Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 175 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18 августундагы № 143 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматында кызмат өтөөнүн тартиби жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Убактылуу жобо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына (мындан ары - финансылык чалгындоо органы) кызматка кирүү тартибин, финансылык чалгындоо органында кызмат өтөөнүн жана токтотуунун тартибин, финансылык чалгындоо органынын кызматкеринин укуктук абалын (статусун) жана социалдык камсыздоо кепилдиктерин жөнгө салат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Финансылык чалгындоо органындагы кызмат (мындан ары - кызмат) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырган финансылык чалгындоо органындагы кызмат орундарындагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын кесипкөй кызматтык ишин билдирген мамлекеттик кызматтын түрү болуп саналат.
3. Финансылык чалгындоо органынын кызматкерлери (мындан ары -кызматкерлер) кызмат орду боюнча берилген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча кесипкөй кызматтык ишти жүзөгө ашыруучу жана алардын аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартуучу мамлекеттик кызматчылар болуп саналат.
4. Кызмат өтөөнүн укуктук негиздери болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө", "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ушул Убактылуу жобо жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары саналат.
5. Кызматкерлердин эмгектик мамилелеринин жана кызматтык шарттарынын өзгөчөлүктөрү "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган талаптарды эске алуу менен ушул Убактылуу жобо менен жөнгө салынат.
6. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин жана "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдери кызматкерлерге ушул Убактылуу жобо менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө жайылтылат.
7. Ушул убактылуу Жобонун колдонулушу финансылык чалгындоо органында кызмат өтөп жаткан адамдарга жана саясий кызмат ордун ээлеген адамдарга, алардын укуктук абалын жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген бөлүгүндө жайылтылат.
8. Ушул убактылуу Жобонун колдонулушу төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
1) финансылык чалгындоо органынын техникалык жана тейлөөчү персоналына;
2) финансылык чалгындоо органынын окуу жайынын жетекчисине жана кызматкерлерине.
9. Кызмат төмөнкү принциптерге негизделет:
1) мыйзамдуулук;
2) жарандардын кызматка жана кызмат боюнча жогорулоого бирдей мүмкүндүгү;
3) жеке башчылык жана субординация (баш ийүүчүлүк);
4) саясий партиялардын жана саясий максаттарды көздөгөн башка коомдук бирикмелердин, ошондой эле диний уюмдардын ишине катышуусуна тыюу салуу;
5) кызматкерлердин кесипкөйлүгү жана компетенттүүлүгү;
6) кызматтагы чектөөлөрдүн, милдеттердин, тыюу салуулардын, жоопкерчиликтин жана кызматкерлер жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн социалдык кепилдиктердин өз ара байланышы.
10. Кызматта болгон убакыт жалпы эмгек стажына, адистиги боюнча иштеген стажына, ошондой эле мамлекеттик кызмат стажына эсептелет.
2-глава. Кызматка кирүү тартиби
1-§. Талапкерлерге коюлуучу талаптар
11. Кызматкер төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
2) 21 жаштан жаш болбоого;
3) белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө,
12. Адам кызматка кабыл алына жана кызматта боло албайт, эгерде:
1) чет мамлекеттин жарандыгына же чет мамлекетте жашоо укугуна же болбосо чет мамлекеттин аймагында туруктуу жашоо укугун ырастоочу башка документке ээ болсо;
2) чет мамлекеттин жарандыгын, чет мамлекетте жашоо укугун алууга документтерин, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө арыз берсе, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготсо;
3) мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими боюнча аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылса же наркологиялык же психоневрологиялык диспансерде каттоодо турса;
4) соттун чечими менен белгилүү бир мөөнөт ичинде мамлекеттик кызматта мамлекеттик кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратылса;
5) соттуулугу болсо же ал жоюлганына же алып салынганына карабастан кылмыш үчүн мурда соттуулугу бар болсо;
6) анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана жакын туугандарынын өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарына ылайык жоюлбаган жана алып салынбаган соттуулугу бар болсо, ошондой эле уюшкан кылмыштуулукка, терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте уюшкан кылмыштуу топтордун, террористтик, экстремисттик же сепаратисттик уюмдардын мүчөлөрү деп таанылса;
7) реабилитациялануучуга тиешеси бар жагдайлар боюнча токтотулган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарында белгиленген тартипте адамга карата жазыктык куугунтуктоо токтотулса;
8) медициналык корутундуга ылайык кызматтык милдеттерин аткарууга тоскоолдук кылган оорусу болсо;
9) финансылык чалгындоо органынын кызматкери менен жакын туугандыкта (ата-энеси, жубайы, ага-инилери, эже-сиңдилери жана балдары) болсо, эгерде алардын кызматы бири экинчисине түздөн-түз баш ийүү же контролдоо менен байланышса;
10) эгерде ээлеген кызмат орду боюнча кызматтык милдеттерин аткаруу мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды пайдалануу менен байланышса, мындай маалыматтарга уруксатты тариздөө жол-жобосунан өтүүдөн баш тартса же компетенттүү органдар тарабынан мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарга уруксат берүүдөн баш тартылса;
11) эмгек келишимине кол коюудан же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдү өзүнө кабыл алуудан баш тартса;
12) укук коргоо органдарынан жана башка мамлекеттик органдардан терс негиздер боюнча бошотулса;
13) кызматка кирүүдө жасалма документтерди же билип туруп жалган маалыматтарды берсе;
14) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин же жергиликтүү кеңештин депутатынын мандатын алса, ошондой эле саясий партиянын мүчөлүгүнө кирсе.
13. Кылмыш иши боюнча шектүү же айыпталуучу болуп саналган адамдар кызматка талапкер боло алышпайт.
14. Финансылык чалгындоо органынын кызмат орундарынын тийиштүү категорияларына коюлуучу квалификациялык талаптар мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жана типтүү квалификациялык талаптардын негизинде финансылык чалгындоо органынын буйругу менен бекитилет.
2-§. Кызматка кирүүнүн тартиби
15. Кызматка кирүү Кыргыз Республикасынын жарандарынын кызматка бирдей мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу конкурстук негизде жүзөгө ашырылат.
16. Бош кызмат ордун ээлөөгө конкурс финансылык чалгындоо органынын ички кадрлар резервинде жана Улуттук кадрлар резервинде турган адамдардын арасынан өткөрүлөт.
17. Конкурс бош кызмат орду болгон учурда финансылык чалгындоо органынын веб-сайтына конкурс өткөрүү жөнүндө маалыматты жайгаштыруу жана резервдегилердин дарегине электрондук почта боюнча конкурс өткөрүү жөнүндө маалымат жиберүү жолу менен жарыяланат.
18. Бош кызмат ордун ээлөөгө конкурсту өткөрүү жөнүндө маалымат төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
1) бош кызмат ордунун аталышы;
2) бош кызмат ордуна карата коюлуучу квалификациялык талаптар;
3) бош кызмат орду боюнча функциялык милдеттер;
4) конкурска катышуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги;
5) документтерди кабыл алуу убактысы жана орду.
19. Ички кадрлар резервинде жана Улуттук кадрлар резервинде турган, конкурска катышуу ниетин билдирген адамдар конкурс өткөрүү жөнүндө билдирилгенден кийин беш жумуш күндүн ичинде финансылык чалгындоо органынын төрагасынын атына арызды жана конкурска катышуу үчүн зарыл болгон документтерди тапшырышат.
20. Талапкерлерге карата коюлган талаптарга ылайык келбеген жана талап кылынган документтерди бербеген адамдарга конкурска катышууга жол берилбейт.
21. Бош кызмат ордун ээлөөгө конкурс өткөрүү үчүн финансылык чалгындоо органынын буйругу менен конкурстук комиссия түзүлөт жана конкурстук комиссиянын курамы бекитилет. Конкурстук комиссиянын курамына административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчылар кирет. Комиссиянын жок мүчөлөрүн алмаштырууга жол берилбейт.
22. Атайын кесиптик билимдерин (мамлекеттик тилди, чет тилин билүү, маалыматтык технологияларды билүү, программалык продуктуларды жана квалификациялык талаптарга ылайык башка бир багыттагы билимдерди билүү) текшерүүнү жүргүзүү үчүн конкурстук комиссия тарабынан эксперттер тартылышы мүмкүн. Эксперттердин тыянактары сунуштоочу мүнөзгө ээ жана протокол менен таризделет.
23. Конкурсту өткөрүү төмөнкү этаптарды камтыйт:
1) конкурстун катышуучуларынын документтеринин квалификациялык талаптарга ылайык келишин кароо;
2) бош кызмат ордун ээлөөгө талапкерлерди тестирлөө;
3) аңгемелешүү.
24. Талапкерлердин жалпы жана кесиптик билимдерин, жөндөмдөрүн жана көндүмдөрүн текшерүү тестирлөө түрүндө финансылык чалгындоо органында жүргүзүлөт.
Тестирлөө төмөнкүдөй этаптардан турат:
1) жалпы мыйзамдарды билүүсүн;
2) предметтик мыйзамдарды билүүсүн;
3) талапкердин кесиптик жактан маанилүү жеке сапаттарын аныктоону.
25. Конкурс өткөрүүдө аңгемелешүү этабына эң көп сандагы балл (сумманы) алган жана белгиленген босоголук мааниден ашкан үчтөн ашык эмес талапкерге жиберилет. Талапкерлердин ар бири үчүн баллдын суммасы тестирлөөнүн бардык этаптары боюнча анын жыйынтыктарын кошуу жолу менен аныкталат.
26. Аңгемелешүүнүн жүрүшүндө талапкерлердин жеке жана кесиптик сапаттары жана келечектеги жумушу тууралуу алардын түшүнүктөрү, күтүүлөрү жана мотивациясы аныкталат.
Аңгемелешүүнү өткөрүүдө конкурстук комиссия тарабынан аңгемелешүүнү видео, аудио укма жазуу жүргүзүлөт.
Конкурстун катышуучусунун жазуу жүзүндөгү арызы боюнча үч күндүн ичинде ага аңгемелешүүнүн видео, аудио жазууларынын ага тиешелүү бөлүгүнүн көчүрмөсү берилет.
Аңгемелешүүлөрдү видео, аудио жазуусу финансылык чалгындоо органынын кадрдык бөлүмүндө үч жыл аралыгында сакталат.
27. Конкурстук комиссия тестирлөөнүн жана аңгемелешүүнүн жыйынтыктары боюнча баллдын эң көп суммасын алган талапкерди бош кызмат ордуна дайындоого сунуштоо жөнүндө чечимди кабыл алат же анын талапкерлигин четке кагат.
Конкурстун жыйынтыктары катышуучуларга түздөн-түз ал бүткөндөн кийин маалымдалат.
28. Конкурсту өткөрүүнүн тартиби финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленет.
29. Конкурстук комиссиянын төрагасы бош кызмат ордуна конкурстан ийгиликтүү өткөн адамды дайындоо жөнүндө сунушту конкурс аяктагандан кийин үч жумуш күндөн кечиктирбестен, финансылык чалгындоо органынын төрагасына киргизүүгө милдеттүү.
Финансылык чалгындоо органынын төрагасы сунушту алгандан кийин үч жумуш күндүн ичинде конкурстан өткөн адамды кызмат ордуна дайындоо жөнүндө буйрук чыгарат. Буйрук кызматкерге кол койдуруу менен жарыяланат.
Финансылык чалгындоо органынын төрагасы конкурстун катышуучусунун даттануусунун негизинде жана кызматтык иликтөөнүн натыйжалары боюнча конкурстук тандоонун жол-жоболору бузулган факты аныкталган учурда гана сунушталган талапкерди четке кага алат.
Кызматкерлер кызматка беш жылдан ашпаган мөөнөткө түзүлүүчү эмгек келишиминин шарттарында кабыл алынат.
30. Ички кадрлар резервинде жана Улуттук кадрлар резервинде турган адамдардын арасында бош кызмат ордун ээлөөгө конкурс өткөрүүнүн узактыгы документтерди кабыл алуу мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 60 жумуш күндөн ашпоого тийиш.
31. Кызматка биринчи жолу кирип жаткан адамдар ушул Убактылуу жободо каралган талапкерлерге карата коюлуучу талаптарга ылайык келишин текшерүү максатында атайын текшерүүдөн (талапкерлерге карата материалдарды жана маалыматтарды чогултуу жана текшерүү боюнча иш-чаралардын комплекси) өтүшөт. Атайын текшерүүнү жүргүзүүнүн тартиби финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленет.
32. Бош кызмат орду пайда болгондо финансылык чалгындоо органынын төрагасы квалификациялык талаптарга ылайык келген жана кызматка көрсөтүүгө резервде болгон шартта кызматтык көтөрүлүү тартибинде кызматкерди бош кызмат ордуна дайындоого укуктуу.
Кызматка дайындоо кызматтык ишинин, иш тажрыйбасынын жана кесиптик компетенциясынын натыйжаларын эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
33. Кызматка көтөрүлүүгө талапкер болгон адамдар же ички кадрлар резервиндеги жана Улуттук кадрлар резервиндеги адамдар кызмат ордуна дайындалбаган учурда ушул убактылуу Жобо менен жөнгө салынган ротация тартибинде бош кызмат ордун ээлөөгө жол берилет.
34. Финансылык чалгындоо органынын төрагасы жана төрагасынын орун басарлары Кыргыз Республикасынын финансы министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат.
Финансылык чалгындоо органынын төрагасынын орун басарларынын кызмат ордуна жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 5 жылдан кем эмес иш стажы же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 7 жылдан кем эмес иш стажы, жетекчилик кызматта 3 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар, ошондой эле талапкерлерге карата ушул Убактылуу жободо белгиленген талаптарга ылайык адамдар дайындалат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 токтомунун редакциясына ылайык)
35. Финансылык чалгындоо органынын төрагасы жана төрагасынын орун басарлары ушул Убактылуу жободо белгиленген учурларда жана тартипте Кыргыз Республикасынын финансы министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордунан бошотулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 токтомунун редакциясына ылайык)
36. Финансылык чалгындоо органынын төрагасы адамдарды патронаттык кызмат орундарына конкурстан тышкаркы тартипте дайындоону жүзөгө ашырат.
37. Конкурсту өткөрүү менен байланышкан талаштар финансылык чалгындоо органынын төрагасы тарабынан каралат. Финансылык чалгындоо органынын чечими менен макул болбогон учурда, талаш Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык чечилет.
3-§. Кызматтагы сыноо мөөнөтү
38. Кызматка биринчи жолу кирип жаткан кызматкердин кесипкөй сапаттарын текшерүү үчүн финансылык чалгындоо органынын төрагасы ээлеген кызмат орду боюнча эмгек акысын төлөп берүү менен үч айлык узактыктагы сыноо мөөнөтү менен аны кызмат ордуна дайындайт. Сыноо мөөнөтүнө убактылуу эмгекке жарамсыз мезгили жана үй-бүлөлүк шарттарга байланыштуу жүйөлүү себептер боюнча кызматкер жумушта болбогон башка мезгилдер кирбейт.
39. Кызматка кирип жатканда финансылык чалгындоо органынын конкурстук комиссиясынын сунуштамасы боюнча үч айлык узактыктагы сыноо мөөнөтү финансылык чалгындоо органынын төрагасы тарабынан белгилениши мүмкүн.
40. Сыноо мөөнөтү аяктаганда кызматчыны аттестациялоо жүргүзүлөт, анын негизинде анын ээлеген кызмат ордуна ылайык келиши жөнүндө чечим кабыл алынат. Эгерде аттестациялоонун натыйжасы канааттандыраарлык эмес деп таанылса, анда кызматчы кызматтан бошотулат.
41. Сыноо мөөнөтүн өтөө мезгилинде кызмат ордун ээлеген кызматкерге ушул Убактылуу жобонун колдонулушу жайылтылат.
4-§. Эмгек келишимин түзүүнүн жана узартуунун тартиби
42. Эмгек келишими милдеттүү түрдө кызматкерди кызмат ордуна дайындоо же кызматка кайра калыбына келтирүү жөнүндө буйрук чыккан күнү түзүлөт.
43. Финансылык чалгындоо органынын төрагасын жана анын орун басарын кошпогондо, эмгек келишими бардык кызматкерлер менен түзүлөт.
44. Эмгек келишиминин жалпы мөөнөтү беш жылды түзөт.
45. Эмгек келишимин кайра түзүү колдонуудагы эмгек келишиминин мөөнөтү бүткөндөн кийин кызматкердин оң аттестациясынын негизинде жана ушул Убактылуу жобого ылайык жүргүзүлөт.
46. Аттестациялык комиссия кызматкердин ээлеген кызмат ордуна ылайык келбегендиги жана кызматтан бошотуу жөнүндө чечим чыгарган учурда эмгек келишими бузулат.
47. Эмгек келишиминин колдонулушу кызматкер кызматты токтоткон, эмгек келишими мөөнөтүнөн мурда бузулган күндөн тартып, ошондой эле ушул Убактылуу жободо каралган башка учурларда токтотулат.
48. Эмгек келишиминде тараптардын укуктары жана милдеттери, кызматтык милдеттерин жана алган милдеттенмелерин аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн тараптардын жоопкерчилиги каралат.
49. Эмгек келишими жазуу түрүндө эки нускада түзүлөт, алардын ар бирине тараптар кол коёт. Эмгек келишиминин бир нускасы кызматкерге берилет, экинчиси анын өздүк ишинде сакталат,
50. Эмгек келишиминин типтүү формасы финансылык чалгындоо органынын буйругу менен белгиленет.
5-§. Кызматкердин анты
51. Финансылык чалгындоо органына биринчи жолу кызмат ордуна дайындалып жаткан адам белгиленген тартипте төмөнкүдөй мазмундагы ант берет:
"Мен, (фамилиясы, аты, атасынын аты) Кыргыз Республикасынын жараны, Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына кызматка кирип жатып,
Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын ыйык сактоого, алардан эч кандай четтөөгө жол бербөөгө,
өз ишимде мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк принциптери боюнча иштөөгө, мыкты билимиме жана ниеттериме ылайык өз милдеттеримди ак ниет жана берилгендик менен аткарууга,
жарандардын жана мамлекеттин укуктарын. эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын кылмыштуу кол салуулардан коргоого,
финансылык чалгындоо органынын жогорку натыйжалуулугуна жетүүгө,
мамлекеттик жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды бекем сактоого,
өзүмдүн квалификациямды дайыма өркүндөтүүгө, кесиптик ар-намысымды жогору баалоого, сатылбастыктын, моралдык тазалыктын, токтоолуктун үлгүсү болууга, финансылык чалгындоо органынын мыкты салттарын ыйык сактоого жана арттырууга салтанаттуу түрдө ант беремин.
Берген антымды бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген катуу жаза колдонулсун.".
52. Ант салтанаттуу жагдайда кабыл алынат. Антты кабыл алуучу анттын текстине кол коёт жана аны кабыл алган датаны көрсөтөт. Анттын тексти кызматкердин өздүк ишинде сакталат.
6-§. Кызматкердин укуктук статусу
53. Кызматкердин статусу кызматка кирген күндөн тартып пайда болот жана кызматтан бошогон күндөн тартып токтотулат.
54. Кызматкер Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттерди жүргүзүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Финансылык чалгындоо органы тууралуу жободо каралган укуктарга жана милдеттерге ээ.
55. Кызматкер мамлекеттик бийликтин өкүлү болуп саналат жана мамлекеттин коргоосунда болот. Мыйзам менен түздөн-түз ыйгарым укук берилген органдардан жана кызмат адамдарынан тышкары эч кимдин анын кызматтык ишине кийлигишүүгө укугу жок.
56. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келген учурлардан тышкары, кызматкерди жана анын үй-бүлөсүнүн мүчөлөрүн укуктардан жана эркиндиктен ажыратууга же алардын укуктарын жана эркиндиктерин чектөөгө эч кимдин укугу жок.
57. Кызматкердин кызматтык милдеттерин аткаруудагы мыйзамдуу талаптары бардык жарандар, кызмат адамдары жана уюмдар тарабынан аткарылууга милдеттүү.
Кызматкердин мыйзамдуу талаптарын аткарбоо, аны мазактоо, коркутуу, зомбулук көрсөтүү же анын өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө кол салуу, ошондой эле ага жүктөлгөн кызматтык милдеттерди аткарууга тоскоолдук кылуучу башка аракеттер бузуулар, жоруктар, кылмыштар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
58. Кызматкер кылмыштарды же жоруктарды жасап жаткан жеринде кармалган же аларды жасагандыгы үчүн айыпталган учурларды кошпогондо, ал өз кызматтык милдеттерин аткарып жатканда ал кызмат өтөп жаткан финансылык чалгындоо органынын өкүлүсүз аны алып келүүгө жана кармоого, ошондой эле жеке текшерүүгө жана анын буюмдарын, жеке жана пайдаланып жаткан транспортун текшерүүгө жол берилбейт.
7-§. Кызматкердин өздүк иши
59. Кызматкердин өздүк иши кызматкер жөнүндө, анын кызмат өтөөсү жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө жеке маалыматтарды жана кызматкердин эмгек мамилелерине тиешелүү башка маалыматтарды, материалдарды жана документтерди камтыйт.
60. Өздүк иште камтылган маалыматтар, материалдар жана документтер мамлекеттик жана кызматтык сырды түзөт.
61. Кызматкердин өздүк ишинде камтылган маалыматтарды, материалдарды жана документтерди ачыкка чыгарууга тыюу салынат. Кызматкердин саясий жана диний көз караштары жөнүндө материалдарды жана документтерди, ошондой эле анын жеке турмушу тууралуу маалыматтарды чогултууга жана өздүк ишине киргизүүгө тыюу салынат.
62. Кызматкер өздүк ишиндеги бардык материалдар менен таанышууга, өздүк ишине жазуу жүзүндөгү өзүнүн түшүндүрмөлөрүн тиркөөгө укуктуу.
63. Кызматкердин өздүк иши финансылык чалгындоо органынын кадр бөлүмү тарабынан таризделет жана жүргүзүлөт.
64. Кызматкер башка мамлекеттик органга өткөндө анын өздүк иши жаңы иштеген жерине берилет. Бир кызматкерге бир нече өздүк ишти жүргүзүүгө жол берилбейт.
65. Өздүк иштерди жүргүзүүнүн жана сактоонун тартиби, өздүк иштерге киргизилүүчү маалыматтардын, материалдардын жана документтердин тизмеги, ошондой эле аларды пайдалануу тартиби финансылык чалгындоо органынын буйругу менен бекитилет.
8-§. Кызматтык күбөлүк
66. Кызматкерге кызматтык күбөлүк берилет, анын үлгүсү финансылык чалгындоо органынын буйругу менен белгиленет.
Кызматтык күбөлүк кызматкердин өздүгүн, анын класстык ченин жана кызмат ордун ырастоочу документ болуп саналат.
Кызматкерди кызмат ордуна дайындоо жөнүндө буйруктун, анын өздүк ишинин негизинде кызматтык күбөлүктү тариздөө кадр бөлүмү тарабынан жүргүзүлөт жана каттоо журналына колун койдуруу менен кызматкерге жеке тапшырылат. Кызматтык күбөлүк финансылык чалгындоо органынын төрагасынын колу менен берилет.
67. Кызматкер ээлеген кызмат ордундагы кызматынын бардык мөөнөтүнүн ичинде күбөлүктү колдонот жана кызматтык күбөлүктүн сакталышын камсыз кылууга милдеттүү. Кызмат орду же класстык чени өзгөргөндө кызматкерге жаңы күбөлүк берилет.
68. Кызматтык күбөлүктү жоготкон учурда кызматкерге анын арызы боюнча жана кызматтык иликтөөнүн жыйынтыктары боюнча жаңы кызматтык күбөлүк берилет.
Кызматкердин күнөөсү боюнча кызматтык күбөлүктү жоготуу кызматтык жорук болуп саналат жана тартиптик жоопкерчиликке алып келет.
Кызматтык күбөлүктү жоготуунун ар бир фактысы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлөт.
69. Кызматкердин ыйгарым укуктары токтотулган учурда кызматтык күбөлүк кадр бөлүмүнө кайтарылууга тийиш жана жоюлат.
3-глава. Кызмат өтөөнүн тартиби
1-§. Кызматкерди аттестациялоо
70. Кызматкер ишин баалоо, ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугун, кесиптик даярдыгынын деңгээлин, кызматтык өсүшүнүн келечегин аныктоо үчүн үч жылда бир жолудан көп эмес аттестацияланууга тийиш.
71. Кызматкер сыноо мөөнөтү аяктагандан кийин аттестацияланууга тийиш.
72. Финансылык чалгындоо органына кызмат ордуна биринчи жолу дайындалуучу кызматкер кызмат ордуна дайындалгандан бир жыл өткөндөн кийин анын ишин баалоо жана класстык чен ыйгаруу үчүн аттестацияланууга тийиш.
73. Мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген жана мамлекеттик кызматчылар болуп саналган кызматкерлер аттестациядан өтүшөт.
74. Аттестацияны өткөрүү үчүн финансылык чалгындоо органынын аттестациялык комиссиясы түзүлөт. Аттестациялык комиссиянын курамы жана аттестацияны өткөрүү тартиби финансылык чалгындоо органынын буйругу менен бекитилет.
75. Кызматкерди аттестациялоонун жыйынтыгы боюнча аттестациялык комиссия төмөнкү чечимдердин бирин чыгарат:
1) ээлеген кызмат ордуна ылайык келет;
2) ээлеген кызмат ордуна ылайык келет, кызматка көрсөтүү резервине киргизүү үчүн сунушталат;
3) кайрадан аттестацияланууга тийиш;
4) ээлеген кызмат ордуна ылайык келбейт жана төмөнкү кызмат ордуна которулууга тийиш;
5) ээлеген кызмат ордуна ылайык келбейт жана бошотулууга тийиш.
76. Кайрадан аттестациялоо баштапкы аттестация өткөрүлгөн күндөн тартып үч айдан кечиктирилбестен жүргүзүлөт.
Аттестациялык комиссия кайрадан аттестациялоонун жыйынтыктары боюнча кызматкердин ээлеген кызмат ордуна ылайык келиши, кызмат ордунан төмөндөтүү же кызмат ордунан бошотуу жөнүндө чечим чыгарат.
77. Аттестациялык комиссиянын чечими эмгек келишимин узартуу, кызматкерди кызматка көрсөтүү резервине киргизүү, кызматкерди кызмат ордунан төмөндөтүү же аны бошотуу үчүн негиздердин бири болуп саналат.
78. Аттестациялоо кызматкердин жеке катышуусунда жүргүзүлөт. Жүйөлүү себептерсиз аттестацияга келбеген учурда кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылат, ал эми аны аттестациядан өткөрүү датасы жылдырылат.
79. Өргүүдө, иш сапарда жана дарыланууда жүргөн кызматкер жумушка чыккандан бир ай өткөндөн кийин аттестациядан өтүүгө тийиш.
80. Кезексиз аттестацияларды өткөрүүгө жол берилбейт.
2-§. Класстык чендер
83. Кызматкерлерге төмөнкү класстык чендер ыйгарылат:
- мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспектору;
- мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы инспектору;
- мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы инспектору;
- мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы инспектору;
- мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси;
- мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси;
- мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси;
- мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси;
- мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси;
- мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
82. Класстык чендерди ыйгаруу, сактоо, төмөндөтүү жана ажыратуу Кыргыз Республикасынын Президенти белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.
3-§. Кадрлардын ички резерви
83. Кадрдык ишти өркүндөтүү, кызматкерлерди тандоо, жайгаштыруу жана жогорулатуу максатында ички кадрлар резерви, анын ичинде кызматка көрсөтүү резерви түзүлөт.
84. Кадрлардын ички резерви төмөнкүлөрдөн турат:
1) финансылык чалгындоо органына жумушка кабыл алуу үчүн ички кадрлар резервине киргизүүгө талапкерлерди тандоонун бардык этаптарынан ийгиликтүү өткөн талапкерлерден;
2) аттестациянын жыйынтыгы боюнча сунушталган кызматкерлерден;
3) кайра уюштурууга, штаттын кыскаргандыгына, ден соолугунун абалы боюнча узакка эмгекке жараксыздыгына байланыштуу кызмат орундарынан бошотулган адамдардан;
4) бош кызмат ордун ээлөөгө конкурска катышкан, жогорку жыйынтыктарды көрсөткөн, бирок дайындоого сунушталбаган адамдардан;
5) финансылык чалгындоо органынын багыты боюнча жогорку окуу жайларын бүтүргөн адамдардан;
6) финансылык чалгындоо органынын кадрлар карамагында турган адамдардан.
85. Ички кадрлар резервине киргизүү үчүн негиз болуп финансылык чалгындоо органынын тиешелүү комиссиясынын чечими саналат.
86. Кызматка көрсөтүү резерви кызмат ордуна көтөрүлүүгө жана жогорулоого талапкер болгон, зарыл болгон кесиптик билимге, практикалык тажрыйбага, уюштуруучулук жөндөмдөргө жана тиешелүү моралдык сапаттарга ээ болгон кызматкерлердин арасынан түзүлөт.
Финансылык чалгындоо органында жетекчилик кызмат орундарына кызматка көрсөтүү резервинде турган адамдар дайындалат.
87. Ички кадрлар резервин түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жобо финансылык чалгындоо органынын буйругу менен бекитилет.
88. Финансылык чалгындоо органдарына ишке кабыл алуу үчүн кадрлар резервине киргизүүгө талапкерлерди тандоо тартиби жөнүндө жобо финансылык чалгындоо органынын буйругу менен бекитилет.
4-§. Кызматкерлерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу
89. Кызматкерлердин кесиптик билимдеринин жогорку деңгээлин камсыз кылуу максатында кызматкерлерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасы иштейт.
90. Кызматкерлерди кайра даярдоо төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:
1) кызматка биринчи жолу кирген адамдар үчүн;
2) кызматкердин жогору турган топтогу кызмат орундарына, анын ичинде адистер категориясынан жетекчилер категориясына өтүүсүндө;
3) кызматкердин кызматтык жана функциялык милдеттери өзгөргөндө.
Кайра даярдоо кызматкердин карьералык жактан жогорулашынын милдеттүү шарты болуп саналат. Кайра даярдоо кызмат ордуна дайындалгандан кийин үч айдан кеч эмес мөөнөттө жүргүзүлөт.
91. Кызматка биринчи жолу кирип жаткан адамдар конкурстук тандоодон өткөндөн кийин финансылык чалгындоо органынын окуу жайында кызматкерлерди баштапкы даярдоо программасы боюнча баштапкы окуудан өтүшөт. Окутууну өткөрүү тартиби финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленет.
92. Квалификацияны жогорулатуу кызмат орундарынын бир тобунун алкактарында үч жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.
Өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациялык деңгээлин кармап туруу, квалификациясын жогорулатуу кызматкердин кызматтык милдети болуп саналат.
93. Кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу кызматкерди аттестациялоодо, аны сыйлоодо эске алынат жана кызматы боюнча жогорулоодо артыкчылык болуп эсептелет.
94. Кайра даярдоодон жана квалификациясын жогорулатуудан өтүү тиешелүү документ менен ырасталат.
95. Кызматкер окутууга төмөнкү учурларда жиберилет:
1) кызматкердин демилгеси боюнча;
2) финансылык чалгындоо органынын төрагасынын демилгеси боюнча;
3) конкурстук комиссиянын сунуштамасы боюнча;
4) аттестациянын жыйынтыктары боюнча.
96. Окутуудан өтүүгө артыкчылыктуу укуктарга кадрлардын резервине киргизилген, кош бойлуулук жана төрөт боюнча же бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн кызматкерлер ээ болушат.
97. Үч айдан ашык мөөнөткө окууга жиберилүүчү кызматкер финансылык чалгындоо органында белгилүү мөөнөттө иштеп берүү боюнча милдеттенмелер жана эгерде кызматкер өз каалоосу боюнча кызматты токтотсо окутууга байланыштуу сарптоолорду кайтарып берүү жөнүндө финансылык чалгындоо органы менен келишим түзөт.
98. Окутууларды уюштуруу жана өткөрүү, окутуу чөйрөсүндө донордук жардамды координациялоо тартиби финансылык чалгындоо органынын буйругу менен бекитилет.
5-§. Кызматкерлерди ротациялоо
99. Ротациялоо - кызматкерди кызмат боюнча которуу же жылдыруу.
100. Ротациялоо төмөнкү максаттарда жүргүзүлөт:
1) финансылык чалгындоо органынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу;
2) кызматкердин потенциалын сарамжалдуу пайдалануу;
3) карьералык мотивациялоону жогорулатуу;
4) кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу жана коррупциянын тобокелдигин төмөндөтүү.
101. Кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу жана коррупциянын тобокелдигин төмөндөтүү максаттарында ротациялоону кошпогондо, ротациялоо кызматкердин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен финансылык чалгындоо органынын төрагасы тарабынан жүргүзүлөт.
102. Коррупция тобокелдигин төмөндөтүү максатындагы ротациялоо эки жылда бир жолудан көп эмес жүргүзүлөт. Коррупция тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги финансылык чалгындоо органынын буйругу менен бекитилет.
103. Ротациялоо тең маанидеги кызмат орундарына же болбосо төмөн турган кызмат орундарына жүргүзүлөт. Төмөн турган кызмат ордуна ротациялоодо кызматкердин эмгек акысы мурдагы кызмат орду боюнча сакталат. Ротация белгиленген квалификациялык жана башка талаптарга туура келишин эске алуу менен жүргүзүлөт.
104. Кызматкерди ден соолугунун абалы боюнча каршы келген кызмат ордуна ротациялоого тыюу салынат.
105. Ротациялоонун түрлөрү:
1) финансылык чалгындоо органынын ичинде ротациялоо;
2) мамлекеттик органдардын ортосундагы ротациялоо.
106. Мамлекеттик органдардын ортосундагы ротациялоо биргелешкен (ведомстволор аралык) буйрукка ылайык жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик кызматтын тиешелүү түрлөрүнө кирүү жана иштөө тартибин жөнгө салуучу мыйзамдарда белгиленген квалификациялык жана башка талаптарга ылайыктуулугун эске алуу менен мамлекеттик кызматтын башка түрүнө же мамлекеттик кызматтын башка түрүнөн (аскердик, укук коргоо жана дипломатиялык кызмат) кызматкерди ротациялоого жол берилет.
107. Финансылык чалгындоо органынын кызматкерлерин ротациялоо тартиби финансылык чалгындоо органынын буйругу менен бекитилет.
6-§. Кызматкерлерди жылдыруу
108. Кызматкер жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жана квалификациялык талаптарга шайкеш келгенде гана жогору турган, тең маанидеги же төмөн турган кызмат ордуна жылдырылат.
109. Кызматкерлерди жетектөөчү кызмат ордуна жылдыруу кызматка көрсөтүүнүн кадрлар резервинен жүзөгө ашырылат.
Кызматкерлерди жетектөөчү кызмат ордуна дайындоо ички конкурстун натыйжалары боюнча жүзөгө ашырылат.
Кызматкерлерди жогору турган жетектөөчү эмес кызмат орундарына жылдыруу түздөн-түз жетекчинин сунуштамасы боюнча жүзөгө ашырылат.
110. Кызматкерди тең маанидеги кызмат ордуна жылдыруу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) ротациялоо тартибинде;
2) кесиптик даярдыгын өркүндөтүү максатында;
3) штаттарды кыскартууга, кайра уюштурууга, ошондой эле түзүмдүк бөлүмдү жоюуга же кыскартууга байланыштуу;
4) медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы боюнча;
5) жеке же үй-бүлөлүк шарты боюнча;
6) кызматтык милдеттерди аткаруу үнүн зарыл болгон, мамлекеттик сырды жана мыйзам менен корголуучу башка сырды түзгөн маалыматтарга жеткиликтүүлүктүн токтотулушуна байланыштуу;
7) үй-бүлөлүк мамилелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жакын туугандык байланыштагы кызматкерлердин түздөн-түз баш ийүүсү же контролдо болуусу менен байланышкан жагдайларды четтетүү максатында.
111. Кызматкерди төмөн турган кызмат ордуна жылдыруу төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:
1) жеке өтүнүчү боюнча;
2) штаттарды кыскартууга, кайра уюштурууга, ошондой эле түзүмдүк бөлүмдү жоюуга же кыскартууга байланыштуу;
3) тең маанидеги кызмат орду болбогондо, кызматкерди кызмат ордуна калыбына келтирүү жөнүндө соттун чечиминин негизинде;
4) жакын туугандык же куда-сөөктүк байланыштагы кызматкерлердин түздөн-түз баш ийүүсү же контролдо болуусу менен байланышкан жагдайларды четтетүү максатында;
5) кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон, мамлекеттик сырды же мыйзам менен корголуучу башка сырды түзгөн маалыматтарга жеткиликтүүлүктүн токтотулушуна байланыштуу;
6) медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы боюнча;
7) тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу тартибинде;
8) ротациялоо иретинде тең маанидеги кызмат ордуна жылдыруудан баш тарткандыгына байланыштуу же аны тең маанидеги кызмат ордуна дайындоого мүмкүн болбогондо;
9) аттестациялык комиссиянын чечиминин негизинде кызматкердин кызмат ордуна ылайыктуу эместигине байланыштуу.
112. Штаттарды кыскартууда, кайра уюштурууда, түзүмдүк бөлүмдү жоюуда же кыскартууда, эгерде тең маанидеги бир эле кызмат ордуна бир нече кызматкер талапкер болсо, ошол багытта иш тажрыйбасы көп, тартиптик жазасы жок кызматкерге анын кесиптик жана жеке сапаттарын эске алуу менен артыкчылык берилет.
7-§. Милдеттерди убактылуу аткаруу
113. Кызматкерге анын макулдугу менен, ошол эле учурда ээлеген кызмат орду боюнча милдеттерден бошотуп же бошотпой туруп башка кызмат орду боюнча милдеттерди аткаруу убактылуу жүктөлүшү мүмкүн.
Кызмат орду боюнча милдеттерди убактылуу аткаруунун мөөнөтү үч айдан ашпоого тийиш.
114. Кызматкерди бош кызмат ордуна милдеттерди убактылуу аткаруучу катары дайындоого жол берилбейт.
115. Кызмат орду боюнча милдеттерди убактылуу аткаруучу кызматкерге эмгек акыны төлөп берүү Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
116. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык иштеген жери сакталып туруучу убактылуу жок болгон кызматкерди алмаштыруу үчүн ички кадрлар резервиндеги адам менен эмгек келишими түзүлүшү мүмкүн.
8-§. Кызматкерди убактылуу карамакта болууга жиберүү
117. Кызматкер финансылык чалгындоо органынын кадрлар карамагында калтырылуу менен жана төмөнкүлөргө кызмат өтөө үчүн убактылуу карамакта болууга жиберилет:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Аппаратына;
2) башка мамлекеттик органдарга, эл аралык уюмдарга же мамлекеттер аралык органдарга.
118. Кызматкерди убактылуу карамакта болууга жиберүү кызматкердин макулдугу менен жана биргелешкен буйруктун негизинде жүргүзүлөт.
119. Убактылуу карамакта болууга жиберилген кызматкерди кайра чакыртып алуу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
1) убактылуу карамакта болууга жиберилген органдын же уюмдун демилгеси;
2) беделин кетирүүчү жосунду жасоо;
3) убактылуу карамакта болууга жиберүүнүн мөөнөтү бүткөндө;
4) убактылуу карамакта болууга жиберилген кызматкердин өзүнүн каалоосу.
120. Кайра чакыртып алууда кызматкер финансылык чалгындоо органынын карамагына келет жана жумушка орноштурулууга тийиш.
121. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратына, башка мамлекеттик органдарга, эл аралык уюмдарга же мамлекеттер аралык органдарга андан ары кызмат өтөө үчүн жиберилген кызматкер андан ары кызмат өтөө үчүн жиберилген тиешелүү мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар же мамлекеттер аралык органдар тарабынан аталган мамлекеттик органдарда, эл аралык уюмдарда же мамлекеттер аралык органдарда белгиленүүчү эрежелер жана ченемдер боюнча эмгек акы менен камсыз кылынат.
122. Убактылуу карамакта болууга жиберилген кызматкер менен мурда түзүлгөн эмгек келишими убактылуу карамакта болуунун бардык мезгилинде күчүндө болот.
123. Убактылуу карамакта болууга жиберилген кызматкерге кезектеги класстык чен белгиленген тартипте ыйгарылат.
Кызматкерге кезектеги класстык ченди ыйгаруу ыйгарылган класстык ченде болуунун белгиленген мөөнөтү аяктагандан кийин жүргүзүлөт.
124. Убактылуу карамакта болууга жиберилген кызматкерди кызматтан бошотуу ушул Убактылуу жободо каралган негиздер боюнча жана тартипте жүргүзүлөт.
9-§. Финансылык чалгындоо органынын кадрлар карамагына кызматкерди киргизүү
125. Финансылык чалгындоо органынын кадрлар карамагына кызматкер төмөнкү учурларда киргизилет.
1) кайрадан уюштуруу, жоюу же болбосо штаттык санды кыскартуу менен байланышкан уюштуруу-штаттык иш-чаралар өткөрүлгөндө;
2) сот органдары тарабынан кабыл алынган чечимдин негизинде кызматтан четтетилген күндөн тартып үч ай өткөндө;
3) төмөн турган кызмат ордуна дайындоо мүмкүндүгү болбостон, тартиптик жаза алганда;
4) мурда бул кызмат ордун ээлеген, бала багуу боюнча өргүүдөн кызматкердин чыгуусунда;
5) башка кызматтарга дайындоо мүмкүндүгү болбостон, мурда бул кызмат ордун ээлеген кызматкерди кызмат ордуна калыбына келтирүүдө;
6) кызматкер дайынсыз жоголгондо.
126. Кызматкер кадрлар карамагына төрт айдан ашпаган мөөнөткө киргизилет.
127. Ушул убакыттын ичинде кызматкерге экиден кем эмес жолу тең маанидеги бош кызмат орду сунушталат. Тең маанидеги кызмат орду жок болгон учурда кызматкерге башка кызмат орду сунушталышы мүмкүн.
128. Сот органдары тарабынан чыгарылган чечимдин негизинде кызмат ордунан четтетүүгө байланыштуу кадрлар карамагына киргизилген кызматкер каралган иш боюнча акыркы чечим кабыл алынганга чейин кадрлар карамагында болот.
129. Кадрлар карамагына киргизилүүчү жана учурдагы жылдагы кезектеги жылдык өргүүнү пайдаланбаган кызматкерге кадрлар карамагына аны киргизгенден кийин өргүү берилиши керек. Андан кийин өргүү берилбейт.
130. Кызматкердин кадрлар карамагында болуу мезгилине убактылуу эмгекке жарамсыздык мезгили, эмгек өргүүсүндө болуу мезгили, ошондой эле бош эмес кызмат орундары боюнча милдеттерди аткаруу мезгили кирбейт.
131. Кызматкерге кадрлар карамагына киргизүү жөнүндө буйрук кол коюу менен жарыяланат. Кызматкер кол коюудан баш тарткан же келбеген учурда тиешелүү акт түзүлөт жана анын жашаган жерине билдирүү жиберилет.
132. Кадрлар карамагына киргизүү жөнүндө буйрук кызматты токтотууну билдирбейт.
133. Кадрлар карамагында болуунун төрт айлык мөөнөтү аяктагандан кийин кызматкерге сунушталган эки бош кызмат орундарынан, анын ичинде төмөн турган кызмат орундарынан баш тарткан учурда, ал ушул Убактылуу жободо белгиленген тартипте кызматтан бошотулууга тийиш.
10-§. Кызматтагы этика жана коррупцияга каршы механизмдер
134. Кызматкер финансылык чалгындоо органынын буйругу менен бекитилүүчү финансылык чалгындоо органынын кызматкеринин этика кодексин (кызматкердин жүрүм-турум эрежелерин белгилөөчү жана жөнгө салуучу ченемдердин системасы) сактоого милдеттүү.
135. Кызматкер этиканын төмөнкү принциптерин сактоого тийиш:
1) өзүн ар дайым финансылык чалгындоо органынын ак ниеттүү, калыс жана натыйжалуу ишине жарандардын ишенимин калыптандырып, сактап жана бекемдеп тургандай алып жүрүү;
2) пайда көрүү кызыкчылыктарына жана мыйзамсыз баюуга жетишүү үчүн кызматтык абалын пайдаланууга жол бербөө;
3) сылык, сыпайы, чыдамдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, аңгемелешкен адамды угуу жана анын позициясын түшүнө билүү;
4) башка кызматкерлер тарабынан этиканын ченемдерин бузуу фактылары аныкталган учурда этика кодексинде каралган чараларды көрүү;
5) өзүнө баш ийген адамды укукка сыйбаган чечимдерди кабыл алууга же мыйзамсыз аракеттерди жасоого мажбурлабоо;
6) өз ишинде кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөө;
7) кызматтык милдеттерин ак ниет аткаруу;
8) элдердин үрп-адаттарына жана каада-салттарына сый-урмат менен мамиле кылуу;
9) өзүнүн кызматтык ишине кимдир-бирөөнүн, анын ичинде ээлеген кызмат орундарына жана абалына карабастан башка кызмат адамдарынын мыйзамсыз таасирине же таасир этүүсүнө жол бербөө;
10) мамлекеттин жана коомдун алдында моралдык жана адеп-ахлактык жоопкерчилик тартуу.
136. Финансылык чалгындоо органынын төрагасы өзүнө баш ийген кызматкерлер тарабынан этиканы бузуулардын алдын алууга жана ага жол бербөөгө карата бардык чараларды көрүүгө милдеттүү.
137. Финансылык чалгындоо органынын төрагасы кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо боюнча чараларды көрөт.
Финансылык чалгындоо органында кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу тартиби кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.
138. Финансылык чалгындоо органында кызматтан терс негиздер боюнча бошотулган адамдардын реестри жүргүзүлөт.
Кызматтан терс негиздер боюнча бошотулган адамдардын реестрин түзүү, жүргүзүү, өзгөртүү жана толуктоо тартиби финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталат.
Кызматтан терс негиздер боюнча бошотулган адамдардын реестри бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстук тандоодо пайдаланылат.
11-§. Кызматкерлерди сыйлоо
139. Кызматкерлердин кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаруусу, узак жана кынтыксыз кызматы, өзгөчө маанидеги жана татаалдыктагы тапшырмаларды аткаргандыгы, жогорку кесипкөйлүгүн көрсөткөндүгү үчүн сыйлоонун төмөнкү түрлөрү колдонулат:
1) ыраазычылык кат менен сыйлоо;
2) Ардак грамота менен сыйлоо;
3) баалуу белек менен сыйлоо;
4) кызмат орундарынын бир тобунун ичинде кезексиз класстык ченди берүү;
5) мурда берилген тартиптик жазаны алып салуу;
6) "Финансылык чалгындоо органынын отличниги" төш белгиси менен сыйлоо;
7) "Эмгеги үчүн" медалы менен сыйлоо.
140. Финансылык чалгындоо органынын ведомстволук сыйлыктары жөнүндө жобо жана алардын сыпаттамасы, ошондой эле сыйлоо тартиби финансылык чалгындоо органынын буйругу менен бекитилет.
141. Өзгөчө айырмаланган кызматкерлер белгиленген тартипте ведомстволук сыйлыктар менен сыйланышы, ардактуу наамдарды ыйгарууга, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана башка сыйлыктары менен сыйланууга эл аралык уюмдардын сыйлыктары менен сыйланууга көрсөтүлүшү мүмкүн.
12-§. Кызматка байланыштуу чектөөлөр
142. Кызматкерге "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинде белгиленген чектөөлөр, ошондой эле финансылык чалгындоо органында кызмат өтөөгө байланышкан "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган чектөөлөр жана тыюу салуулар жайылтылат.
143. Белгиленген чектөөлөрдү жана тыюу салууларды сактабоо фактысынын аныкталышы кызматкерди ээлеген кызмат ордунан бошотууга чейин жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болуп саналат.
13-§. Кызматкердин жоопкерчилиги
144. Күнөөлүү жана мыйзамсыз жүрүм-туруму, кызматтык милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы, этикалык ченемдерди сактабагандыгы, кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылат жана ага карата мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тартиптик таасир этүү чаралары колдонулат.
145. Тартиптик таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө чечим кызматкер тарабынан финансылык чалгындоо органынын апелляциялык комиссиясына даттанылышы мүмкүн, ал эми финансылык чалгындоо органынын чечими менен макул болбогон учурда чечим менен таанышкан күндөн тартып эки айдын ичинде сотто даттанылышы мүмкүн. Тартиптик таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө финансылык чалгындоо органынын чечиминин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү ал кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде кызматкерге берилет же жиберилет.
146. Кызматкер күнөөлүү жана мыйзамсыз жүрүм-турумунун (аракетинин же аракетсиздигинин) натыйжасында келтирилген зыян үчүн материалдык жоопкерчилик тартат.
Кызматкерди материалдык жоопкерчиликке тартуу Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде жана мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
147. Кызматкерди ээлеген кызмат ордунан убактылуу четтетүү мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
148. Кызматкер бузууларды, жоруктарды, кылмыштарды жасагандыгы үчүн жазык мыйзамдарында, ошондой эле бузуулар, жоруктар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
14-§. Кызмат өтөө маселелери боюнча чечимдерге даттануу тартиби жана мөөнөттөрү
149. Финансылык чалгындоо органынын кызмат өтөө маселелери боюнча чечими менен макул болбогон учурда кызматкер бул чечимди финансылык чалгындоо органында түзүлгөн эмгектик талаштар боюнча комиссияга даттанууга укуктуу.
Эмгектик талаштар боюнча комиссия бир айдын ичинде арызды карап чыгууга жана кабыл алынган чечим жөнүндө арыз ээсине билдирүүгө милдеттүү. Көрсөтүлгөн мөөнөт Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте узартылышы мүмкүн.
150. Арыз менен кайрылуу тартиптик жаза колдонуу жөнүндө чечимдин аткарылышын токтото албайт.
151. Аттестациялык комиссиянын чечимдерине даттануу финансылык чалгындоо органынын төрагасынын даттануу боюнча чечими чыкканга чейин алардын аткарылышын токтото турат.
15-§. Кызмат ордуна жана класстык ченине калыбына келтирүү
152. Кызмат ордунан негизсиз бошотулган, четтетилген же башка кызмат ордуна которулган же болбосо класстык ченинен мыйзамсыз ажыратылган деп белгиленген тартипте таанылган кызматкер мурдагы кызмат ордуна жана класстык ченине калыбына келтирилүүгө тийиш.
153. Кызматка калыбына келтирилүүчү кызматкер өзүнүн макулдугу менен тең маанидеги же төмөн турган кызмат ордуна дайындалышы мүмкүн.
154. Кызматкерди кызматка калыбына келтирүү үчүн негиз болуп финансылык чалгындоо органынын чечими же болбосо мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими саналат.
155. Кызматка калыбына келтирилген кызматкердин ишке келбеген убактысы кошумча өргүүгө, стаж (иштеген жылдар) үчүн ай сайын төлөнүүчү үстөккө укук берүүчү кызматтык стажына, ошондой эле кийинки класстык ченди ыйгаруу үчүн иштеген жылдарынын мөөнөтүнө кошулат.
16-§. Кызматкерлерди материалдык жана социалдык камсыз кылуу
156. Финансылык чалгындоо кызматынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өзүнчө чечими менен белгиленет.
157. Кызматкерге Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине жана мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өргүү берилет.
158. Кызматкердин кадимки жумуш убактысынын узактыгынын режими финансылык чалгындоо органынын буйругу менен бекитилүүчү ички кызмат тартибинин эрежелери менен белгиленет.
4-глава. Кызматты токтотуу тартиби
1-§. Кызматты токтотуунун негиздери
159. Кызмат төмөнкү учурларда токтотулат:
1) кызматтан бошотулганда;
2) кызматкер каза болгондо же ал Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте дайынсыз жоголду деп таанылганда жана (же) аны өлдү деп жарыялаганда.
2-§. Кызматтан бошотуу
160. Кызматкер эмгек келишиминин токтотулгандыгына же бузулгандыгына байланыштуу кызматтан бошотулат.
161. Эмгек келишимин токтотуу же бузуу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) өз каалоосу боюнча бошотуу жөнүндө арыз;
2) эмгек келишиминин жарактуу мөөнөтүнүн бүтүшү;
3) кызматкердин мамлекеттик кызматта болуусунун чектелген курагына жетиши;
4) аттестациялык комиссиянын чечимин эске алуу менен кызматкердин ээлеген кызмат ордуна ылайыктуу эместиги;
5) ден соолугунун абалы - кызмат боюнча жылдыруу мүмкүндүгү болбогондо кызматка чектелген жарактуулугу жана ээлеген кызмат ордуна ылайык кызматтык милдеттерин аткаруунун мүмкүн эместиги жөнүндө медициналык комиссиянын корутундусунун негизинде;
6) финансылык чалгындоо органынын жоюлушу;
7) штаттык сандын кыскарышы;
8) кызматкердин кадрлардын карамагында туруу мөөнөтүнүн аякташы;
9) кызматкердин эмгек келишиминин шарттарын бузуусу;
10) кызматкердин террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы күрөшүү жана мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген чектөөлөрдү жана тыюу салууларды сактабоосу;
11) кызматкерди которуу үчүн мүмкүнчүлүк болбогон учурда кызматтык милдеттерин аткаруу мамлекеттик сырды жана башка мыйзам менен корголгон сырды түзгөн маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн талап кылса, анын мындай маалыматтарга жеткиликтүүлүгүнүн токтотулушу;
12) Кыргыз Республикасынын жарандыгынын токтотулушуна же чет мамлекеттин жарандыгын (чет мамлекетте жашап туруу укугун) алуу үчүн документтерди тапшырышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу тууралуу арыз - арыз берилген күнү;
13) эгерде бул жазык жоопкерчилигине алып келбесе, кызматкер кызматка кирип жатканда жасалма документтерди жана билип туруп жалган маалыматтарды бергендиги жөнүндө фактынын аныкталышына байланыштуу, ошондой эле кызматкердин кызмат өтөп жаткан мезгилинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын тиешелүү кызмат ордун ээлөө шарттарына тиешелүү бөлүгүндөгү талаптарына ылайык келерин ырастаган жасалма документтерди же билип туруп жалган маалыматтарды беришине байланыштуу;
14) мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими боюнча кызматкер аракетке жөндөмсүз же жарым-жартылай жөндөмдүү деп таанылгандыгына байланыштуу;
15) соттун күчүнө кирген чечиминин негизинде кызматкердин кылмыш үчүн соттолгондугуна байланыштуу;
16) Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамында белгиленген тартипте реабилитациялоочуга кирген жагдайлар боюнча токтотулган учурларды кошпогондо, кызматкерге карата жазыктык куугунтуктоо токтотулгандыгына байланыштуу;
17) укук коргоо органдарына которуу жана кызматкерди мамлекеттик органдарга убактылуу карамакта болууга жиберүү учурларын кошпогондо, кызматкерди башка мамлекеттик органга которууга байланыштуу;
18) жылдыруунун мүмкүн эместигине же кызматкердин башка кызмат ордуна жылдыруудан баш тарткандыгына байланыштуу;
19) кызматкердин шайлануучу кызмат ордуна дайындалышына байланыштуу;
20) ишенимди жоготкондугуна байланыштуу.
3-§. Ишенимди жоготкондугуна байланыштуу бошотуу
162. Төмөнкү бузуулардын бири жасалган учурда кызматкер ишенимди жоготкондугуна байланыштуу кызматтан бошотулушу мүмкүн:
1) дарыгердин дайындоосу жок баңги же психотроптук заттарды колдонуу;
2) жеке пайда көрүү кызыкчылыгында кызмат абалынан пайдалануу;
3) адамдарга өзүнүн кызматтык абалынан пайдалануу менен кызматтык милдеттеринде каралбаган ар кандай жардамдарды көрсөтүү жана ал үчүн ар түрдүү формада сыйакы алуу;
4) финансылык каражаттарды же кызматтык маалыматты кызматтык эмес максаттарда колдонуу;
5) кызматкердин өзү тарап катары болгон кызыкчылыктардын кагылышуусун токтотуу жана (же) жөнгө салуу боюнча чараларды көрбөгөндүгү;
6) кызматкердин өзүнүн кирешелери, чыгымдары, мүлкү жана мүлктүк милдеттенмелери тууралуу, ошондой эле өзүнүн жубайынын жана жашы жете элек балдарынын кирешелери, чыгымдары тууралуу, мүлкү жана мүлктүк милдеттенмелери тууралуу маалыматтарды бербегендиги же болбосо билип туруп туура эмес же толук эмес маалыматтарды берүүсү;
7) эксперттик, илимий, окутуучулук, дене тарбия-спорттук же чыгармачылык иштерди кошпогондо, ишкердик ишти жүргүзүү, ар кандай акы төлөнүүчү иштерди айкалыштырып аткаруу;
8) иш таштоо, митинг жана тынчтык жыйындарга болгон жалпы жарандык укуктун башка формасынын көрүнүштөрүн кошуп алганда, мамлекеттик органдардын талаптагыдай иштөөсүнө жана кызматтык милдеттерин аткаруусуна тоскоол болгон аракеттерди уюштуруу жана (же) аларга катышуу;
9) уюшкан кылмыштуу топтор, террордук, экстремисттик же сепаратисттик уюмдар менен байланышы же катыштыгы бар экендиги тууралуу маалыматтардын болушу.
163. Ар бир бузуу фактысы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлөт.
4-§. Кызматкердин демилгеси боюнча кызматтан бошотуу
164. Кызматкер жеке демилгеси боюнча бошонуу датасына чейин бир ай мурда белгиленген тартипте арыз берүү менен эмгек келишимин мөөнөтүнөн мурда бузууга жана кызматтан кетүүгө укуктуу.
165. Кызматкер финансылык чалгындоо органынын төрагасы менен макулдашуу боюнча арыз берилген учурдан тартып бир айлык мөөнөттөн эрте бошотулушу мүмкүн.
166. Кызматкер эмгек келишимин мөөнөтүнөн мурда бузуу жөнүндө арыз берген учурдан тартып эки жуманын ичинде өзүнүн арызын жазуу жүзүндө кайтарып алууга укуктуу. Бул учурда кызматкер менен эмгек келишими бузулбайт жана кызматтан бошотулбайт.
167. Кызматкер мөөнөтүнөн мурда эмгек келишимин бузуу тууралуу эскертүү мөөнөтү аяктагандан кийин белгиленген тартипте ага бекитилип берилген мүлктү, документтерди, кызматтык күбөлүгүн өткөрүп берген шартта кызматтык милдеттерин аткарууну токтотууга укуктуу.
5-§. Финансылык чалгындоо органынын демилгеси боюнча бошотуу
168. Чектелген куракка жетүү, кайра уюштуруу, кыскартуу, жоюу же штаттык санды кыскартуу, ошондой эле ишенимди жоготкондугуна байланышкан учурларды кошпогондо, бошонуу датасына чейин бир ай мурда кызматкерди кабарлоо шартында финансылык чалгындоо органынын демилгеси боюнча эмгек келишимин бузууга жана кызматтан бошотууга ушул Убактылуу жободо каралган негиздер боюнча жол берилет.
6-§. Эмгек келишимин бузуу
169. Эмгек келишими анын колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин токтотулат, бул жөнүндө кызматкер көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин жети жумуш күндөн кечиктирбей эскертилиши керек.
170. Кызматкер менен мурунку эмгек келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин жаңы эмгек келишими түзүлүшү мүмкүн.
7-§. Кызматтан бошотуу тартиби
171. Кызматтан бошотулуп жаткан кызматкер өзүнө бекитилип берилген мүлктү, документтерди, кызматтык күбөлүгүн белгиленген тартипте өткөрүп берүүгө милдеттүү.
172. Кызматкерлерди кызматтан бошотууга сунуштаманын тартиби жана эмгек келишимин токтотууга же бузууга байланыштуу документтерди жол-жоболоштуруу тартиби финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталат.
173. Чектелген куракка жетүү, кайра уюштуруу, жоюу же штаттык санды кыскартуу учурларын кошпогондо, ошондой эле ишенимди жоготкондугуна байланыштуу кызматкерди убактылуу эмгекке жарамсыз, өргүү же командировкада жүрүү мезгилинде кызматтан бошотууга жол берилбейт.
5-глава. Корутунду жоболор
174. Ушул Убактылуу жобо күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр белгиленсин:
1) ушул Убактылуу жобонун күчүнө киргендигине байланыштуу кайра уюштурууну өткөрүүдө иштеп жаткан кызматкерлер конкурстук тандоодон өтпөстөн кызмат орундарына кайра дайындалаары жана дайындалаары;
2) кайра уюштурууну өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча кызматкерлер андан ары милдеттүү түрдө жумушка орноштуруу үчүн кадрларынын карамагына киргизилери;
3) кайра дайындоо күнүнө карата болгон мамлекеттик жарандык кызматтагы иштеген жылдарынын сакталаары;
4) ушул Убактылуу жобону кабыл алууга байланыштуу кызматкерлерге кызматтык маянанын жана башка төлөмдөрдүн өлчөмдөрүнүн азайтылбашы;
5) иштеп жаткан кызматкерлердин ушул Убактылуу жобого ылайык үч айдын ичинде аттестациядан өтүшөрү.