Загрузка документа…
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы N 449 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын ички рыногун цемент жана шифер менен камсыздоо, цемент менен шиферди республиканын чегинен сырткары контрабандалык ташып чыгууга бөгөт коюу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кант цемент заводу", "Күрмөнтүцемент" ачык акционердик коомдоруна жана "ТехноЛин", "Кант түтүк-шифер өндүрүшү" жоопкерчилиги чектелген коомдоруна өз продукцияларын экспорттоого эксклюзивдүү укук берилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы N 449 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы менен бирдикте ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөндөн башка чарбакер субъекттердин цемент менен шиферди экспорттоолоруна жол бербесин.
3. Цемент менен шиферди республиканын чегинен сырткары контрабандалык ташып чыгууга бөгөт коюу максатында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясынын катышуусунда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн тартуу менен мобилдүү топторду түзсүн.
4. Контрабандалык жол менен ташып чыгарылып, кармалган жүктөр, ошондой эле ушундай максаттарда колдонулган транспорттук жана башка каражаттар белгиленген тартипте конфискацияланууга тийиш, ал эми конфискацияланган продукцияларды сатуудан түшкөн каражаттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын муктаждыктары үчүн максаттуу багытта пайдаланылсын.
5. "Кант цемент заводу", "Күрмөнтүцемент" ачык акционердик коомдору жана "Кант түтүк-шифер өндүрүшү", "ТехноЛин" жоопкерчилиги чектелген коомдору тарабынан сөзсүз тейлене турган керектөөчүлөрдү жана алардын цементке жана шиферге болгон керектөөсүн аныктоо боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы N 449 токтомунун редакциясына ылайык)
5.1. Ведомстволор аралык комиссия он күндүк мөөнөттө өзүнүн ишинин регламентин иштеп чыксын жана бекитсин.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы N 449 токтомунун редакциясына ылайык)
5.2. Ведомстволор аралык комиссиянын чечимдерине ылайык "Кант цемент заводу", "Күрмөнтүцемент" ачык акционердик коомдоруна жана "Кант түтүк-шифер өндүрүшү", "ТехноЛин" жоопкерчилиги чектелген коомдоруна алардын сөзсүз тейлене турган керектөөчүлөрдүн чөйрөсү менен цементти жана шиферди берүү келишимин белгиленген тартипте түзүү сунушталсын.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы N 449 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Бишкек, Ош шаарларында жана республиканын облустук борборлорунда калк үчүн ай сайын жалпы көлөмү 10,0 миң тоннадан ашык эмес цемент сатуу боюнча өзүнүн бирден региондук өкүлчүлүгүн бир айлык мөөнөттө ачуу жөнүндө "Кант цемент-шифер комбинаты" ачык акционердик коомунун милдеттенмеси көңүлгө алынсын.
Белгиленген тартипте бир айлык мөөнөттө төмөнкүлөрдү ачуу сунушталсын:
- "Кант түтүк-шифер өндүрүшү" жоопкерчилиги чектелген коомуна жана "ТехноЛин" жоопкерчилиги чектелген коомуна Бишкек, Ош шаарларында жана республиканын облустарынын борборлорунда калкка шиферди жана цементти сатуу боюнча бирден региондук өкүлчүлүктү;
- "Күрмөнтүцемент" ачык акционердик коомуна Ысык-Көл жана Нарын облустарында калк үчүн цементти сатуу боюнча бирден региондук өкүлчүлүктү.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы N 449 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик региондук өкүлчүлүктөрү аркылуу сатылуучу "Кант цемент заводу", "Күрмөнтүцемент" ачык акционердик коомдорунун, "ТехноЛин" жоопкерчилиги чектелген коомунун цементине жана "Кант түтүк-шифер өндүрүшү" жоопкерчилиги чектелген коомунун шиферине сатуу баасынын деңгээлин белгилесин.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы N 449 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Облустардын мамлекеттик администрация башчылары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери төмөнкүлөрдү камсыз кылышсын:
- "Кант цемент заводу", "Күрмөнтүцемент" ачык акционердик коомдорунун жана "ТехноЛин", "Кант түтүк-шифер өндүрүшү" жоопкерчилиги чектелген коомдорунун региондук өкүлчүлүктөрүн цемент жана шифер сактоо, ошондой эле аны сатуу үчүн адистештирилген кампа жайлары менен;
- Ведомстволор аралык комиссия бекиткен графикте каралган көлөмдөрдө жана мөөнөттө "Кант цемент заводу", "Күрмөнтүцемент" ачык акционердик коомдорунун жана "ТехноЛин" жоопкерчилиги чектелген коомунун цемент жана "Кант түтүк-шифер өндүрүшү" жоопкерчилиги чектелген коомунун шифер берүү графигинин аткарылышына туруктуу контролду.
- жүргүзүлгөн иштер тууралуу ай сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат берип турушсун.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы N 449 токтомунун редакциясына ылайык)
8-1. Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясы "Күрмөнтүцемент" ачык акционердик коому тарабынан Ведомстволор аралык комиссия бекиткен графикте каралган көлөмдөрдө жана мөөнөттө Ысык-Көл жана Нарын облустарынын керектөөчүлөрүнө цемент берүү графигинин сакталышына туруктуу контролду камсыздасын.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы N 449 токтомунун редакциясына ылайык)
9. «Кыргыз Республикасынын ички рыногун цемент жана шифер мененкамсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-июлундагы № 511 токтому күчүн жоготту деп табылсын. 10. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий түрдјжарыяланган күндјн тартып күчүнј кирет. 11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынЈкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор башкармалыгына жүктјлсүн. Премьер-министр А.Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 9-июнундагы
N 223 токтомуна
тиркеме
"Кант цемент заводу", "Күрмөнтүцемент" ачык
акционердик коомдору жана "Кант түтүк-шифер
өндүрүшү", "ТехноЛин" жоопкерчилиги чектелген
коомдору тарабынан сөзсүз тейлене турган
керектөөчүлөрдү жана алардын цементке жана
шиферге болгон керектөөсүн аныктоо боюнча
ведомстволор аралык комиссиянын
КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 16-августундагы N 449 токтомунун
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри, комиссиянын төрагасы.
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Өнөр жайды, сооданы, туризмди, чакан, орто бизнести, транспортту, коммуникацияларды, курулушту жана архитектураны өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Курулуш союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Автомобиль жолдору башкы башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Айыл; суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Суу чарба департаментинин башкы директору;
"Кант цемент заводу" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Кант түтүк-шифер өндүрүшү" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
"ТехноЛин" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Күрмөнтүцемент" ачык акционердик коомунун директору (макулдашуу боюнча).
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр И.Исмаилов