Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2008-жылдын 16-августу № 449
"Кыргыз Республикасынын ички рыногун цемент жана шифер менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-июнундагы № 223 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
"Кант цемент-шифер комбинаты" ачык акционердик коому өзгөртүп кайра түзүлгөнүнө жана анын базасында анын укук улантуучусу болуп эсептелген "Кант цемент заводу" ачык акционердик коомунун жана "Кант түтүк-шифер өндүрүшү" жоопкерчилиги чектелген коомунун түзүлүшүнө байланыштуу, "ТехноЛин" жоопкерчилиги чектелген коому жана "Күрмөнтүцемент" ачык акционердик коому ички рынокту цемент менен камсыздашы, цементти жана шиферди экспорттоо көлөмүн көбөйтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын ички рыногун цемент жана шифер менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-июнундагы № 223 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- токтомдун бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Кант цемент-шифер комбинаты" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кант цемент заводу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. "Кант цемент заводу", "Күрмөнтүцемент" ачык акционердик коомдоруна жана "ТехноЛин", "Кант түтүк-шифер өндүрүшү" жоопкерчилиги чектелген коомдоруна өз продукцияларын экспорттоого эксклюзивдүү укук берилсин.";
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"5. "Кант цемент заводу", "Күрмөнтүцемент" ачык акционердик коомдору жана "Кант түтүк-шифер өндүрүшү", "ТехноЛин" жоопкерчилиги чектелген коомдору тарабынан сөзсүз тейлене турган керектөөчүлөрдү жана алардын цементке жана шиферге болгон керектөөсүн аныктоо боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.";
- токтом төмөнкүдөй мазмундагы 5.1. жана 5.2-пункттар менен толукталсын:
"5.1. Ведомстволор аралык комиссия он күндүк мөөнөттө өзүнүн ишинин регламентин иштеп чыксын жана бекитсин.
5.2. Ведомстволор аралык комиссиянын чечимдерине ылайык "Кант цемент заводу", "Күрмөнтүцемент" ачык акционердик коомдоруна жана "Кант түтүк-шифер өндүрүшү", "ТехноЛин" жоопкерчилиги чектелген коомдоруна алардын сөзсүз тейлене турган керектөөчүлөрдүн чөйрөсү менен цементти жана шиферди берүү келишимин белгиленген тартипте түзүү сунушталсын.";
- 6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын: "Белгиленген тартипте бир айлык мөөнөттө төмөнкүлөрдү ачуу сунушталсын:
- "Кант түтүк-шифер өндүрүшү" жоопкерчилиги чектелген коомуна жана "ТехноЛин" жоопкерчилиги чектелген коомуна Бишкек, Ош шаарларында жана республиканын облустарынын борборлорунда калкка шиферди жана цементти сатуу боюнча бирден региондук өкүлчүлүктү;
- "Күрмөнтүцемент" ачык акционердик коомуна Ысык-Көл жана Нарын облустарында калк үчүн цементти сатуу боюнча бирден региондук өкүлчүлүктү.";
- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик региондук өкүлчүлүктөрү аркылуу сатылуучу "Кант цемент заводу", "Күрмөнтүцемент" ачык акционердик коомдорунун, "ТехноЛин" жоопкерчилиги чектелген коомунун цементине жана "Кант түтүк-шифер өндүрүшү" жоопкерчилиги чектелген коомунун шиферине сатуу баасынын деңгээлин белгилесин.";
- 8-пунктта:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- "Кант цемент заводу", "Күрмөнтүцемент" ачык акционердик коомдорунун жана "ТехноЛин", "Кант түтүк-шифер өндүрүшү" жоопкерчилиги чектелген коомдорунун региондук өкүлчүлүктөрүн цемент жана шифер сактоо, ошондой эле аны сатуу үчүн адистештирилген кампа жайлары менен;";
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- Ведомстволор аралык комиссия бекиткен графикте каралган көлөмдөрдө жана мөөнөттө "Кант цемент заводу", "Күрмөнтүцемент" ачык акционердик коомдорунун жана "ТехноЛин" жоопкерчилиги чектелген коомунун цемент жана "Кант түтүк-шифер өндүрүшү" жоопкерчилиги чектелген коомунун шифер берүү графигинин аткарылышына туруктуу контролду.";
- токтом төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-пункт менен толукталсын:
"8-1. Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясы "Күрмөнтүцемент" ачык акционердик коому тарабынан Ведомстволор аралык комиссия бекиткен графикте каралган көлөмдөрдө жана мөөнөттө Ысык-Көл жана Нарын облустарынын керектөөчүлөрүнө цемент берүү графигинин сакталышына туруктуу контролду камсыздасын.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөржай бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
2008-жылдын 16-августундагы
N 449 токтомуна
тиркеме
"Кант цемент заводу", "Күрмөнтүцемент" ачык
акционердик коомдору жана "Кант түтүк-шифер
өндүрүшү", "ТехноЛин" жоопкерчилиги чектелген
коомдору тарабынан сөзсүз тейлене турган
керектөөчүлөрдү жана алардын цементке жана
шиферге болгон керектөөсүн аныктоо боюнча
ведомстволор аралык комиссиянын
КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри, комиссиянын төрагасы.
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Өнөр жайды, сооданы, туризмди, чакан, орто бизнести, транспортту, коммуникацияларды, курулушту жана архитектураны өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Курулуш союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Автомобиль жолдору башкы башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Айыл; суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Суу чарба департаментинин башкы директору;
"Кант цемент заводу" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Кант түтүк-шифер өндүрүшү" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
"ТехноЛин" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Күрмөнтүцемент" ачык акционердик коомунун директору (макулдашуу боюнча).
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр И.Исмаилов