Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2008-жылдын 13-августу № 439
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-февралындагы № 108, 2010-жылдын 5-мартындагы № 130 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Ишкердик субъектилерине текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин аныктоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2010-жылдын 5-мартындагы № 130 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-февралындагы № 108 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31- майындагы № 260 "Ишкерликтин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" токтому менен бекитилген Ишкерликтин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобого төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 20-1-главада:
- 5-пунктта:
биринчи абзацында "талаптар" деген сөз "шарттар" деген сөзгө алмаштырылсын;
а) пунктчасынын экинчи абзацы "документтердин бар болушу" деген сөздөрдөн кийин "жана алардын милдеттүү сакталышы" деген сөздөр менен толукталсын;
в) пунктчасынын үчүнчү жана бешинчи абзацтары алып салынсын;
- 9-пунктта:
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- техникалык жетекчилер менен өнөржай коопсуздугу боюнча жооптуу адамдар жөнүндө алардын дипломдорунун (күбөлүктөрүнүн, аттестацияларынын) көчүрмөлөрү тиркелген маалыматтар;";
алтынчы абзац алып салынсын:
жетинчи абзац "түзүм" деген сөздөн кийин "жетекчи тарабынан бекитилген кызматкерлердин санын көрсөтүү менен" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- жер казынасын пайдалануу укугуна берилген лицензиянын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кооптуу өндүрүш объектисине жер участкасы берилгендиги жөнүндө чечимдеринин көчүрмөлөрү (геологиялык чалгындоо жана кен иштери үчүн гана, лицензиянын жана чечимдердин көчүрмөлөрү лицензиар тарабынан ишке лицензия таризделген учурга карата ырасталышы керек)";
- нотариус ырастаган кооптуу өндүрүш объектисин кабыл алуу актысынын көчүрмөсү (ишке жаңыдан киргизилгендер үчүн).".
4. Бул токтом расмий түрдө жарыялангандан тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркинтоо" гезинтинде 2008-жылдын 19-августунда № 62 жарыяланды
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жана коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |