Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 7-сентябры № 164
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттерин сатып алуунун артыкчылыктуу укугун ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 690 токтомунун редакциясына ылайык)
“Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттерин сатып алуунун артыкчылыктуу укугун ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан стратегиялык объекттерди сатып алуунун артыкчылыктуу укугун ишке ашыруу маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссиянын (мындан ары – Ведомстволор аралык комиссия) жеке курамын түзсүн жана белгиленген тартипте бекитсин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 690 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Ведомстволор аралык комиссиянын жумушчу органы болуп аныкталсын.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 690 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономика жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
Төрага | У. А. Марипов |