Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2008-жылдын 8-сентябры № 499
Энергетикалык компаниялардын рыноктук наркын белгилөө жана энергетикалык сектордо инвестициялык жагымдуулугун түзүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-декабрындагы N 563-б буйругуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын энергетикалык компанияларынын рыноктук наркын белгилөө жана алардын инвестициялык жагымдуулугун көбөйтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Энергетикалык компаниялардын рыноктук наркын белгилөө жана энергетикалык сектордо инвестициялык жагымдуулугун түзүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык комиссиясы жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Ведомстволор аралык комиссия:
- бир айдын ичинде 2008-жылдын IV кварталына жана 2009-жылдын I кварталына иш планын иштеп чыксын жана бекитсин;
- энергетикалык компаниялардын рыноктук наркын баалоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчет берсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов
|