Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 31-июлу N 412

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

             "Токой жана аңчылык чарбалардын, мамлекеттик коруктардын жана улуттук жаратылыштык парктардын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнү тартипке келтирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-августундагы № 313 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик системасынын кызматкерлеринин эмгек акы шарттарын өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Токой жана аңчылык чарбалардын, мамлекеттик коруктардын жана улуттук жаратылыштык парктардын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнү тартипке келтирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-августундагы N 313 токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- 2-пункт төмөнкүдөй сөздөр жана сандар менен толукталсын: ", 2008-жылдын 1-январынан - 530 сомго".

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда каралган чыгымдарды каржылоону "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аталган максаттарга каралган каражаттын чегинде жүргүзсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

    Премьер-министри                                                                               И.Чудинов