Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 24-июлу № 86
"Бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.С.Бокоев, А.К.Касымалиева, А.А.Карашев, Н.В.Никитенко, С.К.Ибраев, Н.И.Арзыбаев, М.Ю.Абдылдаев, А.Т.Алтыбаева жана Э.Т.Токтошев тарабынан демилгеленген "Бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз 1'еспубликасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Төрага | У.А. Марипов |
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-июлундагы № 86 токтому менен жактырылган |
"Бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.С.Бокоев, А.К.Касымалиева, А.А.Карашев, Н.В.Никитенко, С.К.Ибраев, Н.И.Арзыбаев, М.Ю.Абдылдаев, А.Т.Алтыбаева жана Э.Т.Токтошев тарабынан демилгеленген "Бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Сунушталган Мыйзамдын долбоорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жалпы санынын жарымынан кем эмес базасында түзүлгөн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын легитимдүү бирикмеси менен бюджеттер аралык мамилелерди макулдашуу аркылуу республикалык бюджетти даярдоодо жана кабыл алууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарын эсепке алуу механизмдерин киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү каралууда.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жалпысынан, республикалык бюджетти даярдоодо жана кабыл алууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарын эсепке алууну күчөтүү боюнча Мыйзамдын долбоорунун концепциясын колдоо менен төмөнкүлөрдү белгилейт: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси 2017-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилген жана республикалык, жергиликтүү бюджеттерди түзүү, кароо, бекитүү, тактоо жана аткаруу процессинде мамлекеттик финансыны башкаруу чөйрөсүндө пайда болуучу мамилелерди укуктук жөнгө салуунун негиздерин белгилейт, бюджеттик процесстин катышуучуларынын статусун белгилейт, бюджеттик мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтин укуктук негиздерин аныктайт.
Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын кабыл алынышы, мамлекеттик финансыны башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан реформалар, акыркы жылдарда өлкөдөгү экономикалык кырдаалга ар кандай ички жана тышкы факторлордун тийгизген таасири Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин жаңы редакциясын иштеп чыгуу зарылдыгына алып келди.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин базасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин жаңы редакциясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча атайын жумушчу топ түзүлгөн (Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин 2021-жылдын 25-апрелиндеги № 58-б буйругу).
Жогоруда аталган жумушчу топтун ишинин алкагында бюджеттердин долбоорлорун түзүү жана кароо, бюджеттерди бекитүү, тактоо жана аткаруу процессин, анын ичинде бюджеттик укуктук мамилелерди жөнгө салуу маселелери боюнча мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара мамилелеринин жол-жобосун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин ченемдери комплекстүү түрдө каралууда.
Жогоруда аталган иш-чаралардын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан мурда иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизилген Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тийиштүү долбоорлорун суратып алуу боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандыгын белгилей кетүү керек.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Мыйзамдын долбоорун кабыл алууну эрте деп эсептейт жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин жаңы редакциясын иштеп чыгуунун алкагында Мыйзамдын долбоорунда каралган тийиштүү ченемдерди карап чыгууну сунуштайт.