Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-сентябрындагы N 499 токтому менен бекитилген |
Энергетикалык компаниялардын рыноктук наркын белгилөө жана энергетикалык сектордо инвестициялык жагымдуулугун түзүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык комиссиясы жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Энергетикалык компаниялардын рыноктук наркын белгилөө жана энергетикалык сектордо инвестициялык жагымдуулугун түзүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык комиссиясы (мындан ары - Комиссия) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-декабрындагы N 563-р буйругунун негизинде түзүлгөн консультативдик жана кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
2. Ведомстволор аралык комиссия Кыргыз Республикасынын энергетикалык компанияларынын рыноктук наркын белгилөө жана өлкөнүн энергетикалык секторунун инвестициялык жагымдуулугун жакшыртуу үчүн түзүлгөн.
3. Өзүнүн ишмердигинде Комиссия Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын отун-энергетика комплекси жаатындагы мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын энергетикалык секторунун ишмердигинин рыноктук мамилелер шартында маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
II. Комиссиянын укуктары
4. Комиссиянын укуктары:
- энергетикалык компанияларды кайра баалоо үчүн көз карандысыз баалоочуларга талаптанган тандап алуунун критерийлерин иштеп чыгуу жана бекитүү;
- энергетикалык компаниялардын мүлктүк комплексин баалоо үчүн көз карандысыз квалификациялуу баалоочуларды сунуш кылуу;
- көз карандысыз баалоочуларды тандоо үчүн тендердик комиссиянын түзүмүнө катышуу;
- ыйгарым укук органдарына алардын компетенциясынын чегинде ишканалардын активдерин кайра баалоо менен байланышкан өзгөртүүлөрдү бекитүү үчүн жана энергетикалык сектордун инвестициялык жагымдуулугун жашыртуу жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук базасын өркүндөтүү үчүн киргизүү;
- өзүнүн жумушуна катышуу үчүн Комиссиянын түзүмүнө кирбеген мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүн, башка кызматчыларды, ошондой эле уюмдардын жана бирикмелердин өкүлдөрүн чакыруу;
- Комиссия караган маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу;
- өзүнүн ишмердүүлүгүн ишке ашырууда энергетикалык компаниялардын көз карандысыз баалоочуларды тандоодо ага билинген ченемдик бузуу фактылары боюнча ишканалардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөгөн органдарына зарыл чараларды кабыл алуу боюнча маалыматты билдирүү;
- энергетикалык компаниялардын рыноктук наркын белгилөө жана энергетикалык секторду инвестициялык жагымдуулугун түзүү маселелери боюнча эл аралык тажрыйбанын негизинде үйрөнүү жана зарыл болгон учурда энергетикалык ишканалардын иштерин жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга сунуш киргизүү;
- кабыл алынган чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө жана алардын аткарылбаганынын жоопкерчилик чаралары боюнча сунуштарды киргизүү;
- энергетикалык сектордун ишканаларынын жетекчилерин Комиссиянын компетенциясына кирген суроолору боюнча угуу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жасалган иштери жөнүндө маалыматты киргизүү.
III. Комиссиянын түзүмү жана курамы
5. Комиссиянын түзүмү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органынын сунушу боюнча кызыкдар министрликтердин жана ведомстволордун, ошондой эле энергетикалык сектордун ишканаларынын арасынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-декабрындагы N 563-б буйругу менен бекилген. Комиссияны төрагасы - Кыргыз Республикасынын өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министри жетектейт.
6. Комиссиянын түзүмүнө өзгөртүүлөр төмөнкүдөй учурларда киргизилет:
- ээлеген кызматынан бошотулганда;
- аткаруу бийлигинин органдары, ошондой эле энергетикалык сектордун ишканалары түзүлгөн, өзгөртүп кайра түзүлгөн жана жоюлган;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде башка себептер боюнча.
IV. Комиссиянын иш регламенти
7. Комиссиянын отуруму бекитилген иш пландын негизинде же зарылдык боюнча, бирок кварталда бир жолудан аз эмес өткөрүлөт. Отурумдун күн тартибин жана аны өткөрүүнүн тартибин Комиссиянын төрагасы бекитет, ал эми ал жок болгон учурда - бекитилген иш план боюнча Комиссиянын төрагасынын орун басары.
8. Комиссиянын мүчөлөрү иш-сапарга кеткен учурунда, ооруганда же башка шарттарда өзүнүн ыйгарым укуктарын өзүнүн компетенциясынын негизинде талкууланган маселелери боюнча толук кырдаалды билген Комиссиядагы органдын кызматкерине берүүгө укуктуу.
9. Комиссиянын чечимдери отурумга катышкан мүчөлөрдүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат жана Комиссиянын мүчөлөрү кол коюучу протокол менен таризделет.
10. Комиссиянын кабыл алынган чечимдери энергетикалык сектордун ишканалары тарабынын каралууга жана конкреттүү чаралар көрүлүүгө милдеттүү болот.
11. Бул Жобо энергокомпанияларды кайра баалоо боюнча иштер аяктаган учурда же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн белгиленген тартипте кабыл алынган себептери менен күчүн жоготот.