиктирүүнүн себептерин жоюу жөнүндө сунуштамаларды;
- 2021-жылдын 31-октябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте Кыргыз Республикасынын комплекстүү санариптик экосистемасынын (санариптик платформанын) алкагында мамлекеттик маалыматтардын киберкоопсуздугунун чакан системасын түзүү боюнча сунуштарды.
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-июнундагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Санариптик трансформациялоо маселелери боюнча эксперттик кеңеш жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.
7. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
8. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Санариптештирүү маселелери боюнча байкоочу кеңештин КУРАМЫ
(КР Президентинин 2022-жылдын 5-апрели ПЖ №104 жарлыгын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президенти - Байкоочу кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси - Байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары.
Байкоочу кеңештин мүчөлөрү (кызмат орду боюнча):
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору;
Байкоочу кеңештин катчысы.