Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 10-майындагы № 231 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 21-июну № 39
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарында ченемдик каржылоону киргизүү боюнча чаралар жөнүндө
Орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын каржылоо боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү, мамлекеттик финансылык ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун камсыздоо максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43 жана 44-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдерин аныктоо методикасы 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын бир студентке эсептегенде бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдери (мындан ары - Типтүү ченемдер) 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын чыгымдарын ченемдик каржылоо шарттарында түзүүнүн жана аткаруунун тартиби 3-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын чыгымдары ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Типтүү ченемдерге, студенттердин санына ылайык аныкталат жана экономикалык классификациянын беренелери боюнча бөлүштүрбөстөн бирдиктүү берене менен бекитиле тургандыгы;
2) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин штаттык санын ченемдик каржылоо шарттарында түзүү студенттердин санына жана ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Типтүү ченемдерге ылайык эсептелип бекитилген бюджеттин чегинде жүргүзүлө тургандыгы;
3) ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Типтүү ченемдер Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын каржылоонун шарттары өзгөргөн учурда кайрадан каралат, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги менен биргеликте эсептелет жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитиле тургандыгы;
4) ченемдик каржылоо шарттарында иштеген, өз алдынча бухгалтериялары жок Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку окуу жайларынын алдындагы орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдары "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык финансылык-чарбалык ишин өз алдынча жүргүзүүгө же жогорку окуу жайлардын бухгалтериясы тарабынан тейленүүгө укуктуу экендиги;
5) ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын чыгымдарын ченемдик каржылоо шарттарында түзүүнүн жана аткаруунун тартиби 2022-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизиле тургандыгы.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ченемдик каржылоого өткөрүлгөн орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерине төмөнкү укуктар берилсин:
1) өндүрүштүк зарылчылыкка жараша штаттык расписаниени өз алдынча түзүү, штаттык расписаниеге типтүү штаттарда каралган кызмат орундарынын ордуна жалпы эмгек акы төлөө фондунун чегинде башка зарыл болгон кызмат орундарын киргизүү;
2) уюштуруучулук түзүмдү жана штаттарды оптималдаштыруунун натыйжасында үнөмдөлгөн же бошотулган каражаттарды окуу материалдарын сатып алууга байланышкан чыгымдарды жабууга жумшоо.
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
1) 2021-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин жана кызматкерлерин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарында ченемдик каржылоону киргизүү маселелери боюнча окутууну жүргүзсүн;
2) 2021-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө ведомстволук орто кесиптик билим берүү уюмдары менен бирдикте адистиктер жана окутуу мөөнөттөрү боюнча студенттердин контингентинин маалыматтык-статистикалык базасын даярдасын;
3) 2021-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө мамлекеттик финансылык ресурстарды пайдалануунун оптималдуулугун камсыздоо жана аларды бир студентке эсептегенде бюджеттик каржылоонун Типтүү ченемдери боюнча чыгымдарга ылайык келтирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын иштөөсүнүн, уюштуруучулук түзүмүнүн, персоналынын штаттык санынын жана чыгымдарынын натыйжалуулугуна баалоо жүргүзсүн;
4) ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги 2021-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын чыгымдарын 2022-жылы экономикалык классификациянын беренелери боюнча бөлүштүрбөстөн бирдиктүү берене менен республикалык бюджеттин каражаттарынан каржылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 25-июнундагы № 73-74 (3252-3253) жарыяланды
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Төрага | У.А. Марипов |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын бир студентке эсептегенде бюджеттик каржылоонун ТИПТҮҮ ЧЕНЕМДЕРИ
(сом)
№ | Адистиктердин аталышы | Адистиктердин коду | Билим берүү процессине чыгымдар | анын ичинде: | Билим берүү чөйрөсүнө чыгымдар | анын ичинде: | Жылына бир студентке эсептелген бюджеттик каржылоонун ченемдери, | ||||
Социалдык фондго чегерүүлөрдү кошуу менен эмгек акы төлөө | окутууда чыгымдалуучу материалдар | квалификацияны жогорулатууга чыгымдар | стипендияны төлөөгө чыгымдар | коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөгө чыгымдар (анын ичинде байланыш) | учурдагы оңдоо жүргүзүүгө чыгымдар | ||||||
1 | Билим берүү жана педагогика илимдери | 50000 | 37975 | 31917 | 2740 | 598 | 2720 | 2617 | 2273 | 344 | 40592 |
2 | Музыкалык билим берүү | 50601 | 79300 | 75092 | 890 | 598 | 2720 | 2617 | 2273 | 344 | 81917 |
3 | Искусствонун көркөм сүрөт жана колдонмо түрлөрү | 70000 | 94460 | 87437 | 5090 | 598 | 1335 | 2617 | 2273 | 344 | 97077 |
4 | Тармактар боюнча дизайн | 70602 | 39120 | 31917 | 5270 | 598 | 1335 | 2617 | 2273 | 344 | 41737 |
5 | Экономика жана башкаруу | 80000 | 30000 | 26597 | 1470 | 598 | 1335 | 2617 | 2273 | 344 | 32617 |
6 | Тейлөө, туризм жана маалымат коопсуздугу | 100000 | 35787 | 31784 | 2070 | 598 | 1335 | 2617 | 2273 | 344 | 38404 |
7 | Айыл чарбасы жана айыл чарба илимдери | 110000 | 36150 | 31917 | 2300 | 598 | 1335 | 2617 | 2273 | 344 | 38767 |
8 | Геодезия жана жерге жайгаштыруу | 120000 | 36020 | 31917 | 2170 | 598 | 1335 | 2617 | 2273 | 344 | 38637 |
9 | Геология, чалгындоо жана пайдалуу казылмаларды иштетүү | 130000 | 36880 | 31917 | 3030 | 598 | 1335 | 2617 | 2273 | 344 | 39497 |
10 | Электр жана жылуулук энергетикасы | 140000 | 35130 | 31917 | 1280 | 598 | 1335 | 2617 | 2273 | 344 | 37747 |
11 | Машина куруу жана материалдардын технологиясы | 150000 | 36640 | 31917 | 2790 | 598 | 1335 | 2617 | 2273 | 344 | 39257 |
12 | Техника жана жер транспортунун технологиялары | 190000 | 36090 | 31917 | 2240 | 598 | 1335 | 2617 | 2273 | 344 | 38707 |
13 | Автоматика жана башкаруу | 220000 | 36980 | 31917 | 3130 | 598 | 1335 | 2617 | 2273 | 344 | 39597 |
14 | Информатика жана эсептөө техникасы | 230000 | 31060 | 26597 | 2530 | 598 | 1335 | 2617 | 2273 | 344 | 33677 |
15 | Токой ресурстарын кайра өндүрүү жана кайра иштетүү | 250000 | 35820 | 31917 | 1970 | 598 | 1335 | 2617 | 2273 | 344 | 38437 |
16 | Өндүрүштүк экология жана биотехнологиялар | 260000 | 36570 | 31917 | 2720 | 598 | 1335 | 2617 | 2273 | 344 | 39187 |
17 | Архитектура жана курулуш | 270000 | 36970 | 31917 | 3120 | 598 | 1335 | 2617 | 2273 | 344 | 39587 |
18 | Техносфералык коопсуздук жана жаратылышты абаттоо | 280000 | 36490 | 31917 | 2640 | 598 | 1335 | 2617 | 2273 | 344 | 39107 |
Эскертүү:
1) Бардык адистиктер боюнча билим берүү чөйрөсүнө каражаттарга муктаждыкты эсептөөдө чыгымдар мамлекеттик колледждердин имараттарын жылытуунун түрлөрү боюнча колдонулат, анын ичинде:
- электрдик жылытуу - 3144 сом;
- борбордук жылытуу - 2894 сом;
- аралаш жылытуу - 2414 сом;
- меш менен жылытуу - 1664 сом.
2) Жетим балдардын ичинен студенттердин тамактануусуна чыгымдар бюджеттик каржылоонун ченемдерине кирбейт жана иш жүзүндөгү чыгымдар боюнча аныкталат.