Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2001-жылдын 31-майы № 260

Ишкерликтин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 30-августундагы № 499, 2003-жылдын 11-мартындагы № 116 2004-жылдын 17-августундагы № 622, 2004-жылдын 6-ноябрындагы № 818, 2006-жылдын 18-сентябрындагы № 661, 2007-жылдын 27-августундагы № 377 2009-жылдын 10-сентябрындагы № 565, 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 2014-жылдын 23-июлу № 412, 2015-жылдын 12-марты № 115  токтомунун редакциясына ылайык)

"Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 18-январындагы Мыйзамын аткарууда жана мамлекеттик органдардын лицензиялык иш-аракеттерин тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана мамлекеттик комиссиялар:

- бир айлык мөөнөттө өзүнүн нормативдик-укуктук актыларын ушул Жобого ылайык келтирсин;

- мурда лицензияланган иш-аракеттердин жокко чыгарылган түрлөрүнө түрдүү формадагы уруксат берүүлөрдүн башка түрлөрүн киргизүүгө тыюу салынсын.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги арыздарды кароого жана лицензия берүүгө акы алуудан түшкөн каражаттарды аккумуляциялоо үчүн бирдиктүү консолидацияланган расчеттук эсеп ачсын.

4. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-сентябрындагы № 565 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

6. Кыргыз Республикасынын Экономикалык министрлиги лицензия берүү боюнча лицензиарлардын иш-аракетине мониторинг жүргүзсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 622, 2007-жылдын 27-августундагы № 377 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

7. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

8. Ушул токтомдун тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими күчүн жоготту деп табылсын.

9. (КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 11-мартындагы № 116 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту деп табылган)

10. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-мартындагы № 115 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту деп табылган)

11. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратына тапшырылсын.

12. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

 

Биринчи вице-премьер-министр

Н.Танаев