Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 5-августу № 423
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасы мүчө болгон эл аралык уюмдарга жана КМШнын алкагындагы интеграциялык бирикмелерге 2007-жылы үлүштүк акыларды төлөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-июлундагы № 300 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2008-жылдын 15-февралындагы № 15 "Кыргыз Республикасынын 2007-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
"Кыргыз Республикасы мүчө болгон эл аралык уюмдарга жана КМШнын алкагындагы интеграциялык бирикмелерге 2007-жылы үлүштүк акыларды төлөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-июлундагы № 300 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктунда "125765,2" деген сандар "125655,2" деген сандарга алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомго № 1 жана 2 тиркемелер ушул токтомдун № 1 жана 2 тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
Премьер-министри И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-августундагы № 428 токтомуна № 1 тиркеме |
Мүчөлүк акылар 2007-жылы биринчи кезекте төлөнө турган эл аралык уюмдардын ТИЗМЕСИ
Уюмдардын аталышы | 2007-жылга бюджетте каралган (миң сом менен) |
Дүйнөлүк банк | 7500,00 |
Ислам өнүктүрүү банкы | 52526,5 |
Дүйнөлүк соода уюму | 593,0 |
БУУнун туруктуу бюджети | 1680,0 |
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму | 728,9 |
ЕККУ | 2284,0 |
ЕККУнун Парламенттер аралык ассамблеясы | 65,1 |
Эл аралык паралимпиялык комитет | 12,5 |
Интерпол | 645,8 |
ЮНЕСКО | 334,1 |
Миграция боюнча эл аралык уюм | 640,0 |
Экономикалык кызматташуу уюму (ЭКУ) | 663,2 |
Ислам конференция уюму | 500,0 |
Шанхай кызматташуу уюму (ШКУ) | 8302,7 |
ШКУнун региондук терроризмге каршы күрөшүү структурасы | 6109,0 |
Эл аралык электр байланыш союзу | 853,5 |
Дүйнөлүк почта союзу | 453,8 |
Укук аркылуу демократия үчүн Европа комиссиясы | 214,2 |
Бардыгы: | 84106,3 |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – министр |
| М.Исмаилов |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-августундагы № 423 токтомуна № 2 тиркеме |
Мүчөлүк акылар 2007-жылы биринчи кезекте төлөнө турган КМШнын алкагындагы интеграциялык бирикмелердин ТИЗМЕСИ
Уюмдардын аталышы | 2007-жылга бюджетте каралган (миң сом менен) |
Евразиялык экономикалык коомдоштуктун бюджети | 15939,1 |
КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясы | 2520,0 |
КМШнын бирдиктүү бюджети | 7717,7 |
Кыргыз Республикасынын КМШ органдарындагы ыйгарым укуктуу туруктуу өкүлдөрү | 2312,2 |
Аралды сактоо эл аралык фондунун Аткаруу комитети | 0,00 |
Аралды сактоо эл аралык фонду | 1000,00 |
КМШга катышкан мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин алдындагы Абадан коргонуу маселелери боюнча координациялык комитет | 1500,0 |
Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму | 10399,3 |
КМШга катышкан мамлекеттердин башкы прокурорлордун координациялык кеңеши | 160,5 |
Бардыгы: | 41548,9 |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – министри |
| М.Исмаилов |