Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 401 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 13-июлу № 74
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелеринин 36-пунктунун экинчи абзацынын колдонулушун убактылуу токтото туруу жөнүндө
Пандемия (COVID-19) мезгилинде автоташуучуларды жана станциялык курулмаларды колдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 4-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелеринин 36-пунктунун экинчи абзацынын колдонулушу 2022-жылдын 1-январына чейин токтотулуп турсун.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 16-июлундагы № 80 (3259) жарыяланды
Төрага | У.А. Марипов |