Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 621 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-апрелиндеги № 182 токтому менен бекитилген |
Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү "бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) мамлекеттик органдар ортосунда өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жобо
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы № 153, 2009-жылдын 19-майындагы № 309, 2013-жылдын 3-майындагы № 225, 2017-жылдын 22-июнундагы № 398, 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 212, 2021-жылдын 19-майы № 10 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Юридикалык жактарды, филиалдарды, өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-майындагы № 309 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) боюнча функцияны Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана анын аймактык органдары (мындан ары - каттоочу орган) аткарышат.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-майындагы № 309 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул Жобо юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) процессинде каттоочу органдын ыйгарым укуктуу салык органы, аймактык статистика органы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар) менен өз ара аракеттенишүү тартибин жөнгө салат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 212 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Бул Жобо каттоочу орган менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын арасында иш-аракетти координациялоо, өз ара байланышта иштешүү жана өз ара маалымат алмашуу үчүн укуктук негиз болот.
5. 1997-жылдын 1-январынан кийин катталган (кайра катталган) жана иш-аракетин токтоткон юридикалык жактар, филиалдар жана өкүлчүлүктөр жөнүндө маалыматты каттоочу орган берет.
1997-жылдын 1-январына чейин катталган (кайра катталган) жана иши токтотулган юридикалык жактар, филиалдар жана өкүлчүлүктөр жөнүндө маалыматты аймактык статистика органдары берет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 212 токтомунун редакциясына ылайык)
II. Жобонун максаттары жана милдеттери
6. Бул Жобонун максаттары жана милдеттери төмөнкүдөй:
- юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү "бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) каттоочу орган менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тиешелүү коддорду жана номерлерди ыйгаруу боюнча өз ара аракеттенишүү системасын түзүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда, Кыргыз Республикасынын аймагында катталган (кайра катталган) юридикалык жактардын, филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн толук жана анык эсебин жүргүзүү;
- юридикалык жактардын, филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн бирдиктүү мамлекеттик реестри менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ведомстволук реестрлеринин өз ара аракеттенишүү системасын түзүү, ошондой эле ведомстволук реестрлердин маалыматтык шайкештигин камсыз кылуу.
III. Юридикалык жакты, филиалды жана өкүлчүлүктү мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенишүү тартиби
7. Каттоочу орган, документтерди белгиленген тартипте кабыл алып:
- тийиштүү чечим (буйрук) чыгарат;
- мамлекеттик каттоо жөнүндө буйрук чыгарылган учурда билдирүүнү электрондук форматта толтурат (тиркелген тиркемеге ылайык) жана аны маалыматтык-коммуникациялык технологияны пайдалануу менен статистиканын тийиштүү аймактык органына ишканалардын жана уюмдардын жалпы республикалык классификаторунун кодун (мындан ары - ИжУЖРК) ыйгаруу үчүн жиберет;
- катталган (кайра катталган) юридикалык жак, филиал жана өкүлчүлүк жөнүндө маалыматты юридикалык жактардын, филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн тиешелүү мамлекеттик реестрине киргизет;
- статистиканын аймактык органы ИжУЖРК кодун жана ыйгарым укуктуу салык органы идентификациялык салык номерин (мындан ары - ИНН) ыйгаргандан кийин арыз ээсине белгиленген мөөнөттө мамлекеттик каттоого турганы жөнүндө күбөлүк берет, анда катталган номери, ИжУЖРК коду, ИНН жана мыйзамдарга ылайык башка маалыматтар көрсөтүлөт;
- салыктык милдеттенмелер, статистикалык отчет тапшыруу жана камсыздандыруу взносторун төлөө боюнча эскерткичти (салык төлөөчүнүн календарын) юридикалык жактар, филиалдар жана өкүлчүлүктөр катталганда берет (мындан ары - маалыматтык эскерткичтер);
- 10 күндүн ичинде ыйгарым укуктуу салык органына, тиешелүү аймактык статистика органына жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна юридикалык жакты, филиалды жана өкүлчүлүктү мамлекеттик кайра каттоону жүргүзгөндүгү жөнүндө билдирүүнү ведомстволук реестрлерге тиешелүү кошумча маалыматтарды киргизүү үчүн жөнөтөт.
Юридикалык жактын, филиалдын жана өкүлчүлүктүн мамлекеттик кайра каттоо жол-жобосун өтүү учурунда ИУЖК коду жана ИСН жок болсо, ИУЖК кодун жана ИСН ыйгаруу ушул пунктта көрсөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы № 153, 2009-жылдын 19-майындагы № 309, 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 212 токтомдорунун редакцияларына ылайык
8. Аймактык статистика органы:
- каттоочу органдан маалыматтык-коммуникациялык технологияны пайдалануу менен билдирүү алгандан кийин эки жумушчу сааттын ичинде ИжУЖРК ыйгарат жана ИжУЖРК коду ыйгарылган билдирүүнү тийиштүү каттоочу органга кайра жиберет, ошондой эле билдирүүнү ыйгарым укуктуу салык органына ИНН ыйгаруу үчүн электрондук форматта жиберет;
- ведомстволук реестрге тиешелүү маалыматтарды киргизет;
- ИУЖК кодунун өз убактысында жана туура ыйгарылышы үчүн жоопкерчилик тартат.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-майындагы № 309, 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 212 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
9. Ыйгарым укуктуу салык органы:
- статистиканын аймактык органынан маалыматтык-коммуникациялык технологияны пайдалануу менен ИжУЖРК коду ыйгарылган билдирүү алгандан кийин эки жумушчу сааттын ичинде ИНН ыйгарат жана ИНН ыйгарылган билдирүүнү тийиштүү каттоочу органга, мамлекеттик статистиканын аймактык органына жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жиберет;
- ведомстволук реестрге тиешелүү маалыматтарды киргизет;
- ИСН өз убактысында жана туура ыйгарылышы үчүн жоопкерчилик тартат;
- тийиштүү маалыматты катталган юридикалык жак, филиал жана өкүлчүлүк жайгашкан жердеги райондук деңгээлге чейин билдирет.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы № 153, 2009-жылдын 19-майындагы № 309, 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 212 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
10. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду:
- ыйгарым укуктуу салык органынан маалыматтык-коммуникациялык технологияны пайдалануу менен ИжУЖРК коду жана ИНН ыйгарылган билдирүү алганда юридикалык жакты, филиалды жана өкүлчүлүктү камсыздандыруу акысын төлөөчү катары эсепке коет жана эсепке киргизет;
- тиешелүү маалыматты ведомстволук реестрге киргизет;
- тийиштүү маалыматты катталган юридикалык жак, филиал жана өкүлчүлүк жайгашкан жердеги райондук деңгээлге чейин билдирет.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы № 153, 2009-жылдын 19-майындагы № 309, 2013-жылдын 3-майындагы № 225, 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 212 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
11. Бул Жобого ылайык маалыматтык-коммуникациялык технологиялар аркылуу билдирүүнү тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жөнөтүүгө жана (же) аны алардан каттоочу органга кайра жиберүүгө мүмкүндүк болбогон учурда, ИУЖК кодун жана ИСН ыйгаруу жана бул маалыматты тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан каттоочу органга берүү телефондук байланыш аркылуу, анын фирмалык аталышы, дареги, юридикалык жакты, филиалды жана өкүлчүлүктү каттоо жөнүндө буйруктун датасы жана номери жөнүндө кабарды камтыган маалыматтын негизинде жүргүзүлөт.
Мындай учурда каттоочу орган билдирүүдөгү маалыматтарды толук көлөмдө тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кагаз сактагычта он күндүн ичинде жиберет.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 19-майы № 10 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар маалыматтык эскерткичтерди даярдоого жана каттоочу органга зарыл болгон санда берүүгө милдеттүү.
Юстиция органдары тарабынан "бирдиктүү терезе" принциби боюнча катталган юридикалык жактар, филиалдар жана (же) өкүлчүлүктөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана мөөнөттөрдө тиййштүү статистикалык жана башка отчетторду берүүдөн, салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү жана чегерүүлөрдү төлөөдөн бошотулушпайт.
Юстиция органы тарабынан берилген мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк болгон учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар аталган органдарда катталбастан экономикалык иш жүргүзүү үчүн администрациялык айыптарды салууга укугу жок.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 19-майы № 10 токтомунун редакциясына ылайык)
IV. Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик каттоодо, кайра каттоодо каттоочу орган менен тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенишүү схемасы
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 212, 2021-жылдын 19-майы № 10 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№ | Каттоочу орган | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы | ||
1 | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, Башкы эсептөө борбору | Ыйгарым укуктуу салык органы | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
2 | Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгы | Бишкек шаарынын статистика башкармалыгы | Ыйгарым укуктуу салык органы | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
3 | Ысык-Көл облусунун юстиция башкармалыгы | Ысык-Көл облусунун статистика башкармалыгы | Ыйгарым укуктуу салык органы | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
4 | Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгы | Жалал-Абад облусунун статистика башкармалыгы | Ыйгарым укуктуу салык органы | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
5 | Нарын облусунун юстиция башкармалыгы | Нарын облусунун статистика башкармалыгы | Ыйгарым укуктуу салык органы | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
6 | Ош юстиция башкармалыгы | Ош облусунун мамлекеттик башкармалыгы | Ыйгарым укуктуу салык органы | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
7 | Талас облусунун юстиция башкармалыгы | Талас облусунун статистика башкармалыгы | Ыйгарым укуктуу салык органы | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
8 | Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгы | Чүй облусунун статистика башкармалыгы | Ыйгарым укуктуу салык органы | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
9 | Баткен облусунун юстиция башкармалыгы | Баткен облусунун статистика башкармалыгы | Ыйгарым укуктуу салык органы | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
10 | Ош юстиция башкармалыгы | Ош шаарынын статистика башкармалыгы | Ыйгарым укуктуу салык органы | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
| Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү "бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) мамлекеттик органдар ортосунда өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жобого тиркеме |
БИЛДИРҮҮ
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы № 153, 2021-жылдын 19-майы № 10 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
_____________________________________________________________ (каттоочу органдын аталышы) |
I. Юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) аталышы жана уюштуруу-укуктук формасы жөнүндө маалымат
1. | Толук фирмалык аталышы (мамлекеттик тилде) |
|
2. | Толук фирмалык аталышы (расмий тилде) |
|
3. | Кыскартылган фирмалык аталышы (мамлекеттик тилде) |
|
4. | Кыскартылган фирмалык аталышы (расмий тилде) |
|
5. | Уюштуруу-укуктук формасы |
|
II. Чет өлкөлүк катышуу жөнүндө маалымат
6. | Чет өлкөлүк катышуу барбы | Ооба/жок |
III. Каттоо номери, ИУЖК коду, ААТБТ жана ИСН жөнүндө маалымат
7. | Каттоо номери |
|
8. | ИУЖК коду (аймактык статистика органдары ыйгарат) |
|
9. | ААТБТ коду (аймактык статистика органдары ыйгарат) |
|
10. | ИСН (салык органдары ыйгарат) |
|
IV. Юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) дареги (жайгашкан жери) жөнүндө маалымат
11. | Облус |
|
12. | Шаар |
|
13. | Район |
|
14. | Айыл (поселок ж.б.у.с.) |
|
15. | Кичи район |
|
16. | Көчө (проспект, бульвар, чолок көчө ж.б.у.с.) |
|
17. | Үй № |
|
18. | Квартира № (офис, бөлмө ж.б.у.с.) |
|
V. Юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) байланыштык маалыматтары
19. | Телефон |
|
20. | Факс |
|
21. | Электрондук дарек (е-mail) |
|
VI. Юридикалык жактын уставдык капиталы (үлүштүк фонду) жөнүндө маалымат
22. | Өлчөмү | _________________ сом |
VII. Юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө маалымат
23. | Мамлекеттик каттоо же кайра каттоо |
|
24. | Буйруктун датасы |
|
25. | Буйруктун номери |
|
26. | Алгачкы каттоо датасы (мамлекеттик кайра каттоо учурунда) |
|
VIII. Юридикалык жактын түзүлүш ыкмасы жөнүндө маалымат
27. | Түзүү |
|
28. | Кайра түзүү |
|
IX. Менчиктин формасы жөнүндө маалымат
29. | Менчиктин формасы (мамлекеттик, муниципалдык, жеке жана башка) |
|
X. Юридикалык жактын уюштуруучулары (катышуучулары) жөнүндө маалымат(*)
30. | Уюштуруучулар (катышуучулар) - жеке адамдардын саны |
|
31. | Уюштуруучулар (катышуучулар) - юридикалык жактардын саны |
|
32. | Уюштуруучулардын (катышуучулардын) жалпы саны |
|
33. Уюштуруучу (катышуучу) - жеке адам жөнүндө маалымат
а). | Фамилиясы, аты, атасынын аты |
|
| Уставдык капиталдагы үлүшү (% жана сом менен) |
|
| Жарандыгы |
|
| Жеке идентификациялык номери |
|
| Өлкө |
|
| Облус |
|
| Шаар |
|
| Район |
|
| Айыл (поселок ж.б.у.с.) |
|
| Кичи район |
|
| Көчө (проспект, бульвар, чолок көчө ж.б.у.с.) |
|
| Үй № |
|
| Квартиранын (бөлмөнүн ж.б.у.с.) № |
|
34. Юридикалык жактын уюштуруучусу (катышуучусу) - жөнүндө маалымат
а). | Толук фирмалык аталышы |
|
| Уставдык капиталдагы үлүшү (% жана сом менен) |
|
| Катталган жери |
|
| Каттоо номери |
|
| ИУЖК коду |
|
| ИСН |
|
| Өлкө |
|
| Облус |
|
| Шаар |
|
| Район |
|
| Айыл (поселок ж.б.у.с.) |
|
| Кичи район |
|
| Көчө (проспект. бульвар, чолок көчө ж.б.у.с.) |
|
| Үй № |
|
| Квартиранын (офистин, бөлмөнүн ж.б.у.с.) № |
|
XI. Филиалдын (өкүлчүлүктүн) уюштуруучусу жөнүндө маалымат
35. | Толук фирмалык аталышы |
|
36. | Катталган жери |
|
37. | Каттоо номери |
|
38. | ИУЖК коду |
|
39. | ИСН |
|
40. | Өлкө |
|
41. | Облус |
|
42. | Шаар |
|
43. | Район |
|
44. | Айыл (поселок ж.б.у.с.) |
|
45. | Кичи район |
|
46. | Көчө (проспект, бульвар, чолок көчө ж.б.у.с.) |
|
47. | Үй № |
|
48. | Квартиранын (офистин, бөлмөнүн ж.б.у.с.) № |
|
XII. Жетекчи жөнүндө маалымат (коллегиялуу болгон учурда - биринчи жетекчиники)
49. | Фамилиясы, аты, атасынын аты (толук) |
|
XIII. Юридикалык жактын ишинин негизги түрү жөнүндө маалыматтар
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-майындагы № 309 токтомунун редакциясына ылайык)
50 | Иштин негизги түрү (каттоо жөнүндө арызга ылайык) |
|
Эскертүү:
(*) - каттоодо коммерциялык уюмдар, мекемелер, коомдук фонддор үчүн толтурулат;
- кайра каттоодо жоопкерчилиги чектелген коомдор, кошумча жоопкерчилиги бар коомдор, толук шериктештиктер, коммандиттик шериктештиктер, мекемелер, коомдук фонддор үчүн толтурулат.