Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 7- апрели № 201
токтомдун редакциясына ылайык
кγчγн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 7-августу N 313
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Токой жана ањчылык чарбалардын, мамлекеттик
коруктардын жана улуттук жаратылыштык
парктардын кызматкерлерине эмгек акы
төлөөнү тартипке келтирүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 31-июлундагы №412 2009-жылдын 27-июнундагы №419 токтомунун редакциясына ылайык)
Токой жана ањчылык чарбалардын, мамлекеттик коруктардын жана улут-
тук жаратылыштык парктардын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнү тартипке
келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Токой жана ањчылык чарбалардын, мамлекеттик коруктардын жана
улуттук жаратылыштык парктардын кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө
тиркелген жобо бекитилсин.
2.Токой жана аңчылык чарбалардын, мамлекеттик коруктардын жана улуттук жаратылыштык парктардын кызматкерлери үчүн Бирдиктүү тарифтик торчонун биринчи разрядынын өлчөмү төмөнкүдөй белгиленсин:
- 2007-жылдын 1-июлунан тартып - 340 сом;
- 2008-жылдын 1-январынан тартып - 530 сом;
- 2009-жылдын 1-январынан тартып - 690 сом.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-июнундагы №419 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Токой жана ањчылык чарбалардын, мамлекеттик коруктардын жана
улуттук жаратылыштык парктардын кызматкерлерине эмгек акы Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы N 561 "Социалдык
чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө" токтому
менен бекитилген Мамлекеттик бюджеттен каржылануучу социалдык-маданий
уюмдардын жана мекемелердин кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө үчүн
Бирдиктүү тарифтик торчого ылайык төлөнөөрү белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 16-октябрындагы N
678 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик токой кызматынын кызматкерлери-
нин эмгегине акы төлөө жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министр А.Атамбаев