Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 30-июлу № 97
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Т.Мамашова тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.
Төрага | У.А. Марипов |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 97 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Т.Мамашова тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-пункту менен Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 2-беренесин "окуу-өндүрүштүк ишмердиктен кирешелер" деген жаңы түшүнүктү караган 24-1-пункт менен толуктоо сунушталат, ал "кесиптик билим берүүчү бюджеттик мекеме окуу-өндүрүштүк ишмердигинен, мекеменин уставдык максаттарына жана милдеттерине жетишүүгө багытталуучу каражаттар" деп түшүнүлөт.
Ошону менен бирге аталган Кодекстин 18-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин кирешелери болуп Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген салыктар, салыктык эмес төлөмдөр, төгүмдөр, чегерүүлөр жана жыйымдар түрүндө, ошондой эле алынган трансферттер түрүндө Кыргыз Республикасынын тиешелүү бюджетине түшүп жаткан акча каражаттары саналаарына көңүлдү бурабыз.
Ошондой эле аталган Кодекстин 9-главасы республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда кирешелерди бөлүштүрүү маселелерин жөнгө салат.
Тактап айтканда, аталган Кодекстин 46, 47, 48-беренелерине ылайык кирешелер төмөнкүдөй болуп бөлүнөт:
- жалпы мамлекеттик кирешелер;
- республикалык бюджеттин кирешелери;
- жергиликтүү бюджеттердин кирешелери.
Ушуга байланыштуу укук колдонуу практикасында кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн окуу-өндүрүштүк ишмердиктен түшкөн кирешелер жогоруда аталган кирешелердин кайсынысына таандык экендигин так аныктоону сунуш кылабыз, ошондой эле мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында бюджеттик кесиптик билим берүү мекемесинин алган каражаттарынын кайсынысы окуу-өндүрүштүк ишмердиктен алынган каражаттарга таандык экендигин тактоо керек.
Жогоруда айтылгандарды эске алып, мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-пунктун кошумча талдап жана кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
2. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-пунктунун "в" пунктчасы менен Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 5-беренесинин 6-бөлүгүндөгү "атайын" деген сөздү алып салуу сунуш кылынат. Мындан тышкары мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 3-пункту менен жогоруда аталган Кодекстин 21-главасын бюджеттик мекемелердин атайын эсептер маселелерин жөнгө салуучу 105-1-берене менен толуктоо сунушталууда.
Ошентип, мыйзамдын долбоору менен бирдиктүү казыналык эсептен атайын эсептерди алып салуу сунушталат.
Ошону менен бирге жогоруда аталган Кодекстин 6-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пункту менен Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бирдиктүү принциби белгиленген, ал Кыргыз Республикасынын чектеринен тышкары жүзөгө ашырылуучу бюджетти аткаруу боюнча операцияларды кошпогондо, бюджеттин бардык ресурстарын кошууну жана бюджеттин бардык чыгашаларын бирдиктүү казыналык эсептен алууну жүзөгө ашырууну билдире тургандыгын белгилейбиз.
3. Мыйзам долбоорунун 3-беренеси менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирүү тапшырылат.
Мында "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык, эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүчү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш экендигин белгилейбиз.
Ошону менен бирге мыйзамдын долбооруна негиздеме-маалымкатта каралып жаткан мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин шайкеш келтирүү зарыл болгон ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалымат жок.
Ушуга байланыштуу мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатын ченемдик-укуктук актыларга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү актыларын иштеп чыгуу зарылдыгы жөнүндө маалымат менен толуктоону сунуштайбыз.
Ошол эле учурда мыйзамдын долбоорун тариздөөнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 2б-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 40, 41, 42, 43 жана 55-пункттарына ылайык келтирүү керектигин белгилейбиз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аталган мыйзам долбоорун кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт.