Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 2-сентябры № 160
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Төрага | У.А. Марипов |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 160 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келет.
Ушул Мыйзам долбоору каржылоонун ислам принциптери менен иштеген банктарда гана пайдаланылуучу исламдык каржылоо системасынын мазмунун чагылдыруучу өзгөчө терминдерди камтыйт.
Ошону менен бирге, бул Мыйзам долбоору менен ислам каржылоосуна ылайык шарика/мушарака келишими боюнча өнөктөштөрдөн алынган мүлктүн наркын пайдага салык боюнча салык салынбай турган кирешелерге кошуу ченемин киргизүү сунушталууда. Мында шарика/мушарака келишими пайданы ар бир өнөктөштүн өнөктөштүк капиталга кошкон салымына жараша пропорциялуу түрдө тараптардын ортосунда үлүш түрүндө бөлүштүрүүнү караган ар түрдүү келишимдердин бири болуп саналат (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 7381-беренеси).
Мындан тышкары Мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын Салык кодексин ислам каржылоосуна ылайык мурабаха, салам жана истиснаа келишимдери боюнча банк тарабынан жеткирилген товарларды кошумча нарк салыгынан (мындан ары - КНС) бошотууну караштырган 2431-берене менен толуктоо сунушталууда.
Бирок бул чаралар салык салуудагы адилеттүүлүк принцибинин бузулушуна жол бербөө максаттарында айрым келишимдер боюнча банктарды пайдага салыктан жана КНСтен бошотуу, башка келишимдер боюнча бошотпоо учурларын кыйла кененирээк карап чыгууну талап кылат. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ислам каржылоосу менен иштеген банктарга жана каржылоонун салттуу формасы менен иштеген банктарга салык салуу принциби бирдей болушу керек деп белгилейт.
Жалпысынан Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерин жөнгө салуу бөлүгүндөгү укуктук ченемдерин өркүндөтүү механизми колдоого алынат.
Маалымат катары белгилей кетүүчү нерсе, азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө, анын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы сунуштаган банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерин жөнгө салуу маселеси каралып жатат.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында банк иши жана каржылоонун ислам принциптерин жөнгө салуу боюнча комплекстүү иш жүргүзүү зарыл деп эсептейбиз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Мыйзам долбоорун кабыл алууну максатка ылайыктуу эмес деп эсептейт.