Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 10-майындагы № 231 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 39 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдерин аныктоо методикасы
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын (мындан ары - мамлекеттик колледждер) бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдерин аныктоо методикасында колдонулуучу негизги ыкма болуп бир студентке эсептегенде мамлекеттик колледждердин бюджетин пландоо саналат.
2. Мамлекеттик колледждерди бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдери (мындан ары - чыгымдардын ченемдери) деп негизги кесиптик билим берүү программаларынын мазмунун, бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун сапатына базалык талаптарды, студенттер үчүн жол берилүүчү окуу жүктөмүн аныктаган ченемдердин жана эрежелердин жыйындысы катары билим берүү ченемин ишке ашырылуу түшүнүлөт.
3. Мамлекеттик колледждердин чыгымдарынын ченемдеринин наркын аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен бекитилген ченемдер колдонулат.
4. Ушул Методикада төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
1) билим берүү процесси - орто кесиптик билим берүүнүн жалпы билим берүүчү программасын ишке ашыруунун алкагындагы окутуу-тарбиялоо процесси;
2) билим берүү чөйрөсү - окутуу-тарбиялоо процессин ишке ашыруу үчүн зарыл болгон социалдык, материалдык жана тиричилик шарттарынын жыйындысы.
2-глава. Мамлекеттик колледждердин чыгымдарынын ченемдеринин түзүмү
5. Чыгымдардын ченемдери билим берүү процессине жана билим берүү чөйрөсүнө карата учурдагы чыгымдарды камтыйт.
Билим берүү процесси төмөнкүлөргө чыгымдарды камтыйт:
1) персоналга эмгек акы төлөөгө;
2) стипендияларды төлөөгө;
3) окутууда чыгымдалуучу материалдарга;
4) окутуучулардын квалификациясын жогорулатууга.
Билим берүү чөйрөсү төмөнкүлөргө чыгымдарды камтыйт:
1) коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөгө;
2) жаңы окуу жылына даярдык көрүүдө мамлекеттик колледждердин имараттарын учурдагы оңдоо жүргүзүүгө.
6. Чыгымдардын ченемдерин эсептөө төмөнкүлөр боюнча жүргүзүлөт:
- орто кесиптик билим берүү программалары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 160 "Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүсүнүн адистиктеринин тизмесине ылайык топтоштурулган адистиктердин ирилештирилген топтору жана даярдоо багыттары (мындан ары - адистиктер).
7. Окутууда чыгымдалуучу материалдарга чыгымдардын ченемдеринде негизги адистиктер боюнча окуу жана чыгымдалуучу материалдарды сатып алууга иш жүзүндө түзүлгөн сарптоолор эске алынат.
3-глава. Билим берүү процессине чыгымдардын ченемдерин эсептөө
1-§. Мамлекеттик колледждердин кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөгө чыгымдардын ченемин эсептөө
8. Мамлекеттик колледждердин кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөгө чыгымдардын ченемин эсептөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 489 "Социалдык чөйрөдө иштеген техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналарын бекитүү жөнүндө" жана 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 "Билим берүү системасынын айрым категориядагы кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомдоруна ылайык жүргүзүлөт.
9. Мамлекеттик колледждердин кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөгө чыгымдардын ченеми төмөнкү көрсөткүчтөрдүн негизинде аныкталат:
1) орто кесиптик билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программасынын түзүмүнө жараша даярдоонун окутуу циклдери боюнча сааттардын саны;
2) окутуучуларга саатына төлөнүүчү эмгек акынын орточо наркы;
3) ирилештирилген адистиктер жана даярдоо багыттары боюнча топтордун иш жүзүндө түзүлгөн орточо толукталуусу;
4) окутуучулардын негизги эмгек акысына үстөктөрдүн, кошумча төлөөлөрдүн иш жүзүндө түзүлгөн орточо үлүшү;
5) мамлекеттик колледждин жалпы эмгек акы төлөө фондунда административдик, окутуучу-көмөкчү жана кенже тейлөөчү персоналдын эмгек акы төлөө фондунун иш жүзүндө түзүлгөн үлүшү.
10. 1-таблицада орто кесиптик билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программасынын түзүмүнө жараша даярдоонун окутуу циклдери боюнча сааттардын саны тууралуу маалымат берилген.
1-таблица
Орто кесиптик билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программасынын түзүмүнө жараша даярдоонун окутуу циклдери боюнча сааттардын саны
№ | Окутуу циклдери жана аны өздөштүрүүнүн долбоордук натыйжалары | Орто жалпы билим берүүнүн базасында окутуунун ар кандай мөөнөттөрүндөгү сыйымдуулук, кредиттер (зачеттук бирдиктер) | |||
1 жыл 10 ай | Окуу ишинин сааттары | 2 жыл 10 ай | Окуу ишинин сааттары | ||
1 | Жалпы гуманитардык цикл | 18 | 540 | 18 | 540 |
2 | Математикалык жана табигый-илимий цикл | 6 | 180 | 6 | 180 |
3 | Кесиптик цикл | 75 | 2250 | 135 | 4050 |
4 | Практикалар (практикалык жөндөмдөр жана көндүмдөр орто кесиптик окуу жайынын негизги кесиптик билим берүү программасы менен аныкталат) | 15 | 450 | 18 | 540 |
5 | Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация | 6 | 180 | 6 | 180 |
6 | Дене тарбия (көрсөтүлгөн семестрлерде жумасына 2 сааттан) | 3-5 семестрлер |
| 3-6 семестрлер |
|
7 | Билим берүү программасынын жалпы эмгек сыйымдуулугу (кредиттер) | 120 | 3600 | 180 | 5400 |
8 | 1 кредит окуу ишинин 30 сааты | 30 |
| 30 |
|
11. Окутуучулардын эмгек акысын төлөөгө чыгымдардын ченемин эсептөөдө мамлекеттик колледждер үчүн студенттердин билим алуу жана практикалык даярдоо спецификасын эске алуучу топтордун толукталуусунун иш жүзүндө түзүлгөн көрсөткүчү колдонулат. 2-таблицада мамлекеттик колледждерде топтордун иш жүзүндө түзүлгөн орточо толукталуусунун көрсөткүчтөрү берилген.
2-таблица
Мамлекеттик колледждерде топтордун иш жүзүндө түзүлгөн орточо толукталуусу
№ | Көрсөткүч | Өлчөө бирдиги | Топтордун орточо толукталуусу |
1 | Бардык адистиктер боюнча топтордун иш жүзүндө түзүлгөн орточо толукталуусу, төмөнкүлөрдөн тышкары | адам | 20 |
2 | Көркөм-колдонмо искусство жана элдик кол өнөрчүлүк (түрлөрү боюнча) | адам | 7 |
3 | Скульптура | адам | 7 |
5 | Живопись | адам | 7 |
3 | Музыкалык билим берүү | адам | 9 |
4 | Экономика жана башкаруу | адам | 24 |
5 | Информатика жана эсептөө техникасы | адам | 24 |
12. Эмгек акыны төлөөгө чыгымдардын ченемин эсептөөдө окутуучулардын саатына төлөнүүчү эмгек акысынын орточо эсептелген өлчөмү колдонулат - 104,94 сом.
13. Колледждердин административдик, окутуучу-көмөкчү жана кенже тейлөөчү персоналынын эмгек акысын төлөөгө чыгымдардын ченемин эсептөөдө жалпы эмгек акы төлөө фондунда административдик, окутуучу-көмөкчү жана кенже тейлөөчү персоналга эмгек акы төлөө фондунун иш жүзүндө түзүлгөн үлүшү колдонулат - 52 пайыз.
14. Жатаканасы бар мамлекеттик колледждерде кошумча штаттарды (жатакана боюнча нөөмөтчү, тарбиячы, кастелянша) кармоого байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн эмгек акы төлөө фондуна карата жогорулатылган коэффициент колдонулат - коэффициенттин мааниси 1,08ди түзөт.
15. Окутуучулардын негизги эмгек акысына үстөктөрдүн жана кошумча төлөөлөрдүн катышы иш жүзүндө түзүлгөн пропорциялардын негизинде белгиленген.
16. Эмгек акы төлөөгө чыгымдардын ченемин эсептөө үчүн окутуучулардын айлык акысынын негизги фондундагы үстөктөрдүн жана кошумча төлөөлөрдүн үлүшү колдонулат - 16 пайыз.
Бул төлөмдөрдүн суммасына педагогикалык иш стажы, окумуштуулук даражасы, ардак наамы үчүн үстөктөрдүн жана кошумча төлөөлөрдүн, ошондой эле кошумча төлөөлөрдүн башка түрлөрү кошулган.
17. Эмгек акы төлөөгө чыгымдардын ченеми ирилештирилген адистиктер боюнча эсептелет жана төмөнкү формула боюнча аныкталат:
,
мында:
ЭАi - i адистиги боюнча бир студентке эсептегенде эмгек акы төлөөгө чыгымдардын ченеми;
Сi - i адистиги боюнча бир студентке эсептегенде окутуучулардын акы төлөнүүчү сааттарынын саны;
АO - окутуучулардын саатына төлөнүүчү эмгек акысынын орточо өлчөмү;
YO - окутуучулардын саатына төлөнүүчү эмгек акысына үстөктөрдүн жана кошумча төлөөлөрдүн үлүшү;
ОТi - i адистиги боюнча топтордун иш жүзүндө толукталуусу;
YАЧП - жалпы эмгек акы төлөө фондунда административдик, чарбалык жана көмөкчү персоналдын эмгек акы фондунун үлүшү;
YO - жалпы эмгек акы төлөө фондунда окутуучулардын эмгек акы төлөө фондунун үлүшү;
СФ - иш берүүчүдөн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Социалдык фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифи;
12 - бир жылдагы айлардын саны.
2-§. Студенттерге стипендияларды төлөөгө чыгымдардын ченемин эсептөө
18. Мамлекеттик колледждердин студенттерине стипендияларды төлөөгө чыгымдардын ченемин эсептөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 27-июнундагы № 261 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарынын студенттерине жана окуучуларына стипендиялардын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө" токтому менен бекитилген ченемдердин жана эрежелердин негизинде жүргүзүлөт.
Бир студентке эсептегенде стипендия төлөөгө чыгымдарды эсептөө 3-таблицада берилген.
3-таблица
Бир студентке эсептегенде стипендия төлөөгө чыгымдарды эсептөө
1 | Бардык студенттер (адам) | 5528 |
| анын ичинде: |
|
| - педагогикалык адистиктердин студенттери (адам) | 1770 |
2 | Стипендия алуучулар (адам) | 663 |
| анын ичинде: |
|
| - педагогикалык адистиктердин стипендия алуучулары (адам) | 212 |
3 | Стипендиялык фонд (миң сом) | 9827,9 |
| анын ичинде: |
|
| - педагогикалык адистиктердин стипендиялык фонду (миң сом) | 4902,9 |
4 | Бир студентке эсептегенде жылына стипендия төлөөгө чыгымдардын ченеми (сом) | 1335 |
5 | Педагогикалык адистиктер боюнча бир студентке эсептегенде жылына стипендия төлөөгө чыгымдардын ченеми (сом) | 2770 |
3-§. Окутууда чыгымдалуучу материалдарга чыгымдардын ченемин эсептөө
19. Окутууда чыгымдалуучу материалдарга чыгымдардын ченемин эсептөө окутуу сабактарынын негизги түрлөрүн өткөрүүдө, ошондой эле практикадан өтүү мезгилинде колдонулуучу материалдарды жана куралдарды сатып алууга түзүлгөн сарптоолорду эске алуу менен жүргүзүлөт.
20. Окутууда чыгымдалуучу материалдарга чыгымдардын ченеми адистерди даярдоонун негизги адистиктери боюнча 2021-жылдагы бааларда бир студентке эсептелип жүргүзүлөт.
21. Окутуу сабактарынын негизги түрлөрүн өткөрүү үчүн окутууда чыгымдалуучу материалдарга чыгымдардын ченеми материалдарды, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу үчүн төмөнкү чыгымдарды камтыйт:
1) чыгымдалуучу материалдар, реактивдер, приборлор;
2) көрсөтмө куралдар, аудио жана видео материалдар, методикалык материалдар;
3) окуу процессине керектүү газеталардын жана журналдардын мезгилдүү басылмаларына жазылуу;
4) окуу шаймандарын жана материалдарын сатып алууга чыгымдар (спортзалдар үчүн кичи инвентарь, класстык журналдар, ведомосттор, канцелярдык товарлар, кеңсе техникасын тейлөө жана башка материалдар);
5) чарбалык чыгымдар (мамлекеттик колледждерди кармоого чарбалык жана жуучу каражаттар).
22. "Билим берүү жана педагогикалык илимдер" адистиги боюнча окутууда чыгымдалуучу материалдарга студенттерге практикада балдарга биринчи медициналык тез жардам көрсөтүүнү үйрөтүү үчүн зарыл болгон медикаменттер жана материалдар да киргизилген.
4-таблицада жылына бир студентке эсептегенде адистиктер боюнча бириктирилген окутууда чыгымдалуучу материалдарга чыгымдардын суммасы берилген.
4-таблица
Жылына бир студентке эсептегенде адистиктер боюнча бириктирилген окутууда чыгымдалуучу материалдар (2021-жылдагы баалар боюнча, сом менен)
№ | Адистиктердин аталышы | Адистиктердин коду | Бир студентке эсептегенде чыгымдардын ченеми |
1 | Билим берүү жана педагогика илимдери | 050000 | 2740 |
2 | Музыкалык билим берүү | 050601 | 890 |
3 | Искусствонун көркөм сүрөт жана колдонмо түрлөрү | 070000 | 5090 |
4 | Дизайн (тармактар боюнча) | 070602 | 5270 |
5 | Экономика жана башкаруу | 080000 | 1470 |
6 | Тейлөө, туризм жана маалымат коопсуздугу | 100000 | 2070 |
7 | Айыл чарбасы жана айыл чарба илимдери' | 110000 | 2300 |
8 | Геодезия жана жерге жайгаштыруу | 120000 | 2170 |
9 | Геология, чалгындоо жана пайдалуу казылмаларды иштетүү | 130000 | 3030 |
10 | Электр жана жылуулук энергетикасы | 140000 | 1280 |
11 | Машина куруу жана материалдардын технологиясы | 150000 | 2790 |
12 | Техника жана жер транспортунун технологиялары | 190000 | 2240 |
13 | Автоматика жана башкаруу | 220000 | 3130 |
14 | Информатика жана эсептөө техникасы | 230000 | 2530 |
15 | Токой ресурстарын кайра өндүрүү жана кайра иштетүү | 250000 | 1970 |
16 | Өндүрүштүк экология жана биотехнологиялар | 260000 | 2720 |
17 | Архитектура жана курулуш | 270000 | 3120 |
18 | Техносфералык коопсуздук жана жаратылышты абаттоо | 280000 | 2640 |
4-§. Окутуучулардын квалификациясын жогорулатууга чыгымдардын ченемин эсептөө
23. Окутуучулардын квалификациясын жогорулатууга чыгымдардын ченеми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомунда бекитилген ченемдерге ылайык аныкталат.
24. Окутуучулардын квалификациясын жогорулатуунун мезгилдүүлүгү "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине ылайык 3 (үч) жылда бир жолу деп аныкталган.
25. Бир студентке эсептегенде окутуучулардын кесиптик деңгээлин жакшыртуу жана квалификациясын жогорулатууга чыгымдардын ченеми колледждерде квалификацияны жогорулатууга иш жүзүндө сарпталган чыгымдардын суммасын студенттердин жалпы санына бөлүү жолу менен аныкталат.
5-таблицада окутуучулардын квалификациясын жогорулатууга чыгымдарды эсептөө берилген.
5-таблица
Бир студентке эсептегенде окутуучулардын квалификациясын жогорулатууга чыгымдарды эсептөө
№ | Чыгымдардын түрлөрү | Чыгымдар (сом) | Саны | Бардыгы (сом) |
1 | Жол кире акысы | 480 | 2 | 960 |
2 | Суткалык акы | 500 | 10 | 5000 |
3 | Жашаган жери | 700 | 10 | 7000 |
4 | Жыйынтыгында бир кызматкерге |
|
| 12960 |
5 | Жылына квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүүчү окутуучулардын саны | 255 |
|
|
6 | Персоналдын квалификациясын жогорулатууга сарпталган бардык чыгымдар (миң сом) | 3304,8 |
|
|
7 | Колледждерде окуган студенттердин саны | 5528 |
|
|
8 | Жылына бир студентке эсептегенде окутуучулардын квалификациясын жогорулатууга чыгымдар (сом) | 598 |
|
|
4-глава. Билим берүү чөйрөсүнө чыгымдардын ченемдерин эсептөө
5-§. Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөгө чыгымдардын ченемин эсептөө
26. Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөгө чыгымдардын ченемин эсептөө бир студентке аянттын (кв. метр) орточо ченемин жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча жылытылуучу 1 кв. метрдин орточо наркын аныктоого негизделген.
27. Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр төмөнкү чыгымдарды камтыйт:
1) жарыктандыруу;
2) суу;
3) байланыш;
4) электрдик жылытуу;
5) борбордук жылытуу (жылуулук энергиясы);
6) аралаш жылытуу (меш жана электр);
7) меш менен жылытуу.
28. Бир студентке аянттын орточо ченеми мамлекеттик колледждердин имаратынын техникалык мүнөздөгү маалыматынын (паспорттордун) негизинде төмөнкү формула боюнча эсептелет:
,
мында:
ЧА 1 студентке - бир студентке аянттын орточо ченеми;
А - имараттардын аянты;
ОСдолбоор - мамлекеттик колледждердин долбоордук кубаттуулугу боюнча студенттердин саны.
Имараттардын түрлөрү боюнча бир студентке мамлекеттик колледждердин имараттарынын аянттарынын орточо ченеми 6-таблицада берилген.
6-таблица
Бир студентке аянттын орточо ченеми (кв.м)
1 | Бир студентке аянттын орточо ченеми (кв.м) | 6,6 |
2 | анын ичинде: |
|
3 | Окутуу - административдик имарат (кв.м) | 4,1 |
4 | Окутуу устаканалары, лабораториялар (кв.м) | 0,2 |
5 | Жатакана (кв.м) | 1,3 |
6 | Ашкана (кв.м) | 0,2 |
7 | Калган имараттар (кв.м) | 0,8 |
29. 1 кв. метрдин орточо наркы коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча бекитилген чыгымдарды мамлекеттик колледждердин имаратынын жылытылуучу жалпы аянтына бөлүү менен аныкталат жана төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
,
мында:
ОН 1 кв.мКК I түрү - коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча 1 кв. метрдин орточо наркы;
ЧКК i түрү - коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча бекитилген чыгымдар;
Ажылыт. - мамлекеттик колледждердин имараттарынын жылытылуучу аянты.
30. Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча бир студентке 1 кв. метрдин орточо наркы 7-таблицада берилген.
7-таблица
Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча бир студентке 1 кв. метрдин орточо наркы
№ | Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү | Бир студентке 1 кв. метрдин орточо наркы (сом) |
1 | Жарыктандыруу | 19 |
2 | Суу | 33 |
3 | Байланыш | 26 |
4 | Электрдик жылытуу | 323 |
5 | Борбордук жылытуу | 287 |
6 | Аралаш жылытуу | 218 |
7 | Меш менен жылытуу | 111 |
31. Бир студентке эсептегенде коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөгө чыгымдардын ченеми коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча аянттын орточо ченемин (кв.м) 1 кв. метрдин орточо наркына көбөйтүү менен аныкталат жана төмөнкү формула боюнча эсептелет:
,
мында:
БКЧкк - коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү бюджеттик каржылоонун ченеми;
ЧА 1 студентке - бир студентке аянттын ченеми 7 кв. метрге барабар;
∑ККдан 1 кв.м - коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча 1 кв. метрдин наркынын суммасы.
1 кв. метрдин наркынын суммасы төмөнкү формула боюнча эсептелет:
Бир студентке эсептегенде мамлекеттик колледждерди жылытуунун түрлөрү боюнча коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөгө чыгымдардын ченеми 8-таблицада берилген.
8-таблица
Бир студентке эсептегенде жылытуунун түрлөрү боюнча коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөгө чыгымдардын ченеми
№ | Жылытуунун түрлөрү | Сумма (сом) |
1 | Жылына бир студентке эсептегенде электрдик жылытуу менен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөгө чыгымдардын ченеми (сом) | 2800 |
2 | Жылына бир студентке эсептегенде борбордук жылытуу менен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөгө чыгымдардын ченеми (сом) | 2550 |
3 | Жылына бир студентке эсептегенде аралаш жылытуу менен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөгө чыгымдардын ченеми (сом) | 2070 |
4 | Жылына бир студентке эсептегенде меш аркылуу жылытуу менен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөгө чыгымдардын ченеми (сом) | 1320 |
6-§. Мамлекеттик колледждердин имараттарын учурдагы оңдоо жүргүзүүгө чыгымдардын ченемин эсептөө
32. Мамлекеттик колледждердин имараттарын учурдагы оңдоо жүргүзүүгө чыгымдардын ченеми бир студентке эсептегенде мамлекеттик колледждердин имараттарын учурдагы оңдоо жүргүзүүгө каражаттарга болгон муктаждыкты аныктоо менен эсептелет.
33. Мамлекеттик колледждердин имараттарын учурдагы оңдоо жүргүзүүгө каражаттарга болгон муктаждык негизги курулуш материалдарын, кошумча материалдарды жана инвентарды сатып алууга чыгымдарды түздөн-түз калькуляциялоо методу менен аныкталат.
34. Эсептөөлөр мамлекеттик колледждердин имараттарын учурдагы оңдоо жүргүзүүгө чыгымдардын иш жүзүндө түзүлгөн орточо көрсөткүчтөрү боюнча жүргүзүлөт.
Бир студентке эсептегенде мамлекеттик колледждердин имараттарын учурдагы оңдоо жүргүзүүгө чыгымдар 9-таблицада берилген.
9-таблица
Бир студентке эсептегенде мамлекеттик колледждердин имараттарын учурдагы оңдоо жүргүзүүгө чыгымдарды эсептөө (2021-жылдагы баалар боюнча, сом менен)
№ | Чыгымдардын түрлөрү | Бардык чыгымдар (сом) |
1 | Сыр, акиташ сатып алууга чыгымдар | 181650 |
2 | Коштоочу курулуш материалдарын сатып алууга чыгымдар | 21803 |
3 | Коштоочу инвентарды сатып алууга чыгымдар | 2880 |
4 | Бардык чыгымдар | 206333 |
5 | Мамлекеттик колледждин долбоордук кубаттуулугу (студенттердин саны) | 600 |
6 | Жылына бир студентке эсептегенде учурдагы оңдоо жүргүзүүгө чыгымдардын ченеми | 344 |
5-глава. Жетим балдардын ичинен студенттердин тамактануусуна чыгымдарды эсептөө
35. Жетим балдардын тамактануусуна чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө" токтому менен бекитилген чыгымдардын ченемдеринин жана жылына тамак берүү күндөрүнүн санынын негизинде аныкталган.
10-таблицада жетим балдардын ичинен бир студенттин тамактануусуна чыгымдар берилген.
10-таблица
Жетим балдардын ичинен бир студентке эсептегенде тамактанууга чыгымдар
1 | Бир жылда тамактануу күндөрүнүн саны | 365 |
2 | Күнүнө бир студентке тамактануу ченеми (сом) | 50 |
3 | Жылына бир студентке эсептегенде жетим балдардын тамактануусуна чыгымдардын ченеми (сом) | 18250 |
6-глава. Чыгымдардын ченемдерин эсептөө
36. Мамлекеттик колледждердин адистик боюнча бир студентке эсептегенде чыгымдарынын ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат:
,
мында:
БКЧi - i адистиги боюнча мамлекеттик колледжди бюджеттик каржылоонун ченеми;
БКЧБПi - i адистиги боюнча билим берүү процессине мамлекеттик колледжди бюджеттик каржылоонун ченеми;
БКЧБЧi - i адистиги боюнча билим берүү чөйрөсүнө мамлекеттик колледжди бюджеттик каржылоонун ченеми;
ТАМЖЕТ - жетим балдардын ичинен студенттердин тамактануусуна иш жүзүндөгү чыгымдар.
37. Адистик боюнча билим берүү процессине мамлекеттик колледждердин бир студентке эсептегенде чыгымдарынын ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат:
,
мында:
ЭАi - i адистиги боюнча бир студентке эсептегенде персоналдын эмгек акысын төлөөгө чыгымдардын ченеми;
СТИП - бир студентке эсептегенде стипендияга чыгымдардын ченеми;
ОСМi - i адистиги боюнча бир студентке эсептегенде окутууда чыгымдалуучу материалдардын ченеми;
КВАЛ - бир студентке эсептегенде окутуучулардын квалификациясын жогорулатууга чыгымдардын ченеми.
38. i адистиги боюнча билим берүү чөйрөсүнө мамлекеттик колледждердин бир студентке эсептегенде чыгымдарынын ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат:
,
мында:
ОТИ - бир студентке эсептегенде жаңы окуу жылына даярдык көрүүдө мамлекеттик колледждердин имараттарын учурдагы оңдоо жүргүзүүгө чыгымдардын ченеми;
КК - бир студентке эсептегенде мамлекеттик колледждердин имараттарын жылытуунун түрлөрү боюнча коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөгө чыгымдардын ченеми.
39. Бюджеттик каржылоонун ченемдери ирилештирилген адистиктер боюнча эсептелет.
40. Жетим балдардын ичинен студенттердин тамактануусуна чыгымдар бюджеттик каржылоонун ченемдерине кирбейт жана бир жылга иш жүзүндөгү чыгымдар боюнча аныкталат.
41. Каржылоонун шарттары өзгөргөн учурда (эмгек акынын, стипендиянын жогорулашы, инфляциянын деңгээлине чыгымдардын индексацияланышы) мамлекеттик колледждерди билим берүү процессин жана билим берүү чөйрөсүн бюджеттик каржылоонун ченемдери кайрадан каралат жана төмөнкү формула боюнча аныкталат:
,
мында:
ЭАiУЖ - i адистиги боюнча учурдагы жылда мамлекеттик колледждерде эмгек акы төлөөгө чыгымдардын ченеми;
IЭА - келерки жылда билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысынын болжолдуу өсүш индекси;
СТИПУЖ - учурдагы жылда мамлекеттик колледждерде стипендияларды төлөөгө чыгымдардын ченемдери;
IСТИП - учурдагы жылда стипендиянын өлчөмүнүн болжолдуу өсүшү;
КВАЛУЖ - учурдагы жылда мамлекеттик колледждерде окутуучулардын квалификациясын жогорулатууга чыгымдардын ченеми;
IКВАЛ - учурдагы жылда кызматкерлердин командировкасына байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу ченемдеринин өлчөмүнүн болжолдуу өсүшү;
,
мында:
ОТИУЖ - бир студентке эсептегенде жаңы окуу жылына даярдык көрүүдө мамлекеттик колледждердин имараттарын учурдагы оңдоо жүргүзүүгө чыгымдарды бюджеттик каржылоо ченемдери;
ККУЖ - бир студентке эсептегенде мамлекеттик колледждердин имараттарын жылытуунун түрлөрү боюнча коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөгө чыгымдардын ченеми;
IИНФ - келерки жылга инфляциянын болжолдуу индекси.