ТоктомКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-майындагы № 238 «Республикалык бюджетте турган облустук маданият жана искусство мекемелерин Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги аркылуу каржылоого которуу жөнүндө» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2008-жылдын 24-майы № 238

Республикалык бюджетте турган облустук маданият жана искусство мекемелерин Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги аркылуу каржылоого которуу жөнүндө

Мамлекеттик маданият жана искусство мекемелеринин финансылык иштерин натыйжалуу уюштуруу, ошондой эле алардын бюджеттик каражатты сарамжалдуу пайдаланганына контроль жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Облустук мамлекеттик маданият жана искусство мекемелерин каржылоо республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги аркылуу каржылоого 2008-жылдын 1-июлунан тартып которулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун белгиленген тартипте иштеп чыксын жана киргизсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министри

И.Чудинов