Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 4-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын туусу жана эмблемасы жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын (мындан ары - Кызмат) туусунун жана эмблемасынын сыпаттамасын жана эскиздерин, ошондой эле Кызматтын туусун жана эмблемасын колдонуу тартибин камтыйт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Туу жана эмблема Кызматтын кадыр-баркынын, ар-намысынын символдору жана атрибуттары болуп саналат.
2-глава. Туунун сыпаттамасы
3. Туу кездемеден, каскактан, каскактын учунан жана шоонадан турат.
4. Туунун кездемеси эки жактуу, тик бурчтуу формада, көк түстөгү жибек кездемеден жасалат. Үч тарабынын четтеринде эни 70 мм алтын түстөгү жибек чачык тигилген. Кездеменин узундугу - 1500 мм, туурасы - 1100 мм.
Туунун бет жагында, кездеменин ортосунда, сыпатталышы ушул Жободо келтирилген, мамлекеттик тилдеги жазуусу бар Кызматтын эмблемасынын сүрөтү жайгаштырылат. Эмблеманын сүрөтүнүн диаметри 600 мм түзөт.
Туунун арткы бетинде, кездеменин ортосунда, сыпатталышы ушул Жободо келтирилген, расмий тилдеги жазуусу бар Кызматтын эмблемасынын сүрөтү жайгаштырылат. Эмблеманын сүрөтүнүн диаметри 600 мм түзөт.
5. Туунун каскагы жыгач, каралжын-күрөң түстө, диаметри 40 мм жана узундугу 2500 мм.
6. Туунун каскагынын учу дат баспас болоттон, ортосунда күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн, 40 нуру тегиз чачыраган күн алкагынын сүрөтү жайгаштырылат. Каскактын учунун узундугу - 250 мм.
Туунун шоонасы эки чачыктуу, алтын түстүү эшилген жибек жиптерден даярдалат. Чачыктуу шоонанын узундугу - 2800 мм.
3-глава. Туунун эскиздери
Туунун бет жагы
Туунун арткы бети
4-глава. Эмблеманын сыпаттамасы
7. Эмблема (45 градуска бурулуп, бири-бирине кайчылашуу менен эки төрт бурчтуктан турган сегиз бурчтуу жылдызды түзгөн) бурчтары ак карлуу тоолорду символдоштурган көк түстөгү сегиз бурчтукту түзөт.
Сегиз бурчтуктун ичинде, ак түстүү айлампада, көк түстөгү мамлекеттик тилдеги төмөнкү жазуулар жазылат:
- үстүнкү бөлүгүндө - "Кыргыз Республикасы";
- астыңкы бөлүгүндө - "финансылык чалгындоо органы".
8. Эмблема расмий тилдеги сөздөр менен даярдалышы мүмкүн, мында сегиз бурчтуктун ичинде, ак түстүү айлампада, расмий тилде көк түстүү төмөнкү жазуулар жазылат:
- үстүңкү бөлүгүндө - "Кыргызская Республика";
- астыңкы бөлүгүндө - "орган финансовой разведки".
9. Үстүнкү жана астыңкы бөлүктөрдөгү сөздөрдүн ортосунда көк түстүү эки жылдызча бар. Ак түстүү айлампанын борборунда (ичинде) көк фондо канаттуу ак илбирс сүрөттөлгөн.
5-глава. Эмблеманын эскиздери
|
6-глава. Корутунду жоболор
10. Туу Кызматтын имаратында Кызматтын төрагасы тарабынан белгиленген жерде орнотулат жана сакталат.
11. Эмблеманын сүрөтү Кызматтын аймактарын жана имараттарын жасалгалоодо, Кызматтын документтеринин бланкаларында жана расмий басылмаларында, Кызматтын сыйлыктарында жана сувенирлеринде, Кызматтын жетекчисинин чечими боюнча башка учурларда пайдаланылышы мүмкүн.
Эмблеманын сүрөтүн чыгаруу ак-кара жана көлөмдүү варианттарда, ошондой эле англис тилиндеги жазуулар менен жасоого жол берилет.
12. Чет өлкөлүк адамдар катышкан иш-чараларда тууну колдонуу максатында туу кичирейтилген өлчөмдө (флагштоктун формасында), анын ичинде англис тилиндеги жазуулар менен даярдалышы мүмкүн.
13. Туу жана эмблема кызматтын жетекчисинин уруксатысыз башка мамлекеттик органдар, юридикалык жактар жана жеке адамдар тарабынан пайдаланылышы мүмкүн эмес.
Тууну жана эмблеманы мазактоо же тууга жана эмблемага маани бузуучу жазууларды, белгилерди, сүрөттөрдү тартууга жол берилбейт.