Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2008-жылдын 15-августу № 447
"Кыргыз Республикасынын Статистикалык бирдиктерин бирдиктүү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 14-ноябрындагы N 722 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү "бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик (эсептик) каттоодо (кайра каттоодо) мамлекеттик органдар ортосунда өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-апрелиндеги № 182 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
"Кыргыз Республикасынын Статистикалык бирдиктерин бирдиктүү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 14-ноябрындагы № 722 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Статистикалык бирдиктерин бирдиктүү мамлекеттик каттоо жөнүндө жобого (СББМК) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 15-пункттагы "жана статистикалык карта" деген сөздөр алып салынсын;
- 16-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16. СББМКнын маалыматтык базасына статистикалык бирдиктерди киргизүү жана аларга мамлекеттик, мамлекеттер аралык жана эл аралык классификатордун идентификациялык жана классификациялык коддорун ыйгаруу төмөнкүдөй тартипте ишке ашырылат:
- юридикалык жактар, филиалдар жана өкүлчүлүктөр үчүн - юридикалык жак, филиал же өкүлчүлүк мамлекеттик (эсептик) каттоодон өткөндүгүн далилдеген билдирүүнүн негизинде, ал эми өзгөчө учурларда телефон - байланышы аркылуу юридикалык жакты, филиалды жана өкүлчүлүктү каттоо жөнүндө буйруктун номери жана күнү, алардын аталышы, дареги туурасында билдирүүлөрдү камтыган маалыматтын негизинде;
- жеке ишкерлер үчүн - субъект жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн далилдеген бирдиктүү каттоо арызынын негизинде.";
- 17-пунктта "Статистикалык карточка" деген сөздөр "Билдирүү (бирдиктүү каттоо арызы)" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |