Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2008-жылдын 23-майы № 94
Кыргыз Республикасынын стратегиялыкобъектилери жөнүндө
(КР 2011-жылдын 23-июлундагы № 125, 2017-жылдын 18-мартындагы № 46, 2024-жылдын 6-мартындагы № 67, 2024-жылдын 24-июлундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын улуттук (коомдук) коопсуздугун камсыз кылуу максатында стратегиялык объектилерди аныктоонун жана жөнгө салуунун укуктук негиздерин белгилейт.
1-берене.
1. Стратегиялык объект болуп ээлик кылуу, (же) пайдалануу жана (же) тескөө Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун абалына таасир тийгизген, коомдун туруктуу өнүгүшү үчүн социалдык-экономикалык мааниси бар мүлк саналат.
2. Стратегиялык объектилер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык менчиктин мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик жана башка формаларында болушу мүмкүн.
2-берене.
1. Стратегиялык объектилерге төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү пайдаланган мүлк, анын ичинде аскердик техникалар жана жабдыктар; курал-жарак чыгаруучу жана сыноочу ишканалар;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары пайдаланган имараттар жана жайлар;
3) гидрометеорологиялык, экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык, карантиндик кызматтар пайдаланган мүлк;
4) магистралдык темир жол тармактары;
5) магистралдык газ түтүктөрү;
6) улуттук электр тармагы;
7) "Токтогул гидроэлектрстанциялар каскадынын жана улуттук жогорку вольттуу электр берүү линиясынын өзгөчө статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынуучу Токтогул гидроэлектрстанциялар каскадын жана улуттук жогорку вольттуу электр берүү линиясын кошпогондо гидро- жана жылуулук электр станциялары;
8) бөлүштүрүүчү газ-, жылуулук- жана электр тармактары;
9) магистралдык байланыш линиялары;
10) улуттук телерадиоберүү корпорациясы;
11) телеберүүнүн жана радиоуктуруунун радиорелелик магистралдарынын республикалык өндүрүштүк бирикмеси;
12) улуттук почта тармагы;
13) аэропорттор, анын ичинде эл аралык аэропорттор, ошондой эле аба кыймылын башкаруу тутумунун аэронавигациялык жабдыктары;
14) автовокзалдар, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору;
15) жер казнасы, токой фонду, улуттук статуска ээ болгон токой чарба объектилери, коруктар, заказниктер, жаратылыш парктары, өзгөчө биосфералык аймактар;
16) суу комплексинин жана суу чарба курулмаларынын объектилери, анын ичинде мөңгүлөр, табигый көлдөр, суулар, гидротехникалык курулмалар, суу сактагычтардын коллекторлору, суу топтоочу жайлар жана суу сордуруу станциялары;
17) Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын улуттук статуска ээ болгон объектилери;
18) кен-металлургия өндүрүшүнүн калдыктарын сактоочу жайлар;
19) радиоактивдүү материалдарды кайра иштетүүчү өнөржай ишканалары;
20) тарыхый-маданий мурастын объектилери.
2. Менчигинде ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн стратегиялык объектилер болгон юридикалык жактардагы акциялардын пакеттери (катышуу үлүштөрү, пайлар), ошондой эле чечимдерди түз же кыйыр аныктоого же менчигинде стратегиялык объекттер болгон юридикалык жактар кабыл алган чечимдерге таасир тийгизүүгө мүмкүнчүлүгү бар жеке жана юридикалык жактардын акцияларынын пакеттери (катышуу үлүштөрү, пайлары) стратегиялык объектилерге киргизилиши мүмкүн.
Стратегиялык объектилерге, ошондой эле мамлекет үчүн стратегиялык мааниси бар ишканалар да киргизилиши мүмкүн.
3. Стратегиялык объектилердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2011-жылдын 23-июлундагы № 125, 2017-жылдын 18-мартындагы № 46, 2024-жылдын 6-мартындагы № 67 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети стратегиялык объектилердин иштөө жана эксплуатациялоо режимине карата улуттук коопсуздукту камсыздоого багытталган атайын талаптарды белгилейт.
Өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда Кыргыз Республикасынын Президенти улуттук мүдөөлөрдү коргоону камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн пайдалануу менен, стратегиялык объектилерди кайтарууга алуунун жана алардын иш-аракетин камсыздоонун өзгөчө режимин киргизүүгө укуктуу.
(КР 2024-жылдын 6-мартындагы № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-берене.
Менчиктин муниципалдык, жеке менчик жана башка формаларында турган стратегиялык объектини менчик ээси сатууга ниеттенсе, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети стратегиялык объектини Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сатып алуу үчүн артыкчылыктуу укукка ээ.
Мамлекеттин менчигинде турган стратегиялык объекттерди менчиктештирүү жана башка ээликтен ажыратуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.
(КР 2024-жылдын 6-мартындагы № 67, 2024-жылдын 24-июлундагы № 144 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
5-берене.
1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндө күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий газетинин 2008-жылдын 30-майындагы № 38 саны менен жарыяланды.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзамдан келип чыгуучу чараларды көрсүн жана өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
(КР 2024-жылдын 6-мартындагы № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
К.Бакиев | |
|
|
| |
2008-жылдын 18-апрелинде |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган | |