Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 26-августу № 151
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районундагы Кара-Бак айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районундагы Кара-Бак айыл аймагында социалдык объекттерди куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине жана "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3 жана 11-пунктчаларына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2019-жылдын 23-сентябрындагы корутундусун жана Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 20-сентябрындагы № 271-б чечимин көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Социалдык объекттерди куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районундагы Кара-Бак айыл аймагында № 215 контурда жайгашкан Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунан 7 га сугат айдоо жери "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыздасын:
- жерлерди эсепке алуучу документтерге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 3-сентябрындагы N 93 жарыяланды
Төрага | У. А. Марипов |